ТАРБИЯ билим берүүдө-1) коомдун эң зарыл функциясы,
анын түбөлүк категориясы катары каралат. Тарбия - жаш муундарда коомдук, өндүрүштүк
жанa маданий турмушка даярдоо максатында жашоонун белгилүү деңгээлдеги билимин,
б. а. балдарды бардык жактан (адеп, дене, акыл-эс) максатка ылайыктуу багытта калыптандыруучу
процесс; 2) балдардын коомдук маданиятты жанa улуу муундун үлгүлүү тажрыйбаларын
үйрөнүүсү. Тарбия коомдук жанa маданий турмуштагы, өндүрүштөгү активдүүлүккө
даярдоого багытталат. Тарбиянын негизги түрлөрү: үй-бүлөлүк жанa коомдук тарбия
болуп бөлүнөт. Ал үй-бүлө жанa мектептин, мектепке чейинки жанa мектептен
тышкаркы мекемелердин, балдар жанa жаштар уюмдарынын ж. б. коомчулуктун бирдиктүү
ишмердиги аркылуу ишке ашат, ошондой эле адабият жана искусство, илим жанa техниканын
өнүгүүсү таасир этет.