Илгери-илгери бир кан болгон экен.
Ал бир күнү түш көрүптүр, түшүндө мүшкүл иш көрүптүр. Түшүндө бир куш көрүп, куштун
көзүнөн жаш ордуна шуру агат экен. Ал эми мындай ажайыпты
кан эч качан угуп көрбөптүр. Эртеси кан ордунан турбай түш болгуча жата бериптир. Ошол кандын үч уулу бар
экен. Экөө бойго жеткен жигит, бири ойноо бала экен. Балдары келип сыр сурайт, кан
айтпайт да, сүйлөбөйт.
Эртеси ошо убакта эки колун бооруна алып, чөгөлөп дагы сурашат. Кан баягы түшүндөгү
ажайыпты айтат. Эки баласы ошол кушту таап келиш үчүн барабыз деп камынып, жөнөп калышат. Күн өтүп, ай алмашып, жылдар
жылат. Бирок кандын балдары дарексиз жоголот. Алиги кичүү баласы бой тартып жигит
болот. Кан болсо, кайгыга батып, эки баласынын күйүтү жеңет да, эл суроодон калат. Ар ким өз билгенин
жасап , чаң-тополоң башталат. Ошондо бала элдин билермандарын жыйнап алып, ары акылдуудан,
ары амалдуудан, эл камын ойлогон эр жүрөк баатырдан он башыдан миң башыга чейин
шайлайт да, атасына келип, эки агасын таап келиш үчүн уруксат сурайт.Анда кан: «Эх-ээ,
балам, эки агам кетип келбей калды, мен көргөн нерсе болбогон бир кыял экен, бейопо
дүйнө, эми сен барба, мен өлсөм ким көмөт, элди ким сурайт? Тирүүлүгүмдө жанымда
жаша?» - дейт. «Жок, ата, шуру көз кушту таппасам да, агаларымдын бир дарегин билермин.
Сиз эч нерседен муктаж эмессиз, ал эми агаларымды таап келбесем арманда өтөрсүз,
уруксат бериңиз? Кандыгыңыздан
кам санабаңыз,
айлалуу-амалдуудан, эр жүрөк баатыр калыс адамдардан журт башчысы кылып дайындадым.
Мага уруксат берсеңиз
экен » , - деп эки ирет суранып таазим этет. Ошондо кан: «Бак карасын, Кыдыр даарысын. Баатырдан жолдошум
болсун, ак пейил колдоочум болсун, оомийин», - деп батасын берет.
Бала
кажыбасты минип, жыртылбасты кийип, кырк күндүк азык алып, кырк күндүк жолду
бет алып жөнөйт.
Күн
кырк батты, таң кырк атты, бала да уйку даамын кырк татты. Кыйналды, аты
ыргайдай, өзү куурайдай болду. Көзү
соолуп бараткан булактай үмүрөйдү. Аты арык, өзү карып болду. Ал эми кырк биринчи
күнү дегенде өзү өргүп,
атын оттотуп, уктап калды. Бир убакта көзүн ачса түн түшкөн: «Коркок — наамарт,
баатыр - жоомарт», - деп атын караса, аты оттоп. жүрүптүр. Бала төшкө чыгып көз
чаптырса, коргоолдой жерден кол башындай от жылтылдайт. Бала кайраттанып кол
созуп, атын токунуп, бир заматта баягы отко жетип барды. Жакындап келип көз
салса, аябай
өңдөн азган, бети-башын
жүн баскан, кийиминин чалдыбары кеткен эки киши арчадан отту улуу жагып уктап
жатыптыр. Бала баягы экөөнү ойготуп, алардын ал-жайын сураштырса, өзүнүн агалары
экен. Ошентип, үчөө бири-бирин таанып, кучакташып көрүшөт. Эртеси саарда туруп оокаттанышып,
үчөө баягы шуру көз кушту издеп жөнөп калышат. Андан жүрүп отуруп «Барса келер»,
«Барса келер-келбеси арсар», «Барса келбес» деген үч жолдун айрылышына келишет.
Чоң агасы «Барса келер» деген. жолго,
ортончусу «Барса келер-келбеси арсар» деген жолго түштү. Ал эми эң кичүүсү «Барса
келбес» деген жолго түшүп, эки агасы менен кайыр кош айтышып ажырашып, ашуу ашып,
суу кечип, токой аралап, чөл кезип, аскалуу тоого кез келди. Бир кезде бала
сайды өрдөп,
асканы аралап баратса, бет маңдайынан түрүлүп, сансыз кийик чыгып, бура бастырбай
каптайт. Бала ажыдаарча ышкырып жибергенде бир аз токтоп калат да, кайра
жапырып жолду тосот. Акыры бала жолборсчо качырып киргенде, кийиктер тең жарыла
берет. Бала андан күн баткан жерге конуп, таң аткан жерде жолго чыгып жүрүп отуруп,
как эткен карга, кук эткен кузгун жок бир жерге туш келет. Аңгыча көздөрү чакырайган,
чачтары саксайган бир кемпир пайда боло калып: «Как этип карга учпаган, кишинин
буту баспаган жерде адамзат эмне кылып жүрөсүң? Сүв, кийик бол!» - деп баланы
кийик кылып койду.
Бала так секирип кийиктерге аралашып
кетти. Ал жүрүп отуруп устундары жез, сараптары күмүш, торсундары тилла, увасалары
каухар бир ажайы п заңгыраган айвандуу үйгө кез келди. Үйдүн далисинде күмүш толгон жаван
жаркырайт. Увасалардагы каухар шамчырактай жаркырап күйүп турат. Бала айран-таң калып төркү үйгө кирсе, ай десе ардак, күн
десе кымбат бир перидей сулуу кыз отурат. Сүйлөйүн десе сөзү жок, баланын ичи жалын
чок, эки көзүнөн
жаш буурчактай томолонуп, санаасы сайдын ташындай, арманы аттын башындай арбып,
перизатты буту менен секирип чапчып, бышкырып зорго ойготту. Перизат бир толгонуп
көзүн ачып ойгонуп:
«Какбаш
апам ай, дагы бир маңкайган жигитти тикчийген кийикке айландырып койгон тура,
ташбоор» - деди, ичинен күбүрөп. Челектеги сууга ак ташты салып, андан кара
ташты алып, балага жети мертебе дем салып, мурунку калыбына келтирди да:
«Кандай жумуш менен жүргөн жансың? — деди. Бала бермет баштуу кушту издеп
келгенин айтты эле, кыз мындай деди: «Ошо атаң түшүндө көргөн куш меники эле,
аны перилердин каны зордук кылып алып кеткен. Перинин шаары өтө алыс, барсаң
өлөсүң, барба», - деди. Бала буга макул болгон жок: «Өлсөм мейли, барамын, атам
боорун көтөрбөй жатат. Антип жата берсе ажалынан мурун өлүп калышы мүмкүн,
барбасам болбойт», - деди. Кыз баланы сынап: «Бер жагы кырк күнчөлүк жол, аягы
чаң-тополоң шор, мындан өтө албайсың. Ар жагында кырк күнчөлүк кыя ашуу, андан
аша албайсың , ашсаң түшө албайсың , ашуудан түшүү кырк күнчөлүк жол. Эгер
булардан өтсөң, асман мелжиген чынар бар, анда алп каракуштун уясы бар, ал
жылыга тууйт, жылыга балдарьн ажыдаар жеп коёт. Эгерде ажыдаарды өлтүрүп, алп
каракушту н балдарын аман алып калсаң гана оюң орундалат. Ошонун баарын
аткарууга күч - кубатың жетпейт, бөөдө өлүм болуп жүрбөгүн», - деди. Бала: « Ал
жагынан кам санаба, алышууга алым, күрөшүүгө күчүм бар», - деди, Ошондо баланын
айтканынан кайтпасына кыздын көзү жетип, ага бир кутуча берди да: «Болуптур, ак
жолуң ачылсын, ушу кутучаны эч жоготпо, курсагың ачса, ичиндеги гүлазыктан бир
чымчым жесең, ошол замат калыбыңа келесиң», - деди. Бала кыз менен кыяматтык
дос болду да, жөнөп кетти. Карды ачканда кутучадагы гүлазыктан бир чымчым жеп,
чарчаганын жазып, чырм этип уйку албай, эч жакка буйдалбай жол жүрдү. Кыз
берген гүлазык уйкусун кандырып уктатпай, чарчоосун жазып чарчатпай аттан тез,
куштан ылдам жүргүзөт экен, кырк күнчөлүк жолго төрт күндө жетти, кырк күнчөлүк
ашуудан төрт күндө өттү, ашуудан ары кырк күнчөлүк ылдыйга төрт күндө түштү.
Аңгыча асман мелжиген чынар көрүндү, ага жетип барса, жоондугу теректей ажыдаар
чынарга оролуп чыгып баратыптыр. Чынардын башында алпкаракуштун балдары
чыркырап туруптур. Бала гүлазыктан жеп, кылычын кынынан сууруп, керилип туруп
чапты эле, ажыдаар тең бөлүнүп жатып калды. Бала ажыдаарды барча-барча туурап,
чынардын башына чыгып барса, алпкаракуштун үч балапаны сүйүнүп, ага канаттарын
саябан кылып беришти да: «Сен эми жерге түшпөгүн, энемдин келе турган маалы
болуп калды. Энем келерде катуу бороон жүрөт да, анын эпкинине эч нерсе туруш
тук бере албай, койдой таштар кодураңдап, аттай таштар аңыраңдап, үйдөй таштар
үнүрөңдөп учат, мындан эч коркпогун. Учуп келип конгондо чынар үч мертебе жерге
тийип, үч мертебе асманга чыгат. Мындан да коркпогун» - деп, баланы канаттарына
катып жашырып коюшту.
«А-бу»
дегиче болбой, аалам алай-дүлөй болуп, жандуудан эч нерсе көрүнбөй калды.
Чынында да алпкаракуштун каары анын балапандары айткандай экен, үйдөй таштар
өңүрөңдөп, аттай таштар аңтарылып, койдой таштар коңторулуп учту. Аңгыча
алпкаракуш чынар терекке учуп келип конду эле, анын башы жерге үч тийип, үч
түзөлдү. Балапандарынын аман экенин көрүп, алпкаракуштун көңүлү тынды. Бир паста борошо басылып, күн
ачылып, жай күнү кадимкидей жаркырады.
Ошондо
алпкаракуштун балапандары энесине: «Жамандыкты көрсөтөлүбү, же жакшылыкты
көрсөтөлүбү?» - деди. Алпкаракуш : «Адегенде жамандыкты көрсөткүлө», - деди.
Балапандар төрт бөлүнгөн ажыдаарды көрсөтүштү эле, алпкаракуш баарын бир
сугунуп туруп, күкүм кылып кайрадан бүркүп жиберди. — «Эми жакшылыкты
көрсөткүлө, балдарым», — деди. Балапандар баланы көрсөтүштү эле, алп каракуш
баланы белине чейин сугунуп калганда, балапандары энесинин канатын тыткылап ,
алкымын апчылап, чый-пыйы чыгып кетти. Алпкаракуш баланы кусуп жиберип: «Эй
шашма тентектерим, бир пас аяңдасаңар го, баланы ок өтпөс, кылыч кеспес, отко
күйбөс, сууга чөкпөс кылат элем», - деп үшкүрүп отура кетти. Ал баланын
ал-жайын сурады. Бала шуру көздүү, бермет жаштуу кушту издеп чыкканын айтты. Алпкаракуш
:
«
Жакшылыкка жакшылык, жардам берейин. Мен ой кийигин ойдон, тоо кийигин тоодон
терем. Сен терилерин сыйрып чанач кыл, эттерин шылып ага сал, анан учабыз», -
деди.
Алп
каракуш өзү айткандай, ой кийигин ойдон, тоо кийигин тоодон терди. Бала болсо,
алардын терисин сыйрып, этин миң чаначка салып, мин чаначты суу куюп, оозун
бууп, алпкаракуштун үстүнө арта иреттеп койду да, өзү анын үстүнө отуруп алып ,
асманга көтөрүлдү. Бала алпкаракуш оң жагына караганда бир чанач эт, сол жагына
караганда бир чанач суу берип жүрүп отурду, Бир убакта алп каракуш баладан:
«Жер көрүнөбү?» - деп сурады. Бала: «Жер токум бетиндей гана бүлбүлдөйт», - деди
эле, алпкаракуш : «Али жете элек экенбиз», - деп кайрадан уча берди. Алпкаракуш
эт сурап кайрылганда , бала өз такымынан эт шылып бере салды. (Ошондон кийин
адамдын такымы чуңкур болуп калган экен.) Бир убакта алпкаракуш : «Жер
көрүнөбү?» - деди. Бала: «Жок, көрүнбөйт»- деди. Бир топ убакыттан соң
алпкаракуш : «Жер көрүнөбү?» — деп дагы сурады. Бала: «Көрүндү», — деп жооп берди. «Анда жеткен экенбиз»
- деп, учуп келип конуп калды да: «Эми мындан ары өзүң бар, мына бу чокунун ар жагын дөөлөр
мекен кылышат. Алар кырк күн
уктабайт, кырк күнү уктайт. Чокуга чыгып карагын, эгер дөөлөр ар кайсы жерде тоодой,
таштай томпоюп жатса уктаганы . Уктаган болсо, мени чакыр . Уктабаган болсо келе
бер», - деди.
Бала
чокуга чыгып барса, тоодой-тоодой дөөлөр күн күркүрөгөндөй коңурук тартып уктап
жатыптыр , алпкаракушту жаңдап чакырды эле, ал чокуга чыгып келип, баланы ошол
жерде күтүп жатып калды. Бала болсо дөөлөрдү аралап өтүп, шаарга кирет. Андан
шуру көздүү, бермет жаштуу кушту издеп үй-үйдү кыдырат. Акыры чарчап бир кооз
үйгө кирсе, анда бир сулуу кыз уктап жатыптыр, кыздын жанындагы капаста бир куш
отурат. Бала көпкө ойлонуп туруп, тобокелге салып кызды ойготту эле, кыз баланы
көрүп: «Кайдан жүргөн жансың, адам баласынын буту жетпеген жерге кантип
келдиң?» - деп суроо салды. Бала өзүнүн кайдан, эмнеге келгендигин айтты. Кыз
болсо аны менен кетүүгө макул болуп жөнөп калды. Бала кушту алып, баягы үч
жолдун айрылышына жеткирип коюп, кош айтышып кайра тартты. Андан кызды
ээрчитип, кушту колуна кондуруп, баягы агалары менен коштошкон жерге келсе,
агасы жолун тосуп отуруптур. Ортончусу
кара сакал чал болуптур, улуу агасы ак ала сакал чал болуп, карылыкка моюн сунуптур.
Эки агасы инисинин баягысынан
да сулуу, мурункусунан да жаш, күчтүү болуп калганын көрүп, аябай таң калышты. Түнкүсүн экөө акылдашып
: «Атам ансыз да муну жакшы көрүүчү эле, эми энчиден чындап куру кала турган болдук.
Муну өлтүрүп, кушту «биз таптык» деп алып баралы дешти да, уктап жаткан жеринде
баланы да, кызды да өлтүрүп кудукка таштап, кушту алып жөнөп кетишти. «Кушту биз
таап келдик», - деп атасына барып: «Кичүү уулуң биз кой десек болбой, барса-келбес
жолго түшүп, ошол бойдон жоголду. Күтө-күтө жол арыттык. Акыры келбегенден кийин
күдөр үзүп, шуру көздүү, бермет жаштуу куш ту алып мында келдик» , - дешти. Атасы кичүү баласынын кайтпагандыгына
аябай капа болуп: «Мага
кичүү баламсыз куш керек эмес, кушту силер алгыла да, баланы таап келгиле», - деп
экөөнү кууп жиберет. Мындай чыгып экөө кушту талашып чырлаша кетип, улуусун
ортончусу өлтүрүп коёт, Анан кушту алып, дагы бир кандын шаарына барып туруп калат.
Муну быякка таштайлы да,
баягы кичүү бир .тууганга кыямат дос болгон кыздан сөз баш тайлы. Ал түнүндө
түш көрүп, түшүндө өлүп, кудуктун түбүндө жаткан кыз менен баланы көрүп, дос
кызынын кырк дөөсүн ээрчитип жетип келет да, тогуз жолдун тоомунда өлүп жаткан
кыз менен жигитти тирилтип, жолго салып, өзү көздөн кайым болот. Бала элине келип,
ортончу агасын таап, шуру көздүү, бермет жаштуу кушту атасына алып берип, өзү баягы
кызга үйлөнүп, бакты -муратка жетип, жыргап жатып калат.