Азыркы
Ысыккөл турган жерде ырайымсыз калмак каны жашап туруптур. Ал элди катуу эзип бей-
бечара, кембагалдарга зулумдук кылчу экен. Аларга чексиз чыгым салып, күнөөсүздөрдү
жазалап туруучу экен. Ошондо колунда малы жок, үйүндө дүнүйөсү жок бир кедей чал
кандын алдына барып: «Каным, амириң адилетсиз, бийлигиң катуу, өзүңдө ырайым жок,
элдин убал-сообу болот. Элге жеңилдик бер, амириңди жумшарт», - деген экен. Анда
кан: «Бир жолкуңду кечирдим, эгер экинчи ирет дагы ушинтип келе турган болсоң, башыңды
алам!» - деп каарданып кубалап чыгыптыр.
Элдин
акыбалы ого бетер начарлап, кан өзүнүн ырайымсыздыгынан баш тартпаган соң алиги
адам чыдап тура албай, кандын алдына барып, жогорку сөзүн экинчи ирет айтыптыр.
Калмактын каны тактысында паша чегип олтуруп: «Өзү эртең даргага асылсын, катын-балдарын
кескилеп өлтүргүлө» - деп, буйрук берет да, ал кишинин бир көзүн чукуп салат. Кандан
чыгып мусапыр чал үйүнө келип аялы менен баласына: «Бүгүн түндөн калбай качуубуз
керек. Силер эки шүдүңгүт тапкыла да, бала-бакыраны мингизип, тоону өрдөп чыга
бергиле, мен шаарга сел каптатып, адилетсиз кандын өзүн да, шаарын да жок кылам»,
- дептир.
Баласы атасы айткандай, эки
шүдүңгүттү даярдап, бардык кедей-кембагалдарга кабарлап, тоого качып чыгып
кетишет. Чал болсо ошол шаардагы бир чоң кудукка келет да, тулпарын байлап
коюп, колуна кетменин алып, кудуктун түбүнө акырындап түшүп барат. Кудуктун түбүнөн
издеп жүрүп каканактай болуп чанач кейиптенген бир нерсени таап алат. Көрсө,
ошол кудуктун суусун тосуп турган нерсе ушул экен. Эгер шаардын каны
адилетсиздигин күчөтө берсе, бир күнү өзүнөн өзү жарылып, шаарды каптап кетчү
селдин кабыгы экен. Чал селдин кабыгын кетмени менен бир чаап жарат да, өзү кан
аттуу тулпарга минип, алыс тоону карай качып кетет.Ошентип, калмактын каны бүтүндөй
шаары, малы- жаны, байлыгы менен жердин түбүнө кетет. Кудуктун суусу ашып-ташып
селге айланып, шаарды каптап, Ысыккөл деген көл ошондон пайда болгон экен.