Илгери
бир кедей дайым тузак салчу, ага түшкөн аңдар менен эптеп күн өткөрчү экен. Бир
күнү токойго тузак тартып койсо, бир түлкү түшүп калат. Түлкүнү чыгарып алайын десе
адамча сүйлөп: «Мени тooк менен бак, сени бат эле байытам, атыңды Батбайыр коём»,
- деди. Ал киши түлкүнү үйүнө алып келип, бир тоокту берди. Түлкү тоюп алып тоого
чыгып оонап жатса, карышкыр жанына келип: «Түкө, эмне оонап калгансың»,- деди. Анда түлкү: «Быякта бир кан чоң той
берип, тамаша куруп жатат. Этти аябай жедим эле, ыксырап калыпмын», - деди. Карышкыр
бекер тамакка көнгөн айбан эмеспи, сүйүнүп кетип: «Анда мен да барайынбы?» «Ой кокуй,
жеке эле өзүң эмес, отуз-кырк карышкыр болуп баргын», - деди. Карышкыр ойдогу карышкырды
ойдон, кырдагы карышкырды кырдан жыйнап, бат эле отуз-кырк карыш ырды ээрчитип келип
калды.
Түкөм
жол баштап, карышкырларды ээрчитип канга келди да: «Таксыр каным, бу
карышкырларды сизге Батбайыр деген киши жиберди. Бир үйүңүздү бошотуп кийирип,
союп талпак кылып алыңыз», - деп жөнөп кете берди. Кан бир үйүн бошотуп
карышкырларды кийирип алды. Түлкү андан кедейге барып: «Азыр отуз- кырк
карышкырды канга алпарып келдим. Кудай буюрса, кандын кызын алып беремин», -
деди да, бир тоокту бышыртып жеп алып, тоого чыгып кетти.
Дагы
баягы жерге барып оонап жатса, бир түлкү жанына келип: «Түкө, түкө эмне оонап
жатасың? - деди. Анда ал: «Быякта бир кан той берип, ошондон абдан тоюп
алыпмын, ичимди көтөрө албай жатам», - деди. «Мени да ала барбайсыңбы?» «Макул, ала барайын. Жеке
эле сен бармак белең,
барып бир топ болуп келгиле», - деди. Түлкү жүгүргөн бойдон барып, бир топ сүлөөсүн, түлкүлөрдү ээрчитип жетип келди
эле, берки түлкү жол баштап аларды ээрчитип канга алпарды да: «Дагы бир үйүңүздү
бошотуп кийирип алыңыз. Батбайырдын сиздин кызыңызга берген калыңы», - деди. Кан
сүлөөсүн,
түлкүлөрдү бир үйгө камап коюп, жуучу түлкүнү аябай коноктоду.Түлкү кетерде канга:
«Алтын ченегенге чакаңды бере туруңуз.
Батбайыр чака менен алтын ченеймин деди эле», - деди. «Чака менен алтын ченесе бул
менден бай беле?» - деп кан таң калып, чакасын берди. Түлкү аны алпарып кум менен
жышып жатып жылтыратып, эртеси түбүнө бир алтын салып алпарып бергенде, кан: «Бул
бир чириген бай экен го», - деп ойлоду. «Эми Батбайырың келип колуктусун алып кетсин»,
- деди. Түлкү жүгүргөн бойдон жетип барып баягы кедейди ээрчитип, кандын кызын алып
бермек болуп жөнөп калды. Жолдогу көпүрөдөн өтө берерде түлкү көпүрөнү сууга кулатып
жиберип, канга чуркап
жетти да: «Күйөө балаңар көпүрөдөн өтөйүн дегенде көпүрө түшүп кетип сууда жатат.
Кийим алпарып алып келгиле. Тойго жакшы эле кам менен чыктык эле, баары сууга агып
кетти » , - деп
бышактады. Кан: «Кийим
кийгизип алып келгиле», - деп жигиттерине буюрду. Беш -алты күнү той жасап , тамаша
куруп жатып кан кызын узатты. Кыз дүр-дүнүйө себи, нөөкөр кыздары менен аттанып
чыкты. Күйөө баланын үй-жайын, камын көрмөк болуп, кан-каныша да кошо жөнөдү.
Түлкү
болсо: «Мен барып кам көрүп турайын», - деп, алдыга тызылдап жөнөп калды. Жолдо
көрүнгөн койчу, уйчу, ж ылкычылардын баарына: «Жылкы кимдики десе, Батбайыр
деген кишиники дегиле, уй кимдики десе Батбайырдыкы дегиле, төө кимдики десе да
Батбайырдыкы дегиле, антпесе артта каардуу кан , кырк жигити, кырк вазири, жер
жайнаган колу менен келатат, башыңарды алат», - деп кете берди. Көрсө, жер
жайнаган кой, уй, төө, жылкылардын бардыгы жыландын падышасыныкы экен. Түлкү
андан тызылдап жүгүрүп отуруп жыландын падышасына келди да: «Эй, жылан, тээ
тетигинде кан жыландын падышасын таап өрттөп өлтүрчүмүн», - деп миң сан колу
менен келе жатат. Жаныңдан үмүт кылсаң, тетиги жыгачтын башына жашынып кал,
антпесең жаның калчудай эмес. Ишенбесең өзүң деле башыңды өйдө көтөрүп карачы?»
- деди.
Жылан башын көтөрүп
уюлгуган чаңды көрдү да, коркуп кетип, жыгачтын башына чыга качты. Түлкү
жыланды жайлап коюп, канды тосуп турду. Алар үйдүн жанына келгенде чыга калып: «Батбайырдын
үйү ушул, түшүңүздөр», - деди. Кан менен Батбайыр үйдүн ичине кирип, ичиндеги алтын-күмүштү,
үйдүн жасалгасын, түрдүү тамактарды көрүп аябай таң калышты. Кан бөлмөлөрдү аралап
кеткенде түлкү Батбайыр досуна мындай деди: «Айтканымды орундаттым. Бул үй жыландын
падышасынын үйү, өзү силерден коркуп карагайдын башында жашынып отурат. Жы
ланды атып өлтүрсөң, үй сеники болот», - деди. Кедей тура калып карагайдын башындагы
жыланды атып өлтүрдү да, анын малынан арбын союп, кан менен канышаны эки- үч күн
кетирбей аябай сыйлады. Кан менен каныша: «Кудай буюрса кызыбыз ырас жерге туш болду»,
- деп көңүлү жай болуп, үйүнө кайтты. Ошентип, кедей кандын кызын алып, жыргап жатып
калды. Күндө тооктун этин жеп түлкү да сайрандады.