Алдар
Көсө келе жатса үстү-башын жүн баскан, адам десе адам эмес, айбан десе айбан
эмес бир неме алдынан чыкты. Алдар Көсө: «Кимсиң?» - деп сурады эле:
«Жин-шайтан дегенди уктуң беле, ошол мен болом» - деди. Алдар Көсө: «Укканым
бар, мага жолдош бол, эки киши бирге басканда жол кыскарат дечү эле», - деп
ээрчитип алып, жүрүп отурду. Келе
жатып шайтан кой башындай алтын таап алды да: «Мен таптым, бөлүп алалы», - деди.
Көсө: «Жалгыз мен алам», - деп макул болбой койду. Шайтан: «Эмесе, жарышып чыкканыбыз
алалы», - деди. Жарышып шайтан чыгып келсе, Көсө: «Мен бир жерде буйдалып калсам,
чыгып кеттиң», - деп дагы болбой койду. Шайтан: «Эми эмне кылалы?»- деп сураса,
Көсө: «Кимибиз жаш жагынан улуу болсок ошонубуз алалы», - деди. Шайтан бул шартка
да макул болду. Кезекти биринчи Көсө алып, шайтандан: «Кайсы убакта туулдуң эле?» - деп сурады. Ага шайтан: «Жер
бүтө электе, ай аяктай, тоо томуктай, күн күрөктөй экенинде төрөлгөмүн», - деп жооп
берди.
Аны укканда Көсө өңгүрөп
ыйлап кирди. Шайтан: «Эмне ыйлайсың?» - деди эле: «Так сен төрөлгөн убакта
менин алты жашар балам өлүп калган, ошого ыйлап жатам», - деди. Анда шайтан:
«Эмесе, сен улуу экенсиң», - деп, алтынды ага берип, Көсөдөн коркуп качып
кетиптир.