Илгери, илгери бир Кыйран ууру деген
болуптур. Ал жашынан малдуунун малын койбой, баштуунун жанын койбой уурдап жүрүп
Кыйран аты калып - Кыраан ууру аталыптыр. «Ошол Кыраан ууру кыркка чыкканга чейин
бир перзент көрбөптүр, элүүгө эңкейип, бели бекчейип, көзү чекчейип калганда өзү
сары, көзү көк, оозу жалжайган, мурду балчайган, башы таз, бою пас балалуу болуптур.
«Баланын өзүн көрүп, атын кой дегендей» эли- журту чогулуп атын Сары таз коюптур.
Бирок
Сары таз бала кезинен баштап эле чуулуу чыкты, айылдагы куюшкан, жүгөн, көмөлдүрүк
дегенден койбоочу болду. Күндөрдүн биринде атасы «өзүм болсо карып бара жатам,
балам өнөрүмдү алып калчуудайбы, жокпу деп сынамакчы болуп ээрчитип алып,
айылдын четине чыгат да: «Мен тетиги терекке чыгып барып, басып жаткан
сагызгандын жумурткасын уурдап келем, сен карап тур», - деди. Бала: «Макул», -
деди. Атасы көз ачып-жумганча чыгып барып, сагызганга билгизбей, басып жаткан жумурткасын
уурдап алып түшүп келди. «Көрдүңбү,
балам, өнөрдүн күчүн?»- деди. Сары таз санын чаап: «Кокуй, ата, шымың кана?» - деди.
Ошондо Кыраан ууру баласына: «Анык өзүмдү тарткан экенсиң», - деп батасын берди.
Күндөрдүн
биринде ошол элдин каны элге жар чакырды: «Кимде-ким эч чын кошпой кырк ооз
калп айтып берсе, ошого кызымды беремин, айта албаса башын аламын», - деди.
Нечендер: «Кырк ооз калпты айтпай эмне?» - деп оңой көрүп бөөдө өлүм болушту. Ал
кабар Сары тазга да жетти.
Жээрде
чолок кунанын минип, желки ээрдин жаланып-жуктанып, кандын ордосуна желдире
бастырып келди да: «Кырк ооз калп айтып, чыны жок жалкы айтып, кызыңды алганы
келдим, айталбасам өлгөнү келдим», - деди. Кан: «Ии, айткын», - деди. Ошондо
Сары таз малдаш урунуп туруп шашпай сөз баштады. «Өз атам туула электе чоң атамдын
жылкысын кайтардым. Күндөрдүн биринде жылкы арасындагы кырк кулач бээм жоголуп
кетти. Отуз кулач кара атыма минип алып бир дөбөгө чыгып бардым, аттын үстүнө сексен
кулач укурукту коюп, теребелге көз жүгүртсөм, бээм көрүнбөдү. Укуруктун үстүнө тебетейимди коюп
карасам анда да көрүнбөдү. Жерге түшүп тебетейимдин үстүнө кепичимди коюп карадым
эле, бээм суунун аркы өйүзүндө жаңы эле тууп, кулунун жалап туруптур. Атыма
олбуй-солбуй камчы уруп жетип бардым. Атка минип, бээни учкаштырып кулунду өңөрүп
суудан өтмөк болдум эле, атым кайкалап жата калды. Бээни минип, атты учкаштырып,
кулунду өңөрүп өтөйүн десем, бээм баспай койду. Ошондо кулунду минип, атты учкаштырып,
бээни өңөрсөм, «чу» коюп дарыядан өтүп кетпеспи.
Суудан өттүм да, күн кечтеп кеткендиктен эки терекке атым менен бээмди аса
байлай салып, тезек терип жагып жылынмакчы болдум. «Тезек» деп этегимди
толтуруп терип келгеним чил, бөдөнө, кекил к болуп чыкпаспы, «терек» деп аттарымды
байлай салганым эки ак куу болуп калбаспы, бир жегенде он бөдөнө бир жедим, отуз
кекилик, отуз чил, эми эки ак куу жумурума жук да болбой калды. Кантмек элем, кыңырылып
уктамак болдум. Катуу уктап кетипмин, аңгыча тоо менен тоо кагышкандай катуу добуш
чыкты. Ойгонуп кетсем эки өтүгүм мушташып жатыптыр. Көрсө, мен кекилик, чилдин этин
жегенден кийин май болгон колумду оң өтүгүмө аарчып, сол өтүгүмдү жөн коюптурмун. Ошондон
улам экөө мушташып жатыптыр. Иштин жайын түшүнгөндөн кийин ачуум аябай келип, экөөн
эки муштап, бирөөн башыма, бирөөн аягыма жаздап жата кеттим. Эртең менен ойгонуп
өтүгүмдү киейин десем, бирөө бар, бирөө жок, көрсө, май сыйпабаган өтүгүм мага
таарынып качып кетиптир. Артынан издеп чыктым. Жолдо келе жатып, аябай суусап калыптырмын,
бир арыктан суу ичтим. Ошентип, түшкө маал бозокерлердин айлына келсем, өтүгүм
бозо сунуп жүрөт. Чакырып кийип алып кетмек болдум эле, элдин баары эле: «Жарты
чеке, калак баш, карга менен бок талаш», - деп мени карап күлүп жатышыптыр. Көрсө,
баягы суу ичкен жериме жарты чекем түшүп калыптыр. Суу ичкен арыгыма келип жарты
башымды
таап, чапташтырып койсом,
жиги билинбей калды.Таксыр каным, кырк ооз калптан да ашып кетти окшойт, берер кызыңды эртелеп жөнөт», - деди.
Кан
сөзүнөн танып тазды теңсинбей, «бүгүн кел, эртең кел» деген болуп кызын бербей
койду: Таз ага кекенип: «Сага эле жети зыян кылбасам, таз атым өчсүн», - деп
кетип калды.
Арадан
көп убакыт өтпөй кандын казынасы уурдалды. Экинчи, үчүнчү күнү дагы кайталанды. Ошондо кан вазирлерин чакырып: «Ууруну кантип
кармайбыз?» - деди. Кандын баш вазири: «Казынанын оозуна калыңдап желим төктүрүңүз. Келген ууру желимге жабышып чыга
албай калат. Эртеси кармап алабыз» - деди. Сары таз атасын ээрчитип а күнү да
ууруга келди. Баласы:
«Ата, казынага мен түшөйүн» - деди. Анда атасы: «Өлөрүм калды , өсөрүм калган жок,
мен түшөйүн» - деп болбой койду. Кыраан ууру казынага түшүп алтындан сузуп алып
бере берди. Сары таз тартып ала берди. Бир убакта атасын чыгарып алайын десе,
балтырына чейин желимге бек жабышып чыга албай калыптыр. Сары таздын айласы кетип,
ары-бери чебеленди эле, акылын атасы тапты: «Айланайын балам, экөөбүз тең өлүм
болбойлу, ичеримди ичтим, жээримди жедим, мен эле өлөйүн, эгер мени эртең ушул калыбымда
кармап алса, сени да өлтүрөт, мени баары бир куткарбайт. Кайрат кылып акылыңды жыйгын
да, менин башымды кесип кет, тулку боюмду ким таанымак эле?» - деди. Баласы ыйлап-сыктап,
акыры башка айласы болбогондон кийин атасынын башын кесип көтөрүп алып үйүнө барды.Эртеси
кандын жигиттери канга келип: «Казынага түшкөн ууру кармалды, бирок тулкусу
калып, башы жок», - дешти. Кан вазирлерин чакырып дагы кеңеш курду эле, бир вазири: «Тогуз жолдун
тоомуна чоң такта кактырыңыз да, өлүктү илип коюңуз. Өлүктүн бир жагына кырк, бир
жагына кырк кароолчу коюңуз. Ким өлүккө келип ыйласа, ошол уурунун туушкандары,
жолдоштору болуп чыгат. Ошондон улам таап алабыз»,- деди. Кан вазирдин сөзүн макул
таап, тогуз жолдун тоомуна өлүктү илдирет да, бир жагына кырк, бир жагына кырк кароолчу
коёт.Бул кабар Сары тазга да, энесине да жетет. Энеси: «Кыраанымды кантип көрбөй
каламын», - деп күндө эки маал ыйлап таздын мазесин алат. Ошондо таз: «Көрөм деп
калдыңыз, барып көрүп келиңиз, кароолчулардын жайына баргын да, мүдүрүлүп жыгылып, «кокуй тизем» демиш болуп, ичтеги
бугунузду чыгарып ыйлап алыңыз. Кандын желдеттери канга алып барат. Кан суракка
алганда «өзүм бир мусаапыр кемпирмин, мүдүрүлүп жыгылып кетип, тиземди оорутуп
алып, ошого ыйладым деңиз» - деп, кемпирди жөнөтүп жиберет. Кемпир уулунун айтканын
жасап, мүдүрүлүп жыгылып, ичтеги муңун чыгарып алат. Кандын жигиттери
дегдеңдетип канга кемпирди алып барышат. Канга кемпир уулунун үйрөткөнүн айтат.
Кан: «Өзүнчө бир жүргөн мусаапыр турбайбы»
- деп, кудайы-садага бердиртип кетирип жиберет.
Арадан
эки күн өтпөй Сары таз кандын айтылуу кара жоргосун уурдап кетет. Кечке маал
аттын бир жагын, өзүнүн кийиминин бир жагын акка боёп, чапкан бойдон келет да,
атасынын сөөгүн ала качып жөнөйт. Кароолчулар
айтылуу кара күлүккө кайдан жетсин, кыркы: «Ак атчан, ак кийимчен киши алып
кетти» - десе, кыркы: «Кара кийимчен, кара ат минген киши алып кетти» - деп
кала берет. Кан эртеси: «Сексениң жүрүп бир кишини айра тааный албайсың», - деп
сексенинин тең башын алдырып салат.Кан дагы вазирлери менен кеңешип, казынага
ууру түшпөсүн деп, бакырчаак төөнү кайтартып коёт. Аны Сары таз угат да, бир боо
беде көтөрүп алып, түн ичинде жетип барат. Көрүнбөстөн бедени узун жыгачка
байлап туруп төөнүн алдына таштап коёт. Ал улам жемек болуп обдула берет, таз акең
улам жүткүнүп коюп, кандын сарайынан алыстатып алып барат да, үйүнө алып келип союп
алат. Эртеси канга «бакырчаак төө уурдалды» деген кабар барат. Кан: «Кимде-ким ууруну
таап берсе, каалаганын орундатам» - деп, элине жар салат. Ошондо бир мастан кемпир кандын алдына келип: «Он
бештеги балага алып берсеңиз, ууруну мен табамын», - дейт. Кан макул болот. Кемпир:
«Айланайын эл-журт, жалгыз балам оору эле, ошого жаңы союлган төөнүн эти дары
дейт, соопчулукка берип койгула», - деп айылдан-айылга кыдырат.
Сары
таздын энеси мастан кемпирдин амалын кайдан билсин, куулук-шумдук менен иши жок
бечара: «Түндө эле союлган төөнүн эти» - деп, бир асым эт берет. Кемпир жаңы
эле жөнөөрү менен Сары таз үйүнө келет да, иштин жайын түшүнүп, кемпирдин
артынан жете келип: «Айланайын энеке, ошол эттен кантип жебей кетесиз» - деп,
акидей асылып жатып үйүнө алып келет.
Кемпирди
коноктоп отуруп: «Ээ энеке, кан кызынын күйөөсү каадалуу Канбача кай күндөрдө
колуктусуна күйөөлөп келет?» дейт. Анда кемпир: «Кандын күйөөсү Канбача берекелүү
бейшемби күнү кечинде кандын сарайындагы чынар теректин түбүнө келип олтурат.
Ошол убакта кандын кызынын нөөкөрлөрү чыгып, ак кийизге салып, кандын кызынын өргөөсүнө
алып кетишет», - дейт. Сары таз: «Ал айтканың чын болсо, чындыгына күбө», - деп
бир колун кесип алат. Ошентип
улам бир мүчөсүн кесип отуруп, кемпирди өлтүрүп коёт. Эртеси күнгө бейшемби экен,
Сары таз көп ойлонуп отурбай, бир койдун табарсыгын, кемпирдин бир колун алып, кандын
сарайындагы чынар терекке жетип келет. Аңгыча кан күйөөсү Канбача каадалана
басып, сөөлөт менен теректин түбүнө келип отурат. Бугуп жаткан Сары таз шапа-шупа
баса калып өлтүрүп, сөөгүн көлчүккө ыргытып жиберет да, анын кийимин кийип, отуруп
калат. Аңгыча кан кызынын нөөкөрлөрү келип: «Ии, жездекем күтүп калган турбайбы»
- деп, ак кийизге салып, кан кызынын өргөөсүнө көтөрүп барышат.Түн ортосу
болгондо Сары таз: «Эшикке чыгып даарат ушатып келейин», - деп кийине баштайт. Кандын
кызы: «Оо, мындай эле отура калчы», - деп болбой коёт. Анда Сары таз: «Ишенбесең
колумду кармап турчу» - деп, кемпирдин колун карматып, табарсыкты жарып коюп чыгып
кете берет. Кан кызы колду кармап тура берет, тура берет. Акыры тажап: «Ой
болбодубу», - деп колду тартып алайын дегенде, табарсык бетине былч деп келип бир
тиет. Эртеси бул кабар канга жетет. «Кандын кызын тун ичинде бирөө келип шылдың
кылып кетиптир» деген сөз элге дүңк
дей түшөт. Кан эми чындап ыза болот. Элин чакырып: «Ушуну ким таап берсе, тилегин
орундатам», - деп жар салат. Ошондо эл арасынан бир мастан кемпир чыгып: «Муну кызыңдын
боюндагы бала табат. Баланын там-туң тили чыгып калган кезде элиңизди жыйып чубатууга
салыныз. Ошондо кимди «аталап» жанына келсе, баланын атасы ошол», - дейт. Ошентип
тогуз ай, тогуз күн дегенде кан кызы эркек бала төрөйт. Атасы уятына чыдабай бүк
түшүп жатып калат.
Ай
айланып, жыл жылат, бала экиден үчкө карап тамтуң сүйлөй баштайт. Ошондо кан элин эки айлантып чубатууга
салат, бирок бала бир да бирөөн карабайт. Акыры кандын жигиттери Сары тазды алып
келишет. Бала аны көрө салып: «Ата» - деп кучактап калат. Кан тазды: «Даргага аскыла»,
- дейт. Ошондо Сары таз: «Таксыр каным, даргага асууга шашылбаңыз. Менин каным бөөдө
мойнуңузга кетет. Мен өзүм бала жылдыздуумун, жалаң эле бул бала эмес, шаардагы
ушул курактуу балдардын бардыгы мени «ата» дешет. Үч күндөн кийин шаардагы ушул
курактуу балдардын бардыгын жыйдырыңыз. Эгерде ошолордун бардыгы мени көрө сала
«аталап» жүгүрбөсө, башымды алып саласызбы, даргага асасызбы, өзүңүз билиңиз», -
дейт.
Кан
макул болуп, үч күндөн кийин шаардагы экиден үчкө оогон балдардын баарын
жыйдырмак болот. Сары таз ар кандай боёкко боёлгон беш-алты тулуп чүкөнү үч күндүн
ичинде кандын кызынын баласы курактуу балдардын бардыгына таратып чыгат. Кан үч
күндөн кийин шаардагы үч жашар балдарды бүтүн жыйдырып, Сары тазды алдырып
келди эле, балдардын баары көрө сала: «Ата, чүкө» - деп басып жыгылып калышты. Анда Сары таз: «Көрдүңүзбү, каным,
мен бала жылдыздуумун дебедим беле?» - деди. Кан: «Айтканың ырас экен», - деп коё
берди.
Арадан
эки-үч күн өткөрүп Сары таз канга келди да: «Каным, сизге бир суроо берсем
болор бекен?» - деди. Кан:
«Ии, сура», - деди. «Бир ачууңузду бересизби?» «Ии, берейин, эмне болуп кетти?»
- деди. Анда Сары таз: «Таксыр, кулдугум бар, кырк калп айткан кишиге кызымды берем»,
- деп жар чакырганыңыз
эсиңиздеби?» «Ооба, эсимде». «Ошол кырк калпты айткан мен элем, убададан танган
сиз элеңиз. Ошондо ыза болуп: «Жети зыян кылбасам Сары таз атым өчсүн» - деп, өзүмө-
өзүм ант кылдым. Биринчиси, капкалуу казынаңызга кол салдым. Экинчиси, караандатпас
кара жоргону уурдап алып, көз жаздым кылдым. Атымдын бир жагын, кийимимдин бир жагын
акка боёп чаап барып, атамдын сөөгүн ала качтым. Кыркы: «Ак ат минген, ак кийинген
киши алып кетти дешсе, кыркы: «Кара ат минген кара кийим кийген киши алып кетти»,
- дешти. «Бир кишини айра таанып албадыңар», - деп, сексен желдеттин башын алдырдыңыз.
Бул сизге кылган үчүнчү зыяным болду. Казынаны бакырчаак төөгө кайтарттыңыз, амал
менен азгырып алып барып союп алдым. Ишенимдүү мастаныңызды ууруну билип келүүгө
жумшадыңыз. Аны өлтүрүп, кемпирдин колун, бир койдун табарсыгын алып
сарайыңызга кирдим да, күйөөлөп келген күйөөңүздү өлтүрүп, кызыңыздын өргөөсүнө
барып жаттым. Түн ортосунда кемпирдин колун карматып, койдун табарсыгын жарып коюп
кетип калдым. Ошентип, күйөөңүздү өлтүрүп, кызыңызды шылдың кылдым. Бала мени таанып
койду, сизден үч күнгө сүрүк алып, амал менен андан да кутулдум», - деди.
Кан
бир чети ыза болуп, бир чети сөз берип койгонуна өкүнүп: «Болуптур, азамат
экенсиң. Мени менен
коңшулаш кан: «Өзүңдү ушунчалык шылдың кылган бир ууруну таба албагандан кийин эмнең
кан», - деп ар дайым сөзгө сындырат. Ошого бир сыр көрсөтсөң, мен кандыгымды, кызымды
да берем», - деди.
Таз макул болуп чоң эркечтин
чаначын алып, дубананын кийимин кийип экинчи кандын шаарына жөнөп кетти. Кандын
сарайына кирип, бир чынар теректин түбүнө жашынып жатып калды. Аңгыча кеч кирди. Эки чынар
терекке чаначты кере байлап, кандын эшикке чыгышын күтүп жатты. Бир убакта кан
эшикке чыкты эле, аңдып турган таз акең койчубу, ары-бери чаначка
кандын башын киргизе түртүп, оозун байлап аркасына көтөрүп жөнөп калды. Кароолчуларга
келди да: «Алдымды тоспогула, каныңарды бир шайтан тегеректеп жүрүптүр. Дубанын
күчү менен шайтанды жеңип чаначка салдым. Шаардын четине алып чыгып бир чай кайнамда
өрттөп ийбесем, кайра тирилип келиши мүмкүн. Анда шаардын бүт элине зыян
кылат», - деди. Кароолчулар «кудайлап» жакаларын кармашып, жолун тоспой чыгарып
ийишти. Ал гана эмес, ат менен шаардын четине жеткирип коюшту.Сары таз чаначты көтөрүп,
кайнатасы кандын сарайына келди да: «Бул жолку олжо сиздики» - деп, алдына
таштап койду. Кан чаначтын оозун чечсе, берки кан чыга келди. Ошондо уурдалып
келген кан сөзгө жыгылып, эки кандыкты кошуп, тазды кан көтөрүүгө макул болду. Ошентип,
Сары таз эки элдин каны болуп, кандын кызын алып, жыргап-куунап жатып калды.