СОКУРБАЙ

Илгерки өткөн заманда көзү сокур, кыялы чукул, дүнүйөгө атагы чыккан, төрт түлүгү шай бир чоң бай болгон экен. Күндөрдүн биринде Сокурбай баласына миң дилде берип базарга жиберет. Баласы базарга бара жатып , бир топ киши чогулуп алып бир өлүктү сабап жатканын көрөт. «Эмне уруп жатасыңар?» - десе: «Биздин эки жүз дилдебизди карыз алып, төлөп бере элегинде өлүп кетти, ошол карызы үчүн уруп жатабыз», - дешет. Бала: «Силердин эки жүз дилдеңерди мен берейин» - деп, өлүктү бошотуп алат.
Өлүктү кепиндетип көмдүрүп, дилдесип бүт сарп кылды. Кечинде үйүнө кайтканда атасы: «Эмне алып келдиң, балам?» - деп сурайт. Баласы жолдогу көргөндөрүн, дилдесин өлгөнгө сарп кылганын айтты.
Сокурбай баласынын жоругуна капаланып: «Шаарга жиберейин, жакшы жигит таап келгин» , — деди. Баласы базардан он эки жигит алып келди эле, Сокурбай ар биринии колунан кармап көрүп: «Булар жолдоштукка жарабайт, балам» - деп, чогуусу менен кетирип жиберди. Бала дагы бир күнү шаарды карай келе жатса, астынан бир жигит чыгып салам берет. Бала алик алып, жолдош боло турган жигит издеп жүргөнүн айтты эле: «Эмесе мен жигит болоюн» - деп, алиги чоочун жигит ээрчип келди. Сокурбай жигитти колунан кармап олтуруп: «Ушу жигит жарайт», деп урматтап, сыйлуу кабыл алды.
Беш -алты күндөн кийин кырк төөгө жүк артып, баягы ж игитти кербен башы кылып, өзүнүн баласын, дагы бир канча жигиттерди кошуп, соода кылып келүүгө жөнөтүп жатып: «Жүрүп отуруп бир узак чөлгө туш келесиңер, анда жалгыз булак бар, суусасаңар дагы булакка карабай өтүп кеткиле» , - деп бек эскертип, батасын берип узатып жиберди.
Жигиттер бир канчалык күн жүрүп олтуруп, баягы Сокурбай айткан чөлгө жетишти. Баланын өтүп кетем дегенине кербен башы болбой жатып булакка кондурду. Кербендер жүгүн түшүрүп жатканда бир кемпир жыла басып келип кыңылдаган үнү менен: «Жетим балдарым бар, багар-көрөрү жок жесирмин. Ары-бери өткөн силерге окшогон мырзалардын кайрымы менен эптеп жан сактап турабыз» - деп, ыйламсырап олтура калды. Кербен башы кемпирдин курсагын тойгузуп, балдарына өрүк, мейиз жана ар түрдүү тамактардан берип узатып жиберди да, өзү көрүнбөй артынан ээрчип барды. Кемпир үңкүрүнө кирип беш баласына: «Баягы көзүн мен сокур кылган байдын балдары мына бул булактын башына келип конушту. Уу талканды жасап ошолорго берейин» - деп, балдарына кеңеш салды. Балдары макул болду. Кемпир арыдан бери уу талканын жасап, сарала тулупка салып, үңкүрдүн төбөсүнө илип койду. Кербен башы жигит кемпирдин тулубуна окшогон тулупка талкан салып келип ордуна илип, кемпирдин тулубун талканы менен уурдап алып кетти.
Эртеси жүк артып жатса, кемпир жанына келип: «Айланайын балдарым, кечээги силердин жакшылы гыңарды кантип унутайын, менин колумдан келгени ушул, ооз тийип кеткиле», - деп колундагы талканын берет. Кербен башы сыр билгизбей: «Ыракмат, энеке, муну балдарыңыз менен өзүңүз бөлүп жениз», - деп уурдап алган талканын өзүнө кайра берди. Кемпир талканды алып барып, балдары менен чогуу жеп сокур болуп калышты. Артынан андып жүргөн кербен башы жигит булардын баарысын өлтүрүп, үңкүрдүн ичин оодарып, эки жүз жыйырма төөнүн дүнүйөсүн таап, оозун бекемдеп бекитип коюп, кайра келди. Алар жүрүп отуруп беш күнчөлүк жерге келгенде кербенчилердин алдынан бир адам чыгып: «Бул жерден алысыраак кетпесеңер болбойт, бөөдө өлүм болосуңар», - деп безеленди. Сокурбайдын баласы: «Кетели», - деп кербен башчыга жалынды. Кербен башчы анын айтканына болбой, ошол жерге жүктү түшүрүп кондуруп, эки жагын караса, жакын жерде бир ак өргөө тигилүү турганын көрдү, өргөөгө келсе, бир жак керегесинде кырк кыз, бир жагында кырк кой көгөндө байланып, төрдүн башында бир сулуу кыз ыйлап отурат. Кербен башы тиги кыздан: «Мында эмне кылып отурасыңар?» - деп сурады.
Кыз: «Биздин шаарды ажыдаар сормок болгондо, элим кеңешип, жылына кырк кыз, кырк кой бермек болушкан, убада боюнча бизди ажыдаарга беришти. Эртең ажыдаар келип сорот. Жаш бала экенсиң, мында турбагын, бекер өлүм болосуң», - деп боздоп ыйлады.
- «Ажыдаар келгенде кандай түрдүү болуп келет?»- «Мурун шамал болуп, андан кийин мөндүр жаадырып, заарын чачып , тилин чыгарып ышкырып келип, бизди сорот», - деди. Кербен башчы жигит белин бекем байлап, таң атканча бутун серппей уктады. Эртеси түшкө чейин ажыдаарды күтүп олтурду. Түш болгон убакта кыздын айтканындай заарын чачып ышкырып , ажыдаар келди. Башы эшикке кире бергенде кылыч менен башын жара чаап ажыдаарды өлтүрдү. Кырк кыз менен кырк койду бошотуп: «Белги кылып баргын» - деп, кыздын белине ажыдаардын терисин ороп берди. Кырк кыз, кырк кой аман- эсен шаарга чубап кирип барганда шаардын эли аң- таң калышты,  « кантип аман калдыңар ?» - деп чурулдап жиберишти.
«Бир жигит ажыдаарды өлтүрүп бизди куткарды» - деп, ажыдаардын терисин көрсөтүштү. Кан ажыдаардын терисин көргөн соң ошол жигитти кайдан болсо дагы таап келүүгө буйрук кылат. Анткени кан ажыдаард ы өлтүрсө, кызымды берем ден ант берип койгон экен. Жигит: «Бир жумуш менен шаарга баратат элек, кайра келе жатканда алармын» , - деп коштошуп жүрүп кетти.
Бир канча күн жол жүрүп араң дегенде бир шаардын чегине жетип конушту. Шаардан бир аял келип: « Жаныңардан аша кечкен адамсынарбы, бул шаардын тышынан түнкүсүн кыбыраган жан да, мал да жүрбөйт. Мында жер бетине атанган жети каракчы бар, береги көрүнүп турган айланасы чоң шаардын баарын алып бүтүштү. Силерди өлтүрүп коёт, кеткиле» , — деди.
«Ал каракчылар кайсы жерде?» - деп, жигит сурады эле, аял: «Жаткан жери бул жерде, жетөөнүн жети чаар аты бар, буларга бүткүл шаардын элинин алы жетпей койду, күн баткандан тартып эле шаарды кымгуутка түшүрөт», - деди.
Кербен башы жигит жети каракчынын үйүнө барып түшүп, атын мамыга байлап коюп күтүп олтурду. Бир убакта каракчылар келип: «Бул ким, кайдагы өлө албай жүргөн акмак биздин мамыга атын байлаган, үйдөн чыккын!» - деп, ачуулары келип ызырынып, жетөө тең катарлашып эшикте турушту. Кербен башчы жигит: «Мен”, - деп акырын жай айтып, - жалгыз каракчы элем, силерге жолдош болоюн деп келдим, жетөөң бир шаарды ала албай жүрөт деп уктум, силер үчүн намысыма чыдабай келдим, мен бул жакта отуз эки шаарды алып келе жатамын», - деди. Жети каракчы: «Жалгыз эле кандын казынасы калды, бүт шаарды басып алып болдук», - дешти. Сүйлөшүп отуруп: «Бүгүн кандын казынасын тешели», - деп кеңешти. Түн кирген соң кандын казынасын тешишти. Анда кербен башчы жигит алты каракчынын бирөөнү алып: «Биз экөөбүз эле алып келебиз» - деп, кандын кызынасынын ичине кирди да, ээрчите келген каракчыны өлтүрүп: «Алыбыз келбей жатат, бирөөң батыраак келгин, үнүңөрдү чыгара көрбөгүлө, туюп калбасын» - деп, экинчисин чакырды. Ошентип, улам бирин чакырып алып олтуруп, баарын өлтүрүп, жетөөнүн тең кулактарын кесип алды. Жети каракчынын жети чаар атын тышка айдап чыгып агытып жиберди.
Эртеси бул кабар канга жетти. Кан: «Шаарга бүлүк түшүрүп жүргөн жети каракчыны өлтүргөн ким болсо да кызымды беремин, алдыма келсин», - деп жар чакыртты. Шаардын эли: «Мен өлтүрдүм», - деп бара беришти. Кан: «Белгиң кана?» - десе, белги таба албай, уят болуп кайта кете беришти. Эң артында кербен башчы жигит барып: «Каным, жети каракчыны мен өлтүрдүм» - деп, кулактарын көрсөттү. Кербен башы өлтүргөнүнө кан ишенип : «Кыздарымдын ичинен көңүлүңө жакканын тандап алгын», - деди. Кербен башы жумуштап баратканын айтып, кайтып келе жатканда алмакчы болуп, шаардан жүрүп кетти.
Кербенчилер бара турган шаарына барып, соода кылып бүткөндөн кийин кербен башы Сокурбайдын баласынын колуна төрт дилде берип: «Тетиги жердеги ээр жасаган устага баргын да ага ушул төрт дилдени берип: «Ээр жасап бер деп буюргун» - деди. Сокурбайдын баласы барып устага төрт дилдени берип: «Бир ээр жасап бересиз», - деп буюрду.
Эртеси кербен башчы Сокурбайдын баласынын колуна дагы төрт дилде берип: «Устага барып, жасаган ээрин кармап көрүп, мындан жакшыраак жасагын деп төрт дилдени берип келгин», - деди. Сокурбайдын баласы устага барып жасаган ээрин көрүп: «Мындан жакшыраак жасаңыз» - деп, төрт дилдени берип кетти. Ошентип, ээрин жасаган ар бир күнү төрт дилдеден берип жүрдү. Он экинчи күнү кербен башчы байдын баласынын колуна төрт дилдени берип жатып: «Бүгүн устанын өнөрү түгөнөт, сен ээрин кармап көрүп, мындан жакшы жасагын» , - деп дилдени устага бергин. Ошондо уста: «Ээри дагы курусун, дилдеси да курусун», - деп ыргытып жиберип, атына минип бир чоң сууну кечет, андан кийин бир чоң үйгө түшүп аттанып кетет. Ээрди ыргыткандан кийин, сен устанын артынан калбай жүрүп отуруп баарын көрүп келгин», - деди.
Эртеси байдын баласы төрт дилдени алып устага барды. Жасаган ээрин карап отуруп: «Мындан дагы жакшыраак жасап бергин», - деди. Уста: «Ээри да курусун, дилдеси да курусун», - деп ээр менен дилдени ыргытып жиберип, капаланып атына минип бастырып кетти. Сокурбайдын баласы артьнан ээрчип жүрө берди. Уста чоң сууну кечип ак өргөөгө түштү. Артынан барган Сокурбайдын баласы уктабай түн ортосуна чейин олтуруп, түн ортосу болгондо уктап калды. Көрсө, баягы өргөө кандын кыздарынын ойной турган үйү экен. Кандын кызы уктап жаткан Сокурбайдын баласын көрүп: «Муну өлтүрсөмбү?» - деп кылычын сууруп, кайра: «Койчу, алтын көкүл неме экен», - деп өлтүрбөй, баланын бир жак бетине так салып, таң атканда кетип калды. Сокурбайдын баласы ойгонсо, күн шашке болуп калыптыр. Тура калса эч нерсе жок, бала: «Кербен башчы мени бул жакка алдап жиберип, малды бир жакка алып кеткени жүргөн экен», - деп ачууланып, кайра келди.
Кербен башчы баланын түрүн көрүп: «Сенин малыңды мен албаймын, ал үйгө түн ортосунан кийин кандын кызы келип ойнойт, мен ошону үчүн жибергенмин, сен уктап калып билбептирсиң, күзгүгө карачы, кандын кызы так салып кетиптир. Бүгүн барып, таңга маал кыз кетеринде ичигин сурагын, ал берет», - деди. Сокурбайдын баласы кийинки күнү барып олтурса, түн ортосунан кийин кандын кызы келип бала менен таң атканча ойноп, таң аткан сон кетмекчи болду. Бала кандын кызынын ичигин сурады. Кыз ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп, ичигин берди. Ичикти алып бала кербен башчыга келди. Кербен башчы кыздын ичигин кийип, кандын үйүнө конок болуп келип олтурду.
Аялы канга карап: «Бул конок кийип олтурган ичик биздин кызыбыздын ичиги экен», - дейт. Кан абайлап карап: «Менин кызымдын ичиги экен, кайдан алдыңыз?» - деди. Жигит: «Сиздин кызыңыздыкы эмес» - деди. Кан: «Жок, менин кызымдыкы экен», - деди. Жигит: «Туура айткан болсонуз ичигиңизди алыңыз, башка болуп калса эмне бересиз?» - деди. «Жаңылсам, кызымды берейин», - деп убада кылды. Жигит баягы кемпирдин дүнүйөсүнөн кандын кызынын ичигине окшогон кырк кызыл ичикти алып келип, ага кыздын ичигин кошуп кырк бир ичикти: «Кызыңыздын ичигин таанып алыңыз» - деп, кандын алдына тартты . Кан ичикти тааныбай койгон соң, убадасы менен кызын берди. Кербен башчы кандын кызын алып кошунга келди.
Ошентип, бала менен кербен башы соода кылган мүлктөрүн алып, ичик жөнүндө мелдешкен кандын кызын, жолдогу эки кызды кошо алып, баягы булактагы кемпирдин малын алып, эки жүз жыйырма төөнүн жүгү менен Сокурбайдын үйүнө келип түшүшөт. Сокурбайга көз бүттү. Ал үч кызды, эки жүз жыйырма тоөнүн жүгү менен соодаланган малын көрүп аябай ыраазы болду. Анда жигит: «Эми мага уруксат бериңиз, тапшырган кызматыңызды аткарып келдим. Мен баягыда уулуңуз базарга бара жатып, көп дилде берип, карыздан куткарып алып көмгөн өлүк кишимин», - деп кош тошуп, көздөн кайым болуптур.