ЛЕКСИКОЛОГИЯ

§ 1. ЛЕКСИКОЛОГИЯ
Тилдин сөздүк составынын азыркы жана анын мурунку тарыхый өсүш абалын изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү. Лексикология гректин lexis – сөз,  logos – окуу деген сөзүнөн алынган.
§ 2. ЛЕКСИКА
Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат.
§ 3. СӨЗДҮК СОСТАВ ЖАНА СӨЗДҮК ФОНДУ.
 Тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, сөздүк состав деп аталат. Сөздүк составдагы эң башкы нерсе сөздүк фонду болуп саналат. Ага тилдин уюткусу болгон уңгу сөздөр кирет.
Сөздүк составга караганда сөздүк фонду өтө жай өзгөрөт, ал бир нече доорду башынан өткөрөт.
§ 4. ДИАЛЕКТИЛИК ЛЕКСИКА.
Белгилүү бир диалектиге мүнөздүү болгон же ал диалектиде өз маанисинен башка маани берген сөздөр диалектилик лексика деп аталат.
§ 5. ЖАЛПЫ ЭЛДИК ЛЕКСИКА.
Тилдеги жалпыга белгилүү, түшүнүктүү жана күндөлүк турмушта дайыма колдонулуучу сөздөр.
§ 6. КӨП МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР.
Адабий тилдеги сөздөрдүн ар түрдүү мааниде колдонулушу көп маанилүү сөздөр деп аталат. Мисалы: көз – адамдын көзү, терезенин көзү, ийненин көзү ж.б. мүчө - сүйлөм мүчөсү, профсоюздун мүчөсү, сөз мүчөсү, адамдын мүчөсү ж.б.
§ 7. ЖЕКЕ МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР.
Бир нерсенин атын билдирип турган сөздөр жеке маанилүү сөздөр деп аталат. Мисалы: адам, шаар, кыш, жамгыр, тоо, мектеп, бала, китеп ж.б.
§ 9. СӨЗДҮН ЛЕКСИКАЛЫК МААНИСИ.
Ар бир сөздүн өз башындагы материалдык мааниси лексикалык мааниси деп аталат. Мисалы: мал, сүт, үй, китеп, темир, чагылган, машина, стол, жыгач ж.б.
§ 9. СӨЗДҮН ӨТМӨ МААНИСИ.
Жаратылыштагы кээ бир нерселердин, түшүнүктөрдүн атынын тилде мурдатан колдонулуп жүргөн сөздөр аркылуу берилиши сөздүн өтмө мааниси деп аталат. Мисалы: тумшук -канаттуулардын тумшугу, тоонун тумшугу, кочкор тумшук ж.б.
§ 10. СИНОНИМДЕР.
Айтылышы ар түрдүү, мааниси бири-бирине жакын сөздөр синонимдер деп аталат. Мисалы: бөрү – карышкыр, акылдуу – эстүү, киши – адам, мыкты – сонун, кооз – сулуу, бактылуу – таалайлуу ж.б.
§ 11. ОМОНИМДЕР.
Айтылышы бирдей, мааниси ар башка болгон сөздөр омонимдер деп аталат. Мисалы: ат (жылкы), ат (этиш), буу (суунун буусу), буу (этиш), ак (сын атооч), ак (этиш).
§ 12. АНТОНИМДЕР.
Бири-бирине карама-каршы мааниде колдонулуучу сөздөр антонимдер деп аталат. Мисалы: аз-көп, өйдө-ылдый, чоң-кичине, келим-кетим ж. б.
§ 13. НЕОЛОГИЗМДЕР.
Тилдин сөздүк составында пайда болгон жаңы сөздөр неологизмдер деп аталат. Мисалы: космонавт, спутник, учкуч-космонавт, корабль, ракета, автоматтык станция, орбита ж.б.
§ 14. АРХАИЗМ.
Тилдин сөздүк составындагы эскирип, колдонуудан чыгып калган сөздөр архаизм деп аталат. Мисалы: хан, буурсун, булдурсун, найза, бараң, болуш, келте, калкан, чарык ж.б.
§ 15. КЕСИПТИК ЛЕКСИКА.
Белгилүү бир кесипке таандык болуп айтылган сөздөр кесиптик лексика деп аталат. Мисалы: га – гектар, механизатор, центнер ж.б. – айыл чарба кызматкерлерине; врач, доктор, аптека, операция, хирург, бинт – медицина кызматкерлерине; живопись, графика, скультура, портрет ж.б. – сүрөтчүлүк кесиптегилерге; очерк, аңгеме, повесть, роман, поэзия ж.б. – жазуучуларга таандык.
§ 16. МЕТАФОРА.
Заттарды, нерселерди айрым белгилеринин окшоштугуна карай башка сөз менен атоо. Мисалы: бут – адамдын буту, столдун буту, кулак – адамдын кулагы, казандын кулагы, көз – малдын көзү, терезенин көзү ж.б.
§ 17. МЕТАТЕЗА.
Бир сөздүн же эки сөздүн ичиндеги тыбыштардын ордун алмаштырып айтуу. Мисалы: тегирмен – темирген, күмөн – күнөм, кочуш – кош ууч ж.б.
§ 18. МЕТАНОМИЯ.
Бир нерсенин атын экинчи түшүнүктүн ордуна колдонуу Мисалы: Эки чыны ичти (эки чыны кымыз ичти дегендин ордуна), Пушкинди жаттоо (Пушкиндин чыгармаларын жаттоо) ж.б.
§ 19. СИНЕКДОХА.
Бир нерсе жөнүндө түшүнүк берүү үчүн аны ошол заттын бир белгиси менен атоо. Мисалы: улууларды ак сакал; бир үй-бүлөнү түтүн, эркек баланы туяк деп атоо ж.б.
§ 20. ОМОФОН.
Айтылыш жана угулушу бирдей, бирок жазалышы ар башка сөздөр. Мисалы: ава – аба, басар – базар, шкап – шкаф, кийет – киет, бикир – пикир, доклат – доклад ж.б.
§ 21. ЭЛЛИПСИС.
Башка сөздүн кырдаалынан белгилүү болуп турган сөздү түшүрүп айтуу. Мисалы: менин үйүм – үйүм, алар келишти – келишти, мен ага бердим – бердим ж.б.
§ 22. ЭТИМОЛОГИЯ.
Сөздөрдүн түпкү тегин же эң алгачкы формасын табуу. Мисалы: кулач – кол ач, өйүз – ал жүз, бүгүн – бу күн. 2. Сөздүн түпкү тегин изилдөөчү тилдин тармагы.
§ 23. ТЕРМИН.
Илимдеги бир түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги: философия, грамматика, фонетика, синтаксис, орфоэпия ж.б.
§ 24. ТЕРМИНОЛОГИЯ.
Илимдин ар кайсы тармактары боюнча бир тилде колдонулган терминдерди изилдөөчү же үйрөнүүчү илим.
§ 25. ИДИОМА.
Башка тилдерге сөзмө-сөз которууга мүмкүн болбогон туруктуу сөз айкашы. Мисалы: көз боёмолоо; орой көзү чарай турганда, бармак басты, көз кысты; жылыңды төө кылба; кой оозунан чөп албаган ж.б.
§ 26. ФРАЗЕОЛОГИЯ.
Тил илиминдеги сөздөрдүн туруктуу айкаштарын, алардын түзүлүш жана маани жагынан болгон өзгөчөлүктөрүн изилдеп үйрөнүүчү бөлүм.
§ 27. ЛЕКСИКОГРАФИЯ.
1.      Тилдеги сөздөрдү жана фразеологиялык айкаштарды жыйноо, тартипке салуу иши.
2.      Тил илиминин сөздүктөрдү түзүү ишинин теориясын иштеп чыгуучу бөлүмү.
§ 28. ТОПОНИМИКА.
Географиялык аттарды жыйноочу жана изилдөөчү илим: Ысык-Көл, Нарын, Жети-Өгүз, Жала-Абад ж.б.
§ 29. ОНОМАСТИКА.
Тилдеги адам аттарынын системасын изилдөөчү тил илиминин бир бөлүмү.
§ 30. КАЛЬКА.
Бир тилдеги сөздү же сөз айкаштарын өз калыбынан бузбай экинчи тилге ошондой сөз тизметеринин жардамы менен которуу: доска почета – ардак такта, красный уголок – кызыл бурч, литературный язык – адабий тил ж.б.
§ 31. КЫРГЫЗ ЛЕКСИКАСЫНЫН БАЮУ ЖОЛДОРУ.
Илимдин, техниканын, коомдун өнүгүшүнө байланыштуу ар бир тилдин лексикасы байып, жаңы сөздөр, жаңы терминдер менен толуктаоып турат. Кыргыз лексикасы совет бийлигинин жылдарында гана бай лексикага айланды.
Ал төмөндөгүдөй жолдор менен байыды:
1.      Мурунку колдонулуп жүргөн төл сөздөрдүн жаңы мааниге ээ болушу менен. Мисалы: борбор (шаардын борбору, республиканын борбору, маданияттын борбору), мүчө (комсомол мүчөсү, колхоздун мүчөсү). Уюм (пионер уюму, комсомол уюму) ж. б.
2.      2. Грамматикалык каражаттардын (мүчөлөрдүн) жардамы менен: жумуш-жумушчу, баш-башкар башчы башкарма-баштык ж. б.
Орус тилинин же орус тили аркылуу башка тилдерден кабыл алынган сөздөрдүн эсебинен байыйт: космос, ракета, самолёт, космонавт, телевизор, радио, астронавт ж. б.

Кененирээк кыргыз тилинин справочнигинде.