ГРАММАТИКА


§ 1. ГРАММАТИКА
Сөздөрдүн өзгөрүшү жана сүйлөмдөгү сөздөрдүн айтылышы жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы грамматика деп аталат. Грамматика морфология жана синтаксис деген эки бөлүмдөн турат.
§ 2. МОРФОЛОГИЯ
Морфология - Сөздөрдүн жасалышы жана курулушу жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы.
§ 3. СӨЗ
Чындыктагы кубулушту билдирүүчү адам баласынын речиндеги айрым ойдун эң майда бөлүкчөлөрү сөз деп аталат.
Сөз уңгу жана мүчөдөн турат.
§ 4. УҢГУ
Сөздүн айрым бөлүктөргө ажыратып жиберүүгө мүмкүн болбогон бөлүгү уңгу деп аталат: адам, коом, тил, сөз, тоо, асман, кел, көк, эки ж. б.
§ 5. МҮЧӨ
Сөздүн уңгусуна уланган бөлүгү мүчө деп аталат: бала+га, жер+дин, суу+да, сөз+дү, мал+чы ж. б.
Мүчө куранды жана уланды болуп, экиге бөлүнөт.
§ 6. КУРАНДЫ МҮЧӨ.
Уланган сөзүнүн маанисин жаңы мааниге өткөрүп жиберүүчү мүчөлөр куранды мүчөлөр деп аталат. Мисалы: жылкы+чы=жылкычы, ач+кыч=ачкыч, кеңеш+ма=кеңешме, бий+ла=бийле ж. б.



§ 7. АТООЧТОН ЭТИШ ЖАСООЧУ КУРАНДЫЛАР.
Атооч сөздөрдү этиш сөздөргө өткөрүп жиберүүчү курандылар атоочтон этиш жасоочу курандылар деп аталат. Мисалы:
-          ла – иш (зат атооч), иште (этиш)
-          а – сан (зат атооч), сана (этиш)
-          ар – ак (зат атооч), агар (этиш)
-          са – суу (зат атооч), сууса (этиш)
-          ык (к) – жол (зат атооч), жолук (этиш)
-          ай – чоң (сын атооч), чоңой (этиш) ж. б.
§ 8. ЭТИШТЕН АТООЧ ЖАСООЧУ КУРАНДЫЛАР.
Этиш сөздөрдү атооч сөздөргө өткөрүп жиберүүчү курандылар этиштен атооч жасоочу курандылар деп аталат. Мисалы:
-          лакес (этиш), кесме (зат атооч)
-          гысүр (этиш), сүргү (зат атооч)
-          гырал (этиш), алгыр (сын атооч)
-          гаксор (этиш), соргок (сын атооч)
-          ымбил (этиш), билим (зат атооч)
-          макчерт (этиш), чертмек (зат атооч)
§ 9. АТООЧТОН АТООЧ ЖАСООЧУ МҮЧӨЛӨР
-          чы – жумушчу, кызматчы, күзөтчү
-          лык – достук, жолдоштук, шаардык
-          мер – ишмер, сөзмөр
-          дай – тоодой, алтындай
-          чыл – суучул, жаанчыл
-          стан – Кыргызстан, +збекстан
-          кер – жоокер, кызматкер
-          кеч – арабакеч, кирекеч ж. б.
§ 10. ЭТИШТЕН ЭТИШ ЖАСООЧУ МҮЧӨЛӨР.
-          ын – көрүн, билин, урун
-          дыр – билдир, кубандыр, күлдүр
-          ар – чыгар, кайтар
-          ыр – бүтүр, кечир, качыр
-          кар – өткөр, бүткөр
-          ыш – тийиш, күрөш, бериш ж. б.
§ 11. УЛАНДЫ МҮЧӨЛӨР.
Уланган сөзүнүн маанисин жаңы мааниге өткөрүп жибербестен, сүйлөмдө башка сөздөр менен болгон мамилесин билдирген мүчөлөрдү уланды мүчөлөр деп айтабыз. Мисалы:
-          га – мектепке
-          лар – суулар
-          дын – колхоздун
-          да – малда ж. б.
§ 12. ЭЭРЧИМЕ МҮЧӨЛӨР.
Сөздүн аягындагы үндүү, үнсүздөргө карай мүчөдөгү үндүү жана үнсүздөрдүн өзгөртүп туруучу мүчөлөр ээрчиме мүчөлөр деп аталат. Ага төмөндөгүдөй мүчөлөр кирет. Мисалы:
-          нын (баланын, үйдүн, мектептин)
-          лык (айылдык, балалык, турмуштук)
-          дай (суудай, оттой, көлдөй)
-          га (энеге, үйгө, атка)
-          ны (кишини, тоону, катты) ж. б.
§ 13. ООШМО МҮЧӨЛӨР.
Сөзгө уланганда үндүүсүн да, үнсүзүн да өзгөртүп жиберген мүчөлөрдү оошмо мүчөлөр деп айтабыз. Мисалы:
-          луу (балалуу, элдүү, таштуу)
-          да (айылда, иште, колхоздо)
-          гыч (тепкич, сузгуч, ачкыч)
-          ны (атты, жерди, кышты)
-          лак (таштак, муздак).
§ 14. СЫЙЛЫГЫШМА МҮЧӨЛӨР.
Аягы үндүүлөр менен бүткөн сөздөргө уланганда өзүнүн үндүү тыбышын түшүрүп же сыйлыгыштырган мүчөлөрдү айтабыз. Мисалы:
-          ыш (сана+ышөсанаш, эсепте+ыш=эсептеш)
-          раак (жакшы+раак=жакшыраак)
-          ынчы (эки+ынчы=экинчи, жети+ынчы=жетинчи)
-          ым (бала+ым=балам, ини+ым=иним)
-          ык (акса+ык=аксак, боё+ык=боёк) ж. б.
§ 15. ТУРУКТУУ МҮЧӨЛӨР.
Сөз уланганда башкы үнсүз тыбышы өзгөрбөй үндүүсү гана өзгөргөн мүчөлөр туруктуу мүчөлөр деп аталат. Мисалы:
-          ма (басма, төкмө, тизме)
-          чыл (эпчил, суучул, өзүмчүл)
-          чы (койчу, сынчы, берчи)
-          чык (көлчүк, капчык)
-          мак (өрмөк, бармак, келмек) ж. б.
§ 16. ЭЭРЧИБЕС МҮЧӨЛӨР
Сөздүн аягындагы үндүү, үнсүз тыбыштарга карай мүчөдөгү үндүү жана үнсүз тыбыштарын өзгөртпөгөн мүчөлөрдү ээрчибес мүчөлөр деп айтабыз. Мисалы:
-          кор (чайкор, камкор)
-          поз (илимпоз, өнөрпоз)
-          кеч (арабакеч, кирекеч)
-          ист (коммунист, тракторист)
-          стан (Кыргызстан, Казакстан) ж. б.
§ 17. УҢГУНУ ӨЗГӨРТҮҮЧҮ МҮЧӨЛӨР.
Сөзгө уланганда уңгуну өзгөртүп жиберүүчү мүчөлөрдү уңгуну өзгөртүүчү мүчөлөр деп айтабыз. Мисалы:
-          ар (кызыл+ар=кызар, узун+ар=узар)
-          ып (там+ып=таамп, эм+ип=ээмп)
-          ла (уйку+ла=укта, оюн+ла=ойно)
-          а (жумуш+а=жумша) ж. б.
§ 18. СОЗУЛМА ҮНДҮҮЛӨР КАТЫШКАН МҮЧӨЛӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ.
Төмөнкү мүчөлөр созулма үндүүлөр менен жазылат:
1)      сын атооочту жасоочу – ыраак, - луу мүчөлөрү:

жакшы+ыраак=жакшыраак
көк+ыраак=көгүрөөк
сонун+ыраак=сонунураак
токой+луу=токойлуу

2)      сан атоочту жасоочу –оо, -өө мүчөлөрү:

бир+өө=бирөө

эки+өө=экөө
алты+оо=алтоо
жети+өө=жетөө
3)      Этиштен зат атооч жасоочу –коол (көөл) мүчөлөрү:
тос - тоскоол
өт – өткөөл
4)      Атоочтуктарды жасоочу –оочу, -уучу мүчөлөрү:
бар – баруучу
сүйлө – сүйлөөчү
иште – иштөөчү
кел – келүүчү
5)      Кыймыл атоочту уюштуруучу –оо, -уу мүчөлөрү:
-оо – жыйноо, саноо, иштөө
-уу – оруу, келүү, берүү, окуу ж. б.
§ 19. СӨЗДҮН СОСТАВЫНА КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ.
Сөздөр составына (түзүлүшүнө) карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт.
§ 20. ЖӨНӨКӨЙ СӨЗ.
Бир гана сөздөн түзүлгөн сөздөр жөнөкөй сөз деп аталат. Мисалы: киши, адам, мектеп, тоо, институт.
§ 21. ТАТААЛ СӨЗ.
Составы жагынан эки же андан көп сөздөрдөн түзүлүп, лексикалык жактан бир мааниге ээ болгон сөздөр татаал сөз деп аталат. Мисалы: өнөр жай, чек ара, Ала-Тоо, кум шекер, темир жол, жол башчы ж. б.
§ 22. КОШ СӨЗДӨР.
Катар айтылуу аркылуу бир мааниге ээ болгон, бир гана сөз түркүмүнө тиешелүү айтылып, эки же андан ашык сөздөн түзүлгөн сөздөр кош сөздөр деп аталат. Мисалы: ата-эне, үй-бүлө, оокат-тиричилик, чоң-кичине, ата-бала, кийим-кечек, азык-түлүк ж. б.
Кош сөздөр мааниси боюнча төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт: маанилеш кош сөздөр, карама-каршы маанидеги кош сөздөр, сыңар маанилүү кош сөздөр, кайталама кош сөздөр.
§ 23. МААНИЛЕШ КОШ СӨЗДӨР.
Кош сөздүн составында турган ар бсоз өз алдынча лексикалык мааниге ээ болсо, маанилеш кош сөздөр деп аталат. Мисалы: чоң-кичине, аман-эсен, соо-саламат, курбу-курдаш, эже-сиңди ж. б.
§ 24. КАРАМА-КАРШЫ МААНИДЕГИ КОШ СӨЗДӨР.
Кош сөздүн составында турган сөздүн бири экинчисине карама-каршы мааниде айтылат. Мисалы: оң-тетири, жакшы-жаман, өйдө-төмөн, улуу-кичүү, чоң-кичине, келим-кетим ж. б.



§ 25. СЫҢАР МААНИЛҮҮ КОШ СӨЗДӨР.

Кош сөздөрдүн тутумундагы сөздөрдүн бири лексикалык мааниге ээ болсо, экинчиси лексикалык мааниге ээ болбогон кош сөздөр. Мисалы: мал-сал, нан-пан,киши-кара, бала-чака, азык-түлүк, көйнөк-көнчөк ж. б.

§ 26. КАЙТАЛАМА КОШ СӨЗДӨР.

Бир сөздүн эки же андан көп ирет кайталанып айтылышынан пайда болгон сөздөр. Мисалы: чоң-чоң, бара-бара, кызыл-кызыл, ылдам-ылдам, тез-тез, узун-узун ж. б.

§ 27. КОШ СӨЗДӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ.

Кош сөздөрдүн бардыгы дефис аркылуу жазылат. Мисалы: күч-кубат, бак-дарак, курал-жарак, ага-ини, жер-суу, уй-пуй, мал-сал, үрүң-бараң ж. б.

§ 28. КОШМОК СӨЗДӨР.

Эки же андан ашык сөздөн түзүлүп, бир гана аталышты билдирген татаал сөздөр кошмок сөздөр деп аталат. Мисалы: жол башчы, өнөр жай, таш көмүр, басма сөз, боз үй, аки таш, алп кара куш, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Отуз-Адыр, Кара-Суу ж. б.

§ 29. КОШМОК СӨЗДӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ.

1. Кошмок сөздөрдүн ар бир составдык бөлүгү арасына белги коюлбастан бөлөк жазылат: Мисалы: таш бака, темир жол, бала бакча, жол башчы, козу карын, кара жыгач, ит мурун ж. б.
2. Географиялык энчилүү аттардан түзүлгөн кошмок сөздөр арасына дефис коюлуп, ар бир сөзү баш тамга менен жазылат, Мисалы: Тянь-Шань, Чоң-Сары-Ой,Узун-Акмат, Ак-Буура, Жалал-Абад, Майлы-Сай, Кок-Жаңгак ж. б.

§ 30. БИРИККЕН СӨЗДӨР.

Тыбыштык жагынан бузулуп, биригип кеткен татаал сөздөр бириккен сөздөр деп аталат. Мисалы:
бүгүн (бу+күн)
быйыл (бул+жыл)
апар (алып бар)
кулач ( кол ач)
бүрсүгүнү (бириси күнү)
унчукпа (үн чыгарба) ж. б.

§ 31. КЫСКАРТЫЛГАН СӨЗДӨР.

Толук маанилүү сөздөрдүн кыскартылып берилиши кыскартылган сөздөр деп аталат. Мисалы: СССР, МТС, колхоз, облсовет, профсоюз ж. б.

§ 32. КЫСКАРТЫЛГАН СӨЗДӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ.

1. Баш тамгаларынан кыскартылган сөздөрдүн бардыгы баш тамга менен жазылат: ООН, ВЛКСМ, УССР, ГЭС, ТЭЦ ж. б.

2. Башкы муундары же бир нече башкы тыбыштары боюнча кыскартылган сөздөр кичине тамга менен жазылат. Мисалы: пединститут, облсовет, обком.
3. Башкы тамгалары боюнча кыскартылган сөздөргө мүчө уланганда, кыскартылган сөз баш тамгалар менен жазылып, сөз мүчөсү кичине тамгалар менен бирге жазылат.
Мисалы: РТСке, РТСтен, СССРге, СССРден.
4. Басма сөздөрдө, жазууда кеңири колдонулуп жүргөн бир катар кыскартылган сөздөр кичине тамгалар менен арасына чекит коюлуп жазылат.
Мисалы: б. а. — башкача айтканда, ж. б. — жана башкалар, д. у. с. — дагы ушул сыяктуулар.
5. Эгерде кыскартылган сөздөрдө үндүүлөр болуп, ал сөз үндүүлөр аркылуу бүтүн сөз катарында окулса, ага жалгануучу мүчөлөр да ошол үндүүлөргө карай жазылат: ТАССтын, ООНдун, ГЭСке, АПНдин ж. б.
6. Эгер биринчи бөлүгү муунунан, калган бөлүктөрү башкы тамгаларынан кыскартылып, бирок сөз катары колдонулуп калган болсо, бардык бөлүгү бириктирилип, жалпы ат катарында кичине тамга менен жазылат: райОН О эмес, районо, облОНО, эмес, об лоно, ВУЗ эмес, вуз, ДЗОТ эмес дзот ж. б.

§ 33. СӨЗДҮК СОСТАВ.
Тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, сөздүк состав деп аталат.

§ 34. СӨЗДҮК ФОНД.
Тилдин сөздүк составындагы башкы нерсе сөздүк фонд болуп саналат. Сөздүк фондуга тилдин уюткусу болгон уңгу сөздөр кирет.

§ 35. МОРФЕМА.
Сөздүн маани берүүчү бөлүгү же мааниси жагынан бөлүнбөй турган грамматикалык форма морфема деп аталат.

§ 36. СӨЗ ТҮРКҮМДӨРҮ.
Тилдеги сөздөрдүн маанилерине жана грамматикалык формаларына карай ар түрдүү топторго бөлүнүшү сөз түркүмдөрү деп аталат.
Кыргыз тилинде төмөндөгүдөй сөз түркүмдөрү бар:
Зат атооч                   Сырдык сөз
Сын атооч                 Тууранды сөз
Сан атооч                  Кызматчы сөздөр
Ат атооч                    (жандооч, байламта, бөлүкчө
Этиш                          жана модаль сөздөр).
Тактооч
Сөз түркүмдөрү маани берүүчү сөздөр жана кызматчы сөздөр болуп экиге бөлүнөт.

§ 37. МААНИ БЕРҮҮЧҮ СӨЗДӨР.
Маани берүүчү сөздөр сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарышып, заттын атын, сын-сыпатын, касиетин, санын, кыймыл-аракетин, ал-абалын атын билдиришет.
Маани берүүчү сөз түркүмдөрү:
Зат атооч                   Этиш
Сын атооч                 Тактооч
Сан атооч                  Тууранды сөз
Ат атооч                    Сырдык сөз

§ 38. КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨР.
Кызматчы сөздөр деп сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып, өз алдынча турганда сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара албаган сөздөрдү айтабыз. Аларга: жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр жана модаль сөздөр кирет.

§ 39. ЗАТ АТООЧ.
Заттын атын же заттык түшүнүктү билдирүүчү сөздөр зат атооч деп аталат. Зат атооч Ким? Эмне?
Кимдер? Эмнелер? деген суроолорго жооп берет.
Зат атооч энчилүү жана жалпы ат болуп, экиге бөлүнөт.

§ 40. ЭНЧИЛҮҮ ЖАНА ЖАЛПЫ АТТАР.

Энчилүү ат жеке бир затка энчиленип коюлат. Аларга кишилердин, шаарлардын, тоолордун, океандардын, деңиздердин, көлдөрдүн, газета-журналдардын мекеменин, окуянын, айбандардын ж. б. аттары кирет. Алар дайыма баш тамга менен жазылышат.
Мисалы: Ысык-Көл, Тянь-Шань тоолору, Аккула,«Темир» романы, Фрунзе шаары, СССР Жогорку Совети, «Советтик Кыргызстан» газетасы ж. б.
Жалпы ат бир түрдүү заттардын жалпы жонунан берилет. Мисалы: токой, тоо, таш, суу, мектеп, шаар, адам, мал, эл ж.б.

§ 41. ЭНЧИЛҮҮ ATTАРДЫН ЖАЗЫЛЫШЫ.
Энчилүү аттар төмөнкүчө жазылат.
1. а) Адамдардын аттары, атасынын аты, фамилиясы бир сөздөн же сөз айкалышынан тургандыгына карабастан, ар бири баш тамга менен жазылат.
Мисалы: Болот, Кубаныч, Курманбек, Аманбай Эсенович Саламатов, Айсулуу Туратовна Токтомушева.
б) Өз атынан тышкары коюлган аттар, жашыруун аттар (псевдонимдер) баш тамга менен башталып жазылат. Эгерде мындай энчйлүү аттар эки сөздөн турса, арасына эч белги коюлбастан бөлөк-бөлөк жазылат да, экөө тең баш тамга менен башталат.
М и с а л ы: Тоголок Молдо (атактуу демократ акын Байымбет Абдыракмановдун элге таралып кеткен аты), Балка (эл акыны Аалы Токомбаевдин адабияттык аты).
2. Жаныбарларга коюлган энчилүү аттар, бир сөздөн же сөз айкалышынан тургандыгына карабастан, баш тамга менен башталып жазылат. Кыргыздарда мындай аттар көбүнчө жылкыга жана иттерге карата колдонулат.
Мисалы: Акжал, Аккула, Алгара, Койкүрөң, Тай-тору, Тоотору (жылкы аттары), Желмаян (төөнүн аты), Бөрүбасар, Жолборс, Учар, Тайбас (иттин аттары).
3. а)Географиялык аттар (жер-суунун, тоолордун, калк орношкон пункттардын, көлдөрдүн ж. б. аттары) дайыма баш тамгалар менен башталып жазылат.
Мисалы: Алай, Арка, Алчалуу, Баткен, Боом, Гүл-чө, Кабак, Орток, Өрүктү, Тальга, Сүлүктү.
б) Кыргызстандын территориясындагы эки же андан артык сөздөн куралган татаал географиялык аттардын бардыгы тен араларына дефис коюлуп, ар бири баш тамгалар менен башталып жазылат.
Мисалы: Ак-Булуң, Ак-Буура, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Жалгыз-Өгүз, Ийри-Суу, Кичи-Кызыл-Суу, Корумду-Төр, Он-Бир-Жылга, Чоң-Ак-Суу, Ысык-Көл,Жалал-Абад.
в) Кыргызстандын территориясынан тышкаркы географиялык аттар орус орфографиясынын негизинде жазылат.
Мисалы: Урал, Ташкент, Казань, Андижан, Душанбе, Алма-Ата.
г) Кыргызстандын территориясынан тышкаркы төмөнкү географиялык аттардын кыргызча айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя, Кокон, Маргалаң.
д) Зарылдыгына карай Кыргызстандын территориясынан тышкары бир катар географиялык аттардын орусчадан которулуп алынышына жол берилет. Мындай учурларда татаал энчилүү аттардын составындагы деңиз, арал, булуң, кысык, көл деген сыяктуу сөздөр кичине тамга менен, бөлөк жазылат: Мисалы: Ак деңиз, Кара деңиз, Рига булуңу, Онега көлү, Куриль аралы, Индия океаны, Дарданела кысыгы ж. б.
4. Астрономиялык аттар баш тамга менен жазылат: Марс, Чолпон, Күн, Жер, Ай ж. б.
5. Жер-суунун атынан алынган колхоз-совхоздун аттары тырмакчага алынып жазылат. Мисалы: «Шамшы» колхозу, «Алга» совхозу, «Жаңы-Жер» совхозу ж. б.
Эгер колхоз-совхоздун, мектептин ж. б. аттары адамдын атына коюлса, тырмакчага алынбай жазылат. Мисалы: Ленин атындагы колхоз, Фрунзе атындагы колхоз, Калинин атындагы орто мектеп ж. б.
6. Китептердин, газета-журналдардын ж. б. аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен, эгер эки сөзү тең энчилүү ат болсо, эки сөзү тең баш тамга менен жазылат: «Каныбек» романы, “Кыргызстан пионери» газетасы, «Ала-Too» журналы, «Советтик Кыргызстан» газетасы ж. б.
7. Советтер Союзундагы партиялык, өкмөттүк, профсоюздук, комсомолдук жогорку мекемелер менен уюмдардын наамдарынын «партия» деген сөздөн башкасы баш тамга менен жазылат: СССР Жогорку Совети, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы, Бүткүл Союз-дук Коммунисттик Жаштар Союзу, Профессионалдык Союздардын Бүткүл Союздук Борбордук Совети ж. б.
8. Энчиленип айтылган тарыхый окуялардын аттарынын биринчи, экинчи сөздөрү баш тамга менен жазылат: Улуу Октябрь социалисттик революциясы, Улуу Ата мекендик согуш ж. б.
9. Белгилүү даталардын, революциялык майрамдардын аттарынын биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: Аялдардын эл аралык майрамы, Жеңиш күнү, Жаңы жыл, Космонавтика күнү ж. б.
10. Эгерде татаал энчилүү аттардын биринчи сөзү иреттик сан атоочтордон болуп, цифра менен жазылса, эки сөзү тең баш тамга менен жазылат: 1-Май, 8-Март, 7-Ноябрь, 9-Май ж. б.
11. Министерстволордун, партиялык жана коомдук уюмдардын, ар түрдүү мекемелердин, окуу жайларынын биринчи сөзү жана анын составындагы кошо айтылган энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Кыргыз ССР илимдер академиясы, Кыргыз ССРинин элге билим берүү министерствосу, Кыргыз мамлекеттик университет, Ош мамлекеттик педагогиялык институту ж. б.

§ 42. ЗАТ АТООЧТОРДУН ЖЕКЕЛИК ЖАНА КӨПТҮК САНЫ.

Зат атоочтор жекелик жана көптүк санда айтылат.
Көптүк маанини -лар мүчөсү жасайт.
Мисалы: алма-алмалар, өзөн-өзөндөр, китеп-китептер д. у. с.
Кээ бир сөздөр -лар мүчөсүнүн жардамысыз эле көптүк маанини билдирип турат: Чөп чабылды. Эгин орулду. Мал жайлоого чыгарылды. ж. б.

§ 43. ЗАТ АТООЧТОРДУН ЖАКТАЛЫШЫ.
Зат атоочтун үч жактын бирин билдирип, жак боюнча өзгөрүшүн зат атоочтун жакталышы дейбиз. Жак уландылар жакты билдирүү менен бирге көптүк, жекелик санды да билдирет.

Жагы
Түрү
Жекелик санда
Көптүк санда
I
Жөнөкөй
-мын, -миң, -мун
мүн
- быз, -биз, -буз,
-бүз,
-пыз, -пиз, -пуз, -пүз
II
Жөнөкөй
-сын, -сиң, -сун,
сүң
-сыңар, -сиңер,
-суңар, - сүңөр
III
Сылык
-сыз, -сиз, -суз, -сүз
-сыздар, -сиздер,
-суздар, - сүздөр

Жакталып турган зат атооч сөздөр жөндөмөлөр менен жөндөлбөйт.

§ 44. ЗАТТАРДЫН ТААНДЫК БОЛУП АЙТЫЛЫШЫ.
Зат атооч сөздөргө уланган кээ бир уландылар таандыкты билдирет. Мындай таандык уландылар эки топко бөлүнөт:
1. Жак таандык уланды -ым, -ын, -ың, -ы (-сы),-ыбыз, -ыңыз, -ыңар.
2. Жалпы таандык уланды -ныкы.

§ 45. ЗАТ АТООЧТОРДУН ЖАСАЛЫШЫ.
Зат атоочтор морфологиялык жана синтаксистик жол менен жасалат.

§ 46. ЗАТ АТООЧТУН МОРФОАОГИЯАЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖАСАЛЫШЫ.
Зат атоочтор морфологиялык жол менен, башкача айтканда, сөз жасоочу мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат.
1. Атооч сөздөр дон зат атоочту жасоочу мүчөлөр:
-чы — малчы, колхозчу, кызылчачы, жардамчы.
-лык — балалык, достук, жолдоштук.
-кор— жемкор, малкор, чайкор.
-кер— ишкер, жоокер, кызматкер, айыпкер.
-кеч— арабакеч, кирекеч.
-стан — Кыргызстан, Өзбекстан.
-кана— ашкана, китепкана, ишкана, чайкана.
-поз — илимпоз, өнөрпоз, кумарпоз.
-чылык – дыйканчылык, эгинчилик, токчулук, кымбатчылык, арзанчылык.
-лаш — аталаш, айылдаш, жолдош, жердеш.
-ча — кутуча, китепче, секиче, көрпөчө.
-чык — капчык, оюнчук, көлчүк.
-ке — атаке, апаке, эжеке, абаке:
-ек— коенек, кыргыек.
2. Этиштен зат атоочту жасоочу мүчөлөр.
-ын — жаан, эгин, агын.
-ым — басым, чечим, көтөрүм, билим.
-ынды — бөлүндү, куранды, асыранды.
-ма — сызма, катырма, башкарма, тизме.
-ыш — жазыш, келиш, иштеш, уруш.
-гак — соргок, тайгак, тепкек.
-ак — күрөк, жүрөк, калак, таяк.
-оо — толгоо, бутоо, бүлөө, көсөө ж. б.

§ 47. ЗАТ АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК ЖОЛ МЕНЕН ЖАСАЛЫШЫ.
Эки же aндан да көп сөздөрдүн айкалышынан түзүлгөн зат атоочтор сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалат: темир жол, ат кулак, боз үй, сары май, чек ара, ата-эне, ага-ини, эже-сиңди, Ала-Too, Үч-Коргон ж. б.

§ 48. ЖӨНДӨМӨЛӨР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК.
Сүйлөм ичинде сөздөрдүн байланышын, жөнүн, катышын көрсөтүп турган -нын, -га, -ны, -да, -дан мүчөлөрү жөндөмө мүчөлөр деп аталат. Ушул мүчөлөрдүн грамматикалык маанисин белгилөө үчүн алынган сөз жөндөмө деп аталат.
Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөр төмөнкүлөр:
1. Атооч — к и м? э м н е?
2. Илик — к и м д и н? э м н е н и н?
3. Барыш – кимге? эмнеге?
4. Табыш — кимди? эмнени?
5. Жатыш — кимде? эмнеде?
6. Чыгыш — кимден? эмнеден?

§ 49. АТООЧ ЖӨНДӨМӨ.
Заттын атын көрсөтүп турган сөз атооч жөндөмө деп аталат. Атооч жөндөмөнүн тиешелүү жөндөмө мүчөсү жок. Атооч жөндөмөдөгү сөздөр ким? эмые? каер? деген суроолорго жооп берип, башка жөндөмө мүчөлөрдүн уланышына негиз болот.
Сүйлөм ичинде атооч жөндөмөдөгү сөздөр көбүнчө ээлик, баяндоочтук милдет аткарат.
Мисалы: Окуу башталды (ээси — окуу). Бул — колхоз талаасы (баяндоочу — колхоз талаасы) ж. б.
§ 50. ИЛИК ЖӨНДӨМӨ.
Заттын кимге же эмнеге таандык экендигин, кандайдыр бир катышы, тиешеси бар экендигин көрсөтүүчү жөндөмө илик жөндөмө деп аталат.
Илик жөндөмөнүн негизги уландысы -нын.
Илик жөндөмөдө турган сөздөр кимдин? эмненин? каердин? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Колхоздун малы жайлоодо. Мектептин ремонту бүттү.
Илик жөндөмөдө турган сөздөр сүйлөмдө ар дайым айкындооч болот.

§ 51. БАРЫШ ЖӨНДӨМӨ.
Кыймыл аракеттин кимге, эмнеге же кандайдыр башка максатка багытталгандыгын, жумшалгандыгын жана ордун, ченемин белгилөөчү жөндөмө барыш жөндөмө деп аталат.
Барыш жөндөмөнүн негизги уландысы -га.
Барыш жөндөмөдө турган сөздөр кимге? эмнеге? каякка? кайда? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Мен Оморгө жолуктум (кимге?Оморго). Шаарга жөнөдүк (кайда?шаарга).
Аягы к тыбышы менен бүткөн сөздөргө барыш жөндөмөнүн мүчөсү уланганда к тыбышы эки жолу жазылат.
Мисалы: Башка жака, эмес— башка жакка, кыштака эмес— кыштакка, тереке эмес— терекке, жүрөкө эмес— жүрөккө.

§ 52. ТАБЫШ ЖӨНДӨМӨ.
Кыймыл-аракет түздөн-түз багытталган затты билдирүүчү жөндөмө табыш жөндөмө деп аталат.
Табыш жөндөмөнүн негизги мүчөсү -ны.
Табыш жөндөмөдөгү зат атооч сөздөр кимди? эмнени? каерди? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Асанды көрдүм.
Сүйлөм ичинде табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланбай турган учурлары да кездешет.
Мисалы: Мен китеп окудум. Сабыр саат сатып алды ж. б.

§ 53. ЖАТЫШ ЖӨНДӨМӨ.
Орунду, бир нерсенин кайда, эмнеде экендигин же белгилүү бир мезгилди көрсөтүүчү жөндөмө жатыш жөндөмө деп аталат.
Жатыш жөндөмөнүн негизги мүчөсү -да.
Жатыш жөндөмөдө турган зат атооч сөздөр кимде? эмнеде? каерде? кайда? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Саткын шаарда турат. Мектепте жыйналыш болду. Китепте билим бар. Китепканада китептер көп. Мал тоодо.

§ 54. ЧЫГЫШ ЖӨНДӨМӨ.
Кыймыл-аракеттин кайдан башталышын, чыгыш тегин, ордун жана жалпы эле кимден, эмнеден экендигин көрсөтүүчү жөндөмө чыгыш жөндөмө деп аталат.
Чыгыш жөндөмөнүн негизги мүчөсү -дан.
Чыгыш жөндөмөдө турган зат атооч сөздөр кимден? эмнеден? кайдан? каерден? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Бүгүн шаардан чыктык. Ташкенттен Фрунзеге чейин самолёт менен келдим. Амандан кат алдым. Сборду кандайча өткөрүү жөнүндө мугалимден сурадым. Бул үй кирпичтен жасалган.

§ 55. ЗАТ АТООЧ СӨЗДӨРДҮН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Зат атоочтордун жөндөлүшү 3 топко бөлүнөт.
1. Аягы үндүү жана үнсүздөр менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү.
2. Аягы -ск, -нк, -фть, -кт, -нг, -нд, -мн менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү.
3. Таандык уландылар уланып турган сөздөрдүн жөндөлүшү.

§ 56. АЯГЫ ҮНДҮҮ ЖАНА ҮНСҮЗДӨР МЕНЕН БҮТКӨН СӨЗДӨРДҮН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Аягы үндүү жана үнсүздөр менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү өз ара үчкө бөлүнөт.
1. Аягы үндүү тыбыштар менен бүткөн зат атооч сөздөр төмөнкүчө жөндөлөт.
А. бала                       короо
И. бала-нын    короо-нун
Б. бала-га       короо-го
Т. бала-ны      короо-ну
ж. бала-да      короо-до
Ч. бала-дан    короо-дон

2. Аягы жумшак үнсүздөр менен бүткөн зат атооч сөздөр төмөнкүчө жөндөлөт.
А. тал
И. тал-дын
Б. тал-га
Т. тал-ды
Ж. тал-да
Ч. тал-дан
2. Аягы каткалаң үнсүздөр менен бүткөн зат атооч сөздөр төмөнкүчө жөндөлөт.
А. кат
И. кат-тын
Б. кат-ка
Т. кат-ты
Ж. кат-та
Ч. кат-тан

§ 57. АЯГЫ -СК, -НК, -ФТЬ, -КТ, -НГ, -НД, -МН МЕНЕН БҮТКӨН СӨЗДӨРДҮН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Аягы -ск, -нк, -фть, -кт, -нг, -нд, -мн менен бүткөн сөздөргө жөндөмө мүчөлөр уланганда ал сөздөр менен жөндөмө мүчөлөрдүн ортосунда ы, и же у тамгалары кошулат да, андан кийин аягы үндүү тыбыштар менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү сыяктуу жөндөлө берет.
Мисалы:
А. Минск
И. Минскинин
Б. Минскиге
Т. Минскини
Ж. Минскиде
Ч. Минскиден

§ 58. ТААНДЫК УЛАНДЫЛАР УЛАНЫП ТУРГАН СӨЗДӨРДҮН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Таандык уландылар уланып турган зат атоочтор барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүндө жөндөлгөндө бир кыйла айырмаланып турат.
А. саатым
И. саатым-дын
Б. саатым-а
Т. саатым-ды
Ж, саатым-да
Ч. саатым-дан

§ 59. ЗАТ АТООЧТУН СҮЙЛӨМДӨ АТКАРГАН  МИЛДЕТИ.
Зат атоочтор сүйлөм ичинде ээлик, толуктоочтук, баяндоочтук, бышыктоочтук жана аныктоочтук милдетти аткарышат.
Мисалы: Сергей барсканды бийик көтөрдү. (Сергей — ээ, барсканды — толуктооч) Райондо пионерлердин слету болду. (Райондо— бышыктооч, пионерлердин — аныктооч, слёту — ээ). Атактуу жайлоолордун бири— Суусамыр. (Суусамыр — баяндооч).

СЫН АТООЧ.

§ 60. СЫН АТООЧ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК.
Заттын өңүн, сынын, сапатын, даамын, формасын ж. б. көрсөтүп, к а н д а й? к а й с ы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат.
Мисалы: кызыл, сары, жакшы, таттуу, ачуу, то -гөлок, жумшак ж. б.

§ 61. САПАТТЫК ЖАНА КАТЫШТЫК СЫН.
Заттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат.
Мисалы: ичке, сулуу, ак, жашыл, тунук, ачуу,таттуу, тегерек, тоголок, шайыр, түнт, жакшы, жаман.
Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат.
Мисалы: партиялык уюм, социалисттик коом, токойлуу жер, тоодой толкун, темирдей тартып, жаанчылай, даамдуу тамак.

§ 62. СЫН АТООЧТУН ДАРАЖАЛАРЫ.
Кыргыз тилинде сын атоочтун эки даражасы бар: салыштырма жана күчөтмө даража.

§ 63. САЛЫШТЫРМА ДАРАЖА.
Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -нан жана -ыраак мүчөсү уюштурат: Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз.

§ 64. КҮЧӨТМӨ ДАРАЖА.
Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат.
а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүчтардүн жардамы менен жасалат: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.
б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик-бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонун көчөлөр ж. б.
в) затташкан сын атоочтор күчөтмө даражаны уюштурат: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуусу ж. б.

§ 65. СЫН АТООЧТУН ЖАСАЛЫШЫ.
Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат.
1. Зат атооч сөздөрдөн сын атооч жасоочу мүчөлөр.
-луу — токойлуу жер, суулуу өзөн, малдуу, колхоз.
-дай — тоодой толкун, алтындай сары, анардай кызыл.
-сыз — ботосуз төө, суусуз жер.
-гы (кы)— жазгы суу, кышкы тоо, жайкы ысык.
-чул — суучул киши, жаанчыл ай, кишичил буура.
-лык — шаардык адам, айылдык жер, советтик эл.
-чан — атчан адам.
-мер — ишмер кызматчы, сөзмөр чал.
-дак — кумдак жер, таштак өрөөн, саздак жер.
-кор — малкор адам, чайкор кемпир, дүнүйөкор бай.
-ий — илимий иш, тарыхый окуя, диний көз караш.
2. Этиш сөздөрдөн сын атооч жасоочу сөз мүчөлөр.
-гыр — алгыр куш, өткүр бычак.
-гыч — аткыч киши, илгич мышык.
-гак — соргок кузгун, тайгак жол.
-аак — ыйлаак бала, тердээк ат.
-ык — жыртык кемсел, кетик тиш, сасык жыт, тунук суу.
-чаак — таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз, тырышчаак өкуучу.
-анаак — кабанаак ит, сүзөнөөк уй, качанаак ат.
-калаң — шашкалаң киши, каткалаң үнсүз.
3. Сын атооч сөздөрдөн сын атооч жасоочу мүчөлөр.
-гылт — кызгылт, саргылт, сургулт.
-гылтым — кызгылтым, көгүлтүм.
-гыч — саргыч.
-ыш — агыш, көгүш.
-ылжым (-ылжын) — каралжым (каралжын), көгүлжүм (көгүлжүн).
-омук (омтук) — бозомук (бозомтук).
-ча — акча жүздүү.
-ыраак — кызылыраак, агыраак, ачуураак, жакшыраак,чоңураак.

§ 66. СЫН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК ЖОЛ МЕНЕН ЖАСАЛЫШЫ.
Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. Мисалы: улуу-кичүү,узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл, кара тору ж. б.

§ 67. СЫН АТООЧТУН ЗАТТЫК МААНИДЕ КОЛДОНУЛУШУ.
Сын атооч менен бирге айтылуучу сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат: жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат ж. б.

САН АТООЧ

§ 68. САН АТООЧ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК.
Заттын санын, кретин, эсебин билдирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат.
Сан атооч сөздөр к а н ч а?, нече?, канчанчы?, неченчи?, канчоо?, нечөө? деген суроолорго жооп берет.
Сан атооч сөздөр сүйлөм ичинде ээлик, баяндоочтук, айкындоочтук милдетти аткарат.
Мисалы: Экөөбүз совхозго бирге бардык (ээси — экөөбүз). Ажардын жашы он үчтөрдө (баяндоочу — он үчтөрдө). Жыйырма беш бешке бөлүнөт (ээси — жыйырма беш, айкындоочу - бешке). Алты жерде беш— отуз (баяндоочу — отуз) ж. б.

§ 69. САН АТООЧТУН ТҮЗҮЛҮШҮНӨ КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ.
Сан атооч сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөйү бир гана сөздөн, татаалы эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт.
Мисалы: Жөнөкөй сан атоочтор: эки, беш, он, жыйырма, кырк, жүз, миң, миллион. Татаал сан атоочтор: он үч, отуз эки, бир миң тогуз жүз алтымыш сегиз ж. б.

§ 70. САН АТООЧТУН МААНИСИНЕ КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ.
Сан атоочтор маанисине карай 6 га бөлүнөт.
1.      Эсептик сан, 2. Иреттик сан, 3. Жамдама сан, 4. Чамалама сан, 5. Топ сан, 6. Бөлчөк сан.

§ 71. ЭСЕПТИК САН АТООЧ.
Заттын санын, эсебин билдирип, канча? нече? деген суроого жооп берүүчү сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат.
Мисалы: бир, төрт, он, отуз, элүү, сексен, үч жүз миң, миллион, он окуучу, отуз беш китеп, кырк дептер, он беш карандаш, үч жүз онго бөлүнөт ж. б.

§ 72. ИРЕТТИК САН АТООЧ.
Заттын иретин, тартибин, катарын көрсөтүп, канчанчы?, неченчи? деген суроолорго жооп берүүчү сандар иреттик сан атооч деп аталат.
Иреттик сан атоочтор эсептик сандарга –ынчы (-нчы) мүчөсү улануу менен түзүлөт.
Мисалы: бир + ынчы=биринчи, үч+ ынчы=үчүнчү, жети+ынчы=жетинчи, сегиз+ынчы=сегизинчи ж. б.

§ 73. ЧАМАЛАМА САН АТООЧ.
Заттын санын чамалап, болжолдоп көрсөтүүчү сандар чамалама сан атооч деп аталат.
Чамалама сан атоочтор төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.
1. Чамалама сан эсептик сан атоочтордун өз ара айкалышуусу аркылуу жасалат: алты-жети, он-он беш,кырк-элүү, алщмыш-о^етикиш, сексен-токсон, эки жүз үч жүз ж. б.
2. Эсептик сан атоочторго жакын, чамалуу, ашуун, чакты деген сөздөрдүн өз ара айкалышуусу менен түзүлөт.
Мисалы: отузга жакын, кырк чамалуу, жүздөнашуун, жыйырма чакты, элүүгө жакын, он чакты, алты-мышка жакын.
3. Эсептик сандарга -дай, -ча, -даган мүчөлөрү улануу менен түзүлөт.
Мисалы: отуздай, кырктай, элүүчө, алтымышча, ондогон, жүздөгөн.
4. Эсептик сандарга көптүк -лар мүчөсү, көптүк мүчөсүнөн кийин жөндөмө мүчөлөрдүн бири улануу менен чамалама сан атоочу түзүлөт да, заттык мааниде колдонулат.
Мисалы: Анын жашы кырктарга барып калды. Ушул айдын жыйырмаларына жакын Москвага жөнөйм.Саат бирлерде биз сабактан тарайбыз.

§ 74. ТОП САН.
Заттын санын топ-тобу менен көрсөтүп, канчадан? нечеден? деген суроолорго жооп берүүчү сандар топ сан деп аталат.
Кыргыз тилинде топ сандын өзүнчө тиешелүү мүчөсү жок, бир же эки кайталанган эсептик сандарга чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү улануу менен гана жасалат.
Мисалы: Алар бештен, биз үчтөнбүз. Алдыңкы пионерлерге төрттөн китеп сыйлык берилди. Колхозго жардам берүүчүлер беш-бештен бөлүнүштү.

§ 75. БӨЛЧӨК САН.
Заттын санын майдалап, бүтүн сан менен бөлүктүн өз ара катышын билдирген сан бөлчөк сан деп аталат.
Бөлчөк сан чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү аркылуу жасалат. Бирок чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан) бөлчөк сандын биринчи бүтүн санына уланып, анын бөлүгүнөн мурун айтылат.
Мисалы: экиден бир 1/2; бештен үч 3/5 ; ондон эки 2/10; жүздөн жыйырма беш 25/100 ж. б.

§ 76. САН АТООЧТОРДУН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Сан атоочтор төмөнкүчө жөндөлөт:
Жөндөмөлөр
Эсептик сан
Иреттик сан
Бөлчөк сан
А.
отуз
төртүнчү
ондон беш
И.
отуздун
төртүнчүнүн
ондон бештин
Б.
отузга
төртүнчүгө
ондон бешке
Т.
отузду
тертүнчүнү
ондон бешти
ж.
отузда
төртүнчүдө
ондон беште
Ч.
отуздан
төртүнчүдөн
ондон бештен

2. Жамдама сан атоочтор үчүнчү жактын мүчөсү уланган сөздөр еыяктуу жөндөлөт. Мисалы:
А. үчөө                       жетөө
И. үчөөнүн                 жетөөнүн
Б. үчөөнө                    жетөөнө
Т. үчөөнү (үчөөн)       жетөөнү (жетөөн)
Ж. үчөөндө                жетөөндө
Ч. Үчөөнөн                 жетөөнөн

§ 77. САН АТООЧТУН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ.
Сан атооч сөздөр төмөнкүчө жазылат:
Жөнөкөй сандар айрым жазылат.
Мисалы: Бир, эки, он, жыйырма, отуз, кырк, алтымыш, сексен, токсон, жүз, миң.
Төмөнкү эсептик сандарда эки л катар жазылат: миллион, миллиард, триллион, триллиард.
Иретти көрсөтүүчү сандар цифра аркылуу берилсе, цифра менен кийинки сөздүн ортосуна дефис коюлуп, -ынчы, -нчы мүчөсү жазылбайт: 5-класс, 1977-жыл, 10-катар ж. б.
Иреттик сандар рим цифрасы аркылуу берилсе, дефис коюлбай бөлөк жазылат.
Мисалы: IV класс; XX кылым, X X V съезд, X глава.
-оо, -өө мүчөсү сан атоочтор менен бирге жазылат да, аягы үндүү менен бүткөн сөздөргө уланганда үндүүнүн бири түшүп калат.
Мисалы: эки+өө=экөө, алты+оо=алтоо, жети+ өө—жетөө.

АТ АТООЧ

§ 78. А Т АТООЧ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК.
Зат, сын, сан атоочтор дун ордуна колдонулуучу жана алардын белгилерин атабай, жалпылап көрсөтүүчү сөздөр ат атооч деп аталат.
Ат атооч сөздөргө төмөнкүлөр кирет: мен, сен, ал,баз, силер, б у л, тигил, ким?, эмне?, эч ким, эч персе, баары, бүткүл, ар ким, ар бир, өз ж. б.

§ 79. АТ АТООЧТОРДУН БӨЛҮНҮШҮ.
Ат атооч сөздөр берген маанилерине карата төмөндөгүдөй бөлүнөт:
1. Жактама ат атооч.
2. Шилтеме ат атооч.
3. Сурама ат атооч.
4. Таңгыч ат атооч.
5. Аныктама ат атооч.
6. Белгисиз ат атооч.

§ 80. ЖАКТАМА АТ АТООЧ.
Затты үч жактын бирине таандык кылып көрсөткөн
ат атооч жактама ат атооч деп аталат.
Жактама ат атоочторго: мен, сен, сиз, ал, биз, силер, алар деген сөздөр кирет да, ким? кимдер? деген суроолорго жооп берет.
Жактама ат атоочтор жекелик түрдө да, көптүк түрдө да айтылат. Мисалы:
Жекелик түрү                      Көптүк түрү
I жак мен                  I жак биз
II жак сен, сиз           II жак силер, сиздер
III жак ал                  III жак алар

§ 81. ШИЛТЕМЕ АТ АТООЧ.
Бир затка карата көрсөтүлө, жаңсоо иретинде айтылган ат атоочтор шилтеме ат атооч деп аталат. Шилтеме ат атоочторго кайсы? деген суроо берилип: бу (бул), тиги (тигил), ошо (ошол), ушу (уш ул), тетиги (тетигил), тээ тетиги (тээ тетигил), мына бул, мына ушу деген ж. б. сөздөр кирет.

§ 82. СУРАМА АТ АТООЧ.
Заттын санын, катар тартибин, сапатын, ордун, аты-жөнүн, мезгилин аныктап билүү үчүн суроо иретинде колдонулуучу сөздөр сурама ат атооч деп аталат.
Сурама ат атоочтор ар дайым суроо иретинде айтылат да аларга: ким? эмне? кайсы? качан? кайда? канча? нече? кайдан? кандай? кана? деген ж. б. сөздөр кирет.

§ 83. ТАНГЫЧ АТ АТООЧ.
Жалпыланган заттык, сын-сыпаттык, сан өлчөмдүк маанини тануу же жокко чыгаруу иретинде айтылган ат атооч тангыч ат атооч деп аталат.
Тангыч ат атоочторго: эч ким, эч нерсе, эч бир, эч качан, эч кандай, эч канча, эч теме, эч кайсы, эч убакта, эч кайда деген ж. б. сөздөр кирет.

§ 84. АНЫКТАМА АТ АТООЧ.
Заттын сандык жалпылыгын же жекелигин аныктап, тактап көрсөтүүчү ат атоочтор аныктама ат атоочтор деп аталат.
Аныктама ат атоочторго: бүткүл, бардык, баары, бүтүн, ар ким, ар бир, ар кандай, ар качан, ар кайсы жана өз деген сөздөр кирет.

§ 85. БЕЛГИСИЗ АТ АТООЧ.
Заттарды, кубулуштарды жана алардын ордун, мезгилин ж. б. так көрсөтпөстөн, болжолдоп, бүдөмүк көрсөтүүчү ат атоочтор белгисиз ат атооч деп аталат.
Белгисиз ат атоочторго: кайсы бир, кимдир бирөө,алда кандай, алда эмне, алда ким, кандайдыр бир, бир нерсе, кай бир, кээ бир, бирдеме деген ж. б. сөздөр кирет.

§ 86. АТ АТООЧТОРДУН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Зат, сын, сан атооч сөздөр сыяктуу эле ат атооч сөздөр да жөндөмөлөр менен жөндөлөт. Бирок ат атоочтордун жөндөлүш өзгөчөлүгү башка.

§ 87. ЖАКТАМА АТ АТООЧТУН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Мен, сен, ал деген ат атоочтор жөндөлгөндө барыш жөндөмөсүндө мага, сага, ага болуп, уңгусу өзгөрүп кетет да, илик жана табыш жөндөмөсүндө уңгунун аягындагы н тыбышы түшүп калат.

Жөндөмөлөр
I жак — мен
II жак — сен
III жак — ал
А.
И.
Б.
Т.
Ж.
Ч.
мен
мен+нын=менин
мен+га=мага
мен+ны=мени
мен+да=менде
мен+нан=менден
сен
сен+нын=сенин
сен+га=сага
сен+ны=сени
сен+да=сенде
сен+нан=сенден
ал
ал+нын=анын
ал+га=ага
ал+ны=аны
ал+да=анда
ал+нан=андан


§ 88. ШИЛТЕМЕ АТ АТООЧТУН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Шилтеме ат атоочтор жөндөлгөндө жекелик санда туруучу жактама ат атоочтор сыяктуу жөндөлөт. Бирок бу(л) деген шилтеме ат атоочтун башкы үнсүз тыбышы атооч менен барыштан башка жөндөмөлөрдө м тыбышына өтөт. Ал эми жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүндө болсо ат атоочтун акыркы л тыбышы н тыбышына, үндүүсү ы тыбышына өтүп айтылат. Мисалы:
А. бу (л)          ошо (л)                       тиги (л)
И. Мунун         ошонун           тигинин
Б. буга                        ошого             тигиге
Т. муну            ошону             тигини
Ж. мында        ошондо           тигинде
Ч. мындан       ошондон         тигинден ж. б.

§ 89. СУРАМА АТ АТООЧТУН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Кыргыз тилиндеги сурама ат атоочтордун жөндөлүшү төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөргө ээ.
1. Ким? эмне? кайсы? к а н ч а? нече? деген сурама ат атоочторго жөндөмө мүчөлөр улана берет.

а) Зат атоочтун жөндөлүшү
Сурама ат атоочтун жөндөлүшү
А. эне
И. эненин
Б. энеге
Т. энени
Ж. энеде
Ч. энеден
Ким, эмне
Кимдин, эмненин
Кимге, эмнеге
Кимди, эмнени
Кимде, эмнеде
Кимден, эмнеден
б) Сын атоочтун жөндөлүшү
Сурама ат атоочтун жөндөлүшү
А. сары
И. сарынын
Б. сарыга
Т. сарыны
Ж. сарыда
Ч. сарыдан
кайсы
кайсынын
кайсыга
кайсыны
кайсыда
кайсыдан
Зат  атоочтун жөндөлүшү
Зат  атоочтун жөндөлүшү
А.  баласы
И.  баласынын
Б.  баласына
Т.  баласын
Ж.  баласында
Ч.  баласынан
Кимдики, кайсыныкы
Кимдикинин, кайсыныкынын
Кимдикине, кайсыныкына
Кимдикин, кайсыныкын
Кимдикинде, кайсыныкында
Кимдикинен, кайсыныкынан  ж.  б.


§ 90. ТАНГЫЧ АТ АТООЧТУН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
1. Тангыч ат атоочтор да сурама ат атоочтор сыяктуу эле жөндөлөт. Мисалы:
А. эч ким        эчтеме
И. эч кимдин  эчтеменин
Б. эч кимге     эчтемеге
Т. эч кимди     эчтемени
Ж. эч кимде    эчтемеде
Ч. эч кимден   эчтемеден

3. Эч качан, эч кандай, эч кайда, эч бир деген тангыч ат атоочтор жөндөлбөйт.

§ 91. АНЫКТАМА АТ АТООЧТУН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Аныктама ат атоочтордун көпчүлүгү жөндөлүп, айрымдары гана жөндөлбөйт.
1. Ар ким, ар нерсе, ар кайсы деген ат атоочтор төмөнкүчө жөндөлөт. Мисалы:
А. ар ким        ар нерсе          ар кайсы
И. ар кимдин  ар нерсенин    ар кайсынын
Б. ар кимге     ар нерсеге      ар кайсыга
Т. ар кимди    ар нерсени      ар кайсыны
Ж. ар кимде   ар нерседе      ар кайсыда
Ч. ар кимден  ар нерседен    ар кайсыдан

2. Баары, бардыгы, өзү, ар бири деген жактама ат атоочтор 3-жактын таандык мүчөсү жалганган зат атоочтор сыяктуу эле жөндөлөт. Мисалы:
А. бары          бардыгы         өзү
И. баарынын  бардыгынын   өзүнүн
Б. баарына     бардыгына     өзүнө
Т. Баарын       бардыгын       өзүн
Ж. баарында  бардыгында   өзүндө
Ч. Баарынан   бардыгынан    өзүнөн

§ 92. БЕЛГИСИЗ АТ АТООЧТУН ЖӨНДӨЛҮШҮ.
Ат атооч сөздөрдүн башка түрлөрү сыяктуу эле белгисиз ат атоочтор да жөндөмө мүчөлөр менен жөндөлүшөт. Мисалы:
А. кимдир бирөө       бир нерсе        бир канча
И. кимдир бирөөнү    бир нерсенин  бир канчанын
Б. кимдир бирөөнө    бир нерсеге    бир канчага
Т. кимдир бирөөнү    бир нерсени    бир канчаны
Ж. кимдир бирөөндө бир нерседе    бир канчада
Ч. кимдир бирөөдөн  бир нерседен  бир канчадан

Эскертүү: Кимдир бирөө деген белгисиз ат атооч барыш жөндөмөсүндө кимдир бирөөгө, чыгыш жөндөмөсүндө кимдир бирөөнөн да болуп жөндөлө берет.

ЭТИШ

§ 93. ЭТИШ ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ.
Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат.
Этиштер эмне кылды? эмне кылат? эмне кылып жатат? эмне болду? эмне болуп жатат? кантет? деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалы: Айшакан сайма сайды.

§ 94. ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ТАТААЛ ЭТИШТЕР.
Этиштер түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал этиштер болун, экиге бөлүнөт.
Жөнөкөй этиштер бир сөздөн, татаал этиштер эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. Мисалы: бар, кел, ойно, жаз, оку; бара кел, ойноп жүр, жазып бер, окуп жибер ж. б.

§ 95. НЕГИЗГИ ЖАНА ЖАРДАМЧЫ ЭТИШТЕР.
Татаал этиштеги негизги кыймыл-аракетти билдирген этиштер негизги этиштер, кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиштер жардамчы этиштер деп аталат. Мисалы: Иштеп жатат (иштеп— негизги этиш, жатат — жардамчы этиш). Окуп келди (окуп— негизги этиш, келди— жардамчы этиш.) ж. б.

§ 96. ТУБАСА ЖАНА ТУУНДУ ЭТИШТЕР.
Этиш сөздөр тубаса жана туунду болуп экиге бөлүнөт. Тубаса этиштер уңгу түрдө турат.
Мисалы: бар, кел, кет, жүр, бер, отур, оку, жый,кой, тур ж. б.
Туунду этиштер төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:
-ла — кайчыла, башта,
— сана, чене, көзө, жаша.
-ар — агар, көгөр, кызар, бозор, жашар.
-лаш — жардамдаш, достош, кездеш, саламдаш.
-кар — башкар, аткар, өткөр, откор.
-сыра — уйкусура, кансыра, алсыра.
— байы, кеңи, жашы.
-каз — атказ, откоз.
-ылда — чырылда, бакылда.
-ай — азай, көбөй, муңай, чоңой ж. б.

§ 97. ЭТИШТИН МАМИЛЕЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК.
Кыймыл-аракеттин. сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендигин же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык категория этиштин мамилелери деп аталат: ал, бер, жаз, оку, жа-зыл, асын, окуш, куткар, жаздырт ж. б.
Кыргыз тилинде этиштин мамилелери бешке бөлүнөт:
негизги мамиле
кош мамиле
өздүк мамиле
туюк мамиле
аркылуу мамиле.

§ 98. НЕГИЗГИ МАМИЛЕ.
Уңгу түрдө туруп, экинчи жакка буйрук маанисин берүүчү этиш негизги мамиле деп аталат.
Мисалы: оку, жаз, кел, кет, бар, отур, кач, жөнө,жыл, бер, жар, ий ж. б.

§ 99. КОШ МАМИЛЕ.
Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан биргелешип, кошулушуп аткарылгандыгын көрсөтүүчү этиштер кош мамиле этиштер деп аталат.
Кош мамиле этиштерди -ыш мүчөсү уюштурат. Мисалы: алыш, жазыш, окуш, санаш, иштеш, достош.

§ 100. ӨЗДҮК МАМИЛЕ
Кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же болбосо өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр өздүк мамиле деп аталат.
Өздүк мамилени -ын мүчөсү уюштурат.
Мисалы: көрүн, жуун, кийин, жамын, басын,ачын, чечин, ойгон, жасан, таран ж. б.

§ 101. ТУЮК МАМИЛЕ.
Кыймыл-аракетти ээнин башынан өткөрүшүн көрсөткөн этиш сөздөр туюк мамиле деп аталат.
Туюк мамиле этишти -ыл мүчөсү, кээде өздүк мамиле этиштин -ын мүчөсү уюштурат. Мисалы: ачыл, жазыл, тосул, малый, тилин.

§ 102. АРКЫЛУУ МАМИЛЕ.
Кыймыл-аракет буйруучу тарабынан иштелбестен, башка бирөө тарабынан иштелгендигин көрсөткөн этиш сөздөр аркылуу мамиле деп аталат. Аркылуу мамиле этишти: -дыр, -кыз, -т, -ыр, -ыз, -из мүчөлөрү уюштурат.
Мисалы: күлдүр, отургуз, толтур, кайнат, жеткир, жеткиз ж. б.

§ 103. ЭТИШТИН ЫҢГАЙЛАРЫ.
Сүйлөөчү адамдын кыймыл-аракетке карата болгон мамилесин билдирген этиштин формасы ыңгай деп аталат.
Этиштин ыңгайлары кыймыл-аракеттин чындыкта болгонун же болуп жаткан абалын, ниетин, тилегин, буйругун, шартын билдирет.
Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт:
1. Буйрук ыңгай
2. Шарттуу ыңгай
3. Тилек ыңгай
4. Ниет ыңгай
5. Баяндагыч ыңгай.

§ 104. БУЙРУК ЫҢГАЙ.
Сүйлөп жаткан биринчи жактын кыймыл-аракетти аткаруу үчүн экинчи жакка берген буйругун көрсөтүүчү этиштин формасы буйрук ыңгай деп аталат.
Буйрук ыңгай төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт:
1. Негизги этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: айт, кел, оку, жаз, бар, бас, тап, бил, ал, ук, ж. б.
2. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер буйрук ыңгайды уюштурат.
Мисалы: кайчыла, сана, иште, сүйлө, ойно, башта, жолук, жазыш, жардамдаш ж. б.
3. -сын, -гы, -гыла сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы менен да буйрук ыңгайлар түзүлөт.
Мисалы: ойносун, баргын, иштегиле, ж. б.

§ 105. ШАРТТУУ ЫҢГАЙ.
Кыймыл-аракеттин ишке ашырылышы үчүн тиешелүү шарттын болушун көрсөткөн этиштин формасы шарттуу ыңгай деп аталат. Шарттуу ыңгайды -са мүчөсү уюштурат. Мисалы: барса, келсе, окуса, жазса,көрсө, ойносо ж. б.

§ 106. ТИЛЕК ЫҢГАЙ.
Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирген этиштин формасы тилек ыңгай деп аталат.
Тилек ыңгайды -гай мүчөсү уюштурат да, андан кийин эле, элек деген көмөкчү сөздөр кошулуп айтылат. Мисалы: Жакшы окугай элек. Москваны, Кремлди көргөй элем.

§ 107. НИЕТ ЫҢГАЙ.
Кыймыл-аракетти иштөө үчүн болгон ниетти билдирген этиштин формасы ниет ыңгай деп аталат.
Ниет ыңгайды -мак, -макчы мүчөлөрү уюштурат.
Көбүнчө -мак мүчөсүнөн кийин эле, экен, турсун, тургай, бол, беле, эмес деген сыяктуу көмөкчү сөздөр кошо айтыла берет.
Мисалы: Ал бүгүн шаарга кетмек. Мен жакшы окумакчымын. Биз кечигип калмак болдук. Элдин сөзүнө Караганда Каныбек мында келмек эмес ж. б.

§ 108. БАЯНДАГЫЧ ЫҢГАЙ.
Кыймыл-аракеттин өткөндө болгонун, сүйлөп жаткан учурда болуп жатканын же келечекте боло тургандыгын жайынча гана баяндаган этиш сөздөр баяндагыч ыңгай деп аталат. Мисалы: жазам, жаздым, келем, келдим,барам, бардым ж. б.

§ 109. ЭТИШТИН ЧАКТАРЫ.
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын же андан мурун болуп өткөндүгүн, же андан кийин болорун көрсөткөн этиш сөздөр этиштин чактары деп аталат. Этиштин чактары төмөндөгүдөй болуп үчкө бөлүнөт:
1. Учур чак.
2. Келер чак.
3. Өткөн чак.
§ 110. УЧУР ЧАК.
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болгондугун көрсөтүүчү этиш сөздөр учур чак деп аталат.
Этиштин учур чагы төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.
Этиш сөздөргө чакчыл -а, -й мүчөлөрү уланып, андан кийин жак мүчөлөрдүн жалганышы,
-ып, -а мүчөлөрү уланган негизги этиштерге жат, жүр, тур, отур, бар деген ж. б. көмөкчү этиштердин кошо айтылышы,
-оо, -уу мүчөлөрү аркылуу түзүлгөн кыймыл атоочторго жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү улануу менен да түзүлөт.
Мисалы: Элдин турмушу жакшырууда. Партия элди тарбиялоодо. Отличник окуучулардын саны өсүүдө. Бак-дарактар бүрдөөдө.

§ 111 КЕЛЕР ЧАК.
Кыймыл-аракеттин, окуянын келечекте болорун көрсөтүүчү этиш сөздөр келер чак деп аталат.
Келер чак кыймыл аракеттин аткарылышына карай айкын келер чак, арсар келер чак болуп, экиге бөлүнөт.

§ 112. АЙКЫН КЕЛЕР ЧАК.
Кыймыл-аракеттин, окуянын келечекте боло тургандыгы же болбосу анык экендигин ачык көрсөткөн этиш сөздөр айкын келер чак деп аталат. Айкын келер чак этиш сөздөргө чакчыл, -а, -й мүчөлөрү уланып, андан кийин тиешелүү жак мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу жана айкын келер чак чакчыл -ганы мүчөсүнүн жардамы менен жасалат.
Мисалы: Күн жааганы турат. Мен сабакка даяр-данганы жатам. Биз Фрунзеге барганы жүрөбүз. Сен самолёт менен Москвага учканы жатасың ж. б.

§ 113. АРСАР КЕЛЕР ЧАК.
Кыймыл-аракеттин, окуянын боло тургандыгын, же болбой тургандыгын күмөндүү түрдө же арсар көрсөткөн этиштер арсар келер чак деп аталат.
Арсар келер чак -ар, -бас мүчөлөрүнүн жардамы менен уюшулат. Мисалы: Мен жакында барып калармын. Алар келип калышар. Бүгүн жыйналыш болор. Ашым эртең келбес. Балким, Ысакул шаарга барбас ж. б.

§ 114. ӨТКӨН ЧАК.
Кыймыл-аракеттин, окуянын сүйлөнүп жаткан учурдан мурун болуп өткөндүгүн билдирген этиш сөздөр өткөн чак деп аталат.
Мисалы: Мен бардым. Колхозчулар келишти. Биз жазыптырбыз. Окуучулар иштеп бүтүшкөн жен. Кыргызстан гүлдөгөн өлкөгө айланды.
Өткөн чак кыймыл-аракеттин болуп өткөндүгүн билдиришине карай төрткө бөлүнөт:
1. Айкын өткөн чак.
2. Капыскы өткөн чак
3. Жалпы өткөн чак.
4. Адат өткөн чак.

§ 115. АЙКЫН ӨТКӨН ЧАК.
Айкын өткөн чак кыймыл-аракеттин, окуянын ачык-айкын болуп өткөндүгүн билдирет.
Айкын өткөн чакты -ды мүчөсү уюштурат да, андан кийин жак мүчөлөрү улана берет.
Мисалы: Абыл өзү сүйгөн кесибине ээ болду. Тынчтыкты жактоочулардын кубаттуу кыймылы кулач жайды. Мен ойлогон максатыма жеттим. Жакшы окуганың үчүн баалуу сыйлыктар менен сыйландың.

§ 116. КАПЫСКЫ ӨТКӨН ЧАК.
Капыскы өткөн чак кыймыл-аракеттин капысынан болуп өткөндүгүн көрсөтөт.
Капыскы өткөн чакты -ып, -ыптыр мүчөлөрү уюштуруп, ага жак мүчөлөрү уланат.
Мисалы: Бул китепти мен да окуптурмун. Өз уба-гында барбапмын, сен да барбаптырсың.

§ 117. ЖАЛПЫ ӨТКӨН ЧАК.
Өткөн чактын бул түрү кыймыл-аракеттин жалпы эле мурун болуп өткөндүгүн билдирет.
Жалпы өткөн чакты атоочтуктун -ган мүчөсү уюштурат.
Мисалы: Окуучулар айыл чарба көргөзмөсүнө барышкан. Ал тапшырманы өзү аткарган. Каныбек революцияга чейин далай кордуктарды көргөн. СССРде социализм толук жеңген.

§ 118. АДАТ ӨТКӨН ЧАК.
Адат өткөн чак кыймыл-аракеттин адат катарында болуп өткөндүгүн же бир нече ирет кайталангандыгын билдирет.Адат өткөн чакты -чу мүчөсү уюштуруп, андан кийин жак мүчөлөрү улана берет.
Мисалы: Мен ар дайым физзарядка ойночумун. Ата-энелерге жардам берчүмүн. Сбор өз убагында башталчу. Биз заводдорго барчубуз.

§ 119. ЧАКЧЫЛДАР.
Негизги этишти тактап көрсөтүү үчүн кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиштин формасы чакчылдар деп аталат. Чакчылдарга качантан бери?, эмне үчүн деген суроолор берилет.
Чакчылдарды -а(-е, -й), -ып, -ганча -гыча, -ганы, -майынча деген мүчөлөр уюштурат. Мисалы: Күн кызарып батты. Ал күлүмсүрөп отурду. Мен барганча келди. Биз бармайынча келбейт ж. б.

§ 120. ЧАКЧЫЛДАРДЫ ЖАСООЧУ МҮЧӨЛӨР.
Чакчылдар төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат.
-а, -е, -йАл жете келди. Мен карай бердим.
-ыпЖаркырап Ай чыкты.
-ганча, -гычаАга бергенче, мага бер. Атам келгиче, мен жумушту бүтүрдүм.
-майынчаАсан келмейинче күтөм.
-ганыАсыл келгени, колхоз чарбасы өстү.

§ 121. ЧАКЧЫЛ ТҮРМӨК.
Чакчылдар аркылуу башкарылып, сүйлөмдүн бир эле мүчөсү катары кабыл алынган сөз тизмектери чакчыл түрмөктөр деп аталат. Мисалы: Таягына сүйөнүп, Каныбек бийик асканын башында турат. Китепканада отур-ган агайын көрүшүп, окуучулар ийилип саламдашты.

§ 122. АТООЧТУК.
Кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында көрсөткөн, кээде кыймыл-аракеттин атын билдирген этиштин формасы атоочтуктар деп аталат. Атоочтуктар -ган, -ар, -бас, -чу мүчөлөрү же -а, -е,
формасындагы чакчылдарга элек деген сөздүн кошулушу аркылуу жасалат. Мисалы: Бул - мен окуган китеп. Той да болор, тойдун эртеси да болор. Жайлоого чыгар мезгил келди.

§ 123. АТООЧТУКТАРДЫН ЗАТТЫК МААНИДЕ КОЛДОНУЛУШУ.
Сүйлөм ичинде атоочтук тарабынан аныкталган сөз түшүп калат да, атоочтук ошол сөздүн ордуна заттык мааниде колдонулат: Көп жашаган (адам) көптү билбейт, көптү көргөн (адам) көптү билет. Ал отургандардын (адамдардын) суроолоруна жооп берди ж. б.

§ 124. АТООЧТУК ТҮРМӨК.
Атоочтуктардын башка сөздөр менен ажырагыс бирдикте айтылган, бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарган сөз тизмеги атоочтук түрмөк деп аталат. Мисалы: Энеси менен келе жаткан Жеңишбек да күлөт. Уйкусу ачылып кеткен Аскар ыргып турду. Мен окуган китепти сен да окудуң ж. б.
Атоочтук түрмөк кайсы? качан? деген ж. б. суроолорго жооп берет.

§ 125. КЫЙМЫЛ АТООЧТОР.
Кыймыл атоочтор кыймыл-аракеттин, ал-абалдын атын билдиришет. Алар этишке -оо, -өө, -уу, -үү, -ыш, -мак, -май, -максан, -гы мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу жасалат.
Мисалы: Оруу-жыюу башталды. Баш кесмек бар,тил кесмек жок. Ат жоорутмак тердиктен, найза саймак эрдиктен (макал). Келип-кетиш эки кишиге тең ж. б.

§ 126. ТАКТООЧ.
Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын көрсөткөн сөздөр тактооч деп аталат. Тактоочтор кандай? кантип? канча? качан? кайда? кайда н? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы. Эрте келди. Кеч кетти. Жай сүйлөдү.Жогортон келди. ж. б.

§ 127. ТАКТООЧТУН ЖАСАЛЫШЫ.
Тактоочтор айрым мүчөлөр же сөздөрдүн айкалышы жана кайталанып айтылышы аркылуу да жасалат.

§ 128. ТАКТООЧТУН МҮЧӨЛӨР АРКЫЛУУ ЖАСАЛЫШЫ.
1. Тактоочтор төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы аркылуу жасалат. Мисалы:
-ча — адамча, баатырларча, орусча.
-лап — күндөп-түндөп, жөөлөп-жалаңдап.
-лай — жайды-жайлай, кыштай, күздөй.
-лата — улуулата, кичүүлөтө.
-гары — илгери, тышкары, ичкери
-ын — күнүн барып, күнүн кел.
2. Тактоочтордун жөндөмө мүчөлөр аркылуу жасалышы:
Барыш жөндөмөсү аркылуу: жатка билет, бирге келди.
Жатыш — жайында, кышында, түнүндө, күзүндө.
Чыгыш — мурунтан, жогортон, ичкериден.

§ 129. ТАКТООЧТУН СӨЗДӨРДҮН АЙКАЛЫШЫ ЖАНА КАЙТАЛАНЫШЫ АРКЫЛУУ ЖАСАЛЫШЫ.
Тактоочтор сөздөрдүн айкалышы жана кайталанып айтылышы аркылуу да жасалат. Мисалы: бир күнү, тез-тез, таң эртеңден, мурда күнү ж. б.

§ 130. ТАКТООЧТУН МААНИСИНЕ КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ.
Кыргыз тилиндеги тактоочтор маанисине карата төрткө бөлүнөт:
1) мезгил тактооч
2) орун тактооч
3) сын-сыпат тактооч
4) сан-өлчөм тактооч.

§ 131. МЕЗГИЛ ТАКТООЧ.
Кыймыл-аракеттин мезгилин, убагын көрсөтүп, качан? кайсы убакта? деген суроолорго жооп берүүчү тактоочтор мезгил тактооч деп аталат. Мисалы: Бүгүн концерт, болот. Жайында Ленинградга барам.Азыр мен киного барам.

§ 132. ОРУН ТАКТООЧ.
Кыймыл-аракеттин ордун көрсөтүп, кайда? кайдан? каерде? деген суроолорго жооп берүүчү тактоочтор орун тактоочтор деп аталат. Мисалы: жогорку, төмөн, өйдө, алыс, ары-бери, кийин, алга ж. б.

§ 133. СЫН-СЫПАТ ТАКТООЧ.
Кыймыл-аракетти сыпаттап, анын ал-абалын, кантип иштегендигин көрсөтүп, кантип? кандай? кандайча? деген суроого жооп берген тактооч сын-сыпат тактооч деп аталат.
Мисалы: жай, ылдам, тез, бат, орусча, кыргызча,акырын, дароо, менимче ж. б.

§ 134. САН ӨЛЧӨМ ТАКТООЧ.
Кыймыл-аракеттин иштелиш өлчөмүн көрсөтүп, канча? канчалык? деген суроолорго жооп берген тактооч сан-өлчөм тактооч деп аталат. Мисалы: көп, аз, ашык, мол, аз-аздан, көп-көптөн, бөксө, артык.

§ 135. ТАБЫШ ТУУРАНДЫ ЖАНА ЭЛЕСТҮҮ СӨЗДӨР.
Табыш тууранды сөздөр жандуу жана жансыз заттардан чыккан табышты туурагандыкты билдирет. Мисалы: тарс этти, шылдыр-шылдыр үн чыкты, арс-арс үрдү ж. б.
Элестүү сөздөр заттын кыймылы же алардын көрүнүшү жөнүндөгү элести билдирет. Элестүү сөздөр экиге бөлүнөт.
1. Кыймыл-аракеттин же элестин тездигин билдирет: жалт-жалт; жарк-журк, шып, лып ж. б.
2. Заттардын сырткы көрүнүшү, кыймылы жөнүндөгү элести билдирет: эрбең-сербең, чолтоң-чолтоң.

§ 136. ТАБЫШ ТУУРАНДЫ ЖАНА ЭЛЕСТҮҮ СӨЗДӨРДҮН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ.
Табыш тууранды жана элестүү сөздөр кайталанып айтылса, арасына дефис коюлуп, бөлөк жазылат. Мисал ы: жарк-журк, лып-лып, тырп-тырп, тарс-турс, зып-зып, карс-карс ж. б.

§ 137. СЫРДЫК СӨЗДӨР.
Адамдын ички сезимин билдирүүчү же айбанатка карата айтылуучу сөздөр сырдык сөздөр деп аталат. Мисалы: бали, пай-пай, бах, баракелде, ой, ай-ий, ата-ганат, чиркин ж. б.

§ 138. СЫРДЫК СӨЗДӨРДҮН ТҮРЛӨРҮ.
Сырдык сөздөр маанисине карата ички сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр, айбанатка карата айтылуучу сырдык сөздөр болуп, эки топко бөлүнөт.

§ 139. ИЧКИ СЕЗИМДИ БИЛДИРҮҮЧҮ СЫРДЫК СӨЗДӨР.
Мындай сырдык сөздөр кубанганда, сүйүнгөндө, өкүнгөндө, таң калганда, корккондо, чочуганда, кайгырганда ж. б. колдонулат. Мисалы: бали, пай-пай, эх, ий, чиркин-ой, тех, аттиң-ай ж. б.

§ 140. АЙБАНАТКА КАРАТА АЙТЫЛУУЧУ СЫРДЫК СӨЗДӨР.
Мындай сырдык сөздөр айбанаттарды жана канаттууларды айдоого, чакырууга карата айтылат. Мисалы: чү-чү, тү-тү-тү, өш-өш, чек-чек, чойт-чойт ж. б.

§ 141. СЫРДЫК СӨЗДӨРГӨ КОЮЛУУЧУ ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕР.
1. Сырдык сөздөр сүйлөмдүн башында келсе, үтүр өзүнөн кийин, аягына келсе, өзүнөн мурун коюлат; ортосуна келсе, эки жагынан үтүр менен ажыратылат.
Мисалы: — О-хоо, азаматым! Кана, Ленин орде-ни, «Эмгек Кызыл Туу» дагы... «Ата Мекендик согуш ордени»! Жоонун баарын сен кыргансың го я? (Ж. Т.) — Буларды ким жеп түгөтөт, чиркин!— деп, кызыга карап өтөт (Т. С.) Абыл, кокуй, тез алып чык.— Баракелде,дешип отургандар сүрөп жатышты.
2. Сырдык сөздөр күчтүү сезим менен айтылып, сүйлөмдүн тутумунан бөлүнсө, сырдык сөздөрдөн кийин илеп коюлат да, кийинки сүйлөм баш тамга менен жазылат.
Мисалы: Бали!— Черте туш, Ака! Бали! Салмак-туу созулган эмгек ыры улам көтөрүлүүдө, улам калкып теребелди көшүлтүүдө ж. б.
3. Сырдык сөздөр кайталанып айтылса, арасына дефис коюлат. Мисалы: пай-пай, кыру-кыру ж. б.

§142. КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨР.
Кызматчы сөздөр сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруу үчүн же ар кандай кошумча маанини билдирүү үчүн колдонулат. Алар өз алдынча турганда мааниге ээ эмес, сүйлөм мүчөлөрү да боло алышпайт. Кызматчы сөздөргө жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр жана модалдык сөздөр кирет.

§ 143. ЖАНДООЧТОР.
Атоочторду жөндөмөлөр боюнча башкарып, сүйлөм мүчөлөрүн байланыштыруу үчүн колдонулган сөздөр жандоочтор деп аталат. Жандоочторго мына булар кирет: менен, жөнүндө, аркылуу, бою, боюнча, бойдон, үчүн, сайын, соң, тууралу, көздөй, карата, карай, катар, чейин, дейре, караганда, кийин, мурун, бери, көрө ж. б.

§ 144. ЖАНДООЧТОРДУН ТҮРЛӨРҮ.
Жандоочтор жөндөмөлөр менен айкашына карата төмөнкүчө бөлүнөт:
1. Атооч жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: менен, тууралу, жөнүндө, аркылуу, боюнча, сайын, сыяктуу, үчүн, бою, бойдон.
2. Табыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: көздөй, карай, карата, катар.
3. Барыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: караганда, жараша, чейин, дейре, карай, карата.
4. Чыгыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: көрө, көрөкче, ары, бери, мурун, кийин, соң ж. б.

§ 145. БАЙЛАМТАЛАР.
Бир өңчөй мүчөлөрдү же татаал сүйлөмдүн составындагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү өз ара байланыштыруу үчүн колдонулган кызматчы сөздөр байламталар деп аталат. Ага: да, же, менен, бирок, демек, себеби, ошол үчүн, ошондуктан, ошол себептүү, анткени менен, жана, жана да, эгер деген ж. б. сөздөр кирет.
Байламталар багындырма жана багындырбас болуп экиге бөлүнөт.

§ 146. БАГЫНДЫРМА БАЙЛАМТАЛАР.
Бир өңчөй мүчөлөрдү же багынычсыз сүйлөмдөрдү эмес, баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдөрдү гана өз ара тутумдаштырган байламталар багындырма байламталар деп аталат.
Багындырма байламталарга: себеби, анткени, эгер, эгерде, андыктан, ошондуктан, ошол үчүн, ошол себептүү, эмне үчүн, ошонун натыйжасында, канча, ошончо ж. б. кирет.
Багындырма байламталар өз ара себеп байламта, шарттуу байламта, салыштырма байламта болуп бөлүнөт.

§ 147. СЕБЕП БАЙЛАМТА.
Себеп байламталарга: анткени, себеби, неге десең, эмне үчүн десең, андыктан, ошондуктан, ошол себептүү, ошонун натыйжасында деген байламталар кирет.
Бул байламталар аркылуу өз ара тутумдашкан сүйлөмдүн бирөө баш сүйлөмдүк милдетти аткарат, бирөө баш сүйлөмдөгү айтылган ойдун себебин көрсөтөт.

§ 148. ШАРТТУУ БАЙЛАМТАЛАР.
Шарттуу байламталарга эгер, эгерде деген байламталар кирет. Бул байламталар катышкан сүйлөмдөрдүн баяндоочтору шарттуу ыңгайдын -са мүчөсү менен аяктап, баш сүйлөмдө айтылуучу ойдун шартын көрсөтөт.

§ 149. САЛЫШТЫРМА БАЙААМТАЛАР.
Салыштырма байламталар түгөйлүү колдонулуп, анын бирөө баяндоочу -са мүчөсү менен аяктаган багыныңкы сүйлөмгө, бирөө баш сүйлөмгө таандык болуп айтылат. Андай айкаштардын кандай, канча, канчалык деген бөлүгү багыныңкы сүйлөмдүн тутумунда, ошондой, ошончолук, бшончо деген бөлүгү баш сүйлөмдүн составында колдонулат.

§ 150. БАГЫНДЫРБАС БАЙЛАМТА.
Айрым сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү өз ара тутумдаштыруу үчүн колдонулган байламталар багындырбас байламталар деп аталат.
Багындырбас байламталарга: ары, жана, да, менен, а, ал эми, бирок, антсе да, ошентсе да, анткени менен, же, не, же болбосо, болбосо ж. б. кирет.
Багындырбас байламталар байланыштыргыч, каршылагыч жана божомолдогуч болуп, өз ара үч топко бөлүнөт.

§ 151. БАЙЛАНЫШТЫРГЫЧ БАЙЛАМТАЛАР.
Бир өңчөй мүчөлөрдү, көп учурларда багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы айрым жөнөкөй сүйлөмдөрдү өз ара тутумдаштыруучу байламталар байланыштыргыч байламталар деп аталат. Алар: ары, жана, жана да, жана дагы, да, дагы, дале, менен ж. б.

§ 152. КАРШЫЛАГЫЧ БАЙЛАМТАЛАР.
Бул байламталар айтылуучу ойдогу карама-каршылыкты, айтылуучу ой бири-бирине туура келбей тургандыкты, же айтылуучу ойго чек койгондукту билдирет.
Булар: а, ал, эми, бирок, антсе да, ошентсе да, ошондо да, анткени менен, ошенткени менен, ошондой болсо да, ошондой болгону менен ж. б.

§ 153. БОЖОМОЛДОГУЧ БАЙЛАМТА.
Божомолдогуч байламта болгон же боло турган, же болуп жаткан кыймыл-аракеттин иш жүзүнө аша тургандыгын божомолдоп көрсөткөн байламталар божомолдогуч байламталар деп аталат. Алар: же, же болбосо, не.

§ 154. ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ТАТААЛ БАЙЛАМТАЛАР.
Байламталар составына карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй байламталар бир сөздөн (жана, да, дагы, себеби, демек, бирок, же, эгерде, ошондуктан), татаал байламталар эки же андан көп сөздөрдөн түзүлөт: ал эми, анткени менен, антсе да, ошол себептүү, же болбосо, ошол үчүн, эмне үчүн десең ж. б.

§ 155. БАЙЛАМТАЛАРДЫН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ.
1. Сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруучу а, ал эми, бирок, анткени, андыктан, ошондуктан, ошол үчүн, ошол себептүү, эмне үчүн десең, антсе да, ошентсе да, же болбосо деген байламталар өзүнөн кийинки айтылган сүйлөмгө таандык болгондуктан, алардан мурун үтүр коюлат.
Мисалы: Күн ачык, бирок аба салкын. Жумушту абдан тез бүттүк, себеби бизге пионерлер жардам берди.
2. Ары, жана, же, не деген байламталар сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыргандыктан, үтүр ар дайым өзүлөрүнөн мурун коюлат, анткени алар речь тизмегинде өздөрүнөн кийинки сүйлөмгө таандык болуп айтылат. Мисалы: Же күн жаайт, же катуу шамал болот.
2 -Да байламтасы бир өңчөй мүчөлөрдү, же сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырса, өзүнүн алдындагы сөзгө, же сүйлөмгө таандык болуп айтылат да, андан кийин үтүр коюлат. Мисалы: Данияр жакын барды да, ара-бага көз жүгүрттү. Окуучулар келишти да, дароо ишке киришти.
3. Айрым байламталар бир өңчөй мүчөлөрдү тутумдаштырып, эки же андан көп жолу кайталанса, эң акыркысынан башкасы үтүр менен ажыратылат. Мисалы: Муратбекти, же Таалайбекти же Акылды чакырып кел. Колхозчулар пионерлерди да, комсомолдорду да,мугалимдерди да кызуу куттукташты.

§ 156. БӨЛҮКЧӨЛӨР.
Өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон, айрым сөздөргө же сүйлөмдөргө ар түрдүү кошумча маанини киргизүү үчүн колдонулган кызматчы сөздөр бөлүкчөлөр деп аталат. Бөлүкчөлөргө: гана, го, же, эң, өтө, аб-дан, түк, чылк деген сөздөр кирет.

§ 157. БӨЛҮКЧӨЛӨРДҮН ТҮРЛӨРҮ.
Бөлүкчөлөр маанисине карай чектегич бөлүкчө, күчөткүч бөлүкчө, аныктагыч бөлүкчө, божомолдогуч бөлүкчө, таңгыч бөлүкчө, сурама бөлүкчө болуп, 6 га бөлүнөт.

§ 158. ЧЕКТЕГИЧ БӨЛҮКЧӨ.
Атоочтордон жана жандоочтон кийин келип, бир затты, белгини же кыймыл-аракетти башкалардын ичинен ажыратып, бөлүп көрсөтүү, чектөө маанисин берген бөлүкчөлөр чектегич бөлүкчө деп аталат. Алар: гана, эле.

§ 159. КҮЧӨТКҮЧ БӨЛҮКЧӨ.
Күчөткүч бөлүкчөлөр дайыма тиешелүү сөзүнөн мурун келип, анын маанисин күчөтүп көрсөтүп, сын атоочтор менен айкалышканда күчөтмө даражаны жасаган бөлүкчөлөр күчөткүч бөлүкчөлөр деп аталат: Алар: эң, өтө, абдан, түк, чылк, чымкый, аябай, тим эле, жөн эле, өңчөй, дегеле ж. б.

§ 160. АНЫКТАГЫЧ БӨЛҮКЧӨЛӨР.
Өзүнөн мурунку айтылган сөздү аныктап, тактап көрсөтүүчү бөлүкчөлөр аныктагыч бөлүкчөлөр деп аталат. Ага: да, дагы, деле, дале, нак, как, так, дал, куду деген ж. б. сөздөр кирет.

§ 161. БОЖОМОЛДОГУЧ БӨЛҮКЧӨ.
Сүйлөмдүн аягында колдонулуп, болжолдоо маанисин билдирген бейм, белем деген бөлүкчөлөр божомолдогуч бөлүкчөлөр деп аталат. Мисалы: Ал окуудан келген бейм. Бүгүн күн ачык болот белем. ж. б.

§ 162. ТАҢГЫЧ БӨЛҮКЧӨ.
Сүйлөм ичинде толук маанилүү сөздөр менен айкалышып келип, ага тануу маанисин берген бөлүкчөлөр таңгыч бөлүкчөлөр деп аталат. Таңгыч бөлүкчөгө эч деген сөз кирет. Мисалы: Эч келген жок. Эч билинбейт. Эч нерсе жок. ж. б.

§ 163. СУРАМА БӨЛҮКЧӨ.
Бир нерсе жөнүндө башка бирөөнүн оюн билүү үчүн колдонулган ээ, ыя деген бөлүкчөлөр сурама бөлүкчөлөр деп аталат. Сурама бөлүкчөлөр көбүнчө сүйлөмдүн аягында колдонулат. Мисалы: Эмне дедиң ыя? Менин бактым бар жен ээ ыя? Кечигип келдиң ээ? ж. б.

§ 164. МОДАЛДЫК СӨЗДӨР.
Болжолдоо, күнөм саноо, ырастоо, эске түшүрүү, таң калуу сыяктуу ар түрдүү кошумча маанини билдирүүчү сөздөр модалдык сөздөр деп аталат. Модалдык сөздөргө бул сөздөр кирет: албетте, балким, мүмкүн, имиш, кыязы, сыягы, сыяктанат, баса, болжолу, ырас, мына, кыскасы, айтмакчы, мейли ж. б.

§ 165. МОДАЛДЫК СӨЗДӨРДҮН ТҮРЛӨРҮ.
Модалдык сөздөр маанилерине карай төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1. Ырастоо маанисиндеги модалдык сөздөр: албетте, арийне, чындыгында, ырас, сөзсүз, шексиз, ооба, тийиш ж. б. Бул топко кирген модалдык сөздөр айтылган ойду бекемдейт, ырастайт.
2. Күнөм саноо, болжолдоо маанисиндеги модалдык сөздөр: балким, болжолу, чамасы, сыягы, кыясы, мүмкүн, ыктымал, чыгар, окшойт, өңдөнөт, сыяктуу, шекилдүү, имиш, көрүнөт ж. б.
3. Тактагыч модалдык сөздөр: көрсө, тура, кыскасы, кана, мына, акыры, айтор ж. б. Булар өздөрүнөн кийин айтылган этиштин, атоочтун маанилерин такташат, аныкташат.

Кененирээк кыргыз тилинин справочнигинде.