ЖАЗУУ

§ 1. ЖАЗУУ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК.
Адамдын оюнун жана сөздөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн материалдык белгилери жазуу деп аталат. Жазуу адамдардын оюн же пикирин алыста турган адамдарга билдирүү зарылдыгынын негизинде келип чыккан. Жазуу коомдук турмушта тилдин б. а. пикир алышуунун кошумча же экинчи куралы катарында кызмат кылат.
Тил аркылуу берилип жаткан ой-пикир белгилүү бир учур үчүн гана кызмат кылса, жазуу аркылуу берилген ой-пикир узак убакыт бою сакталат. Айрым окумуштуулар тил пайда болгонго чейин эле жазуу пайда болгон деп эсептешкен. Албетте, мындай пикир туура эмес. Тилсиз адам баласы жашабаган сыяктуу же жазуусуз да адам баласы жашаган эмес.
Демек, жазуу адам жашаган алгачкы коомдо эле турмуштук зарылдыктын натыйжасында пайда болгон.

§ 2. ЖАЗУУНУН ТҮРЛӨРҮ.
Байыркы учурларда колдонгон жана азырда колдонулуп жаткан жазуунун үч түрү бар. Алар: пиктографиялык жазуу, идеографиялык же иероглифтик жазуу, фонетикалык же тыбыштык жазуу.

§ 3. ПИКТОГРАФИЯЛЫК ЖАЗУУ.
Адамдын ой-пикиринин жаратылыштагы нерселердин сүрөтү аркылуу берилиши. Бул жазуу кээде сүрөттүк жазуу деп да аталат.

§ 4. ИДЕОГРАФИЯЛЫК ЖЕ ИЕРОГЛИФТИК ЖАЗУУ.
Тамгалардын ордуна сүрөт түрүндөгү шарттуу белгилердин негизинде түзүлгөн жазуу. Буга кытай жазуусу кирет.

§ 5. ФОНЕТИКАЛЫК ЖАЗУУ.
Тыбыштардын жардамы менен жазуу же тыбыштык жазуу.

§ 6. КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КОЛДОНГОН ЖАЗУУЛАРЫ.
Кыргыз эли Улуу Октябрь содиалисттик революциясынан кийин жазуунун ар кандай түрлөрүн: араб, латын жана орус алфавитин пайдаланып келишти.

§ 7. РЕФОРМАЛАНГАН АРАБ АЛФАВИТИ.
Араб алфавитин кыргыздар 1923—1927-жылдардын аралыгында колдонушкан. 1924-жылы Орто Азиядагы элдердин улуттук чек арасы бөлүнүп, Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөн. Ушул жылдарда араб алфавитине өзгертүүлөр киргизилип, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык алфавиттин составына айрым тамгалар (э, у) кошумчаланган, кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган. Бирок араб алфавита кыргыз тилинин күн санап өсүшүн канаттандыра алган эмес. Анын төмөндөгүдөй кемчиликтери болгон.
1. Араб алфавитинин составында үндүү тамгалар, айрыкча ичке үндүүлөр жетишсиз болгон.
2. Бир эле тамга сөз башында, сөз ортосунда, сөз аягында ар түрдүү жазылган.
3. Араб алфавитинин оңдон солго карай жазылышы жазууну кыйындаткан.
4. Алфавиттин составындагы 24 тамга кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчелүгүн толук тейлей алган эмес. ж. б.
Ошондуктан, араб алфавитин таштап, латын алфавитине өттүк.

§ 8. ЛАТЫН АЛФАВИТИ.
Кыргыздар латын алфавитин 1927—1940-жылдардын аралыгында колдонушкан. Араб алфавита сыяктуу эле латын алфавитинин составындагы айрым тамгалардын жетишсиздигинен 1928-жылы кыбачы белгиси чыгарылып, ө, ү, и, х, в, ф, h тамгалары киргизилген.
1930-жылы баш тамгалар, 1938-жылы орус тилинен кирген сөздөрдү туура жазуу үчүн z тамгасы кабыл алынган.
Латын алфавитинин төмөндөгүдөй кемчиликтери болгон:
1. Латын алфавита орус тилинен өздөштүрүлген жаңы сөздөрдү, саясий-коомдук терминдердин туура жазылышын камсыз кыла алган эмес.
2. Бир эле сөз орус тилинде да, кыргыз тилинде да ар башка жазылган: sovet — совет, sovxoz — совхоз ж. б.
3. Бир эле республикада эки алфавиттин (латын, орус) колдонулушу басма сөз иштерине кыйынчылык келтирген ж. б.
Ошондуктан, латын алфавитин таштап, орус алфавитине өттүк.

§ 9. ОРУС АЛФАВИТИ.
Орус алфавитин 1941-жылдан бери колдонуи келе жатабыз, 1940-жылдын декабрыида эмгекчилердин каалоолорун толук эске алып, Кыргыз ССР Жогорку. Советинин сессиясы латын алфавитинен орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавитке өтүүнү чечти.
Жаны кыргыз алфавита төмөндөгүдөй түзүлгөн:
1. Орус алфавитиндеги бардык тамгалар кабыл алынып, анын тамгаларынын окулушундагы жалпы эрежелери сакталган.
2. Кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө ылайык алфавиттин составына ө, ү, ң тамгалары кошумчаланган.
3. Орус жана кыргыз тилдериндеги сөздөрдү бирдей жазуу максатында ң, F, ж, тамгаларына орун берилген эмес ж. б.

§ 10. ГРАФИКА.
Ариптерди, тамгаларды жазуу, жалпы эле адам коомунун узакка созулган тарыхый өсүш продессинин натыйжасында пайда болгон ар түрдүү жазуулар. Мисалы: пиктография, иедография, фотография ж. б.

Кененирээк кыргыз тилинин справочнигинде.