ОРФОГРАФИЯ

§ 1. ОРФОГРАФИЯ.
Адабий тилдеги сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан эрежелердин жыйындысы орфография деп аталат.
Ар кандай тилдин орфографиясы белгилүү бир принципке багынат жана ал принципти негиз кылып алат.
Орфографиянын төмөндөгүдөй принциптери бар.
§ 2. ФОНЕТИКАЛЫК ПРИНЦИП.
Тилдеги сөздөрдү оозеки речте кандай айтылса, ошондой жазууну талап кылган принцип фонетикалык принцип деп аталат. Фонетикалык принцип кыргыз орфоргафиясынын негизги принциби боло албайт, себеби кыргыз адабий тилиндеги сөздөр айтылышы же угулушу боюнча жазылбайт.
§ 3. МОРФОЛОГИЯЛЫК ПРИНЦИП.
Сөздөрдүн ар кандай тыбыштык өзгөрүүлөргө учурап айтылышы эсепке алынбай, алардын уңгу түрүндөгү баштапкы формасын өзгөртпөй жазуу морфологиялык принцип деп аталат. Мисалы: түңкү эмес, түнкү, кашты эмес, качты, ушту эмес, учту, бүрөө эмес, бирөө, өкөө эмес, экөө ж. б.
§ 4. ТАРЫХЫЙ ПРИНЦИП.
Сөздөрдү азыркы айтылышындай жазбастан, мурунку, же болбосо алгачкы айтылышы боюнча жазуу тарыхый принцип деп  аталат. Бул принцип кээде традициялык принцип деп да аталып жүрөт.
§ 5. ФОНЕМАТИКАЛЫК ПРИНЦИП.
Сөзгө катышкан фонемаларды угулушундай жазбастан, фонемалык өзгөчөлүгүнө ылайык жазуу принциби фонематикалык принцип деп аталат. Мисалы:

ава эмес, аба (аба ырайы)
таапер эмес, таап бер
күштүү эмес, күчтүү
сөссүз эмес, сөзсүз
наңга эмес, нанга ж. б.

§ 6. МОРФОЛОГИЯЛЫК – ФОНЕТИКАЛЫК ПРИНЦИП.
Кыргыз орфографиясы өзүнчө фонетикалык, же өзүнчө морфологиялык принципке багынбайт. Ал кошмо принципке, б. а. морфологиялык-фонетикалык принципке багынат. Демек, кыргыз тилиндеги сөздүн уңгусу морфологиялык, ага улануучу мүчөлөр фонетикалык принципке негизделип жазылат. Мисалы: мектеп+те+ги+лер +дин, кызмат+ка, окуу+чу+лар+ды ж. б.
§ 7. ОРФОГРАФИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ.
Кыргыз орфографиясынын төмөндөгүдөй негизги эрежелери бар:

Кээ бир тамгаларды жазуу эрежелери;

Баш тамгаларды жазуу эрежелери;
Уңгу сөздөрдү жазуу эрежелери;
Татаал сөздөрдүн жазуу эрежелери;
Дефисти жазуу эрежелери;
Мүчө айкашкан сөздөрдү жазуу эрежелери;
Кээ бир үнсүз тыбыштардын сөз аягында өзгөрүү эрежелери;
Уңгу менен мүчөнүн ортосунда кээ бир үнсүздөрдүн айтылышы жана жазылышы;
Эки сөздүн ортосунда кээ бир тыбыштардын айтылышы жана жазылышы;
Мүчөлөрдүн кыскарган түрлөрүнүн жазылышы;
Мүчө айкашканда кээ бир уңгу сөздөрдүн бузулуш учурларынын жазылышы;
Ташымал;
Сөз варианттары жана аларды жазуу эрежелери.

Кененирээк кыргыз тилинин справочнигинде.