ФОНЕТИКА

§ 1. ФОНЕТИКА
Тилдеги тыбыштардын жасалышы, тыбыштык системасы, тыбыштын өзгөрүүлөрү жөнүндөгү тил илиминин бир тармагы. Гректин phone – үн деген сөзүнөн алынган.
§ 2. СҮЙЛӨӨ ОРГАНДАРЫ.
Тыбыштарды жасоого катышкан органдарыбыз сүйлөө органдары деп аталат. Сүйлөө органдарына: дем алуу органдары, үн түйүндөрү, ооз жана мурун көңдөйү, тил жана эриндер, борбордук нерв системасы кирет.
§ 3. ТЫБЫШ ЖАНА ТАМГА.
Сөздөгү айрым үндөр тыбыш деп аталат. Тыбыштарды белгилөө үчүн алынган шарттуу белги тамга деп аталат. Кыргыз тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар.
§ 4. АЛФАВИТ.
Белгилүү бир тартип боюнча кабыл алынган тамгалардын жыйындысы алфавит деп аталат. Кыргыз алфавити орус алфавитинин негизинде түзүлүп, үч тамга (ө, ү, ң) кошулган. Ору алфавитине 1941-жылдан баштап өттүк.
§ 5. ҮНДҮҮ ТЫБЫШТАР.
Жалаң гана үн катышып айтылган тыбыштар үндүү тыбыштар деп аталат. Алар: а, о, ө, э, и, ы, у, ү, аа, оо, өө, ээ, уу, үү – 14.
§ 6. ҮНДҮҮЛӨРДҮН БӨЛҮНҮШҮ.
Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар тилдин, эриндин катышына, жаактын ачылышына жана созулуп айтылышына карай төрткө бөлүнөт.
§ 7. ЖООН ҮНДҮҮЛӨР (ТҮПЧҮЛДӨР).
Жоон үндүүлөрдү айтканда тилдин учу астыңкы тишке тийбей, артка карай тартылып, тилдин түбү бир аз өйдө көтөрүлөт. Жоон үндүүлөргө: а, о, ы, у кирет.
§ 8. ИЧКЕ ҮНДҮҮЛӨР (УЧЧУЛДАР).
Ичке үндүүлөрдү айтканда тилдин учу алга карай бир аз жүткүнчүктөп, тилдин ортосу таңдайды көздөй көтөрүлөт да, өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ичке чыгат. Ичке үндүүлөргө: э, и, ө, ү кирет.
§ 9. ЭРИН ҮНДҮҮЛӨР.
Кыргыз тилиндеги айрым үндүүлөрдү айтканда эки эрин чормоюп, алга жүткүнчүктөйт. Демек, эриндин жардамы менен айтылган тыбыштар эрин үндүүлөр деп аталат. Аларга: о, у, ө, ү кирет.
§ 10. ЭРИНСИЗ ҮНДҮҮЛӨР.
Айрым үндүүлөрдү айтканда эрин артка жыйырылып, аба эркин чыгат, б. а. эрин катышпайт. Аларга: а, ы, э, и кирет.
§ 11. КЕҢ ҮНДҮҮЛӨР.
Жаактын кең ачылышы менен жасалган үндүүлөр кең үндүүлөр деп аталат. Алар: а (аа), э (ээ), о (оо), ө (өө).
§ 12. КУУШ ҮНДҮҮЛӨР.
Жаактын кең ачылышы менен, бирок тилдин өйдө көтөрүлүшү аркылуу жасалган үндүүлөр. Алар: ы, и, у, ү, уу, үү.
§ 13. СОЗУЛМА ҮНДҮҮЛӨР.
Кыска үндүүлөргө караганда созулуп айтылган, өз алдынча фонемалык касиетке ээ болгон үндүүлөр созулма үндүүлөр деп аталат: аа, оо, уу, үү, ээ, өө.
§ 14. КЫСКА ҮНДҮҮЛӨР.
Созулуп айтылбастан, кыска айтылган үндүүлөр. Алар: а, э, о, ө, ү, у, ы, и.
§ 15. Э, Е ТАМГАЛАРЫНЫН ЖАЗЫЛЫШЫ.
1.      Кыргыздын төл сөздөрүндө э тыбышы сөздүн башында келсе э менен, үнсүз тыбыштардан кийин жана сөз аягында келсе е менен жазылат. Мисалы: эл, эрдик, эне, желек ж. б.
2.      Эгер й жана е тыбыштары катар келсе, е менен жазылат: кийет – киет, чийет – чиет ж. б.
3.      Орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө э, е тыбыштары кандай жазылса, кыргыз тилинде да так ошондой жазылат: Экзамен, аэропорт, Енисей, газета ж. б.
§ 16. Я, Ю, Е, Ё ТАМГАЛАРЫНЫН ЖАЗЫЛЫШЫ.
Жазууда а, о, у, э үндүү тыбыштары й тыбышынан кийин келсе, я, ю, е, ё тамгалары менен жазылат. Мисалы: аяк, туюк, кием, коён ж. б.
Созулма оо, уу үндүүлөрү й тыбышынан кийин келсе, ёо, юу түрүндө жазылат: боёо, коюу.
Орус тили аркылуу кабыл алынган сөздөрдө я, ю, е, ё тамгалары орус тилиндегидей жазылат: октябрь, костюм, шофёр, варенье ж. б.
§ 17. ҮНДҮҮЛӨРДҮН ЭКИ СӨЗ АРАСЫНДА АЙТЫЛЫШЫ.
Жанаша айтылган эки сөздүн биринчи сөзү үндүүлөр менен аяктаса, экинчи сөзүнүн башкы тыбышы үндүүлөр менен башталса, эки сөз арасындагы үндүү тыбыштын бири түшүп айтылат. Мисалы:
Айтылат                          Жазылат
сарала                             сары ала

барелек                            бара элек
алтай                                алты ай
айталбай                         айта албай ж. б.

§ 18. БИР СӨЗ ИЧИНДЕГИ ҮНДҮҮЛӨРДҮН АЛГА ЭЭРЧИШИ.
Эгерде сөздүн аяккы мууну жоон үндүү болсо, мүчөдөгү үндүү тыбыш да жоон үндүү болот: жылкычы, шаарга, айылдан, тоодо ж. б.
Эгер сөздүн аяккы мууну ичке үндүү болсо, мүчөдөгү үндүү тыбыш да ичке үндүү болот: мектеп+гаөмектепке, эгин+ны=эгинди, сүт+нан=сүттөн, темир+чы=темирчи ж. б.
§ 19. ҮНДҮҮЛӨРДҮН ТҮШҮП КАЛЫШЫ.
Экинчи муунунда кууш үндүүлөр (ы, и, у, ү) болгон сөздөргө мүчө жалганганда басымдын орун алмашышынан уңгунун аяккы муунундагы кууш үндүүлөр түшүп калат. Мындай учурда кээ бир сөздүн аягындагы н тыбышы д тыбышына өтөт. Мисалы: моюн+ум=мойнум, карын+ым=кардым, эрин+ымөэрдим, кийим+ым=киймим, оюн+а=ойно, уйку+ла=укта, сөз+ла=сүйлө ж. б.
§ 20. ҮНСҮЗ ТЫБЫШТАР.
Айтылганда жолтоолукка учурап, көбүнчө шыбыштын жардамы менен жасалган тыбыштар үнсүз тыбыштар деп аталат. Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштар – 22.
§ 21. ҮНСҮЗДӨРДҮН БӨЛҮНҮШҮ.
Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштар жасалуу ордуна, жасалуу ыгына, үн менен шыбыштын катышына карата үч топко бөлүнөт.
§ 22. ҮНСҮЗДӨРДҮН ЖАСАЛУУ ОРДУНА КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ.
Үнсүз тыбыштар жасалуу ордуна карай төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт.
1.      Кош эринчил үнсүздөр.
Бул тыбыштар астыңкы эриндин үстүңкү эринге тийишкен абалынан жасалат. Алар – б, п, м.
2.      Тиш эринчил үнсүздөр.
Бул үнсүздөрдү айтканыбызда астыңкы эринибиз үстүңкү тиштерге тийишип айтылат. Булар – ф, в.
3.      Уччул үнсүздөр.
Уччул үнсүздөрдүн айрымдары тилдин учу тиштерге же таңдайдын алды жак бөлүгүнө тийишкен учурда жасалса, айрымдары ушул органдардын бири-бирине анча тийишпей, жакындашкан абалында жасалат. Алар – т, д, з, с, ч, ш, ж, н, л, р, ц, ң.
4.      Орточул үнсүздөр.
Бул тыбыштар тилдин орто бөлүгү таңдайга жакындап, көтөрүлгөн абалда жасалат. Алар – й, к(и), г (и).
5.      Түпчүл үнсүздөр.
Тилдин түпкү бөлүгү жумшак таңдайга тийишкенде же жакындап көтөрүлгөндө жасалат. Буларга – к (ы), г (ы), ң, х тыбыштары кирет.
§ 23. ҮНСҮЗДӨРДҮН ЖАСАЛУУ ЫГЫНА КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ.
 Үнсүздөр жасалуу ыгына карай жарылмалар, жылчыкчылдар, мурунчулдар, капталчыл үнсүздөр, дирилдеме үнсүздөр, бириккен үнсүздөр болуп бөлүнөт.
1.      Жарылма үнсүздөр.
Бул тыбыштарды айтканыбызда аба бири-бирине кептелип, бириккен органдардын арасын жарып чыгат да, бири-бирине кептелип турган органдар (эрин, тил менен таңдай же тил менен тиштер) тез ажырап кетет. Алар – б, п, д, т, г (гүл), к (көл), к (кол).
2.      Жылчыкчыл үнсүздөр.
Жылчыкчыл үнсүздөр сүйлөө органдарыбыздын (тил менен таңдай же тил менен тиш) бири-бирине тиер-тийбес болуп жакындашынан өтө кууш жлчыкча түзүлөт. Аба ошол жылчыкча аркылуу сүрүлүп өтүшүнөн жылчыкчыл үнсүздөр жасалат. Буларга – з, с, ж, ш, й, г, в, ф, х үнсүздөр кирет.
3.      Мурунчул үнсүздөр.
Кыргыз тилинде м, н, ң тыбыштары аба мурун көңдөйү аркылуу өткөндө жасалат.
4.      Капталчыл үнсүздөр.
Капталчыл үнсүздөргө л тыбышы кирет. Бул үнсүздү айтканда тилдин учу үстүңкү тиштерге такалып, аба тилдин эки капталындагы ачыктар менен өткөндө жасалат.
5.      Дирилдеме үнсүздөр.
Р тыбышы дирилдеме үнсүз  деп аталат, себеби бул үнсүздү айтканыбызда тилдин учу дирилдеген абалда болот.
6.      Бириккен үнсүздөр.
Бириккен үнсүздөр – ч, ж (жол), ц. Бул тыбыштарды айтканыбызда жарылмалар менен жылчыкчылдардын жасалыш белгилери өз ара айкалышып турат.
§ 24. ҮНСҮЗДӨРДҮН ҮН МЕНЕН ШЫБЫШТЫН КАТЫШЫНА КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ.
Үнсүздөр үн менен шыбыштын катышына карата уяң үнсүздөр, шуулдама үнсүздөр, каткалаң үнсүздөр, каткалаң, жумшак, түгөйлүү жана түгөйсүз болуп бөлүнөт.
1.      Уяң үнсүздөр.
Уяң үнсүздөргө: л, м, н, ң, р тыбыштары кирет. Бул үнсүздөр шыбышка караганда үндүн көбүрөөк катышып айтылышы менен жасалат.
2.      Шуулдама үнсүздөр.
Шуулдама үнсүздөр жалаң шыбыш менен же шыбыш менен үндүн катышы аркылуу жасалат. Бул өз ара төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт.
3.      Каткалаң үнсүздөр.
Үн катышпай, жалаң гана шыбыш аркылуу жасалган үнсүздөр каткалаң үнсүздөр деп аталат. Алар – к, п, с, т, ф, х, ц, ч, ң, ш.
4.      Жумшак үнсүздөр.
Шыбыш менен үндүн кошулушу аркылуу жасалган үнсүздөр жумшак үнсүздөр деп аталат. Аларга: б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, р, л кирет.
5.      Түгөйлүү үнсүздөр.
Кыргыз тилиндеги түгөйлүү үнсүздөр – б-п, в-ф, д-т, ж-ш, з-с. Булардын айтылышы бири-бирине жакын болгондуктан түгөйлүү үнсүздөр деп аталат.
6.      Түгөйсүз үнсүздөр.
Түгөйсүз үнсүздөр – л, м, н, ң, й, р, х, ц, ч, ң.
§ 25. К, Г ТАМГАЛАРЫНЫН ЖАЗЫЛЫШЫ.
1.      Эгерде өзүнөн кийинки же мурунку үндүүлөр жоон (а, о, у, ы) болсо, к, г тамгалары (к (ы), г (ы) болуп, тилдин түп жагы менен айтылат: кагаз, карга, балык, жылкы ж. б.
2.      Эгерде ичке үндүүлөр менен (и, э, ө, ү) келсе к, г тыбыштары к (и), г (и) болуп айтылат: киши, эмгек, көмүр, жээк.
3.      Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө к,г тыбыштары жоон үндүүлөр менен айкашып келсе да, ичке болуп окулат: газета, педагог, космос ж. б.
§ 26. Ж ТАМГАСЫНЫН ЖАЗЫЛЫШЫ.
1.      Кыргыздын төл сөздөрүндө ж тамгасы тилдин учу таңдайдын алдыңкы бөлүгүнө тийүү менен айтылат: жаз, жарык, жакшы, жеңил ж. б.
2.      Орус тили аркылуу кирген сөздөрдөгү ж тамгасы кыргыздын төл сөздөрүндөгү ж тамгасынан айырмаланат: журнал, гараж, художник ж. б.
§ 27. КЭЭ БИР ҮНСҮЗДӨРДҮН АЙТЫЛЫШЫ ЖАНА ЖАЗЫЛЫШЫ.
1.      Кыргыздын төл сөздөрүндө б тыбышы сөз башында жана сөз ортосунда кеңири колдонулуп, сөз аягында келбейт. Эгер б тыбышы эки үндүүнүн ортосуна ж, д, р, й тыбыштарынан кийин келсе, в тыбышына өтүп айтылат, бирок б жазылат. Мисалы:
айтылышы     жазылышы
довуш                    добуш

живек                     жибек
кавак                      кабак
увада                      убада
барва                     барба
тийве                      тийбе

2.      Сөз башында п тыбышы болуп айтылганы менен, жазууда б тыбышы сакталат. Мисалы:
айтылышы                       жазылышы
байда                                  пайда
бикир                                 пикир
бадыша                              падыша ж. б.
3.      Б, г, д, ж тыбыштары орус тилинен кирген сөздөрдө гана сөз аягында келет. Мындай сөздөрдү айтканда, п, к, т, ш болуп угулат, бирок ага жазууда жол берилбейт. Мисалы
айтылышы                          жазылышы
герп                                       греб
клуп                                      клуб
доклат                                  доклад
митинк                                митинг
отрят                                    отряд
склат                                    склад
багаш                                   багаж
тираш                                  тираж
4.      Уңгу менен мүчөдө жана сөз арасында з, с тыбыштары катары келип айтыла берет. Мындай учурда з тыбышы с болуп айтылганы менен жазууда с болуп жазылат. Мисалы:
айтылышы                         жазылышы
сөссүз                                  сөзсүз
муссуз                                 музсуз
сөссүйлө                             сөз сүйлө
көссалгын                          көз салгын
биссыяктуу                         биз сыяктуу ж. б.

§ 28. В, Ф, Х, Ц, Щ ТАМГАЛАРЫНЫН ЖАЗЫЛЫШЫ.

В, ф, х, ц, ң тамгалары орус тилинен кирген сөздөрдө сөз башында, сөз ортосунда, сөз аягында келет берет. Мисалы: Вагон, шахмат, халат, фабрика, шкаф, борщ.
Ц, щ тамгаларын ш-ч жана т-с тыбыштарынын бир тыбыш катарында кыналышып айтылышын бидирет. Мисалы: плащ, центнер, щётка, цех.

§ 29. КАБАТ КЕЛГЕН ОКШОШ ҮНСҮЗДӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ.

Орус тили аркылуу кирген кээ бир сөздөрдө лл, мм, нн, кк, пп, рр, сс, тт, фф тамгалары катар келип жазыла берет.
Мисалы: класс, металл, грипп, перрон, хоккей, аттестат.
Кабат келген окшош үнсүз бар сөздөргө мүчө жалганганда окшош үнсүздөр сакталат. Эгерде окшош үнсүздөн башталган мүчөлөр жалганса, бир окшош үнсүз кыскарып калат.
Мисалы: грипп-гриппи; киловатт-киловаттын; класс-классыз ж. б.

§ 30. АЖЫРАТУУ (Ъ) ЖАНА ИЧКЕРТҮҮ (Ь) БЕЛГИЛЕРИНИН ЖАЗЫЛЫШЫ.

1.      Сөз ичинде ажыратуу (ъ) белгиси я, ю, ё, е тамгаларынан мурда гана кездешет жана бул тамгаларды йа, йу, йо, йэ катарында ажыратып окуу керек экендигин көрсөтөт. Мисалы: съезд, разъезд, адъютант.
2.      Ичкертүү (ь) белгиси төмөнкү учурда колдонулат:

а) Сөз ортосунда жана сөз аягында келгенде өзүнө мурунку үнсүз тыбышты жумшартат. Мисалы: календарь, автомобиль, табель, асфальт, пальто.
б) Ал эми я, ю, ё, е, о жана и тамгаларынан мурда жазылган учурларында ажыратуу маанисинде колдонулат.
Мисалы: пьеса, павильон, судья, Ильич, батальон.
Эгер ичкертүү (ь) белгиси менен аяктаган сөздөргө мүчө уланса, сөздүн аягындагы ь белгиси түшүп калат.
Мисалы: Январь-январы, январда; область-областы, областтын, областка; июнь-июнга, июндун.

§ 31. МУУН.
Сөздөгү  бир ыргак менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат. Сөз бир же бир нече муундан турат. Сөздө канча үндүү болсо, ошончо муун болот. Мисалы: ак, нан, эт, сөз, бир ж. б.
Сөздөгү я, ю, е, ё, ёо, юу тамгалары жана созулма үндүүлөр гана муунду түзөт: Сы-я, бо-ёк, чо-юн, тоо, суу ж. б.
Муун ачык жана жабык муун болуп экиге бөлүнөт.
§ 32. АЧЫК МУУН.
Үндүүлөр менен аяктаган муун ачык муун деп аталат. Мисалы: ба-ла, ки-ши, тоо-го ж. б.
§ 33. ЖАБЫК МУУН.
Үнсүздөр менен аяктаган муун жабык муун деп аталат. Мисалы: мек-теп, бал-дар, үн-сүз-дөр, жырт-кыч ж. б.
§ 34. СӨЗДӨРДҮ МУУНГА АЖЫРАТУУ.
1.      Бир муунду сөздөр муунга ажырабайт. Мисалы: суу, ээн, топ, жар, төрт, склад, взнос.
2.      Эки үндүүнүн ортосуна келген бир үнсүз тыбыш экинчи үндүүгө кошулуп, муунга ажырайт. Мисалы: ке-ре-бет, те-мир, то-гуз, ба-ла; ре-зи-на.
3.      Эки үндүүнүн ортосуна эки үнсүз тыбыш келсе, экинчи үндүүгө кошулуп, муунга ажырайт. Мисалы: пар-та, колөхоз-чу, кур-даш-тар, иш-мер.
4.      Эки үндүүнүн ортосуна үч үнсүз катар келсе, башкы эки үнсүз биринчи үндүүгө, кийинки үнсүз тыыш экинчи үндүүгө кошулуп, муунга ажырайт. Мисалы: кант-туу, көрк-түү, күрт-кү, арс-тан.
Эскертүү: Оруст тили аркылуу кирген сөздөрдө үч үнсүз катар келсе муунга бөлүүнүн бул эрежелерине баш ийбейт. Мисалы: парт-бюро, гал-стук, ком-плект ж. б.
§ 35. ТАШЫМАЛ.
Сөздөрдү ташымалдоо төмөнкү тартипте болот:
1.      Бир муундуу сөздөр ташылбайт. Мисалы: даңк, төрт, өрт, журт, склад,с порт, взнос, Кремль.
2.      Бир тамгадан турган муундарды жол аягына калтырып же жаңы жолго ташууга болбойт. Мисалы: сы-я, ө-мүр, а-раба, а-кын, аа-лам.
3.      Сөздөгү созулма үндүүлөрдү эки бөлүп ташууга болбойт. Мисалы: Бу-удай эмес, буу-дай, то-олуу эмес, тоо-луу.
4.      Башкы тамгаларынан алынып кыскартылган сөздөрдү ташууга болбойт. Мисалы: КП-СС, СС-СР, РТ-С, ВЛК-СМ, РСФ-СР. Эскертүү: кыскартылган создөргө айкашкан мүчөлөр жаңы жолго ташыла берет.
5.      Адамдын аты, атасынын аты кыскартылып берилсе, аларды фамилиядан ажыратып ташууга болбойт. Мисалы: А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, А. Токомбаев, Ч. Айтматов.
6.      Цифрадан кийин турган кыскартылган сөздөр ташылбайт. Мисалы: 50-см эмес, 50 см; 10-км эмес, 10 км ж. б.
7.      Ажыратуу (ъ) жана ичкертүү (ь) белгилерин анын алдындагы тыбыштан бөлүп ташууга болойт. Мисалы: паль-то, разъезд, аль-бом, Иль-ин.
8.      Орус тили аркылуу кирип, 3-4 үнсүз катар келген сөздөрдү муунга ташымалдоо эркин болот. Мисалы: порт-рет, же пор-трет, крос-сворд, искусст-во же искус-ство ж. б.
§ 36. АССИМИЛЯЦИЯ (ОКШОШУУ).
Катар келген эки сөздүн арасындагы же бир сөз ичиндеги бир тыбыштын таасири менен экинчи бир тыбыштын ага бүт бойдон же жарым-жартылай окшошуп өзгөрүшү ассимиляция (окшошуу) деп аталат. Мисалы: туз деген сөзгө -сыз мүчөсү уланганда мүчөнүн башындагы каткалаң с тыбышынын таасири менен уңгунун аягындагы жумшак з тыбышы с га өтүп, тузсуз болуп айтылды. Бирок жазууда тузсуз болуп жазылат.
§ 37. ПРОГРЕССИВДҮҮ АССИМИЛЯЦИЯ (АЛГА ОКШОШУУ).
Алдыңкы сөздөгү, же муундагы белгилүү бир тыбыштын таасири менен кийинки сөздөгү, же экинчи муундагы тыбыштардын алга окшошуп өзгөрүүлөрү прогрессивдүү ассимиляция (алга окшошуу) деп аталат.
§ 38. БИР СӨЗ ИЧИНДЕГИ ҮНСҮЗДӨРДҮН АЛГА КАРАЙ ЭЭРЧИШКЕНИ (ОКШОШУУЛАРЫ).
1.      Сөздүн аяккы муунундагы үндүүгө карай, мүчөдөгү үндүүлөр ээрчип өзгөрөт. Мисалы:
баланын+нын=баланын
эне+нын=эненин
тоо+нын=тоонун
төө+нын=төөнүн
2.      Сөздүн аяккы муунундагы жумшак үнсүздөргө карай мүчөдөгү үнсүз тыбыштар ээрчип өзгөрөт. Мисалы:
кагаз+нын=кагаздын
темир+нын=темирдин
тор+нын=тордун
төр+нын=төрдүн
3.      Сөздүн аяккы муунундагы каткалаң үнсүздөргө карай мүчөдөгү үнсүздөр ээрчип өзгөрөт. Мисалы:
ат+нын=аттын
мектеп+нын=мектептин
от+нын=оттун
чөп+нын=чөптүн.
§ 39. ҮНСҮЗДӨРДҮН СӨЗ АРАЛЫГЫНДА АЛГА КАРАЙ ЭЭРЧИП (ОКШОШУП) АЙТЫЛЫШЫ.
1)      Сөз тизмегинде катар келип айтылган эки сөздүн биринчи сөзү үндүүлөр менен же жумшак үнсүз тыбыштар менен аяктап, экинчи сөзү к тыбышы менен башталса, к тыбышы г тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда к тыбышы сакталат. Мисалы:
айтылышы                         жазылышы
жазгелди                             жаз келди
койгелди                             кой келди
билегойду                            биле койду
беригел                                бери кел
алагарга                              ала карга
2)      Катар айтылган эки сөздүн биринчи сөзү каткалаң үнсүздөр менен аяктап, экинчи сөзү б тыбышы менен башталса, б тыбышы п тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда б тыбышы сакталат. Мисалы:
айтылышы                    жазылышы
атпарбы                         ат барбы
тосуппар                        тосуп бар
батпасты                        бас басты
көрүппер                       көрүп бер
акпаштык                      ак баштык ж. б.

§ 40. РЕГРЕСИВДҮҮ АССИМИЛЯЦИЯ (АРТКА ОКШОШУУ).

Арткы муунундагы, же экинчи сөздөгү тыбыштын таасири менен алдыңкы муундагы, же сөздөгү тыбыштын ага окшошуп өзгөрүүлөрү регрессивдүү ассимиляция (артка окшошуу) деп аталат. Мисалы: ак иш-агиш, тузсуз-туссуз ж. б.

§ 41. БИР СӨЗДҮН ИЧИНДЕ ҮНСҮЗ ТЫБЫШТАРДЫН АРТКА КАРАЙ ЭЭРЧИП (ОКШОШУП) АЙТЫЛЫШЫ.

Мүчөнүн башындагы тыбыштын таасири менен уңгу сөздүн аягындагы үнсүз тыбыштардын өзгөрүп айтылышын үнсүздөрдүн бир сөз ичинде артка карай ээрчишкени дейбиз. Бир сөз ичинде н, з, ч тыбыштары өзгөрүп ээрчишет.

§ 42. Н ТЫБЫШЫНЫН ЭЭРЧИШКЕНИ (ОКШОШУУЛАРЫ).

Аягы н менен бүткөн сөздөргө башкы к, г тыбыштары менен башталган мүчөлөр уланган учурда н тыбышы ң тыбышы сакталат. Мисалы:
айтылышы                      жазылышы
эгиңге                              эгинге
кийиңки                          кийинки
бүгүңкү                           бүгүнкү
түңкү                              түнкү
жууңган                         жуунган ж. б.
Ошол эле н менен бүткөн сөздөргө башы м, б тыбыштары менен башталган мүчөлөр уланса, н тыбышы м тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда н тамгасы сакталат. Мисалы:
айтылышы                    жазылышы
жээмби                          жээнби
ишембейт                      ишенбейт
көрүмбө                         көрүнбө
таарымба                       таарынба
саамбы                           саанбы ж. б.
§ 43. З ТЫБЫШЫНЫН ЭЭРЧИШКЕНИ (ОКШОШУУСУ).
Аягы з менен бүткөн сөздөргө башы с же ч менен башталган мүчөлөр уланганда з тыбышы с тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда з тыбышы сакталат. Мисалы:
айтылышы                   жазылышы

жасса                                 жазса
сөссүз                                сөзсүз
сиссиз                              сизсиз
туссуз                                тузсуз
бисче                                 бизче
кыргысча                          кыргызча ж. б.

§ 44. Ч ТЫБЫШЫНЫН ЭЭРЧИШКЕНИ (ОКШОШУУСУ).
Аягы ч менен бүткөн сөздөргө ч, т, с тыбыштары менен башталган мүчө уланганда ч тыбышы ш тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда ч тамгасы сакталат. Мисалы:

айтылышы                       жазылышы
чаштуу                             чачтуу
уштуу                               учтуу
ашчы                                аччы
чешчи                               чеччи
кашса                               качса ж. б.

§ 45. БИР СӨЗ ИЧИНДЕ К, П ТЫБЫШТАРЫНЫН Г, Б ТЫБЫШТАРЫНА ӨТҮШҮ.
Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүлөр менен башталган мүчөлөр уланганда к, п тыбышы г, б тыбыштарына өтүп айтылат жана жазылат: мисалы:

терек+ы=тереги
кыяк+ым=кыягым
китеп+ым=китебим
тоок+ым=тоогум
кап+ым=кабым
топ+ым=тобум

Эскертүү: Башкы тыбышы үндүүлөр менен келген мүчөлөрдүн бардыгында тең эле к, п тыбыштары жумшара бербейт. Мисалы:

бек+ы=беки
тарп+ы=тарпы
көрк+ым=көркүм
шак+ылда=шакылда ж. б.

§ 46. СӨЗ АРАЛЫГЫНДА ҮНСҮЗ ТЫБЫШТАРДЫН АРТКА КАРАЙ ЭКЧИШҮҮСҮ (ОКШОШУУСУ).
Жанаша айтылган эки сөздүн экинчи сөзүнүн башындагы үндүү тыбыштын таасири менен биринчи сөздүн аягындагы үнсүз тыбыштын өзгөрүп айтылышын сөздөрдүн артка ээрчиши дейбиз.
Эки сөз аралыгындагы үнсүз тыбыштардын артка карай ээрчип айтылышы төмөнкү учурларда болот.
§ 47. К ТЫБЫШЫНЫН АРТКА ЭЭРЧИШИ (ОКШОШУУЛАРЫ).
Жанаша айтылган сөздөргө мурунку айтылган сөздүн аягы к тыбышы менен бүтүп, кийинки айтылган сөздүн башка тыбышы үндүүлөрдөн болсо к,г тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда к тыбышы сакталат:
айтылышы                жазылышы

агалтын                      ак алтын
керегекен                    керек экен
бердигеле                   бердик эле
чегара                         чек ара
көгала                        көк ала ж. б.

§ 48. П ТЫБЫШЫНЫН АРТКА ЭЭРЧИШИ (ОКШОШУУСУ).
Жанаша айтылган сөздөрдө мурунку айтылган сөздүн аягы п тыбышы менен бүтүп, кийинки сөздүн башкы тыбышы үндүүлөрдөн болсо п тыбышы б тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда п тыбышы сакталат. Мисалы:
айтылышы             жазылышы

көрүбайт                   көрүп айт
китебалды                китеп алды
таабалдык                таап алдык
тобойношту             топ ойношту
жаабалды                 жаап алды ж. б.

§ 49. З ТЫБЫШЫНЫН АРТКА ЭЭРЧИШИ (ОКШОШУУСУ).
Жанаша айтылган сөздүн биринчи сөзү з тыбышы мнен аяктап, кийинки сөздүн башкы тыбышы с, т, ч тыбыштары менен башталса, з тыбышы с тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда з тыбышы сакталат. Мисалы:

айтылышы                     жазылышы
бисчаптык                      биз чаптык
ассүйлөдү                       аз сүйлөдү
көссалгын                      көз салгын
түстургун                       түз тургун
тесчапты                        тез чапты ж. б.

§ 50. Ч ТЫБЫШЫНЫН АРТКА ЭЭРЧИШИ (ОКШОШУУСУ).
Жанаша айтылган эки сөздүн биринчи сөзү ч тыбышы менен аякталып, кийинки сөздүн башкы тыбышы с, ч, т тыбыштарынын биринен башталса: ч тыбышы с тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда ч тыбышы сакталат. Мисалы:
айтылышы              жазылышы

жыгачап                   жыга чап
кештарады               кеч тарады
чаштарагыч             чач тарагыч

§ 51. ДИССИМИЛЯЦИЯ (ОКШОШПОО).
Бирдей же сапаты окшош эки тыбыштын өз ара таасир этишинен, алардын окшошпой калуусу диссимиляция деп аталат. Мисалы: нан+нын=нандын, он+нын=ондун ж. б.
§ 52. ПРОГРЕССИВДҮҮ ДИССИМИЛЯЦИЯ.
Окшош эки тыбыштын алгачкысынын таасири менен андан кийинкисинин окшоштук касиетинен ажырашы. Мисалы: жан+ны=жанды, дан+ны=данды ж. б.
§ 53. РЕГРЕССИВДҮҮ ДИССИМИЛЯЦИЯ.
Окшош эки тыбыштын таасири менен андан мурункусунун окшоштук касиетинен ажырашы регрессивдүү диссимиляция деп аталат. Мисалы: жыгач+чы=жыгашчы, күч+луу=күштүү, ач+чы=ашчы ж. б.
§ 54. ОРФОЭПИЯ.
Адабий тилдеги сөздөрдү туура айтуу жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы орфоэпия деп аталат. Орфоэпия адабий тилге жатпаган диалектикалык өзгөзөчүктөрдү жоюп, адабий тилдин калыптанышын камсыз кылат.
§ 55. КЫРГЫЗ ОРФОЭПИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕРИ.
1.      Адабий тилде н тыбышы сөз башында туруктуу сакталып айтылат: нарк, найза, начар, нечен, ным ж. б.
2.      Жергиликтүү диалектилерде жумшак г тыбышы менен башталган бир нече сөздөр адабий тилде каткалаң к тыбышы менен берилет: кеп, килем, күнөө ж. б. Бирок гүл, газета, гектар, газ, гудок сыяктуу сөздөр г тыбышы менен берилет.
3.      Айрым диалектилерде жумшак б тыбышы менен башталып айтылган сөздөр орфоэпиянын нормасы боюнча п тыбышы менен жазылат: пайда, пахта, пейил, пикир. Ал эми айрым диалектиде каткалаң п тыбышы менен башталган сөздөр б менен жазылат. Мисалы: балбан, байпак, бычак,бышыр, бучкак ж. б.
4.      Түштүк диалектиге мүнөздүү болгон э тыбышы адабий тилдин орфоэпиялык нормасына туура келбейт.
Кээ бир диалектилердеги этиш сөздөрдө колдонулган л тыбышынын түшүрүлүп айтылышы орфоэпиялык нормага жатпайт, кел-ке, болбойт-бовойт ж. б.

Кененирээк кыргыз тилинин справочнигинде.