ТИЛ ИЛИМИ

§ 1. Тил деген эмне?
Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат”.  В. И. Ленин.
“Тил дегенибиз – ойдун тикеден-тике чындыгы”. К. Маркс.
“Тил да эс сыяктуу байырк нерсе”. Ф. Энгельс.

§ 2. Тил качан пайда болгон?
Коом пайда болгондо тил да пайда болгон, себеби адамдардын бири-бири менен пикир алышууучу эң негизги куралы тил болуп саналат. Тилсиз коомдун да болушу мүмкүн эмес. Тил коомдук зарылдыктын негизинде келип чыккан.

§ 3. Тил жана ойлоо.
Тил менен ойлоо ажырагыс байланышта, буларды бири-биринен ажыратып кароого болбойт. Ар кандай ойлор тилдин материалдык базасынын негизинде түзүлөт. Адамдын тили да ой, аң-сезим менен бир мезгилде жаралган.

§ 4. Тил жөнүндөгү материалисттик түшүнүк.
Тилди эч кандай башка күч (кудай) жараткан эмес, ал коом менен кошо жаралган деп түшүнүүчүлүк.

§ 5. Тил жөнүндөгү идеалисттик түшүнүк.
Тил жаратылыштан тышкары турган кандайдыр бир күчтүн (кудайдын) жардамы менен гана жаралган деп түшүнүүчүлүк.

§ 6. Диалект.
Белгилүү бир территорияга тараган тилдик бөтөнчөлүктөр диалект деп аталат. Кыргыз тили жергиликтүү эки диалектиден (түндүк жана түштүк) турат. Түндүк диалектиге Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын областтарында жашаган кыргыздардын тили кирет. Түштүк диалектиге Ош областынын (Токтогул районунан башка) райондорунда жана Өзбекстан менен Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили кирет. Мисалы:
Түндүк диалекти     Түштүк диалекти

уй                                сыйыр
бийик                          эгиз
чөбөгө                        тыбыт
чоң                              кэттэ ж. б.


§ 7. Говор.
Диалектинин ичиндеги тилдик өзгөчөлүктөр говор деп аталат. Кыргыз тилинде Талас, Чүй, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Ош, ичкилик жана башка говорлору бар.
1.      Фонетикалык өзгөчөлүк.
Түндүк диалектиде жана адабий тилде сегиз кыска үндүү болсо: а, о, э, у, ү, и, ы, түштүк диалектиде тогуз кыска үндүүлөр бар: а, о, э, ө, у, ү, и, ы, э. Түштүк диалектиде сөз башында й, х тыбыштары колдонулат: йуз, hеч, түндүктө жүз, эч жана башка.
2.      Грамматикалык өзгөчөлүктөр.
Түштүк диалектиде кээ бир этиштердин көптүк түрүнүн –лар мүчөсү менен уюштурулушу: олор келдилар.
Сан атоочтордо –та мүчөсүнүн колдонулушу: битта, экита, үчта ж. б.
Ки, йем, лекин байламталарынын колдонулушу: мен йем билем, ол кеиптир, лекин көргөн жокмун. Мен уктум ки, олар эрте жөнөйт.
Барыш жөндөсүндөгү мага, сага деген жактама ат атоочтор маңа, саңа формасында айтылат ж.б.
3.      Лексикалык өзгөчөлүктөр.
Диалектилерде                          Адабий тилде
чарым (түштүк диал.)              таман

жонгучка (-//-)                          беде
асал (-//-)                                    бал
текмат (Талас)                           кур
падыбот (Ысык-Көл)               чоң чыны ж.б.


§ 8. Диалектология.
Адабий тилдеги диалектилерди окуп, үйрөнүү жөнүндөгү илим диалектология деп аталат. Диалектология гректин dialektos – сүйлөшүү жана logos – илим деген сөздөрүнөн пайда болгон.
§ 9. Диалектография.
Айрым тилдин жергиликтүү диалектилеринин фонетикалык системасы, грамматикалык түзүлүшү жана лексикалык составы жөнүндө системалуу кабар берүү.

§ 10. Тарыхый диалектология.
Ар бир говордун, диалектинин пайда болуш тарыхын, өзгөрүш себептерин, ар бир тилдин калыптаныш процессин, алардын башка диалектилер жана тилдер менен болгон мамилелерин изилдейт.

§ 11. Синерезис.
Дифтонгдордун алсырап, созулмаларга айланып кетиши. Мисалы, то – тоо, су – суу ж.б.

§ 12. Адабий тил.
Адабий тил деп элдик (улуттук) тилдин негизинде калыптанып, белгилүү бир нормага салынган, айтылышы, жазылышы, колдонулушу такталган, айтылуучу ойду даана бере ала турган, коомдун бардык өкүлдөрүнө тиешелүү болгон тилди айтабыз.
Адабий тили түндүк жана түштүк диалектинин базасында улуу октябрь социалисттик революциясынан кийин гана түзүлгөн.

§ 13. Агглютинативдик тилдер.
Сөздүн уңгусунан кийин мүчөлөрдүн тизмектелип жалгануусу менен өзгөрүлүүчү тилдер.
Мисалы: өтүк+ым=өтүгүм, кап+ы=кабы, киши+лер=дин ж.б. Бул тилдерге түрк (казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, алтай, якут, азербайжан ж.б.) монгол ж.б. тилдери кирет.

§ 14. Флективдүү тилдер.
Уңгу менен мүчөнүн айкалышынан уңгунун алгачкы түрү жана составы өзгөрүп, уңгу менен мүчөнүн чеги которулуп кеткен тилдер. Мисалы: сон-сна, писать-пишу, дай-давать ж.б. Буга орус, белорус ж.б. тилдер кирет.

§ 15. Аморфтук тилдер.
Сөздөргө мүчө жалганбай турган өзгөчөлүккө ээ болгон тилдер. Бул тилдерге вьетнам, кытай, япон ж.б. тилдер кирет.

Кененирээк кыргыз тилинин справочнигинде.