СИНТАКСИС


Сүйлөмдүн түрлөрүн, сөз айкаштарынын түзүлүшүн жана алардын тутумундагы сөздөрдүн өз ара байланышуу эрежелерин үйрөтүүчү грамматиканын бир бөлүгү синтаксис деп аталат.
Синтаксис сөз айкашы жана сүйлөм деген эки бөлүмдөн турат.

§ 1. СӨЗ АЙКАШЫ.
Толук маани берген эки, же андан ашык сөздүн айкашынан түзүлүп, ал түшүнүктүн ортосундагы ар түрдүү мамилени билдирүүчү тизмек сөз айкашы деп аталат.
Мисал: калай кашык, темир жол, кызыл гул, мокок бычак, шайы көйнөк, алтын саат, салкын жел ж. б.

§ 2. СӨЗ АЙКАШЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ.
Сөз айкаштары багындыруучу негизги сөзгө анын маанисин айкындап туруучу багыныңкы сөздүн кошулуп айтылышы аркылуу түзүлөт.
Мисалы: жаңы китеп (жаңы — багыныңкы сөз, китеп — багындыруучу сөз), кооз шаар (кооз — багыныңкы сөз, шаар — багындыруучу сөз), темир жол (темир — багыныңкы сөз, жол — багындыруучу сөз).

§ 3. СӨЗ АЙКАШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ.
Сөз айкашы атоочтук сөз айкашы жана этиштик сөз айкашы болуп, экиге бөлүнөт.
I. АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШЫ. Булар өз ара топко бөлүнөт.
1. Зат атоочтук сөз айкашы: жыгач күрөк, жем баштык, жол башчы, алманын гүлү ж. б.
2. Сын атоочтук сөз айкашы: ак жоолук, бактылуу бала, көк мейкин, эпкиндүү эмгек ж. б.
3. Сан атоочтук сөз айкашы: бешинчи класс, XX кылым, он жыл ж. б.
4. Ат атоочтук сөз айкашы: бул бала, тиги китеп,ошол киши ж. б.
5. Атоочтук сөз айкашы: окуган бала, болгон окуя, айтар сөз ж. б.
6. Тактоочтук сөз айкашы: мол түшүм, көп эл, аз каражат.

II. ЭТИШТИК СӨЗ АЙКАШТАРЫ: Мындай айкаштардын багындыруучу түгөйү этиштерден болот.
1. Тактоочтор айкашат: тез иштөө, бүгүн жөнөө, жогору чыгуу, мурун баруу ж. б.
2. Чакчылдар айкашат: күлө сүйлөө, секирип чуркоо, шашып иштөө ж. б.
3. Сын атоочтор айкашат: жакшы иштөө, жаман көрүү, кызуу уктоо ж. б.
4. Сан атоочтор айкашат: эки келүү, биринчи жолугушуу, төрт жолу суроо, эки сүйлөө ж. б.
5. Тууранды сөздөр айкашат: жалт кароо, тарт эттирүү, бырс күлүү, шакылдап кайноо.
6. Зат атоочтор айкашат: өрт өчүрүү, бакка чыгуу, кыш куюу, жер айдоо, кырман сапыруу ж. б.
7. Ат атоочтор айкашат: аны көрүү, ага баруу, буга келүү.

§ 4. СӨЗ АЙКАШТАРЫНЫН СҮЙЛӨМДӨН АЙЫРМАСЫ.
а) Сүйлөм айрым алынган бир сөздөн да турат. Мисалы: Бардым. Жаз. Баракелде! ж. б.
Сөз айкашы, ар дайым, экиден кем эмес толук маанилүү сөздөн турат. Мисалы: Майын чыгара иштөө, коомдук жумуш, эпкиндүү эмгек ж. б.
б) Сүйлөм маанилик жана грамматикалык байланыш-катыш жагынан уюмдашкан сөздөрдүн тобу болуп санала турган бөлүктөргө, же айрым-айрым сөздөргө жана сөз тизмектерине ажырап бутактана алат. Сөз айкашында бул өзгөчөлүк жок. Себеби ал толук маанилүү экиден кем эмес сөздөн курулган грамматикалык бирдик.
в) Сүйлөм ойду билдирет жана анда кабарлоо интонациясы менен предикативдик катнаш (кабардын айлана-чөйрөдө болуп жаткан чындыкка карата болгон катышы — С. И.) болот. Ал эми сөз айкашында булар болбойт.
г) Сүйлөм айтылып жаткан ойдон кабар гана билдирбестен, сүйлөөчүнүн ошол айтып жаткан өзүнүн оюна карата болгон мамилесин да билдирет жана анда өзгөчө бир интонациялык кабардоо белги болот. Бул касиет сөз айкашына таандык эмес.
Сүйлөмдө кабардалып жаткан ойдун аяктаганын билдирүүчү жак, чак, модалдуулук сыяктуу грамматикалык категориялар бар, ал эми сөз айкашына бул категориялар мүнөздүү эмес.

§ 5. АЙКАШТА ТУРГАН СӨЗДӨРДҮН БАЙЛАНЫШУУ ЖОЛДОРУ МЕНЕН ФОРМАЛАРЫ
Сөз айкашынын жана сүйлөмдүн тутумунда турган сөздөрдүн өз ара карым-катышы, адатта, синтаксистик байланыштын тең жана багыныңкы байланыш деген эки тиби (түрү) аркылуу иш жүзүнө ашырылат.

§ 6. ТЕҢ БАЙЛАНЫШ.
Грамматикалык формасы жана лексикалык мааниси жагынан бири-бирине таасирин тийгизип, ирин; экинчиси өзүнө багындыра ээрчите, же башкара албаган бирдей суроого жооп берип, сүйлөм мүчөлөрү жагынан окшош жана бирдей милдетти аткарып, тең укукка ээ болуп турган сөздөрдүн сүйлөмдүн тутумундагы өз ара байланыш-катышы тең байланыш деп аталат.
Мисалы: Павел менен Андрей катар олтурушат, алар менен бирге алдыңкы скамейкада Мазин, Самойлов жана Гусевдер олтурушту. (М. Г.). Музейлерге, театрларга бардык, метрону көрдүк. (Б. Кер.)

§ 7. БАГЫНЫҢКЫ БАЙЛАНЫШ.
Сөз айкашынын жана сүйлөмдүн тутумунда турган сөздөрдүн лексико-грамматикалык жактан бирине экинчисинин багыныңкы абалда келиши багыныңкы байланыш деп аталат.
Мисалы: Мектепке бара жатышат. Колтугуна суу бүркүү. (Оозеки речтен). Бул келтирилген мисалдардын мектепке, колтугуна суу деген бөлүктөрү багыныңкы абалда, ал эми бара жатышат, бүркүү деген бөлүктөрү башкаруу абалында турат.
Азыркы кыргыз тилиндеги сөз айкашы менен сүйлөмдүн тутумундагы багыныңкы сөз багындыруучу сөз менен синтаксистик жактан белгилүү тартипте тизмектешип ээрчише, башкарыла, ыкташа жана таандык болуп байланыша айтылат.

§ 8. ЭЭРЧИШҮҮ.
Багыныңкы сөздүн багындыруучу сөз менен сан, жак жана түр боюнча ээрчише айтылышы ээрчишүү байланышы деп аталат. Ээрчишүү байланышы ээ менен баяндоочтун ортосунда ишке ашырылат.
Мисалы: Студенттер келишти. Окуучу сүйлөдү. Алар киного барышты.
Багындыруучу сөз: студенттер, окуучу, алар (сүйлөмдүн ээлери).
Багыныңкы сөз: келишти, сүйлөдү, барышты (сүйлөмдүн баяндоочтору).

§ 9. БАШКАРУУ.
Сүйлөмдүн тутумунда, же сөз айкашында турган башкаруучу сөз башкарылуучу сөздү иликтен башка кыйыр жөндөмөлөрдүн биринде туруусун талап кылса, жана аны ага дуушар кылса, башкаруу байланышы дейбиз.
Мисалы: Москвада турат. Сабакка кетти. Китепти алды. Айылдан келди.

§ 10. ЫКТАШУУ.
Сүйлөмдүн тизмегиндеги, же сөз айкашынын тутумундагы баш ийүү абалында турган сөз башкаруучу (баш ийдирүүчү) сөз менен орун тартиби боюнча ырааттуу түрдө ыкташа байланышып айтылса, ыкташуу дейбиз. Мисалы: Чөнтөк дептер, таш жол, ак жол, боз жорго, биринчи орун, үч курма, тез жүрүү, өйдө чыгуу, ошол киши, бүткүл аалам, шак-шак басуу, карс-карс күлүү.

§ 11. ТААНДЫК БАЙЛАНЫШ.
Илик жөндөмөсүндө турган сөз менен таандык мүчөнүн бирин кабыл алып турган сөздүн сүйлөмдө өз ара байланыш-катышы таандык байланыш деп аталат. Мисалы: эрдин көркү эл менен; билимдин кени окууда; анын чыгармасы, акындын ою.

§ 12. СҮЙЛӨМ.
Ой-сезимди кабардап билдирүүнүн башкы курал-каражаты катарында ошол өзү кызмат кылып жаткан тилдин ички закон-ченемдүүлүгүнө ылайык грамматикалык жактан уюмдашылган речтин бирдигин сүйлөм дейбиз.
Мисалы: Көргөн жанды суктандырган Ысык-Көлүбүз бар. (К. Б.) Эрдик күрөштө туулат. (Н. О.)

§ 13. СҮЙЛӨМДYН АЙТЫЛЫШ МАКСАТЫНА КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ.
Речте айтылып жаткан сүйлөмдөрдүн модалдуулук белгилерине, башкача айтканда, айтылып жаткан речтин мазмунун чындыкка карата болгон мамилесин билдирүү максатына карай сүйлөмдөр жай, суроолуу жана илептүү болуп, үчкө бөлүнөт.

§ 14. ЖАЙ СҮЙЛӨМ.
Жай сүйлөм сүйлөөчүнүн айлана-чөйрөдө, чындык турмушта болуп жаткан окуяларга, түшүнүккө, кубулушка жана башка ар кандай нерселерге карата болгон оюнан жайынча гана баяндап кабар берүү максатында айтылат. Ошондуктан ал жай сүйлөм деп аталат. Мисалы: Жеңишбек менен Микола-Аскер Маруся менен Акиянын колдорунда. (Т. С.) Токтогулдун санаасы каптагы кумдай чубурду. (А. Т.)

§ 15. СУРООЛУУ СҮЙЛӨМ.
Суроолуу сүйлөм сүйлөөчүнүн угуучудан, же жалпы эле ошол чойрөдө катышып отурган экинчи, үчүнчү тараптагы адамдардан кандайдыр бир болуп өткөн, боло турган, же болуп жаткан окуянын, нерсенин, же бир иштин ал-жайынан кабар билүү максатында айтылат. Мындай сүйлөмдөр угуучуга тике багыттала кайрыла айтылып, суроолуу жана жооп күтүү мүнөздө болгондуктан, суроолуу сүйлөмдөр деп аталат. Мисалы:
— Канча араба замбиректин огу бар?
— Алты.
— Командир кайда?
— Сол флангада. (ДМ. Ф.)

§ 16. ИЛЕПТҮҮ СҮЙЛӨМ.
Илептүү сүйлөм жашоо-тиричиликте болуп жаткан, же болуп өткөн жана ошондой эле боло турган иштер менен окуялар, кубулуштар менен көрүнүштөр, түшүнүктөр менен нерселер жөнүндө адамдын чын көңүлүнөн жана ички эрк-сезиминен (ички эмоциясынан) чыккан кабарды билдирүү максатында айтылган сүйлөмдөр илептүү сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Улуу Совет элине даңк! Жашасын СССР элдеринин бузулбас жана бекем достугу! (Оозеки речтен.) Ой, бали, чертет экен да! (К. К.)

§ 17. СҮЙЛӨМ МҮЧӨЛӨРҮ.
Сүйлөмдүн тутумунда туруп жана андагы грамматикалык мамиле-катнашты билдирип, кандайдыр бир суроого жооп болуп түшкөн сөздөр же сөз айкаштары сүйлөм мүчөлөрү деп аталат.
Мисалы: Эмгектин көркүн жер берет. (А. Т.). Бул сүйлөмдүн тутумундагы жер деген сөз эмне? деген суроого, берет деген сөз эмне кылат? деген суроого, көркүн деген сөз эмнесин? деген суроого; эмгектин деген сөз эмненин? деген суроого жооп болуп түштү.

§ 18. БАШ МҮЧӨ.
Сүйлөмдүн тутумундагы калган сүйлөм мүчөлөрүнө көз каранды болбой, өз ара предикативдик катнашта келип, эркин колдонулган сүйлөм мүчөлөрү баш мүчө деп аталат.
Мисалы: Окуучулар ырдашты. Жумушчулар келишти. Асан келди.
Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү ээ менен баяндоочтон турат.

§ 19. ЭЭ.
Айтылып жаткан сүйлөмдүн тизмегиндеги башка сөздөргө грамматикалык жактан багынбай, баяндооч менен гана предикативдик катнашта келип, жана аны сан, жак боюнча өзүнө баш ийдире ээрчитүүчү атооч жөндөмөсүндө турган сүйлөмдүн баш мүчөсү ээ деп аталат. Ага ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроо коюлат.
Мисалы: Курч быдырлуу үч кыр өгөө шадылуу колдо ойноду. (Н. Б.) Жапар күндүн кандай өткөнүн сезбеди. (К. Б.)

§ 20. ЖӨНӨКӨЙ ЭЭ.
Бир гана сөздөн туруп, ким? эмне? деген суроого жооп болуп түшкөн сүйлөмдүн ээси жөнөкөй ээ деп аталат.
Мисалы: Балдар Анатолий Александровичтин аңгемесин аябай кызыгып угушту. (В. Ос.) Токтогул далайга чейин козголбой турду. (А. Т.)

§21. ЖӨНӨКӨЙ ЭЭНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ СӨЗДӨР.
Сүйлөм тизмегиндеги жөнөкөй ээнин милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:
1. Зат атооч сөздөр: Токтогулдун жаш жүрөгү уядан талпынган балапандын канатындай дирилдеди.
(А. Т.) Аттар арткы эки буту менен тике тура калат. (С. К.).
2. Ат атооч сөздөр: Бүгүн келериңди ким билиптир. (Т. С.) Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар. (Макал).
3. Сын атооч сөздөр: Жаман өз камын ойлойт, жакшы эл камын ойлойт. (Макал.)
4. Сан атооч сөздөр: Алтымыш алтыга калдыксыз бөлүнөт. Он отузга берди, отуз жалмага берди, жалма жата калып, жардан алыс ыргытып жиберди. (табышмак).
5. Затташкан атоочтук сөздөр: Көрбөс тоону да көрбөйт. Жандоочу кийик аттырат. (Макал.) Сүйлөп жаткан трибунадан туштү (Оозеки речтен).
6. Кыймыл атоочтор: Сайма саюу оңой иш эмес, көздүн курчун алат. Алган милдеттенмени орундоо - ардактуу жана сыймыктуу иш.

§ 22. ТАТААЛ ЭЭ.
Экиден кем эмес сөздөн туруп, бир гана суроого жооп болуп түшкен сүйлөмдүн ээси татаал ээ деп аталат.
Мисалы: Үч-Терек Какшаал тараптагы жайлоо-лордун атактуусу болуп саналат.. Ж.).
Ысык-Көлүм параходун терметет. Бүгүн түшүп,аны менен эл кетет. (Ж. Т.)

§ 23. ТАТААЛ ЭЭНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ СӨЗДӨР.
Төмөнкүдөй түзүлүштөгү татаал сөздөр татаал ээнин милдетин аткарат:
1) Изафеттик айкашта турган: темир күрөк, калайкашык, темир жол, Семиз-Бел жайлоосу, Суу-Төр жайлоосу сыяктуу татаал сөздөр. Мисалы: Семиз-Бел жайлоосу — малга жайлуу жер. Фрунзеден Ысык-Көлдүн жээгине чейин темир жол салынды.
2) Адамдын атын, атасынын атын, айбандардын, канаттуу куштардын жана окуянын, газет, журнал, китептердин аттарын билдирүүчү кошмок сөздөр: «Советтик Кыргызстан» - Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Министрлер Советинин органы.

Кулагында шамы бар,
Куюндан бүткөн жаны бар.
Оң жамбашта калы бар,
Октой болгон жаныбар,
Аккула кирди чубоого. («Манас.»)

Биринчи Майэмгекчилердин тилектештик күнү. Чынгыз Айтматовкөрүнүктүү жазуучу ж. б.
3) Кыскартылган сөздөр: СССРтынчтыктын тиреги. Бүгүн шаттык, колхозумда шат-күлкү,
Анткени анда жаңы гана ГЭС бүттү. (Э. Т.),
4) Зат атоочтук маанидеги жана заттанган кош сөздөрдүн баардык түрлөрү татаал ээлик милдетти аткарат: Кобур-собур басылып тамак-аш ичилип бүттү. Опур-топур көбөйгөндөн көбөйдү. (Т. С.) ж. б.
5) -мак формасындагы атоочтуктар заттык мааниде туруп, татаал ээ боло алышат: Кылып ичмеккыйын аш, кыдырып ичмекоңой аш. (Эл макалы.). Найза саймакэрдиктен, ат жоорутмактердиктен. (Макал.)

§ 24. БАЯНДООЧ.
Грамматикалык мамиле-катнаш жагынан ээге багыныңкы келип, аны менен ээрчише байланышып турган баш мүчө баяндооч деп аталат. Баяндооч эмне кылды? эмне болду? кантти? эмне кылат?
эмне кылып жатат? ким? эмне? кайда? кандай? деген суроолорго жооп берет. Ал, адатта, сүйлөмдүн аягынан орун алат.
Мисалы: Аскерче кийинген киши жерден чымчып топурак алды да, алаканына салып жыттады. (К. Баялинов.) Ысман бөбөктөрүн кучактаган бойдон атасын карай салды. (А. Т.) Эң кенжебизБекдайыр. (М. Э.) Аттын өлөр-тирилерине карабай катуу жүрдү. (К. Ж.) ж. б.

§ 25. ЖӨНӨКӨЙ БАЯНДООЧ.
Бир гана сөздөн турган баяндооч жөнөкой баяндооч деп аталат.
Мисалы: Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот. (Эл макалы) Алым чуркаган бойдон дарбазага жүгүрдү. (К. Ж.)

§ 26. ТАТААЛ БАЯНДООЧ.
Эки же андан ашык сөздөн туруп, бир гана суроого жооп берип турган баяндоочтор сүйлөмдүн татаал баяндоочу деп аталат.
Мисалы: Чылбыр колго илингенче, мылтык атылып кетти. (Лев. Т.) Кыштын кычыраган чилдеси өкүм сүрүп, өзүнүн ызгаарын төгүп турат. (С. К.)

§ 27. ЭТИШТИК ЖАНА АТООЧТУК БАЯНДООЧ.
Этиш сөздөн болгон баяндооч этиштик, ал эми атооч сөздөрдөн болгон баяндооч атоочтук баяндооч деп аталат.
Мисалы: Ички бөлмө Самтырдын көңүлүн көтөрүп койду. (Т. С.) Баардыгын тең анан өзүнө төкпөй-чачпай айтып беремин. (Н. Б.) Ак калпак, кызыл чепкен кийип, кула жоргону минип, теңселип келе жаткан - Түлкүбек. (К. Ж.) Көмкөрөсүнөн түшүп, корулдап уктап жаткан - Балакурман. (М. Э.) Дүйнөлүк тынчтыктын тиреги - СССР.

§ 28. БАЯНДООЧТУН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ СӨЗДӨР.
1. Этиш сөздөрдүн баардык түрү баяндоочтук милдетти аткара берет: Акыйкат үчүн болгон күрөштө кичинекей кишилердин күчү тоо көтөрүп кетет. (А. Т.). Алар электростанциясын курушкан. (Т. С.)
2. Зат атооч сөздөр: Тигил төшөктөрү катар салынган уул-кызы эчтемеден бейкапар кызык уйкуда. (Т. С.). Акыл — тозбоочу тон, илим — түбөлүктүү кен. (Макал.). Жер жүрөгүМосква.
3. Ат атооч сөздөр: Кемпир-чалдын ортосундагы жалгыз эрмеги ошол. (Т. С.) Сүйлөп жаткан- сен, жанында турган - мен. (Оозеки речтен). Чүй боору -ушул.
4. Сын атооч сөздөр: Акылдуунун сөзүкыска, айта салсануска. (Макал) Таасындап айткан сөз - жакшы, табына келген куш - жакшы. (Элден.)
5. Сан атооч сөздөр: Тигилер - үчөө, биз - экөө. Келе жаткандар - төртөө. Ондун жарымы - беш.
6. Атоочтуктар жана кыймыл атоочтор: Бербестин ашы бышпас. (Макал.) Сыйлооалмак-салмак, чакыруукелмек-кетмек. (Элден.)
7. Атооч сөз маанисиндеги «бар», «жок» деген сөздөр: Жокко суу да жок. (Эл макалы.). Айткан сөзүңдүн жүйөсү бар. Эрдигиң бар, эсиң жок, эчтеме менен ишиң жок.
Булардан тышкары баяндоочтук милдетти этиштин  «-ла» мүчөсүн кабыл алып турган сырдык сөздөр (мисалы, балиле, кокуйла ж. б.) менен тууранды сөздөр да (мисалы, сороңдо, күлүңдө ж. б.) аткара берет.

§ 29. ЭЭ МЕНЕН БАЯНДООЧТУН ОРТОСУНА СЫЗЫКЧАНЫН КОЮЛУШУ.
1. Сүйлөмдүн баяндоочу атооч жөндөмөдө турган зат, эсептик, жамдама сан атоочтордон болсо, ээден кийин сызыкча коюлат: Макал атасы— сөз, мата атасы — бөз. (Макал). Тиги көрүнгөн - Тоң району. Бир жүз элүүнүн жарымы - жетимиш беш. Социалисттик мелдештен жеңип чыккандар - жетөө.
2. Жактама, шилтеме, өздүк ат атоочтор баяндооч болсо, ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча коюлат: Окуп жаткан - ал. Сүйлэгөн - сен. Үйдүн ээси - ошол. Келе жаткан - ушул. Окуган - өзүм. Айтып жаткан— өзү ж. б.
3. Баяндоочтук милдетти иреттик сан атоочтор аткарса, ээден кийин сызыкча келет: Ал - биринчи. Көрүнгөн— төртүнчү ж. б.
4. Заттык мааниде колдонулган сын атооч сөздөр баяндоочтук милдетти аткарса, баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкча коюлат: Жүрөк - коркок, кол - баатыр. (Эл макалы.). Гүл жакшысы— кызыл. Эр жакшысы - жоомарт ж. б.

§ 30. АЙКЫНДООЧ МҮЧӨ.
Сүйлөм мүчөлөрүнүн бирин жандап, ага аныктык, тактык, бышыктык киргизген сөздөр айкындооч мүчө деп аталат.
Айкындооч мүчөлөр өзүлөрүнүн сүйлөм тизмегинде аткарган милдетине карай: аныктооч, толуктооч, бышыктооч болуп, үч топко бөлүнөт.

§ 31. АНЫКТООЧ.
Грамматикалык катнаш жагынан өзүнөн кийинки келген зат атооч, же заттык мааниде айтылган аныкталгыч сөздөргө багыныңкы абалда келип, алардын сапатын, белгисин, касиетин, сан-иретин, же бир жакка (кимдир бирөөгө) таандык экендигин билдирип турган айкындооч мүчөнү аныктооч дейбиз.
Түзүлүшү жагынан аныктооч сөздөр атооч жана илик жөндөмөлөрүндө турат да, сүйлөм тизмегинде: кандай? кайсы? канча? нече? канчанчы? неченчи? кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп болуп түшөт.
Мисалы: Белдин өзүнөн Кең-Төрдүн ичи дайын көрүнгөнү менен, Татаалдын ичи далдаада калар. Куш- Күйгөндүн чокусуна чейин баргын да, эки төрдү чал. (Т. С.) Белгисиз жигит Токтогулдун башын сол колу менен бапестеп көтөрүп, оң колу менен кичинекей кара көнөчөктү оозуна алып барды. (А. Т.) Капчыгайдын өзөнү менен муздак аркыраган жел жүрө баштады. (С. К.)

§ 32. ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ТАТААЛ АНЫКТООЧ.
Бир сөздөн турган аныктооч жөнөкөй аныктооч деп, эки же андан ашык сөздөн турган аныктооч татаал аныктооч деп аталат.
Мисалы: Күлүк ой, узун санаа, түпсүз кыял Ажарды курчап алды. (К. Б.) Калдайган кара булут каалгып жылып барып, Ыйлаак-Тоо деген бийик чокунун башына конду. (Н. Б.) Бул - Кичи-Кеминдин оозундагы казак орус кыштагы. (К. Б.) Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып,дүйнөгө жаңылык киргизгендей. (К. Б.)


§ 33. АНЫКТООЧТУН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ СӨЗДӨР.
1. Сын атооч сөздөр аныктоочтун милдетин аткарат: Мына бу түндүгүнөн түтүн бураган чоң ак үйдүн өйдө жагындагы дөбөчөдө казанбактай чоң тебетейди желкесине баса кийип, жаңы трайке чепкенин желбегей жамынып, жаңы кыйылган ыргай таякка сүйөнгөн Мамбеткул түштүк багыттагы төш тарапты карал, кыбыңдаган карт көзүн жылтыратып, ууртунан күлүмсүрөйт. (Т. А.)
2. Зат атоочтор аныктоочтук милдетти аткарат: Тизмектелген Ала-Тоонун чокуларына күн нурун чачты. (К. Б.) Күндүн кышкы алсыз илеби Кочкордун кар түшкөн беттерине чачырап, ар бир жыбыттарды оттон жасалган узун ийне сыяктуу сайгылай баштады. (Н. Б.)
3. Сан атоочтор сүйлөм тизмегинде аныктоочтук милдетти аткарат: Кырмандын чет жакасын шыпырып,оодарып жаткан бир-эки киши көрүнгөнсүйт. (К. Б.) Туура саат беште күтөм. Андан беш минута өтсө күтпөймүн,— деди Өмүрбек. (А. Т.) Ал биринчи катарда отурат.
4. Ат атооч сөздөр аныктоочтук милдетти аткарат: Тиги өзөндүн боюндагы чатырдай аппак үйлүү калың айыл— ушул Каныбектин кожоюндарынын айылы. (К . Ж .) Эртеңден баштап бардык жаштар ишке киришмек болушту. (Н. Б.) Жамгыр алардын бетине чаба жаап турду. (Н. О.).
5. Атоочтуктар аныктоочтун милдетин аткарат: Бала кездерде ойноп жүргөн таштарга, серпишкен булактарга учурашкысы келет. (Т. С.) Сүйлөгөн киши кетип калды. Ырдоочу жигит келип кирди.
6. Кыймыл атоочтор аныктоочтук милдетти аткарат: Мен ага Москвага баруунун жөнүн айттым. Быйыл биздин колхоздун айдоо аянты көбөйдү. (Оозеки речтен).
7. Тууранды сөздөр аныктоочтук милдетти аткарат.
Шылдыр суу анын кулагына жакшы угулду. (A. Т.) Ал кажы-кужу сөздү уккусу келген жок. Дүбүрт-дүбүрт дабыш угулду.
8. Заттык мааниге өтүп колдонулган сырдык сөздөр да аныктоочтук милдетти аткарат: Ал элес бир чиркиндин муңун чакса, Бирөөнүн кетүүчүдөй черин жазып. (К. М.)
Баракелденин баары жакшы, кокуйдун түбү жаман.

§ 34. ТОЛУКТООЧ.
Грамматикалык мамиле-катыш жагынан баяндоочко башкарылып, кыймыл-аракет багытталган тике, же кыйыр объектини көрсөтүп турган айкындооч мүчөнү толуктооч дейбиз. Толуктооч сүйлөм тизмегинде кимди? эмнени? кимге? эмнеге? кимде? эмнеде? кимден? эмнеден? ким менен? эмне менен? ким тууралу? эмне тууралу? деген суроолорго жооп болуп түшөт.
Мисалы: Кандайдыр тез-тез согу лган темирчинин балкасы калайды какшатат. (Т. С.) Кермахун алдыртан Алымга, анан Анарханга карады. (К. Ж ) Касымда асма көпүрө менен басты. Кыргыз эли «Манас» эпосу жөнүндө көп сүйлөшөт. (Оозеки речтен.) Мен бир зарыл иштер менен кечигип калдым. (К. Ж .) Мен атамдан үзбөй кат алып турамын ж. б.

§ 35. ТИКЕ ТОЛУКТООЧ.
Заттын атын белгилөө менен, кыймыл-аракет багытталган тике объектини көрсөтсө, тике толуктооч дейбиз.
Мисалы: Айтор, эмнеси болсо да, окуу башталганча мектепти оңдоп бүтөбүз. (К. Б.) Муслимахун сабизди туурап, күрүчтү жууду. (К. Ж .) Жамила ошол күнү үйдөгүлөргө тамак даярдаган болучу. (Ч. А.)

§ 36. КЫЙЫР ТОЛУКТООЧ.
Кыймыл-аракет түздөн түз эмес, кыйыр түрдө багытталган объектини көрсөтсө, кыйыр толуктооч дейбиз.
Тике толуктооч табыш жөндөмөсүндө турса, кыйыр толуктооч барыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүндө турат жана ал менен, жөнүндө, тууралу, үчүн, карай, карата, көздөй деген сыяктуу жандооч сөздөр аркылуу да келет.
Мисалы: Ал Шамбеттен кат алган. (Т. С.) Жалкоого шылтоо көп. Өсөр малда элүм жок (элден). Жаны ачып, шолоктоп ыйлап олтургандардын бирөө сыздаган кемпирге кайрат айтты. (К- Б.) Данияр киши менен көп сүйлөшчү эмес. (Ч. А.) Чоко болгон иштер жөнүндө кечирим сураган болучу. ( К Ж.) Биздин колхозубуз балдар үчүн бакчаларды курду. ж. б.

§ 37. ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ТАТААЛ ТОЛУКТООЧ.
Бир гана сөздөн турган толуктоочтор жөнөкөй толуктооч деп аталат.
Мисалы: Анар хан жакын арадагы коңшуларынын кирин жууп, эптеп бирдемг табуу менен алек. (К. Ж ) Акылдуу отту карайт, акмак казанды карайт. ж. б.
Эки, же андан көп сөздөн түзүлүп, бир гана суроого жооп болуп түшкөн толуктоочтор татаал толуктооч деп аталат.
Мисалы: Директор сөздү адегенде план жөнүндө баштады. (С. С.) Бурулча да дирилдеген колу менен жүктөн ала кийизин сууруп чыгып, оюерге салып, идиш-аягын жыйнаштырды (К. Б.) Касымалы күжүрмөн баракчаларды таратты.

§ 38. ТОЛУКТООЧТУН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ СӨЗДӨР.
1. Зат атооч сөздөр: Каныбек Самсахунду көз алдына элестетти. . Ж.) Ызгаардуу муздак жел согуп, тоо-тоону туман чалыптыр. (А. Ү.)
2. Заттык мааниде колдонулган сын атооч сөздөр: Жибектин жашылын коюп, кызылын ал. Сарыдан кызылы жакшы.
3. Ат атооч сөздөр: Аны эч кимибиз тана албай турган болдук, чынбы, жолдоштор! (А. Уб.) Акылдуу ката кетирсе, өзүн жемелейт, акмак ката кетирсе, жол-дошун жемелейт (макал).
4. Сан атооч сөздөр: Жетимиштен сексенге жетип калган башың бар.  (Ж. Б.) Отуз бешке кыркты кошсо, жетимиш беш болот.
5. Заттык мааниде турган сырдык сөздөр: Тиги чиркинди бери чакырчы. Кокуйду коюп, ишке өтөлү.
6. Заттык мааниде келген атоочтуктар: Мамажунус отургандарды кыдырата бир карап алды. (К. Ж.) Келгендерден кеп угуп, атасы Манас деп угуп. («Семетей»)
7. Толуктоочтун милдетин кыймыл атоочтор да аткарат: Бизди колхоздун жаштар бригадасы жазгы эгин айдоону, себүүнү жана күзгү түшүм жыйноону өз убагында бүтүрүшкөндүктөн, район тарабынан баалуу сыйлыктар алышты (оозеки речтен).
8. Бар, жок деген сөздөр заттык мааниде турса, толуктоочтун милдетин аткарат: Барды жоготуп коюш оңой, жоктон бар кылыш кыйын. (Н. Б.) Барды-жокту билбей эле айта бересиз (оозеки речтен).
9. Менен, тууралу, жөнүндө, көздөй, карай, аркылуу сыяктуу жандоочтор айкаша айтылган сөздөр толуктоочтун милдетин аткарат: Бурулча Андреев менен кол кармашып коштошту (К. Б.) Колундагы чырпыкты бычагы менен жоно берди (А. Уб.) Ал туулуп өскөн жери жөнүндө көп сүйлөөчү. Алар шаарды карай кетти. ж. б.

§ 39. БЫШЫКТООЧ.
Баяндоочтук милдетти аткарып турган ар кандай сөз менен грамматикалык жактан башкарыла байланышып, кыймыл-аракеттин жөнүн, мүнөзүн, ордун, багытын, мезгилин, себебин, максатын, сан-өлчөмүн жана белгинин сапатын көрсөтө бышыктап турган айкындооч мүчө бышыктооч деп аталат.
Бышыктооч сөздөр сүйлөм тизмегинде кандай? кантип? кайда? кайдан? кайсы жерде? кайсы жерден? кайсы жакта? кайсы жактан? кайсы жакты карай? кандайлыктан? эмне себептүү? канча? канчанчы? деген сыяктуу суроолорго жооп болуп түшөт.
Мисалы: Пишпек темир жол станциясы адатынча жаңырып турду. (С. С.) Аскалуу капчыгайдын жаңырыгы алда кайда кетип жатты. (К. Ж.) Эртеси күн чыкпай Данияр экөөбүз аттарды кырманга алып келдик. (Ч. А.) Айылдан эртең менен чыгып; станцияга түш оой барабыз. (Ч. А.)

§ 40. ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ТАТААА БЫШЫКТООЧ.
Бир сөздөн турган бышыктооч жөнөкөй, ал эми эки же андан көп сөздөн турган бышыктооч татаал бышыктооч деп аталат.
Мисалы: Ал жанын сабап Таабалдыга жармашты. (К. Бек.) Ал үйдө бизден башка Кавказдан, Орто Азиядан жана башка жактан келген кишилер көп экен. (К. Б.) Топ ак куу жарык асмандан узун ак сызык болуп араң гана көрүндү. (Лев. Т.) Кең аянтта тракторду күрүлдөтүп, Люба жүрдү. (Т. С.)

§ 41. БЫШЫКТООЧТУН ТҮРЛӨРҮ.
Азыркы кыргыз тилиндеги бышыктоочтор маанисине карай алты түрлүү болот. Алар төмөнкүлөр:
1. Сын-сыпат бышыктооч;
2. Орун бышыктооч;
3. Мезги л бышыктооч;
4. Себеп бышыктооч;
5. Максат бышыктооч;
6. Сан-өлчөм бышыктооч.

§ 42. СЫН-СЫПАТ БЫШЫКТООЧ.
Сүйлөм тизмегинде, көбүнчө, баяндооч менен байланыш-катышта туруп, кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, жөнүн, аткарылыш мүнөзүн билдирип турса, сын-сыпат бышыктооч дейбиз.
Сын-сыпат быштоочко кандай? кантип? кандайча? деген суроолор берилет.
Сын-сыпат бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат.
1. Сын-сыпат тактоочтор: Күлжан акырын козголуп көрду. (Н. Б.) Реактивдүү самолёттор үндөн тез учат. Атам ар дайым мени менен орусча сүйлөшөт.
2. Чакчылдар: Жолойдун бул сөздөрунө Кадырбай чыдабай намыстанат. (К. Ж.) Баягыдан бетер кетмендерин батыра-батыра согушат. (Т. С.)
3. Атоочтуктар: Бул күчтөрү тең болбогон урушта жоокерлер чегинбестен кармашты. (Ж. Б.) Ал чогулушта биринчи чыгып, тайманбастан, калтаарыбастан суйлөдү.
4. Сын атоочтор: Жолоочу тынымсыз илгерилей берди (К. Бек.) Эшик ачылып, катуу жабылды. (Т. С.) Жеңишбектин үнү Сапарга эркелегендей чыкты. (С. Ө.)
5. Ажырагыс сөз айкаштары да сын-сыпат бышыктоочтун милдетин аткарышат: - Баарын да бүтүрөбүз - деп, ал мурутунан жылмайып күлүп койду. (К. Б.) Амантур кагынып-силкинген бойдон чыгып кетти. (А. Уб.) Жапарды ортого алып, уй мүйүз тартып отурушту. (К. Б.)

§ 43. ОРУН БЫШЫКТООЧ.
Кыймыл-аракеттин ордун, багытын жана анын кайдан башталганын көрсөтүп, кайда? кайдан? кайсы жерде? кайсы жерден? кайсы жактан? кайсы жакка карай? кайсы жакты көздөй? каяктан? деген суроолорго жооп берип турган айкындооч мүчөнү орун бышыктооч дейбиз.
Орун бышыктоочтун милдетин, негизинен, төмөнкү сөздөр аткарат.
1. Орун тактоочтор: Чаңдын баары Даниярга кап-талып, ал артта калды. (Ч. А.) Ал келип, алдыда бараткан камандын дөөсүнө урунат. Бирок ошол замат түндүк бою өйдө секирип, кайра чалкасынан кетет. (С. К ) Теңселип жыгыла баштаганда, ал токтой калып, күч жыйнап, алдыга утурлайт. (Ч. А.)
2. Орун бышыктоочтун милдетин орундук, мейкиндик маанисиндеги жатыш, барыш, чыгыш жөндөмөсүндө турган з'ат атоочтор аткарат. Бул учурда алар кайда? каякка? кайдан? деген сыяктуу мейкиндик маанисиндеги суроолорго жооп берет.
Мисалы: Андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар. (Ч. А.) Бөлмөсүндө жалгыз Жамийла отурат. (К. Б.) Жылуу-Булактын башы Ат-Жайлоодон башталат ж. б.
3. Карай, көздөй, чейин, дейре деген жандооч сөздөр барыш жана табыш жөндөмөлөрүндөгү атооч сөздөргө айкаша келип, орун бышыктоочтун милдетин аткарат: Бурулча колуна конвертти алып, Стамбектин үйүн көздөй кете берди. (К. Б.) Наташа булкуна сүйлөп, бакты көздөй кетти. (К. Бек.) Жаш кезимде оокаттын айынан мен да Пишпекке дейре темтеңдеп жөө баргам. (К. Бек.)
4. Орун бышыктоочтун милдетин ажырагыс сөз айкаштары да аткарат. Орун бышыктоочтун милдетин аткарып турган мындай сөз айкаштарынын биринчи компонента, көбүнчө, шилтеме ат атоочтордон, айрымдары жактама ат атоочтон, белгисиздик мааниде колдонулган бир, эки деген сан атоочтон, ары, бери, алды, арты деген тактоочтордон жана оң, сол, батыш, чыгыш, түштүк, түндүк сыяктуу сөздөрдөн турат. Ал эми анын экинчи компонента барыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүнүн мүчөсү уланган багыт, мейкиндик маанисиндеги жак, тарап, жер деген өңдүү сөздөрдөн болот да, мааниси жагынан орундук, багыттык түшүнүктү берет: Биз жакта мындай жалбырактар болбойт. (Ч. А.) Ал азыр сур кашканы алчактатып, тигил мекеме жактан бастырып келаткан. (Т. С.) Алды жакта Жамийла кетип баратат. (Ч. А.) Алексей ушул жерде төрөлгөн. (К. Бек.)
5. Багытты, мейкиндикти билдирүүчү сурама ат атоочтор да opyн бышыктоочтун милдетин аткарат: Кетмен менен иштебей, нанды кайдан табасың. (Макал.) — И, кана, жайыңды айтчы, кайдан келе жатасың? (К. Бек.) - Айылдагы эркектер каякка кетти? (К. Ж.)

§ 44. МЕЗГИЛ БЫШЫКТООЧ.
Кыймыл-аракеттин болгон, болуп жаткан, же боло турган мезгилин көрсөтүп турган айкындооч мүчө мезгил бышыктооч деп аталат. Мезгил бышыктоочко качан? качантан бери? качанга чейин? качанга дейре? качантан тартып? кайсы убакта?кайсы убактан бери? деген суроолор берилет.
Мезгил бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат.
1. Жөнөкөй жана татаал формадагы мезгил тактоочтор: Арыкбай жана тоодон кайткан эле, азыр мында келет. (К. Б.) Даниярдын буту жарадар экенин эмне үчүн мурда ойлободук экен. (Ч. А.) Сакадайдын кайнаткан чайы алда качан муздаган. (К. Ж.) Бороон түн бою улуйт. ( К. Ос.)
2. Ошол, ал деген шилтеме ат атоочторго жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланып уюшулган тактоочтор да мезгил бышыктоочтун милдетин аткарат: Жамийла ошондо менин алдымда кетип бара жаткан. (Ч. А.) Ал анда госпиталда жаткан. (Ч. А.)
3. Идиомалык жана туруктуу сөз айкашынан турган тактоочтор аткарат: Көз ачып жумганча көңүлүнө алда канча ойлор келип кетти. (К. Ж.) Ал жөө да эртеден кара кечке колхоздун жумушунда. (Ч. А.) Токмоктон таң кулан өөк салганда сапар тартып чыгышты. (К. Бек.) Күндөрдүн биринде жаткан жериме үч бала келип калды. (К. Ж.) Иштин эмне болуп кеткени Дүйшөнкулдарга кирпик ирмегенче түшүнүктүү болду. (К. Ос.)
4. Мезгил бышыктоочтун милдетин ажырагыс сөз айкаштары аткарат. Мезгил бышыктоочтук милдетти аткарып турган мындай сөз айкаштары төмөнкү формаларда кезигет.
а) Атооч, же жатыш жөндөмөсүндөгү мезгилдик маанидеги учур, убак, кез, күн, мезгил, саат, минута сыяктуу сөздөрдүн алдына шилтеме ат атоочтордун, белгисиздик маанидеги бир деген сөздүн жана өз деген ат атоочтун айкаша айтылышынан мезгил бышыктооч түзүлөт. Алар ошол учурда тике карашкандай болушту. (Ч. А.) Дал ошол минутада өкүрүп ыйлап жатканын, же күлүп жатканын Чоко өзү сезбеди. (К. Ж.) Нак ушул мезгилде Самтыр маңдайдагы беттен көрүндү (Т. С.) Бир кезде эшик алдына араба токтоду. (К. Б.)
б) Атооч, же жатыш жана барыш жөндөмөсүндө турган мезгилдик маанидеги (күн, саат, ай, жума, жыл, жаш ж. б.) сөздөрдөн мурун сан атоочтун, аныктама ат атоочтун, же сандык маанидеги бир нече, бир канча, бир топ сыяктуу сөздөрдүн байланыша келиши менен түзүлгөн сөз айкаштары мезгил бышыктоочтук милдетти аткарат: Эмизип саалган уйлар октябрь айында эле байып кетти. (А. У б.) Ошондо биз мамлекеттик планды жети күндө аткарган болобуз (оозеки речтен). Госпиталда бирге жаттык, ал дагы бир-эки айда үйгө кайтып калар (Ч. А.) Муслимахун ошол Жорого малай болуп он беш жыл иштейт. (К. Ж.)
в) Жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн кабыл алып турган мезгилдик маанидеги убак, кез, мезгил, учур, маал ж. б. ушу сыяктуу сөздөр менен тутумдаша айтылган кээ бир атооч сөздөр ажырагыс айкашта туруп, мезгил бышыктоочтун милдетин аткарат: Дем алуу убактысында кирели. (С. Ө.) Алматайдын тирүү кезинде да мындай иштер болбой койчу эмес. (К. Ос.) Бул окуя колхоздошуу убагында да болгон (С. Ө.) ж. б.
5. Жат, жүр, отур, тур жардамчы этиштери аркылуу уюшулган татаал этиштерге атоочтукту уюштуруучу -ган мүчө жана жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланып келүү менен мезгил бышыктоочту пайда кылат: Кулу жүдөп баратканда айылдагылардан акыл сурады. (К. Ос.) Анткени бара жатканда, келе жатканда да Данияр аттарды тындырбай айдап жүрүп отурду. (Ч. А.)
6. Мезгил бышыктоочтун милдетин чакчылдын ар түрдүү формаларын кабыл алган сөздөр аткарат. Сатылгандын үйү жайлоого келгени бүгүнкүдөй адамга толгон эмес. (А. Т.) Мен жолдошторумдун артынан жетмейинче тынбайм. (Т. С.) Айда, барыш керек. Бара көрөбүз. (М. Э.)
7. Кийин, соң, чейин, дейре, сайын деген жандоочтор чыгыш жөндөмөсү уланган жана мезгилдик маанидеги сөздөр менен айкаша айтылып, мезгил бышыктоочтун милдетин аткарат: Сабактан кийин Бөдөнө-Уяга баралы ээ, балдар. (С. Ө.) Үч күндөн кийин Карып Ажардын үчүлүгүн берди. (К. Ж.) - Түшкө чейин базарлайм, түштөн кийин кетемин,— деди Егор. (К. Бек.) Сооронбайлар Ошко жума сайын келип турат. (К. Ж )

§ 45. СЕБЕП БЫШЫКТООЧ.
Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин себебин билдирүүчү айкындооч мүчө себеп бышыктооч деп аталат. Себеп бышыктоочтор сүйлөм тизмегинде эмнеликтен? неге? эмне үчүн? эмне себептен? деген суроолорго жооп болуп түшөт.
Себеп бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарышат.
1. Чыгыш жөндөмөсүндө турган - «ган» формасындагы атоочтуктар себеп бышыктоочтун милдетин атка-рат: Аны көргөндө, бала кубангандан көз жашын кыл-гыртып ыйламсырады. (К. Бек.) Шашканымдан сүрөтүмдү беките албай да калдым. (Ч. А.)
Кээ бир атоочтуктар - дык + тан формасында келип да, себеп бышыктоочтук милдетти аткарат: Корккондуктан ар кимисинен жан тер чыгып, өпкөлөрү көөдөнүнө батпай демигет (К. Ос.) Дүйшөмбүнүн түнүндө төрөлгөндүктөн аты Дүйшөнкүл болсун деди. (Ж. Б.)
2. Үчүн деген жардамчы сөз атооч сөздөр жана атоочтуктар, кыймыл атоочтордон кийин келип, себеп бышыктоочту уюштурат: Тамак үчүн асмандагы куш торго түшүптүр. (Макал) Жаткыргандыгы үчүн чайха-начы күндө суу ташытып алат. (К. Бек.)
3. Ачкалык, кедейлик, жокчулук, тартипсиздик, жалкоолук деген сыяктуу абстрактуу маанидеги зат атоочторго чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланып келип, себеп бышыктоочтук милдетти аткарат: Ачкалыктан жөөлүп жатпасын? (К. Ж.) Жокчулуктун айынан ат жалын тартып мине элегиңде жөнөп бара жатасың.(К. Бек.) Ал тартипсиздигинен окуудан чыгарылган болучу.
4. Себеп тактоочтор аткарат: Арыкбай атынын, башын амалсыздан бурду. (К. Бек.) Апенди айласыздан кайра келди. («Апендинин жоруктары»).

§ 46. МАКСАТ БЫШЫКТООЧ.
Сүйлөмдө кыймыл аракеттин максатын билдирүүчү айкындооч мүчө максат бышыктооч деп аталат.
Максат бышыктоочко эмнеге? эмне үчүн? эмне кылууга? эмне максат менен? деген суроолор берилет.
Максат бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарышат.
1. -Оо, -уу, -ыш, -мак мүчөлөрү уланган кыймыл атоочтордон кийин жана -сын мүчөсү уланган буйрук ыңгайдан кийин үчүн жандоочунун байланышып келиши менен түзүлгөн сөз айкаштары аткарат: Ал казандагы жаңы бышырган сүттү айран уютуу үчүн сапырып жатыптыр. (К. Ос.) Мен сиздин көңүлүңүздү алагды кылбоо үчүн кайыктын жанында калайын. (К. Ж.) Зоотехник Акиш бул жерге саанчылар менен аңгеме өткөрүш үчүн келип отурган эле. (А. Уб.) Мен сенин эртең менен кантип сыилаганьщды керүп сынамак үчүн акчаны ыргыттым. («Апендинин жоруктары»).
2. Барыш жөндөмөсүндөгү кыймыл атооч кыймыл этиштер менен байланышып, максат бышыктоочтук милдетти аткарат: Азыр ош олордун ишин көрүүгө бара жатам. (К- Ж.) Эмне болгонун билмекке өзүн эске түшүрөт. (К. Ос.)
3. Каалоо ж ана буйрук ыңгай этиштерден кийин деп жардамчы этишинин келиши менен уюшулган сөз айкаштары аткарат: Даниярга жардамдашайын деп умтулдум. (Ч. А.) Сизди район жакта бир жумушка барып келсин деп чакырттым эле. (А. Уб.)
4. Максат тактоочтор аткарат: Конкаргаев ошол күнү атайы келген болучу. (Т. С.) Алыстан келүүчүлөргө атайын кырк үй көтөрүлдү. (К. Ос.)
5. - ганы формасындагы чакчылдар аткарат: Абдырасул бетин жууганы арыктын жээгине отурду. (С. С.) Алар чөп чапканы кетишкен.
6. Кээ бир кыймыл атоочтор менен ниети менен, максаты менен деген сөздөр айкаша айтылуу аркылуу да максат бышыктооч тузүлөт: Жаштар билимдерин өркүндөтүү максаты менен Москва, Ленинград шаарларында окуп жатышат. Ал социалисттик мелдештен жеңип чыгуу ниети менен иштеп жатат.

§ 47. САН-ӨЛЧӨМ БЫШЫКТООЧ.
Кыймыл-аракеттин, же абалдыи иретин, сандык, деңгээл-даражалык, салмактык жана нарктык, кээде мезгилдик, мейкиндик (орундук) өлчөмүн билдирип, канча? нече? канчанчы? неченчи? канча жолу? нече ирет? деген суроолорго жооп берип турган айкындооч мүчө сан-өлчөм бышыктооч деп аталат.
Сан-өлчөм бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат.
1. Сан атооч сөздөр. Кымыз ичип, үйгө киргенче жалгыз күүсүн карыя он чакты кайтарып чертти. (А. Т.) Атам мени эки-үч муштап жиберди. (К. Ж.) Кыргыз жерине бул алтоо биринчи учушкан— деп, аэроклубдун начальниги түшүндүрө баштады. (А. Т.)
2. Сан-өлчөм тактооч сөздөр: Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, кеп тыңшайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт. (эл макалы.) Карл Маркс атындагы колхоздун чабынды жерлери бүтүндөй чабылып бүттү.
3. Сан атооч сөздөр кээ бир зат атооч сөздөр менен ажырагыс айкашта айтылып, сан-өлчөм бышыктоочту түзөт. Ысман ал арада Өмүрбектен он беш жолу кат алды. (А. Т.) Бир мертебе ийнеси оймоктон тайып кетти, бир-эки ирет учугу чатышты. (Т. С.) Алымды ойлой күнүгө үч-төрт маал ыйлайт. (К. Жантөшев).
4. Айрым зат атоочтор — ганча формасындагы чакчылдар менен ажырагыс айкашта туруп, сан-өлчөм бышыктоочтун милдетин аткарат: Бир убакта комсомолец маңдайы жарылганча кубанып кетти. (Т. С.) Курдаштары мунун кылыгына көздөрүнөн жаш чыкканча күлөт. (К. Ос.) Таабалдынын суроосуна ал боору катканча күлдү (К. Бек.)
5. — Ча (-ынча) мүчөсү уланып турган сөздөр кээ бир зат атооч сөздөр менен ажырагыс бирдикте айтылып да, сан-өлчөм бышыктоочтук милдетти аткарат: - Жамийла-а-а-а! - деп, күчүмдүн бардыгынча кыйкырдым. (Ч. А.) - Колдон келишинче тырышып жатам. (К. Бек.) Окуучулар күчүнүн бардыгынча иштеп жатышат.
6. Сан атооч менен салмактык, же нарктык маанидеги кээ бир зат атоочтор айкаша айтылып сан-өлчөм бышыктоочту түзөт: Алар өздөрү үрөндү бир пуддан, эки пуддан топтошту. (К. Б.) Этке төгүлгөн ар бир ириктин салмагы жетимиш беш килограммдан болду.
7. Кээ бир сан-өлчөм бышыктоочторду орун, же мейкиндик аралыкты билдирүүчү сөз айкаштары да пайда кылат: Күн уясынан аркан бою көтөрүлүп калды.(К. Б.) Ал беш кадам басты. Күн батарга көтөрмө бою калды. Биздин айылга дагы бир ат чабым калды.

§ 48. СҮЙЛӨМДӨРДҮН БИР ӨҢЧӨЙ МҮЧӨЛӨРҮ.
Тең байланыштагы сөздөр бирдей милдет аткарып, сүйлөмдүн бир гана мүчөсү менен байланышса, бир өңчөй мүчө деп аталат.
Маанисине жана сүйлөмдөгү аткарган кызматына карай сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн төмөнкүдөй бөлүштүрүүгө болот.
1. Бир өңчөй ээлер;
2. Бир өңчөй баяндоочтор;
3. Бир өңчөй аныктоочтор;
4. Бир өңчөй толуктоочтор;
5. Бир өңчөй бышыктоочтор;

§ 49. БИР ӨҢЧӨЙ ЭЭЛЕР.
Сүйлөм тизмегинде атооч жөндөмөдө туруп, бирдей милдет аткаруучу жана бирдей суроого жооп берүүчү ээлер сүйлөмдүй бир өңчөй ээси деп аталат.
Азыркы кыргыз тилиндеги бир өңчөй ээ кадимки эле сүйлөмдүн ээси сыяктуу, негизинен, зат атооч, ат атооч, зат атоочтук мааниде колдонулган сын, сан атоочтор менен атоочтуктар, кыймыл атоочтор жана сырдык сөздөр аркылуу берилет.
1. Зат атоочтор: Батыш, Зарыл, тилмеч Бурмалар кирип келишти. (Т. С.) Кийин Урум менен Турум чоңойгондо, түндүк көтөрүп, той жасайт. (К. Ж.) Директор, парторг анын сырын биле элек. (Н. Б.)
2. Ат атоочтор: Силер да, мен да,-  баарыбыз Родинаны сүйөбүз. (К- Б.) Силер менен биз эмгектүү элдерденбиз. (Т. С.)
3. Заттык маанидеги сын атоочтор: Найза сайчу мыкты да, айла таап, журт багуучу ыктуу да келишкен экен. (С. К.)
4. Сан атоочтор: Он беш жана отуз үчкө калдык-сыз бөлүнөт. Жетөөнүн экөө жана бешөө азыр кетти.
5. Атоочтуктар менен кыймыл атоочтор: Коркуу, алдастоо болбой койгон жок. Анын басканы, дем алганы. Ажардын Кулагина угулду. (К. Ъ.) Жөнөөчүлөр да, жөнөтүүчүлөр да орундарынан турушту.
6. Заттык маанидеги сырдык сөздөр: Анын бай-байлары да ой-бойлору да эп экен.

§ 50. БИР ӨҢЧӨЙ БАЯНДООЧТОР.
Сүйлөм тизмегинде бир, же бир өңчөй ээлер менен ээрчише байланышып, бирдей милдетти аткарып, бирдей суроого жооп берип турган бир нече баяндоочтун тобу бир өңчөй баяндоочтор деп аталат.
Бир өңчөй баяндоочтор төмөнкү сөз түркүмдөрү аркылуу берилет.
1. Этиш сөздөр аткарат: Бир кезде Кузьмич айткан айыл өзгөрдү, өстү, жаңырды. (Т. К.) Асмандагы кеп жылдыздар Ажарды аяшты, кызганышты (К. Б.) Тору бээге ыргып минди да, кайта чапты. (А. Т.)
2. Зат атоочтор: Азыркы келишкендер — Өмүрбек, Байыш, Шактыбек. Пахта - биздин кийген кийимибиз гана эмес, ал - биздин жеген тамагыбыз, колубуздагы куралыбыз.
3. Сын атоочтор: Алардын жүздөрү жарык, кубанычтуу. (К. Б.) Күзгү буудайлар түшүмдүү, өнүмдүү. Класстардын ичи таза, кенен, жарык.
4. Ат атоочтор: Сүйлөшкендөр - тиги жана бу. Бүгүнкү чогулушта чыгып сүйлөгөндөр - мен, сен, ал.
5. Сан атоочтор: Келе жаткандар— экөө, же үчөө. Жуп сандар— сексен жана токсон.

§ 51. БИР ӨҢЧӨЙ АНЫКТООЧТОР.
Сүйлөмдүн тизмегиндеги атоочтордон болгон бардык мүчөлөрдү жандай келип, алардын сапатын, санын жана башка белгилерин, касиеттерин мүнөздөп, аныктап турган сөздөр бир өңчөй аныктоочтор деп аталат.
Бир өңчөй аныктоочтордун милдетин төмөнкү сөз түркүмдөрү аткарат.
1. Зат атоочтор: Ушул булгаарыдан өтүктүн, маасынын кончу чыгат. (С. С.) Жылкычылар Жолой менен Керечтин сөзүнөн шек албады. (К. Ж.) Колхоздун, совхоздун өстүргөн жүзүмүнүн, алмасынын, алчасынын эң жакшылары балдар бакчасына жөнөтүлүп турулат.
2. Сын атоочтор: Менин ардактуу асыл конокторум - ушулар. (К. Б.) Ажардын сулуу, сүйкүмдүү, ак жуумал өңүн көрүп, Сабитахун мурунтан эле кызыгып жүрө турган. (К. Б.) Анысы семиз, чатыраган, кызыл киши экен. (М. Э.)
3. Ат атоочтор: Алардын жана силердин жасаган ишиңер, көңүлгө жагат. Анын жана сенин окууң бирдей эмес, ар башка.
4. Атоочтуктар жана кыймыл атоочтор: Иванды билген, тааныган кыргыздар ага бирдемесин бергиче шашчу. (К. Б.) Көргөн жана билген кишилерге салам айт (оозеки речтен). Колхоздо чөп чабуу, аны үйүү, ачытуу, эгин сугаруу, отоо жумуштары кызуу жүрүп жатпайбы.. Б.) Чачылганды жыйноочу бузулганды оңдоочу киши бар. (оозеки речтен).
5. Сан атоочтор: Биздин мектептин биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү класстары эртең менен, эл эми бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи класстары түштөн кийин окуйт. Окуучулар биринчи күнү он гектар, экинчи күнү он беш гектар, үчүнчү күнү жыйырма гектар жердин чөбүн чабышты жана жыйнашты.

§ 52. БИР ӨҢЧӨЙ ТОЛУКТООЧТОР.
Сүйлөмдө, көбүнчө, этиштик жана атоочтук баяндоочторду жандай келип, бирдей суроого жооп берип турган бир нече толуктоочту бир өңчөй толуктооч дейбиз.
Бир өңчөй толуктоочтор төмөнкү сөз түркүмдөр аркылуу берилет.
1. Зат атоочтор бир өңчөй толуктоочтун милдетин аткарат. Атаң батышта сенин, сага окшогон миңдеген совет элинин балдарынын жыргалдуу турмушун, оюн-күлкүсүн, түн уйкусун сактап, канкор жоо менен катуу салгылашып жатат. (К. Б.) Ага-иниге, жердештерге салам де, куттуу эне? (Т. С.)
2. Сын атоочтор бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткарат: Көгүнөн, кызылынан, жашылынан тандап алыңыз. Ал түр карандаштардын карасын, сарысын, күрөңүн алып чыкты (оозеки речтен).
3. Сан атооч сөздөр бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткарат: Күн ысыкта ылаалаган жылкылар бирден, экиден чубап, суунун боюна кетип жатты. Биздин бригада колхоздук сыйлыктын биринчисин жана экинчисин жеңип алды.
4. Ат атоочтор бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткарат: — Эми койсоңчу, өзүңдү да, бизди да кыйна-сай. Сен өзүңдү, мени да ойло. (К. Б.) Ал мага да, сага да бирдей эле (оозеки речтен).
5. Атоочтуктар бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткарат: Кабарды баргандан, келгенден билдирип тур. Ал уялгандан катуу чуркаган, жүгүргөн болду. Мен көргөнүмдү, укканымды айтам. (К. К.)
6. Кыймыл атоочтор да бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткара берет. Ажарга элүүдөн, болбосо тентип бир жакка кетүүдөн башка эч бир айла калбай калды. (К. Б.) Ал ырдоодон да, бийлөөдөн да жадабайт. (оозеки речтен).
7. Зат атооч сөздөр менен кээ бир жандооч сөздөр ажырагыс айкашта айтылып, бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткарат. Ал бүгүн Аман жана Акмат менен таанышты. Иштин көпчүлүгү Арыкбай жана Асан аркылуу бүттү.

§ 53. БИР ӨҢЧӨЙ БЫШЫКТООЧТОР.
Этиштик, сын атоочтук, тактоочтук баяндоочторду, атоочтуктардан, кыймыл атоочтордон болгон сүйлөмдүн бардык мүчөлөрүн жандай келип айтылган жана бирдей суроого жооп берип турган бир нече бышыктооч бир өңчөй бышыктооч деп аталат.
Бир өңчөй бышыктоочтор төмөнкү сөз түркүмдөрдөн жасалат.
1. Зат атоочтордон: Музейлерге, театрларга бардык,метрону көрдүк. Маңдай жакта кел берилеген Тянь-Шанга, ортодогу көйкөлгөн көлгө, тиги булуңга, машина өткөн кан жолго көзүн талдырды. (Т. С.)
2. Сын атоочтордон: Быйылкы биздин күздүк буудайлар коюу, тегиз жана жакшы чыкты (оозеки речтен). Ал бүгүн өзүн-өзү сыйда-сыпайы, токтоо жана мыкты алып отурду.
3. Сан атоочтордон: Ал катар салынган окшош үйлөрдүн алдына келип токтой калды да, адегенде биринчисине, андан кийин экинчисине, анан үчүнчүсүнө кирмек болду.
4. Тактооч сөздөрдөн: Жакында, алыста, кайда, кайсы жерде жүрсөк да, өз Родинаны эстейбиз. (К. Б.) Биздин шартыбыз боюнча жазда, жайда күзгө маал иш айрыкча куч алат. (А. Уб.)
5. Чакчылдардан: Ал этегин кымтый уялыңкырап отурду. . Ж.) Ал этек-жеңин кымтыланып, көйкөлүп, сыңар тизелеп отурду. (К. Б.)
6. Атоочтуктардан: Ал жөнүндө сабак башталганда, окуганда сүйлөшөрбүз. Ал мунун кыялына өзү чоңойгондо, бой жеткенде түшүнөт.

§ 54. СҮЙЛӨМДҮН БИР ӨҢЧӨЙ МҮЧӨЛӨРҮНҮН ТУТУМДАШУУ ЖОЛДОРУ.
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү бири-бири менен интонация же байламталар аркылуу байланышат.
Бир өңчөй мүчөлөр интонация аркылуу төмөнкүдөй  тутумдашат: Катуу-Багыт, Какшаал, Улуу-Чаттын тоолорун эки, үч жолу кыдырып чыккан Жолой. (К. Ж.) Аскалуу Ала-Тооңду, көйкөлгөн сонун көлүңдү, меймандос кыргыз элиңди барып, көз менен көргүм келет. (К. Б.)
Бир өңчөй мүчөлөр байламталар аркылуу төмөнкүдөй тутумдашат: Ажарда ата да, эне да жок. (К. Б.) Данияр менен Жамийла көпкө отурушту. (Ч. А.) Зыядахан бар топ кыз-келин жана улгайган кемпирлерди ээрчитип келет. (К. Ж.)

§ 55. БИР ӨҢЧӨЙ МҮЧӨЛҮҮ СҮЙЛӨМДӨРДӨГҮ ЖАЛПЫЛАГЫЧ СӨЗДӨР.
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн бириктирип, жалпылап турган сөздөр жалпылагыч сөздөр деп аталат.
Жалпылагыч сөздөр бир өңчөй мүчөлөрдөн мурун келсе, жалпылагыч сөздөн кийин кош чекит коюлат, ал эми бир өңчөй мүчөлөрдөн кийин келсе, жалпылагыч сөздөн мурун сызыкча коюлат.
Мисалы: Биздин ураан: тынчтык, достук, эркиндик. (А. Т.) Илгери үмүт деп көптөн бери жыйнаган жууркан-төшөк, идиш аяк - баарын көтөрүп келип, ал арабага салды. (К. Б.) Мына бул Жеңишбек тетиги Микола-Аскер - экөө бешик дос болушсун. (Т. С.)

§ 56. БИР ӨҢЧӨЙ МҮЧӨЛҮҮ СҮЙЛӨМДӨРДӨГҮ ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕР.
1. Бир өңчөй мүчөлөр бири-бири менен интонация аркылуу байланышса, анда бир өңчөй мүчөлөр үтүр менен ажыратылат: Жолборс, аюу, карышкыр, түлкү - төртөө жолдош болушуп, тапкандарын ортого салып, оокат кылууга убадалашты. (эл жомогунан).
2. Бир өңчөй мүчөлөр байламталардын жардамы менен өз ара байланышат. Бул учурда төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек.
а) Бир өңчөй мүчөлөрдү «жана, менен» сыяктуу кайталанбай турган байламталар байланыштырса, анда алардын араларына үтүр коюлбайт: Бул ишке айыптуу - Айыке менен Берен. (К. Ж.) Совет элинин көрсөткөн эң улуу революциячыл баатырдыгы бардык өлкөлөрдүн жана континенттердин эл массасын кыймылга келтирди жана шыктандырды. (КПССтин программасынан.)
б) Же, да жана башка байламталар бир өңчөй мүчөлөр менен кошо кайталанып келе беришет. Мындай учурда бир өңчөй мүчөлөр үтүр менен ажыратылат: Жапарды Айша да, Уулжан да чоң кубаныч менен каршы алышты. (К. Б.) Ал күндүз да, түндө да, жайкы ысыкта да, кышкы бороон-чапкында да чек ара күзөткөндөн талбайт. Бүгүн же Ашым, же Абдылда келет.
в) Же, же болбосо деген байламталар кайталанып келсе, бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына үтүр коюлат: Сугатка же Бектурсун, же Айша, же Алым барат. Шактыбек окууга же Москвага, же Ленинградга барат. Же болбосо сен, же болбосо мен барамын (оозеки речтен).

§ 57. ТҮШҮНДҮРМӨ МҮЧӨ.
Сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, анын маанисин аныктап, ар түрдүү кырдаалдагы абалын толуктап, тактап түшүндүрүп турса, түшүндүрмө мүчө дейбиз.
Түшүндүрмө мүчө түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай: жандамалуу түшүндүрмө мүчө, түгөйлүү түшүндүрмө мүчө жана обочолонгон түшүндүрмө мүчө болуп, үчкө бөлүнөт.

§ 58. ЖАНДАМАЛУУ ТҮШҮНДҮРМӨ МҮЧӨ.
Аныкталгычтан кийин жанаша айтылып, анын кесибин, туугандык байланышын, жаш өзгөчөлүгүн, сапатын жана башка белгилерин көрсөтүп турса, жандамалуу түшүндүрмө мүчө дейбиз.
Жандамалуу түшүндүрмө мүчөдө аныкталуучу сөз, көбүнчө, адам аттарынан болот, да, аны аныктай турган түшүндүрмө мүчө: карыя, байбиче, жеңе, эже, аке, ата, апа, эне, агай; келин, сулуу, баатыр, тенте к, ак сакал, уста, жылкычы, бригадир, мугалим, өтүкчү, чалмачы ж. б. ушу сыяктуу сөздөрдөн болот.
Мисалы: Сапар уста колхоздо көптөн бери иштейт. Акмат карыя нускалуу сөздөрдү көп айтат. (Оозеки речтен.) Бир аздан кийин Чаргын байкем, Акия жеңемдер келишет. (Т. С.)

§ 59. ТҮГӨЙЛҮҮ ТҮШҮНДҮРМӨ МҮЧӨ.
Аныкталуучу затка экинчи бир зат атооч кош айтылып, анын кесибин жана ар кандай белгисин билдирип турса, түгөйлүү түшүндүрмө мүчө деп атадат.
Мисалы: инженер-электрик, инженер-механик, телефон-автомат, механик-айдоочу, учкуч-истребитель, инженер-технолог, жоокер-пулеметчик, мектеп-интернат, инженер-новатор.

§ 60. ОБОЧОЛОНГОН ТҮШҮНДҮРМӨ МҮЧӨ.
Сүйлөмдүн баш, же айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, алардын маанисин аныктап, тактап жана толуктап турса, обочолонгон түшүндүрмө мүчө деп аталат.
Речь тизмегинде ээнин да, баяндоочтун да, аныктоочтун да жана бышыктоочтун да обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрү болот.
Мисалы: Биз, Фрунзеликтер, Фрунзени жылдын бардык мезгилдеринде сүйөбүз. Биз студенттер көп окуп, көп билишибиз керек. Турмуштун жыргалы бизде, СССРде. Бүгүнкү чогулушта Мусаевдин, колхоздун парторгунун, отчету болот. Бизге, окуучуларга эмгектен качууга болбойт.

§ 61. ОБОЧОЛОНГОН ТҮШҮНДҮРМӨ МҮЧӨЛӨРДӨ КОЮЛУУЧУ ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕР.
Оозеки речте обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдүн башталышында жана аякталышында кыска тыным болуп, анын өзү көтөрүңкү айтылат. Жазуу речте алар эки жагынан тыныш белгилери менен ажыратылып жазылат.
1. Обочолонгон түшүндүрмө мүчө бир сөздөн, же сөз айкашынан болсо, эки жагынан үтүр менен ажыратылат. Мисалы: Көк-Арт өрөөнүндөгү Октябрь айлында, элдик баатыр Туку бай Байгараев туулуп өскөн кыштакта, бийик пьедесталда, пилоткачан жоокердин бюсту турат. («ЖЛ».) Биз, студенттер, өзүбүздүн университетибизди чексиз сүйөбүз.
2. Обочолоңгон түшүндүрмө мүчө, же аныкталып турган мүчө бир өңчөй- мүчөлөрдөн болсо, түшүндүрмө мүчөнүн алдына сызыкча, кийин үтүр коюлат. Мисалы: Советтик окумуштууларга, инженерлерге, техниктерге - космос кораблин түзгөндөргө, урмат жана даңк! («СК».)
3. Эгерде обочолонгон түшүндүрмө мүчөдөн кийин ага улай бир өңчөй мүчөлөр катар айтылса, түшүндүрмө мүчөнү өзүнөн кийинки бир өңчөй мүчөлөрдөн даана ажыратып туруу үчүн, обочолонгон түшүндүрмө мүчөдөн кийин сызыкча, мурун үтүр коюлат.
Мисалы: Биз, дыйкандар-дан, сүт, эт, камдасак, жумушчулар биз үчүн кездеме, соко, темир тырмоо, араба, шайман, ар түрдүү толгон нерселерди камдайт. (Т. С.)
4. Обочолонгон түшүндүрмө мүчө сүйлөмдүн баяндоочун аныктап турса, түшүндүрмө мүчөдөн мурун үтүр коюлат.
Мисалы: Сурьманын көп чыга турган жери бизде, Кыргызстанда. Төрт түлүк малдын бардык түрү биздин айылда, Карл Маркс колхозунда.
5. Чакырык маанисинде айтылып жаткан сүйлөмдүн аягына келген ээни түшүндүрмө мүчө аныктап келсе, экөөнүн ортосуна сызыкча коюлат.
Мисалы: Жашасын, коммунизм - адамзаттын жаркыраган келечеги! Жашасын советтик профсоюздар - коммунизмдин мектеби! («СК».)

§ 62, СҮЙЛӨМ МҮЧӨЛӨРҮНҮН ОРУН ТАРТИБИ.
Сүйлөм мүчөлөрүнүн сүйлөм ичинде белгилүү бир ирет менен жайгашышы алардын орун тартиби деп аталат.

§ 63. ЭЭНИН СҮЙЛӨМДӨ АЛГАН ОРДУ.
Сүйлөмдүн ээси дайыма баяндоочту башкарып тургандыктан, ал көбүнчө, баяндоочтон мурда аңтңдат. Бирок төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуубуз керек.
1. Ээ менен баяндоочтон түзүлгөн жалаң сүйлөмдөрдө ээ биринчи орунду ээлейт: Кыш түшүп калган. (М. Э.) Силер баргыла. (Т. С.) Орокчулар жыйналып калышты. (К. Б.)
2. Жайылма сүйлөмдөрдө ээ мурун айтылып, андан кийин баяндооч келет: Мен Табылдынын колунда калдым. (К. Б.) Жолдун тоому көрүндү. (Н. Б.)
Жайылма сүйлөмдөрдө ээ кээде баяндооч менен катар турса, кээде бири-биринен алыс туруп калат. Ал төмөнкү учурларда болот:
Айкындооч мүчөлөр ээге гана таандык болуп, баяндоочко тиешелүү айкындооч мүчө болбосо, ээ менен баяндооч катар келет: Алардын назик үндөрү кубулжуду. (К. Ж.) Айтылбаган сөз калган жок. (Т. С.)
б) Айкындооч мүчөлөр баяндоочко гана таандык болсо, ээ сүйлөмдүн башында келет: Мен Кеңеш өкмөтүнүн кызматчысымын. (Т. С.) Батма Көбөгөн менен жөнөдү. (К. Б.)
в) Ээнин да, баяндоочтун да өзүлөрүнө таандык айкындоочтору болсо, ээ баяндоочко тиешелүү айкындоочтордун алды жагынан, башкача айтканда, сүйлөмдүн ортосунан орун алат: Ажырашар дос ээрдин кашын сурайт. (Макал). Эмгек үстүндө жүргөн кишилер ушундайча сүйлөйт. (Т. С.)
г) Эгерде баяндооч логикалык басым менен айтылса, ээ баяндоочтон кийин орун алат: Бузукусуң сен! (Ч. А.) Мына биздин Сухими (К. Б.)

§ 64. БАЯНДООЧТУН СҮЙЛӨМДӨГҮ ОРДУ.
1. Сүйлөмдүн баяндоочу грамматикалык жактан ээге баш ийип турат, ошол себептүү ал, ургундай көпчүлүк учурда, ээден кийин келип, сүйлөмдүн аягынан орун алат: Дүйнөгө тиричилик кирди. (К. Б.) Арадан көп күн өттү. (М. Э.)
2. Баяндоочко логнкалык басым түшүрүлүп айтылса, ал ээден мурун келет: Жазга жетпей чирийт аның! (Ч. А.) Жашасын совет эли! Жоголсун согуш!
3. Ырларда стилдик максатта, же уйкаштыкты сакташ үчүн баяндооч ээден мурун айтыла берет:
Таңда туруп карачы,
Таасирлентет агын суу (Э. Т.)
Тереңде бир жалын тутанып,
Дегдетет, эңсетет кусалык (Э. И.)

4. Төл сөз тике сөздүн ортосунда, же аягында келгенде, төл сөздүн баяндоочу ээден мурун айтылат: «Ким иштебесе,— деген Ленин,— ал тшитебейт». —Жапар ага,— деди Кожобек,— районго мен барсам кантет? (К. Б.)

§ 65. АНЫКТООЧТУН СҮЙЛӨМДӨГҮ ОРДУ.
1. Аныктооч аныкталгыч менен ыкташуу жолу аркылуу байланышса, анда ал түздөн-түз аныкталгычтын  алдынан орун алат: Анархан Камилжандын жаман үйүндө турган. (К. Ж.) Орузбай ячейкенин миңгени - сопол куйрук күрөң. (Т. С.).
2. Илик жөндөмөсүндө турган аныктооч да, көбүнчө дал аныкталгычтын алдынан орун алат: Кечинде чындап эле колхоздун мекемесине чакырып калды. (Ч. А.) Жапар өзүнүн ишинде. (К. Б.)
3. Аныкталгычтын жанына иликтеги аныктоочтон башка дагы айкындооч мүчө турса, анда илик жөндөмөсүндөгү аныктооч өзүнүн аныкталгычынан бөлүнүп, андан оолак жайгашып калат: Ошол жылы күздө МТСте трактористтердин үч айлык курсу ачылды. (К. Б.) Асандын армиядан келген уулу Москвага окууга кетти.
4. Аныктөоч сөз өзгөчө белгиленип, басым менен айтылганда, же ырларда уйкаштыкты сактоо керек болгондо, иликте турган аныктооч өзүнүн аныкталгычынан кийин орун алат: Ал кезде жашым менин отузда. (К. Б.)

Кабагы мекенимдин болсо ачык,
Кабагым менин дагы күлүп турат. (К. Д.)

§ 66. ТОЛУКТООЧТУН СҮЙЛӨМДӨГҮ ОРДУ.
1. Аягындагы табыш жөндөмөнүн мүчөсү түшүп калып айтылган тике толуктоочтор дайыма өзүн башкарып турган сөздүн дал алдынан орун алат: Үмөтаалы жазда аштык айдап, жайда чөп чапты. (К. Ос.) Атам тоодон жылкы айдап келет.
2. Табыш жөндөмөнүн мүчөсү түшүп калып, көмүскөдө калып айтылбай, уланып айтылган тике жана кыйыр толуктоочтор, көбүнчө түздөн-түз башкарып турган сөздүн алдына жайташат: Түш ченде чоң кыштакты аралап кирдик. (М. Э.) Уулуу сөздөрүн айтып, сай сөөгүмдү сыздатышат. (К. Б.)
3. Баяндоочтун жанында аны менен тыгыз байланышкан башка айкындооч мүчө болсо, анда толуктооч ошол айкындооч мүчөнүн алдынан орун алат: Сугатчылар бедени үч-төрт жолу сугарышты. Айткулу төшөгүнөн шашып турду. (К. Б.)
4. Эгерде бир эле баяндооч менен тике толуктооч да, кыйыр толуктооч да байланышып келсе, алар сүйлөм ичинде төмөнкүдөй тартипте жайгашышат.
а) Көпчүлүк учурда тике толуктооч кыйыр толуктоочтон кийин келет: Азыр да ал Таабалдыга акыл-насаатын айтып отурат. (К. Бек.) Чөнтөгүнөн чакчасын сууруп чыгып, наспай чекти. (К. Б.)
б) Кээде стилдик максатка карай, мурун тике толуктооч, кийин кыйыр толуктооч айтылып калат: Мен бир күнү ушул кепти Алиманга айттым. (Ч. А.) Ал эмне үчүн Алымды мага жибербейт. (К. Ж.)
5. Толуктоочтук милдетти аткарып турган сөз өзгөчө белгиленип айтылганда жана ырларда толуктооч баяндоочтон кийин келип калат: Садагаң кетейин, Койчуке, кала көрбө менден.. Б.)

Араласын таза аба,
Аймап коюн-колтукту (Э. Т.).

§ 67. БЫШЫКТООЧТУН СҮЙЛӨМДӨГҮ ОРДУ
Жалпы алганда, сүйлөм тизмегиндеги бышыктооч сөздөр, көбүнчө өзүн башкарып турган этиштик баяндоочтун алдында келүүгө тийиш. Бирок, ошондой болсо да, анын төмөнкүдөй бөтөнчөлүктөрү бар.
1. Сын-сыпат, сан-өлчөм бышыктоочтор сүйлөмдө, негизинен, этиштик баяндоочтун алдында келет: Чоң энем тымызын журчу. (Т. С.) Зууракан кызылчаны үч ирет түптөдү. (К- Б.)
2. Мезгил бышыктооч сүйлөм тнзмегинде ар кандай мүчөнүн (этиштик баяндооч, айкындооч жана ээнин) алдында келе берет. Ошондуктан мезгил бышыктоочтун сүйлөмдө алган ордун эркин деп айтууга негиз бар. Бирок ал сүйлөмдө алган ордуна карабай, маани жагынан этиштик баяндоочко баш иет: Алардын үчөө азыр жолго чыгышат. (К. Ж.) Бүгүн биз шаарга бара албай калдык.
3. Кээ бир сүйлөмдө бир эле этиштик баяндоочко баш ийген бир нече бышыктооч да кезигет. Мындай учурда этиштик баяндоочко маани жагынан өтө жакын болгону гана ошол этиштик баяндоочтун алдында келип, калгандары өздөрүнүн грамматикалык маани-катышы жагынан болгон жакындыгына карай өз ара ылайыкташа тизмектешип келе берет: Эртеси үйдөн апийимге кеттик. (М. Э.) Ал азыр эле конторадан үйүнө карай кеткен. (Н. Б.)
4. Бышыктооч бир өңчөй мүчө аркылуу келсе, акыркысы гана этиштик баяндоочтун алдынан орун алат да, калгандары өздөрүнүн ыркы менен тизмектешет: Кабар тез эле батальондорго, полкторго жана дивизияга жетти. (Т. С.)
5. Суроолуу, илептүү сүңдөмдөрдүң кээ биринде этиштик баяндооч менен орун бышыктоочтун орун алмашып келген учурлары байкалат: - Чыкпайсыңбы үйдөн? (М. Э.) Биз болгонбуз ал жерде. (А. Т.)

§ 68. ЖӨНӨКӨЙ СҮЙЛӨМДҮН ТҮРЛӨРҮ.
Турмуш чындыгында болуп жаткан окуяларга, кубулуштарга, көрүнүштөргө жана башка нерселерге байланыштуу айтылып жаткан ойдон кабар берүү максатында колдонулган ар кыл түзүлүштөгү тыянактуу сүйлөмдөрдүн тобун түзөт жана ал тил илиминде жөнөкөй сүйлөмдүн түрлөрү деп аталат.
Азыркы кыргыз тилинде жөнөкөй сүйлөмдүн: жалаң сүйлөм, жайылма сүйлөм, толук сүйлөм, кемтик сүйлөм, атама сүйлөм, ээсиз сүйлөм деген түрлөрү бар.

§ 69. ЖАЛАҢ СҮЙЛӨМ.
Баш мүчөлөр (ээ, баяндооч) гана аркылуу түзүлгөн сүйлөм жалаң сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Чаргын келди. (Т. С.) Жол алыс (М. Э.) Алар келишет. Студенттер окуп жатат.

§ 70. ЖАЙЫЛМА СҮЙЛӨМ.
Баш жана айкындооч мүчөлөрдүн катышуусу аркылуу түзүлгөн сүйлөм жайылма сүйлөм деп аталат.
Жайылма сүйлөм үч түрлүү түзүлөт:
а) Ээ, баяндооч жана айкындооч мүчөнүн катышуусу аркылуу: Осмонбек комузун колуна алды. (К. Б.) Стенадагы сааттын чынжыры токсон катар тартылды. (А. Т.)
б) Ээ көмүскөдө калып, айкындооч мүчө менен баяндоочтун катышуусу менен: Кызуу иштеп жаткан элек. (М. Э.) Бир далай жерди жөө басты. (С. С.)
в) Илик жөндөмөсүндө турган айкындооч мүчө көмүскөдө калып, ээ менен баяндоочтун катышуусунун натыйжасында: Жолдошу келди. Мунуңар жарабайт.

§ 71. ТОЛУК СҮЙЛӨМ.
Айтылып жаткан ойдон кабар берүүгө тиешеси болгон сүйлөм мүчөлөрүнүн бүт катышуусу аркылуу түзүлсө, толук сүйлөм деп аталат. Мисалы: Ал бүгүн райондон кайткан. (К. Б.) Сен мени күттүрбө. (А. Т.)

§ 72. КЕМТИК СҮЙЛӨМ.
Бир, же бир нече мүчөсү кемип калып, айтылган сүйлөм кемтик сүйлөм деп аталат. Мисалы:
— Кызың кайда, Сары?! (толук сүйлөм).
— Таң (кемтик сүйлөм).
— Сиз билесизби? (толук сүйлөм).
— Билем, (кемтик сүйлөм).

§ 73. АТАМА СҮЙЛӨМ.
Буюмдар жана заттар, мезгил жана жаратылыштагы ар түркүн кубулуштар жөнүндө айтылган айрым сөздөр, же сөздөрдүн айкаша келген тизмеги атама сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Эрте жаз. Чак түш. Тынчтык! Жыргал заман.

§ 74. ЭЭСИЗ СҮЙЛӨМ.
Ээси болбогон жана ээнин болушун да талап кылбаган сүйлөм ээсиз сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Бизге айланып олтуруп, аркы бетинен келүүгө туура келди. (Т. С.) Ага азыр кетүүгө мүмкүн эмес. (К. Ж.)

§ 75. ГРАММАТИКАЛЫК ЖАКТАН СҮЙЛӨМГӨ МҮЧӨ БОЛО АЛБАГА Н СӨЗДӨР.
Сүйлөм тизмегинде грамматикалык жактан өздөрү сүйлөмгө мүчө боло албаган (ээ, баяндоочтун жана айкындоочтун милдетин аткара албаган - С. И.) жана сүйлөм мүчөлөрү менен тикеден тике, же кыйыр түрдө байланыша албаган сөздөр учурайт. Аларды тил илиминде каратма киринди жана сырдык сөздөр деп атайт.

§ 76. КАРАТМА СӨЗ.
Бирөөгө тике арналып жана кайрыла чакыруу иретинде айтылган зат, же заттык маанидеги сөздөр каратма сөз деп аталат.
Мисалы: Дмитрий аке, сиз мойну сынган орокторду кадатып жибериңизчи. (Т. С.) Беккул, эмнең ооруйт? (М. Э.).

§ 77. КАРАТМА СӨЗДҮН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ.
1. Каратма сөз сүйлөмдүн башына келсе, өзүнөн кийин үтүр коюлат - Элебес, баягы ишиң бүттүбү? (М. Э.) Садагаң, сен бул орок оргонду кайдан үйрөндүң? (К. Б.)
2. Каратма сөз сүйлөмдүн ортосунан орун алса, анда анын эки жагына тең үтүр коюлат: - Ооба, жылдызым, азыр барабыз. (А. Т.) — Айткандай, Наташа, сени кечээ бир киши сураган. (С. С.)
3. Каратма сөз сүйлөмдүн аягынан орун алса, анда анын өзүнөн мурун үтүр коюлат: Уктап алайынчы, апаке! (Н. Б.) - Жаман көрбө, Сергей жан (Т. С.)

§ 78. КИРИНДИ СӨЗ.
Айтылуучу ойдун ар түрдүү кырдаалын билдирген сөздөр, же сөздүн тизмектери киринди сөз деп аталат. Мисалы: Болгондо да, алыс кеткендей болушту. (М. Э.) Сиздин келишиңиз, биринчиден, бизди кубандырып, экинчиден, бактыга ээ кылып отурат. (Н. В. Гоголь).

§ 79. КИРИНДИ СӨЗДҮН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ.
1. Киринди сөз сүйлөмдүн башына келсе, анын өзүнөн кийин үтүр коюлат: Албетте, мындай ишти уланта берүү керек. (Т. С.) Ачыгын айтканда, Сиздин пикириңиз мага көптөн бери белгилүү болгон. (Лев. Т.)
2. Киринди сөз сүйлөмдүн ортосунан орун алса, анда анын эки жагына тең үтүр коюлат: Алар ошентип,бүгүн жете барышат тура. (М. Э.) Сен экөөбүз, эң оболу, окуу жөнүндө сүйлөшөлү.
3. Киринди сөз сүйлөмдүн аягына келгенде, өзүнөн мурун үтүр коюлат: Ал туура айтып жаткандыр, балким. (Т. С.) Бара келсе болмок экен, жок дегенде. (К. Б.)

§ 80. СЫРДЫК СӨЗ.
Морфологиялык жактан өзүнүн өзгөрбөстүк, уңгу, мүчөгө бөлүнбөстүк абалын толук сактап, синтаксистик жагынан сүйлөмдүн тутумундагы өзүнөн башка сөздөр менен байланышпай обочолонуп туруу аркылуу адамдын окуяга, көрүнүшкө, затка жана башка нерселерге карата болгон ички ой-сезимин, туюмун, эрктик жана турмуш-салттык мамилесин билдирип турган сөздөрдү сырдык сөздөр дейбиз.
Мисалы: Баракелде, алып эле арабага коё койду. (Р. Ш.) - Кош, жолдош Артыкалиев, сиз эмне демекчи болосуз?! (К. М.) - Салоомалейкум, акелер! - Алекимасалам, жигит. (К. Ж.)

§ 81. СЫРДЫК СӨЗДӨРДҮН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ.
1. Сырдык сөз сүйлөмдүн башында келсе, анын өзүнөн кийин үтүр, айрым учурда илеп белгиси коюлат: Тейт, анык эмегенде Өскөнбай болмок белем. (Т. С.) Бали, бали, оп бали! Черт, черте түш деген үндөр (оозеки речтен).
2. Сырдык сөздөр сүйлөмдүн арасынан орун алса, анда анын эки жагына тең үтүр коюлат: - Кой, кокуй, ал эмнең? (Ч. А.) Колуктусу бар жигитке алданып, апий, бетим! (К. К.)
3. Сырдык сөз сүйлөмдүн аягынан орун алса, өзүнөн мурун үтүр коюлат:

Мүйүзүң сынгыр, чиге!
Жеримден кетип баратам,
Жеңеле-желпи, кайыр-кош! (Ч. А.)

§ 82. ТАТААЛ СҮЙЛӨМ.
Маани жагынан өз ара байланыштуу келген эки, же андан көп жөнөкөй сүйлөмдөр грамматикалык жактан бири-бири менен өз ара тутумдашып, бирдиктүү бир татаал ойдон кабар билдирсе, татаал сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Айдоо ийгиликтүү өткөн соң, ары-бери караганча эгин кыр жаап, көк чөп улам көйкөлө берди. (Т. С.). Мен сырттан келсем, сен армияга жөнөп кетипсиң. (К. Б.)

§ 83. ТАТААЛ СҮЙЛӨМДҮН СОСТАВЫНДАГЫ ЖӨНӨКӨЙ СҮЙЛӨМДӨРДҮН ТУТУМДАШУУ ЖОЛДОРУ.
Татаал сүйлөмдүн составындагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара төмөнкүдөй байланыша тутумдашат.
1. Интонация аркылуу: Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу (элден). Кыш, суук катуу, ак кар, көк муз. (К. Б.)
2. Байламталардын жардамы менен: Бул жолу станцияга биз абдан эле бат келдик, бирок аттарыбыз кара терге түшүп калды. (Ч. А.) Совет адамдары элдердин ортосундагы достукту чыңоого, өнүктүрүүгө ча-кырылган, ал эми элдердин достугу - биздин көп улуттуу мамлекетибиздин эң сонун жеңиштеринин бири. (Т. Аб.)
3. Сөз мүчөлөрү аркылуу: Арт жакта алые калган кыштак ойгонуп, көчө-көчөлөрдө баскан-тургандар көбөйдү. (Т. С.) Күн батып, күүгүм кирип келгендиктен, айлана көрүнбөй калды. (М. Э.)
4. Жандоочтор аркылуу: Сабырбек кеткенден кийин, Каратай көпүрөдө калды. (Ч. А.) Күн батып, күүгүм кирген сайын, ал корко баштады.
5. Мезгилдик маанидеги сөздөрдүн жардамы аркылуу: Паровоздун созолонгон коңур үнү чыгар замат, вагондор да кычырай баштады. (М. Аб.) Таң аткан убакта, Чүкөбай келип калды. (К. Б.)

§ 84. ТАТААЛ СҮЙЛӨМДҮН ТҮРЛӨРҮ.
Азыркы кыргыз тилиндеги татаал сүйлөмдөр өзүлөрүнүн түзүлүшү жана берген маанилери жагынан ар түркүн. Алардын кээ бирлери грамматикалык түзүлүшү жана өздүк маанилери боюнча бирине-бири багынбай, бирдей даражада туруп тутумдашып, бирдиктүү бир татаал ойдон кабар билдирсе, ал эми анын тескерисинче, айрым татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр грамматикалык түзүлүшү жана маани жагынан бирине экинчиси көз каранды болуп айтылат да, бирине-бири багыныңкы абалда турат.
Мына ушул өзгөчөлүктөрүнө ылайык азыркы кыргыз тилиндеги татаал сүйломдөрдү: багынычсыз татаал сүйлөм жана багыныңкы татаал сүйлөм деп, эки чоң топко бөлүштүрүп беребиз.

§ 85. БАГЫНЫЧСЫЗ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ.
Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр грамматикалык түзүлүшү жагынан бири-бирине багынбай, өз ара тең укукта туруп, бири-бири менен интонация, же байламталар аркылуу байланыша келип, биримдик бүтүн ойдон кандайдыр бир кабарды билдирип турса, багынычсыз татаал сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Кыш чыкты, салам берип сулуу жаз да келди. (К- Б.) Ага ар түрдүү аттар жоромолдотулуп жатты, бирок Чынар макул болгон жок.

§ 86. БАЙЛАМТАЛУУ БАГЫНЫЧСЫЗ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ.
Составындагы жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бири менен байламталар аркылуу тутумдашса, байламталуу багынычсыз татаал сүйлөм деп аталат.
Байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутмундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара төмөнкүдөй маанилик катышта колдонулат.
1. Мезгилдеш мааниде. Мында байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бир мезгилде, же биринен кийин экинчиси удаалаш болгон кыймыл-аракетти, окуяны билдирет. Муну, көбүнчө да, жана, ары деген байланыштыргыч байламталар уюштурат: Чоң сууга бети-колумду жуудум да, сайда тушалган аттарды көздөй чуркадым. (Ч. А.) Сабатсыздыгымды жаңы гана жойдум, ары жашым да алтымышка келип калды. (Н. Б.)
2. Кайчылаш мааниде. Мында татаал сүйлөмдүн бир бөлүгүндөгү ой экинчи бөлүгүндөгү ойго кайчы, карама-каршы мааниде айтылат. Буларды «бирок, а, ал эми, ошентсе да, ошондой болсо да, ошондой да, антсе да, анткени менен, болбосо» деген каршылагыч байламталар тутумдаштырат: Бул - бригадир, а мен карапайым жылкычымын. (Т. С.) Мен дале орокко белдүү элем, анткени менен артта калып калам. (Ч. А.)
3. Ажыраткыч мааниде. Мындай учурда татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр билдирип турган окуялардын ичинен бирөөнүн болорун ажыратып көрсөтөт. Муну же, же болбосо деген ажыраткыч маанидеги байламталар уюштурат: Эмне үчүн жеңелерим мурдагы күндөн бери мени издеп да келишпейт, же мениунутуп калыштыбы, же өз эркине тим коёлу дештиби. (Ч. А.) Бүгүн тоодогу малчылар менен чөп чабабыз, же болбосо өзүбүздүн мектеп участкабызда иштейбиз.
4. Себеп-натыйжалаш мааниде. Мындай учурда тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири себепти, экинчиси андан чыккан натыйжаны билдирет. Буларды анткени, себеби, ошондуктан, ошол себептүү, андыктан, аның үчүн, ошол үчүн деген себеп-натыйжачыл маанидеги байламталар уюштурат: Каныбек абдан такып су-рады, себеби анын көзүнө Эркин сүйгүнчүктүү учурады. (К. Ж.) Андагы сүрөтчөлөр анча деле жакшы болбосо керек, анткени ошондо эле көп жакчу эмес. (Ч. А.)

§ 87. БАЙЛАМТАЛУУ БАГЫНЫЧСЫЗ ТАТААЛ СҮЙЛӨМДҮН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ.
1. Байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдөрдү тутумдаштыруучу байламталардын ичинен да байламтасы дайыма өзүнөн мурунку жөнөкөй сүйлөмгө тиешелүү болуп айтылат, ошол себептүү үтүр бул байламтадан кийин коюлат: Күн бүркөлдү да, бийик тоолорду ак булут каптады. (Н. Б.) Сабырбек жээктеги талга атты байлады да, өзү каналдын кырына чуркап чыкты. (Ч. А.).
2. Жана байламтасы өзү тутумдаштырып турган жөнөкөй сүйлөмдөрдүн эч бирине тиешелүү болуп айтылбайт, ошондуктан мында үтүр белгиси коюлбайт: Анын денеси салмактанды жана башы каңгырап ооруй баштады. (К. Бек.)
3. Ары, а, ал эми, бирок, анткени менен, антсе да, ошондо да, ошентсе да, ошондой болсо да, же, же болбосо, анткени, себеби, ошондуктан, ошол себептүү, андыктан, ошол үчүн, аның үчүн деген байламталар өзүнөн кийинки сүйлөмгө тиешелүү болуп айтылат, ошондуктан дайыма алардан мурун (алардын алды жагына) үтүр коюлат: Кычан мал жайытын жакшы билген, себеби ага атасы көз салчу. (Ш. Б.) Мен сени жакшы көрөм, ошондуктан уш ул акылымды айтып отурам. (Н. Б.) Жардам берип кармашууга эч ким даабайт, анткени Жолойдун төмөн жагы бийик аска. (К. Ж.)

§ 88. БАЙЛАМТАСЫЗ БАГЫНЫЧСЫЗ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ.
Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр эч кандай байламтасыз эле бири-бирине тиркеше айтылып, өз ара интонация аркылуу байланышса, байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Бул сүрөттү али тартып бүтө элекмин, анын кандай болуп чыгарын эмитен айтуу да кыйын. (Ч. А.) Арык семирет, ач тоюнат. (Эл макалы.)
Байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бири менен төмөнкүдөй ар түрдүү маанилик катышта айтылат.
1. Мезгилдеш мааниде айтылат. Мында байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бир мезгилде болгон окуяны, же бир окуядан кийин экинчи окуянын болгондугун, же болбосо ар мезгилде болгон окуяны билдирет. Баягы ак кар, көк муздуу кыш да кетти, анан жаркыраган жаз да келди. (Н. Б.) Түндө жогортон муздак жел согот, таңга жуук жер үстүн шүүдүрүм каптайт. (Ч. А.)
2. Кайчылаш мааниде айтылат. Мында байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдүн бир бөлүгүндөгү ой экинчи бөлүгүндөгү ойго кайчы мааниде айтылат. Бул учурда, көбүнчө, тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн биринин баяндоочу оң мааниде, экинчисиники терс мааниде айтылат, же алар карама-каршы маанидеги (антоним) сөздөрдөн болот: Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет. Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. (Макалдар) Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт. (Макал).
3. Салыштырмалуу мааниде айтылат. Мындай учурда тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бир кубулуш менен экинчи бир кубулушту өз ара салыштырып, теңештирип, окшоштуруп көрсөтөт. Мындай салыштырмалуу маанидеги сүйлөмдөр, көбүнчө, макал, ылакаптарда учурайт: Акыл көпкө жеткирет, өнөр көккө жеткирет. Жакшы эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт. (эл макалы).
4. Түшүндүрмөлүү мааниде айтылат. Бул учурда составындагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн биринчиси жалпы мааниде айтылат да, экинчиси ал маанини толуктап, чечмелеп түшүндүрөт: Мураптын өзүнө тиешелүү милдеттери бар : колхозго берилген сууну көрсөтүлгөн норма боюнча арык-арыкка бөлүп берет. (Ч. А.) Калптын чын сөзү бекерге кетет, калп адаты акыры анын түбүнө жетет. (эл макалы).
5. Себеп-натыйжалаш мааниде айтылат. Мында тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири себепти, экинчиси андан чыккан натыйжаны билдирет. Баарына башкарма айыптуу, ошол өзү жооп берсин. (Ч. А.) Дене-башы чымырап кетти, анын сүйүктүү адамдары жадыpaп отурушат (К. Бек.).

§ 89. БАЙЛАМТАСЫЗ БАГЫНЫЧСЫЗ ТАТААЛ СҮЙЛӨМДҮН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ.
1. Байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдүн составындагы жөнөкөй сүйлөмдөр маани жагьнан өз ара тыгыз байланышта турса, араларына үтүр коюлат: Жаан жаайт, эгин өсөт, эл күн көрөт, мен да алар менен кошо жашайм. (Ч. А.) Көпкөн жигат көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт. (Ток.).
2. Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бири менен маани жагынан анчалык тыгыз байланышта болбой, белгилүү бир өлчөмдө өзүнчө айрым түшүнүктү билдирип турса, араларына үтүрлүү чекит коюлат: Аялдын аркасында азыраак көтөргөн жүгү бар; өңү саргайыңкы, жүдөңкү. (К. Б.)
3. Кош чекит төмөнкү учурларда коюлат.
а) Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн биринчиси жалпыланган түшүнүктү билдирип, экинчиси анын маанисин толуктап, тактап, чечмелеп турса, биринчи сүйлөмдөн кийин кош чекит коюлат: Бул чөйрөнүн турмушун бузган бир гана нерсе болуп жатты: ал - арыктагы күкүктөгөн суу. (Ч. А ) Ал мурдагыдай эмес: кабагы бүркөлгөн, өңү кумсарган, кандайдыр бир кайгылуу ой баскан сыяктуу. (К. Б.)
б) Экинчи сүйлөм биринчи сүйлөмдө айтылган ой-пикирдин себебин көрсөтсө, кош чекит коюлат: Тору кашка Кочкордун кышкы шыргалаң суусун сүзүп өтсө керек: капталына, мойнуна чейин муз каткан. (К- Б.)
4. Сызыкча төмөнкү учурларда коюлат.
а) Байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы экинчи сүйлөм биринчи сүйлөмгө кескин түрдө карама-каршы мааниде айтылса, арасына сызыкча коюлат: Тыңшады - добуш угулбады. (А. Т.) Үйдө баатыр - жоодо жок. (Эл макалы).
б) Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн экинчиси биринчи сүйлөмдө айтылган ойдун натыйжасын, жыйынтыгын билдирсе, сызыкча коюлат: Сабатсыздыкты жоюу ийримдери иштеди-башта көзү туюк кишилер тамга тааныды. (Т. С.) Эл-журт бар - турмуш да бар. (Ч. А.)
в) Байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдүн экинчи бөлүгү биринчи бөлүгүндө айтылган ойго кошумча толуктоо, кошумча түшүндүрмө маани берип турса, арасына сызыкча коюлат: Ушул жылы жаштар катарына мүчө болуп өткөнү жүрөт - жашы он алтыда. (Т. С.) Жыгач, темир-экөөнө тең колу жөндөмдүү усталыгы бар. (К. Ж.)

§ 90. БАГЫНЫҢКЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ.
Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчиси менен синтаксистик түзүлүшү жана мааниси жагынан багыныңкы абалда байланышып турса, багыныңкы татаал сүйлөм деп аталат.
Багыныңкы татаал сүйлөм дайыма баш сүйлөмдөн жана багыныңкы сүйлөмдөн түзүлөт.
Татаал сүйлөмдүн тутумунда туруп, негизги ойду билдирип турган сүйлөм баш сүйлөм деп аталат.
Синтаксистик түзүлүшү жана мааниси жагынан баш сүйлөмгө баш ийип, анда айтылган ойду түрдүү жагынан айкындап турган сүйлөм багыныңкы сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Эгер дагы бир жолу ушул сыяктуу кем-чилигиң сезилсе, анда экөөбүз катуулап сүйлөшүп калабыз. (Н. Б.) Бул келтирилген татаал сүйлөмдүн тутумундагы «анда экөөбүз катуулап сүйлөшүп калабыз» деген сүйлөм ойдун натыйжасын көрсөттү. Ошондуктан ал - баш сүйлөм. Ал эми «эгер дагы бир жолу ушул сыяктуу кемчилигиң сезилсе» деген сүйлөм багыныңкы сүйлөм. Себеби, биринчиден, баш сүйлөмдө айтылуучу ойдун шартын көрсөттү, экинчиден, эмне болсо? деген суроого жооп болуп түштү.

§ 91. БАГЫНЫҢКЫ СҮЙЛӨМДҮН БАШ СҮЙЛӨМ МЕНЕН ТУТУМДАШУУ ЖОЛДОРУ.
Баш жана багыныңкы сүйлөмдөр өз ара байламтасыз түрдө (сөз мүчөлөрү жана жандоочтор аркылуу), же багындыргыч байламталар аркылуу байланыш жасайт.
1. Байламтасыз түрдө байланыш жасоо жолдору.
а) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочтору - «бай, -майынча, — майын, -гана, -ганы, же болбосо –ган - сып, -ып, -канча- гыча, -ганда, -арда, -са, -дыктан» сыяктуу формаларда аяктайт да, баш сүйлөм менен байланыш жасайт: Ошондо атышуулардын дагы үнү угулбай, бир паска тынчтык өкүм сүрдү. (Ч. А.) - Шагылы болбой, зоо болбойт Шайыры болбой, эл болбойт. (эл макалы).
б) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна катар айтылуучу учур, убак, кез, мезгил сыяктуу мезгилдик маанидеги сөздөргө — «да» мүчө улануу жолу аркылуу баш сүйлөм менен байланышат: Мен айылда жүргөн кезде, Дүйшөн колхоздун мурабы болучу. (Ч. А.) Биз жарым аралга жакындай берген учурда, душман бизди замбирек менен ата баштады. (К. Б.)
в) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна кийин, соң, чейин, дейре, менен, замат, үчүн, сайын, тартып, бери сыяктуу жандооч сөздөр катар келүү аркылуу, же баяндоочуна -са мүчө уланып, андан кийин «да» байламтасы катар айтылып да баш сүйлөм менен байланыш жасайт: Баланы карыя ээрчитип кеткенден кийин, Ток-тош эженин оюна кыйлалар түштү. (Н. Б.) Карымшак аттанары менен, Бозгунчу дагы сөзгө аралашты. (Т. С.)
2. Багындыргыч байламталар аркылуу байланыш жасоо жолдору.
а) Багыныңкы сүйлөм баш сүйлөм менен: анткени, себеби, неге десен, эмне үчүн десен, андыктан, ошондуктан, ошол себептүү, ошол үчүн, сыяктуу себеп байламталар аркылуу байланыш жасайт: Каныбекти даргага асмак болду, ошондуктан ал терезеден секирип качты. (К. Жантөшев). Тургунбектин ыйлагысы келди, анткени ал емүрүнде апасынан кадам ажырай элек эле. (М. Жан.)
б) Кандай, ошондой, канча, ошончо, канчалык, ошончолук сыяктуу салыштырма байламталар. Аркылуу да багыныңкы сүйлөм баш сүйлөм менен тутумдашат: Жаштар канчалык эстүү, демилгелүү бөлушса, ошончолук биздин келечек бекем, өнүмдүү болот. (Т. С.)
в) Эгер, эгерде деген шарттуу байламталар аркылуу тутумдашат: Артымда кап көтөргөн киши бар. Ал деле мага окшогон жаш бала, же аял чыгар, эгерде согуш болбосо мындай оор жүктү буларга ким көтөртмөк эле. (Ч. А.)

§ 92. БАГЫНЫҢКЫ СҮЙЛӨМДҮН ТАТААЛ СҮЙЛӨМДҮН ТУТУМУНДА АЛГАН ОРДУ.
1. Багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдөн мурда да, баш сүйлөмдөн кийин да, ортосунда да айтылат. Багыныңкы сүйлөмдөр төмөнкү учурларда баш сүйлөмдөн мурда орун алат.
а) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочтору бай, -майынча, -майын, -аны, -ганы болбосо, -гансып, -ып -ган- ча- гыча, -ганда, -гандай, -арда, -са, -дан мүчөлөрү менен аяктаган учурда баш сүйлөмдөн мурда келет: Эл оозун жыйганча болбой, аттар марага кирип келди. Кекилик, чилдерди таш менен ургулап чочутканда, кээ бирөөлөрү учса, кээ бирөөлөрү жөргөлөп кетишти. (М. Жан.) Эгерде аспаптар болсо, аны оңдош оңой. (Ч. А.)
б) -ган формасында аяктаган баяндоочтор менен катар айтылуучу убак, учур, кез, мезгил деген сөздөргө — «да» мүчөсү жалганып айтылган, же - са мүчө менен аяктаган баяндооч менен «да» бөлүкчөсү удаа айтылган багыныңкы сүйлөмдөр, негизинен, баш сүйлөмдөн мурда орун алат: Ал Таабалдыны ээрчитип, депо-дон чыккан учурда, күн жаңыдан кылкылдап батып бара жаткан эле. (К. Бек.) Керим түн ичинде канчалык жакшы уктаса да, коёндору эсине түшпөй койбойт. (М. Жан.)
в) Баяндоочтору менен, кийин соң, чейин, дейре, үчүн, сайын, тартып сыяктуу жандооч сөздөр катар айтылган багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдөн мурун айтылат: Бир нече минут өткөн соң, кайра кетүүгө оңтой-лонду. (К. Б.) Ошол шыктын өзүнө эң сонун шарт түзүлөр замат, кыргыз маданияты тосмосу ачылган суудай шаркырап, ээ-жаа бербей өнүгүүдө. (Т. С.)
г) Андыктан, ошондуктан, ошол үчүн, ошол себептүү, эгер, эгерде, кандай, ошондой, канча, ошончо, канчалык, ошончолук, сыяктуу байламталар аркылуу тутумдашкан багыныңкы сүйлөмдөр да, негизинен, баш сүйлөмдөн мурун келет: Сагын мугалимдин айткандарын толук жазып отурду, ошол үчүн ал өтүлгөн теманы жакшы түшүндү. (Н. Б.). Кыш айлары жылуу болду, ошондуктан мал кыштан семиз чыкты. (оозеки речтен).
2. Кээде багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдүн ортосунан орун алат: Бригадирликти мен, балдар фронттон кайтып келер замат, өткөрүп бергем. (Ч. А.) Биз, биртике эле көзүбүз мындай боло калса, жылкылардан кол үзүп калган турабыз. (К. Б.)

§ 93. БАГЫНЫҢКЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМДӨРДӨ КОЮЛУУЧУ ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕР.
1. Багыныңкы сүйлөм менен баш сүйлөмдүн арасына, көпчүлүк учурда, үтүр коюлат, анткени татаал сүйлөмдүн составындагы ар кандай сүйлөм кандайдыр бир айрым ойдон кабар билдирет жана алардын арасында бир аз тыным (пауза) болот: Эгерде сенин айтууга оозуң барбаса, ага мен эле айтайын. . Б.) Саадат сууга кеткенде, Зейнеп апа анын артынан көпкө карап турат. (Ч. А.)
2. Багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдүн ортосуна келгенде, үтүр багыныңкы сүйлөмдүн эки жагына тең коюлат: Мен, эртең окуучулар мектепке жыйналганча, райондон окуу куралдарын алып келе калайын. (оозеки речтен).
3. Шарттуу багыныңкы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн экинчиси күтүлбөгөн кескин жыйынтыкты билдирсе жана окуганда эки сүйлөмдүн ортосунда ачык тыным (пауза) болсо, арасына сызыкча коюлат: Ачып жиберсе - Самтыр экен. (Т. С.) Мария чочуп ойгонсо - түшү. (Т. С.)
4. Кыска составдуу татаал сүйлөмдүн тутумундагы биринчи сүйлөм шартты, экинчиси андан чыга турган натыйжаны, жыйынтыкты билгизсе жана окуганда ал жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосунда ачык тыным болсо сызыкча коюлат: Отту көсөсө - өчөт, коңшуну козгосо— көчөт. Байтал минсе - кулун жок, саамал ичсе - кымыз жок (эл макалы).

Кененирээк кыргыз тилинин справочнигинде.