Өзгөчө кырдаалдарга алдын ала даярдануу


I.  ТАБИГЫЙ  КУБУЛУШТАР ЖӨНҮНДӨ НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР
Борбордук Азиядагы табигый кырсыктар
Борбордук  Азия  дүйнөнүн  башка  аймактары  сыяктуу эле көп сандаган табигый кырсыктарга  кабылууда.  Зилзала (жер титирөө) бул чөлкөмгө коркунуч  келтирет.  Бат-бат кайталанып туруучу суу ташкындары, сел, кар көчкү, ысык аптаптуу жана  кышкы  каардуу аба-ырайы  чөлкөмдөгү арбын кездешуучу кубулуштар болуп саналат.
Табигый  кырсыктардын  алдында  баарыбыз  аргасызбыз.  Катардагы  жарандар,  кичи  ишкердик,  жергиликтүү бийлик жана жарандык ассоциациялар биргелешип аярдуулукту (алсыз жактарыбызды) азайтуу үчүн көп нерселерди жасай алышат. Табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу коомдун бардык катмарларына колдонулушу абзел.  Бул  колдонмо жеке  тараптарга,  үй-бүлөлөргө,  кичи ишкердик  кызматкерлерине  жана  уюмдарга  келечекте өлүмдөн,  жараат  алуудан,  ошондой  эле  экономикалык, социалдык  жана  маданий  жоготуулардан  аман  калууга жардам  берүүгө  арналган.  Биз  алгач  зилзаладан  баштайбыз,  анткени ал өрт, суу ташкын сыяктуу өтө чоң коркунучтарды козгошу мүмкүн.

ЗИЛЗАЛА БУЛ ТАБИГЫЙ КУБУЛУШ
Дүйнө жүзү боюнча жылына 3.500,000 зилзала болуп өтөт. 800 орточо күчтөгү жер титирөөлөр (5.0 5.9) бир аз бүлүнүүгө дуушар кылса,  120  күчтүү силкинүү (6.0 6.9) сезилерлик залал тийгизет,  ал эми  18 эң күчтүү зилзала (7.0 -7.9) кыйраткыч  күчкө ээ. Ар бир  10-20 жылдын аралыгында эбегейсиз күчтүү зилзала (8.0 8.9) болуп өтүп, катастрофалык кесепетке алып келет.

ЗИЛЗАЛА ТУУРАЛУУ БОЛУМУШТАР МИФТЕР
Адам  баласынын  цивилизациясы  көптөгөн  зилзала кырсыктарына  кабылып,  анын  кыйраткыч  күчүн  өз  башынан  кечирип  келген.  Байыркы  замандан  тартып,  зилзаланын табиятын аңдап билүүгө багышталган, бул түшүнүксүз тирукмуш  кырсык  эмне  үчүн,  кайдан  пайда  болоорун түшүндүрүүчү болумуштар айтылып келген. Окумуштуулар алигиче  бул  кубулуш  качан,  кайсы  жерде  болуп  өтөөрүн так айта алышпайт, ошондуктан кээ бир болумуштар дале болсо эл  оозунда  айтылып  жүрөт.  Биз эч  кандай  болжолдоолорго ишене албайбыз жана ага үмүттөнбөй эле койсок болот. Биз өзүбүздү өзүбүз коргошубуз керек.

ЖЕР КЫРТЫШЫНЫН ПЛИТАЛЫК ТҮЗҮЛҮШ (ТЕКТОНИКА) ТЕОРИЯСЫ
Плиталардын  тектоникасы  боюнча теория жердин  титирешине илимий түшүндүрмө берет.  Бул теорияга ылайык,  жер  кыртышы тектоникалык плиталардан  турат жана бул плиталар өтө акырындык менен бири-бирине салыштырмалуу  кыймылда  болушат.  Плиталар  ашташкан  жеринен  жышылышат,  бири-биринен  алыстап  же  биригип кетишет,  жогору,  төмөн  же  кырды  бойлой  жылышат.  Жышылуу кыймылга тоскоолдук келтирет,  бирок кыймылдын энергиясы бара-бара топтолуп, жер тектеринин бекемдик чегинен  жана  сүрүлүү  күчүнөн  ашканда,  жер  тектери  кескин  бүлүнүүгө  дуушар  болот  да,  натыйжада  абдан  чоң көлөмдөгү энергия  бөлүнүп чыгат.  Бул энергиянын  кайсы бир бөлүгү зилзаланын чордонунан тартып жер кыртышы боюнча  бүт айланага тарап  кетүүчү сейсмикалык толкундарды жаратууга сарпталат.Биз жер  кыртышындагы  кээ  бир ажырымдарды  билебиз, анткени алар жердин бетине чыгып калган же зилза­ланын  натыйжасында  келип  чыккан  (биз  1932-ж.  баштап инструменталдык  өлчөөлөрдү  жүргүзө  баштаганбыз),  же болбосо,  дагы  бир  себеби,  биздин  заманбап  сейсмографиялык тармактар  жер  титирөөлөрдү такай  жазып  турушат. Бирок белгилүү жаракалардан башка да байкалбаган жана жаңыдан пайда болуп жаткан жаракалар да бар.

ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДЫН КОРКУНУЧУ
Табигый  кырсыктардын  коркунучу   бул  жашоонун фактысы  жана  табигый  нерсе.  Зилзаланын  коркунучтуулугун аныктоочу бир  нече факторлор бар жана аларды өзгөртүүгө же алдын алууга биздин  кудуретибиз жетпейт.Сейсмикалык коркунуч факторлору:
1. Термелүүнүн амплитудасы
2. Термелүүнүн узактыгы
3.  Чордондон  (эпицентрден) башталган аралык
4.  Жер кыртышынын  шарттары
5.  Зилзала чордонунун тереңдиги
Сейсмикалык  коркунучту  бир  кыйла  азайтууга  болот. Анын жолдору төмөнкүчө:
1.  Имаратты  долбоорлоо,  колдонулуучу  курулуш  материалдары,  курулуш  иштери жана пайдалануу абалы
2.  Жашоону  камсыз  кылуу  түзүлүштерүнүн  абалы  (инфраструктуралар)
3.  Үйдүн  ичинде  коркунучтарды  азайтуу  (структуралык эмес митигация)
4.  Өрт  коркунучун  алдын-алуу  жана  ертке  каршы  чара колдонуу мүмкүнчүлүгү
5. Алгачкы жардам  керсетүү жендемдүүлүгү

ТАБИГЫЙ  КЫРСЫКТАРГА  ДАЯРДАНУУ  АЗ-АЗДАП  КАДАМ  ШИЛТӨӨДӨН  БАШТАЛАТ
Табигый  кырсыктарга  даярданууну  кадам  артынан кадам таштоо менен жүргүзүү зарыл экендигин эстөө керек. Бул иш-чарага бөөдө кырсык болуп өткөнгө чейин ар бир адам катыша алат жана катышууга милдеттүү. Даярданууну бир түйдө эле бүткөрүп коюуга болбойт, даярдануу эч  качан  бүтпөш  керек.  Колуңуздардагы  брошюра  3 категориядагы  кичинекей  кадамдар  тууралуу ойлонууга жардам берет.
(I) БААЛОО жана  ПЛАНДАШТЫРУУ, (II) КОРГОНУУ жана (III)  КЫРДААЛГА ЖООП  КАЙТАРУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮН ӨНҮКТҮРҮҮ. 
Бул  кичинекей  кадамдардын  ар  бири маанилүү.  Эгерде  биз  эттиятык  эрежелерин  сактасак, анда  коркунучту  азайта  алабыз.  Антпесе,  ЗИЛЗАЛА  БОЛУП КЕТКЕНДЕН  КИЙИН  КЕЧ БОЛУП  КАЛАТ!II. 

БААЛОО жана ПЛАНДАШТЫРУУ

Баалоо  менен  пландаштыруу  бири-бирине  шайкеш жүргүзүлүшү  керек.  Үй-бүлөлөр  өзгөчө  кырдаалга  (ӨК) карата  үй-бүлөнү  даярдоо  Планын  колдонушуса  болот, анан талкуулоону жана пландоону башташат жасалуучу  кичи  кадамдарды  байкап,  карап  чыгышат.  Компаниялар менен мекеме-уюмдар жумушчу орундун,  мектептин жана  уюмдун  өзгөчө  кырдаалга  карата  тизме-планын колдоно алышат.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ ЖАНА УЮМДА ЧОГУЛУШ ӨТКӨРҮҮ
Өзгөчө  кырдаалга  даярданууда  бардык  үй-бүлө мүчөлөрүнө  чогулуш  өтүү  керек,  буга  мектеп  жашындагы балдарды да катыштыруу керек. Чогулушта үй-бүлө мүчөлөрү өзгөчө кырдаалга чейинки даярдыкты,  ӨК учурун,  өзгөчө  кырдаалдан  кийинки  абалды  талкуулашат. Мындай  кырдаал  болуп  жер  титирөө,  өрт,  суу  ташкыны жана  башка  ушул  сыяктуу  табийгый  кырсыктар  болушу мүмкүн.  Жумуш  орундары,  мектептер  жана  уюмдар  да ушундай эле нускоолорду (инструктаж) өткөрүшөт.

БЕКЕМ,  ИШЕНИМДҮҮ ЖЕРЛЕР
Өзгөчө  кырдаал учурунда  коркунуч  келтирүүчү үйдүн ичиндеги  кооптуу  жерлерди  тактагыла:  терезелердин тушу,  оор  люстралардын  алды,  же  кулап  түшүүчү,  тайып  кетүүчү  кандайдыр  бир  чоң  оор  буюмдар  коюлган жерлер,  өрт  чыгып  кетүүчү  жерлер.  Алдын  ала  бекем, ишенимдүү жерлерди аныктагыла: түркүк-таяныч дубалдарынын  ички  бурчу,  бекем  столдордун  асты,  туруктуу кресло же дивандын,  керебеттин жаны.  Отурууга,  калкаланууга жана бир канча убакыт күтүп турууга жарай турган коопсуз жерлерди табууга аракеттениңиз.

ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ
Турак-жайдан,  имараттан  чыгуунун  кыска жана  коопсуз жолун алдын ала байкаштырыңыз,  бул жол демейде сиз ойлобогондой да болушу мүмкүн: терезелер, запастык каалга. Үйдү таштап чыгуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн караңыз.  Эгерде  эшик-терезелерде  темир  тор  орнотулган  болсо,  имараттын  ичиндө  лом  сактоо  керек,  анткени  өзгөчө  кырдаал  учурунда  пайдасы  тиет.  Жыгылып же  тайып  түшүп  калган  буюмдар  сыртка  чыгуучу жолду бөгөп калышы мүмкүн, мисалы, эшиктин артына коюлган буюмдар,  оролгон  килемдер же  чаң соргуч  ж.б.  Аларды алдын-ала жыйнап салуу керек.

ЖОЛУГУШУУ ОРДУ
Үйдүн  ичинде,  сыртында  же  жакынкы  аймакта  жолугушуучу  жерди  белгилеп  алуу  керек.  Үй-бүлө  мүчөлөрү жер  титирөө  болгон  учурда  чогуу  болбой  калышы мүмкүн.  Бири-бириңерди  кайдан издөөнү билишиңер за­рыл.  Балдарыңыз окуган  мектеп  ылайыктуу жер болушу мүмкүн.Үйдөн  сырткары  бири-бириңерге  маалымат  калтыруyга боло турган ишенимдүү жерди да тандап  коюңуздар. Анткени,  сиздер бөлүнүп  калган учурда же үйдө  алууга мүмкүн  болбой  калган  учурда  үй-бүлөңүз  сизди  кайдан табууну  билет.  Үйдө  эмес  экениңизди  көрсөткүңүз  келбесе,  анда  маалымат калтыруучу жер коопсуз жана жашыруун  болгону оң,  мисалы  таш  алдында,  каңылтыр идиштин ичинде,  короодо.

КЫРСЫК АЙМАГЫНАН СЫРТКАРЫ  БАЙЛАНЫШ
Зилзала  болуп  өткөн  соң телефон  тармактарын  бош кармоо  абдан  маанилүү,  себеби  бул  учурда  кимдир бирөө тез жардамга муктаж болуп жатышы  ыктымал. Телефон  тармактары  да  жабыркайт  жана  өтө  көп чалуулардын  айынан  линияларга  күч  келип,  иштөөсү оорлошуп  калат.  Жергиликтүү жана  борбордук телефон линиялары  интенсивдүү  колдонууда  болот.  Ушундан улам  сиздер  бул  аймактан  алыс,  сырт  жакта  жашаган тааныш  адамды  тандап  алыңыз  да  аны  сиздин  байланыш  адамыңыз  кылып  дайындап  коюңуз.  Бул  адамга Сиздин  абалыңызды  билгиси  келген  досторуңуздун, тууган-туушкандарыңыздын  тизмесин  берип  коюңуз. Анын  телефонун  досторуңузга,  туугандарыңызга  берип  коёсуз.  Ошондо  сиз  бир  гана  жолу  телефон  чалып коюңуз,  өзүңүздүн  абалыңыз жайында экендигин  кабарлап  койсоңуз,  сиздин  аймактан  алые жайгашкан  байланыш адамыңыз маалымдоо боюнча кам көрөт. Кийин бул адамды  таап,  сизге  кимдир  бирөө  чалдыбы,  жокпу  текшерип  аласыз.  Үй-бүлө  мүчөлөрү  анын  номерин  эстеп калышы керек. Ал эми кичинекей балдар байланыш адамы жана үй-бүлөнүн чогулуу орду тууралуу маалыматты жанында ала жүрүш  керек.

МААНИЛҮҮ  ДОКУМЕНТТЕРДИН  КӨЧҮРМӨСҮН  ДАЯР ДАП  КОЮҢУЗ.
Айталы,  кырсык  болуп  өткөндөн  кийин  сиз  үйгө  кайта  албай  калдыңыз.  Сизге  күндөлүк жашоо-тиричиликти улантуу  үчүн  кайсы  документтер  эң  маанилүү  экендигин  ойлонуңуз  жана  алардын  көчүрмөсүн  алдын-ала даярдап  алыңыз.  Бул  көчүрмөлөрдү  ыраакта  жашаган таанышыңыздыкына  сактоого  калтырыңыз  же  нымдуулук өткөрбөй турган  пластик баштыкка  сактаңыз.  Мисал үчүн:  сактоо китепчеси,  инсандык күбөлүк,  баалуу кагаздар жана  менчик укуктарын  ырастоочу документтер,  аттестаттар,  паспорт.

КЕМЧИЛИКТЕРДИ ТАБУУ, АЛАРДЫ  ОҢДОО
Мындай  иш-чаралар  үйдө  үй-бүлө  мүчөлөрү  жана иштеген  жерде  кесиптештер  менен  чогуу  жүргүзүлүшү керек. Бул коркунучка баа берүү жана аны азайтуу боюнча сиздин  планыңыздын  негизги  курамдык бөлүгү болуп саналат. Катуу зилзала учурунда үйүңүздүн ичинде эмнелер болуп кетээрин элестетиңиз: силкинүү учурунда балким  бош,  бекемделбеген  буюм-тайымдар  кулап  же  тайып  кетип  сизди  же  башкаларды  жабыркатышы  мүмкүн. Үй-бүлөңүз  кайсы  жерде  көбүрөөк  убактысын  өткөрөт: уктаган,  тамактанган,  иштеген  жана  ойногон  жерлерди аныктайсыз.  Мындай  текшерүүнү  аягына  чыгаруу  үчүн эмнелерди жасоо керектигин тизмелеп алыңыз:
1.  Биринчи  кезекте, жашоого коркунуч  келтирүүчү объектилерди (сыртка чыгуучу жолду бөгөп калуучу объектилер, уктоочу бөлмөдөгү шифоньер, ар бир бөлмөдөгү китеп  шкафтары, текчелер) бекемдеңиздер.
2.  Бир  кыйла  экономикалык  баалуулугу  бар  буюмтайымдарды  (компьютер,  телевизор,  муздаткыч,  ж.б.) катырып бекемдеңиздер.
3.  Баалуу  буюмдарыңызды  (мурастык  буюмдар,  оңой сынуучу идиш-аяк ж.б.) сактаңыздар.

ЭВАКУАЦИЯ  ПЛАНЫ
Эвакуация  ой-келди  жүргүзүлбөшү  керек.  Ал  дыкаттык менен  пландалып,  ишке  ашыраардан  мурда текшерилген  болуш  керек.  Көчүүнү  баштоодон  мурда  коопсуз жер таап,  ага жетүүчү коопсуз жолду тандайсыз.  Өзгөчө кырдаал  тууралуу  алдын-ала  расмий  бийлик  тараптан эскертүүлөр  болсо,  алардын  көрсөтмөсүн  аткарыңьг. Анткени  бул  ар  бири  адамдын  коопсуздугуна  арнаьган. Коркунучсуз жерлерге эл түз барып,  мурдатан белгиленген  жолугушуу  пунктуна топтолушу зарыл.  Мектептерде балдар  менен  мугалимдер  келип  токтоочу  жерлер  дайындалып, алар ата-энелерине еткерүлүп берилгенче же туугандарына  өз  учурунда  кабар  берилгенче  белгиленген жерде болушат.Жер  титирөөдөн  кийин  төмөнүрөөк,  жээкке  жакын жайгашкан  учаЬтокторду  тезинен  эвакуациялоо  керек, анткени  суу  ташкыны  же  сел  жүрүшү  мүмкүн.  Баардык жабыркагандар  абайлоо  менен  жогору  көздөй,  бекемирээк, жээктен алыс жерлерге чыгышы  керек.Өрт же химиялык уулануу болгон учурда  коркунучтуу аймактан элди  мүмкүн болушунча бат чыгарып  кетүү талап  кылынат.  Мында  да  жогору  өрлөй  шамалга  каршы багыт менен,  коркунуч булагынан алыстап  кетүү керек.

III. ФИЗИКАЛЫК КОРГОНУУ

Физикалык  коргонууга  турак-жай,  имараттарды  долбоорлоону,  структуралык  эмес  элементтерди  (имараттын  курамы, жарылуу жана өрт коркунучу бар материалдар), өрт коопсуздугун жана инфраструктураны (газ, суу, коммуникация) коргоону кошсок болот.

КУРУЛУШТУ ТУУРА ЖҮРГҮЗҮҢҮДӨР:
Турак-жай, имараттардын коопсуздугун камсыздоонун эң жеңил жана арзан жолу аларды туура куруу. Азыркы чоң шаарларда,  көпчүлүк имараттар 40-50 жылда кайрадан  салынат.  Эгер  биз  имараттарды  азыркы  күндө  кайрадан  кура  баштасак,  анда  алдыдагы  40-50  жылда  бир кыйла  коопсуздук  сакталмак.  Эч  бир  имарат  сейсмикалык жактан  толук бойдон туруктуу болушу мүмкүн эмес. Ага  карабастан  биз  «жашоо үчүн  коопсуз»  имараттарды курууну өздөштүргөнбүз.  Бул  имараттар  ичиндеги  адамдардын  өмүрүн  сактап  калууга  ылайыкташтырылган. Коопсуздукту  камсыз  кылуучу  нерселер:  сейсмикалык туруктуу  кылып  долбоорлоо,  туура  тандалган  курулуш материалдары  жана  курулуш  иштерин  жүргүзүүнүн  туура  ыкмалары.  Курулуш  нормаларын  жана  тартиптерин сактоо бул  ар  бирибиздин  сактануудагы  маанилүү чараларыбыз.  Кокус зилзала  болсо,  долбоорлоо  жана  коопсуз  куруудагы  кам  көрүлгөн  иш-чаралар ар бирибизге чоң жардам берет.

СТРУКТУРАЛЫК ЭМЕС КОРКУНУЧ ЖАНА АНЫ АЗАЙТУУ
Жер  титирөө  кесепетинен  келип  чыгуучу  экономикалык  чыгымдардын  орточо  алганда  дээрлик  жарымы имараттын  сыныктарынан  жана  таяныч-түркүк  элементтеринин  кулап  түшүшүнөн  улам  келип  чыгат.  Структу­ралык  эмес  бүлүнүүлөр  өлүмгө,  оор  жаракат  алууга, тарыхый  жана  маданий  мурастардын  жоголушуна  жана эң чоң экономикалык чыгымдарга алып  келиши  мүмкүн. Структуралык  эмес  бүлүнүүлөр  ооруканалардын  ишин токтотуп, өрттөн сактоо системаларын керектен чыгаруу менен  көп сандаган адам  курмандыгына себепкер болушу мүмкүн.  Мектептер жабылып,  балдардын жашоодогу маанилүү билим алуу убактысы ысырап болот.  Кеңселик жана  машина  жабдыктары  бузулуп,  жумушчу  орундары жоюлат, атүгүл ишканалар жабылышы мүмкүн. Ошондой эле  мындай  бүлүнүүлөр  тамак-аш  жана  азык-түлүк  запастарын,  керектее товарларын жок кылуу менен,  соода ишканаларынын ишин үзгүлтүккө учуратат. Жер  титирөөдө  кемчиликтерди  түзөө  планы  аркылуу структуралык  эмес  митигацияда  кандайча  жол  менен ийгиликке жетүүнү аныктаңыздар.

КОЛ  ЧЫРАК  (ФОНАРИК),  БУТ  КИЙИМ  ЖАНА  ЖУМУШ КОЛ КАБЫН  КЕРЕБЕТТИН ЖАНЫНДА САКТЫГЫЛА:
Зилзала  түн  ичинде  болуп  өтсө,  караңгыда  сыртка  чыгып  кетүү  үчүн  Сиз  колу-бутуңузду  жабыркатпай этиятташыңыз  керек.  Андыктан  кол  чыракты  (фонарик), бут кийимди жана жумуш колкабын керебеттин жанында сактаңыз.  Аларды  пластик баштыкка  салып,  керебеттин астына  коюп  койсо  болот.  Жердин  силкине  баштаганын сезээр  замат,  аларды  ала  коюуга  оңой  болот.  Сиз  бул буюмдарды  бат  табуу  үчүн  караңгы  бөлмөдө  машыгып көрүңүз.

ӨРТ КОРКУНУЧУН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫН  КӨРҮҮ
Өрттүн  алдын  алуу  чаралары.  Өрттү  кантип  болтурбай коюуга болот?
• Жаш балдарды от менен ойнобоого үйрөткүлө.
• Тез от алуучу заттарды жылуулукка жакын кармабагыла.
  Жаткан  абалда  тамеги  чекпегиле  (тамеки  тартуу  өрт коркунучунун эң эле тез кездешүүчү себеби).
• Бузулган, сынган электр өткөргүчтөрүн алмаштыргыла.
• Электр чынжырына көп приборлорду туташтырбагыла.
• Үйдө эң жок дегенде  бир  өрт өчүргүч  кармагыла,  экөө болсо максатка ылайык.
 Өрттөн  чыгуу  эшиктери  ар  дайым  ачык  болушун  текшергиле.
• Түтүн индикаторун үйгө, жумушка,  мектепке орноткула.
  Өрт тепкичи  орнотулбаган  болсо,  экинчи  кабаттын  терезесинин  жанында  жылдырылма  шатыны  бүктөп  коюп кой гула.

ЗИЛЗАЛАДАН  КИЙИН ЖАРЫКТЫ  КҮЙГҮЗБӨҢҮЗ ЖАНА ОТ ТУТАНТПАҢЫЗ.
Зилзаладан  кийин  өрт  абдан  олуттуу  коркунуч  келтирет.  Эгерде  сиз  газ  чыгып  жатпагандыгына  толук ишенбесеңиз жарыкты күйгүзбөңүз жана от тутантпаңыз. Жаныңыздагы отту өчүрүңүз.

КОММУНАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫ  ӨЧҮРҮП САЛЫҢЫЗ
Газ  чыгуу  коркунучу  болсо,  биринчи  кезекте  крандар жабылыш керек. Газдан чыгуучу өрт коркунучу басаңдаган менен,  электр  өткөргүчтөрү тийишип,  чукул  чыңалуудан от чыгып  кетиши  мүмкүн.  Бул учурда да электр энергиясын  берүүнү токтотуп  салуу  керек.  Кайрадан  электрди улаганда  тиричилик электр  приборлору бузулуп  калбаш үчүн,  аларды  алдын-ала  өчүрүп,  сууруп  койгон  оң.  Суу түтүктөр  зыянга  учураган  учурда,  сууну да  жаап  салган максатка  ылайык.  Бул  кызматтарды  кандайча  токтотуп, өчүрүү жолдорун ар бир адам үйрөнүшү зарыл.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ
Зилзаладан  кийин чыңалуудагы  (электр тогу бар) линиялар ачылып, жер бетине чыгып же жерге түшүп калышы  мүмкүн.  Электрдик  учкундар  же  ширеңкенин  талы, тутанткычтын же тамекинин отунан газ өрт алып кетиши мүмкүн.  Газ чыгуу коркунучу болсо,  электр жабдыктарына тийбеңиздер.

ТАБИГЫЙ  ЖАНА  СУЮЛТУЛГАН  ГАЗДЫН  ЧЫГУУ  КОРКУНУЧУ
Зилзаладан  кийин  газ  тармактары  зыянга  учурап, көчөдөгү, имараттын же үйдүн ичиндеги түтүктөр сынып, андан уулуу газ чыгуу коркунучун  пайда  кылат.  Суюк газ сакталган резервуарлар (газбаллондор) жарылып кетип, же уулуу газ чыгарып,  жарылуу коркунучун  пайда  кылышы мүмкүн. Табигый газ агылып чыкканда анын жыты сезилбейт, ал абага көтөрүлүп, сиңип кетет. Суюлтулган газ абадан  оорураак  болгондуктан  аралашып,  төмөн  чөгөт. Ошондуктан  жогорку  кабатта  газ  чыкса,  төмөнкү  кабаттар  үчүн,  газ  топтолуп  калган  подвал  үчүн  коркунучтуу болот.

ТЕЗ ТУТАНУУЧУ ЖЕ  КҮЙҮҮЧҮ СУЮКТУКТАР
Жеңил  от алып  тутануучу же  күйүүчү суюктуктар  менен  иштөөдө,  жумуш  ордун  жакшылап  шамалдатууну көзөмөлдөңүз.  Эгерде  бөлмөдө  аба  жакшы  тазаланса, абанын газдалуу деңгээли төмөндөйт жана абанын курамында газдын коркунуч туудуруучу өлчөмгө чейин топтолуусуна тоскоол  болот.  Өрт чыгуу булагы жок экендигин текшериңиз,  мисалы электр  кыймылдаткычы  же жандырууну текшерүү лампасы.

IV.  КЫРДААЛГА  ЖООП  КАЙТАРУУ  (РЕАКЦИЯ) ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮН ӨНҮКТҮРҮҮ

Кырдаалга  жооп  кайтаруу  жөндөмдүүлүгү  «Камсыздоодон» жана «Тажрыйбадан»  көз каранды.  Камсыздоо болуп  аман  калуу үчүн  керектелүүчү материалдар эсептелсе, тажрыйбалар бул адамдын өзүнө жана аны курчап тургандарга жардамы тийүүчү айла-амал аракеттери жана билимдери.

ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРДҮ КАМСЫЗДОО

АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ АПТЕЧКАСЫ
Сиздин  алгачкы  жардам  аптечкаңыз  үй-бүлөңүз үчүн  зарыл  нерселерди  камтышы  керек.  Бул  аптечканы  күнүмдүк  муктаждыктарда  колдонуңуз.  Колдонулган дары-дармектерди мөөнөттөн өткөрбөй жаңылап, толуктап турушуңуз керек.

АВАРИЯЛЫК ТОПТОМ (КОМПЛЕКТ) ДАЯРДОО.
Авариялык  топтомду  сактоочу  жерди  даярдаңыз. Мүмкүн  болушунча  бул  топтомду  үйдүн  сыртында  ным жана аба өткөрбөөчү кутуда  сактаңыз.  Комплекттеги  каражаттарды жаңыртып сактоо үчүн  аларды  маал-маалы менен колдонуп, алмаштырып туруу керек. Ушундай эле кутуну сиз жашаган аймактан ыраак жайгашкан жерде да сактоо абдан  маанилүү.

ТАМАК-АШ ЖАНА СУУ
Аман  калуу үчүн суу абдан  керек. Жер титирөө болуп жатканда көчөдөгү суу түтүктөрү жана үйгө киргизилген, түтүктөр  зыянга  учурашы  мүмкүн.  Суу  агып  келатып  ар кандай булганууга дуушар болушу мүмкүн. Жер титирөө бүтөөр  замат,  үй-жайыңыз  бүтүн  калса  жана  өзүңүз жарамдуу  болсоңуз,  раковина,  ванналарга  суу  толтуруп алыңыз.  Суу  менен  камсыздоо,  албетте,  бир  нече  убакытка токтотулушу ыктымал. Кошумча суу резервдерин топтоо абдан зарыл нерсе. Ар  бир  адамга  4  литрден  суу  сактоо  керек.  Эң  кеминде 3  күнгө  суунун  запасын  сактаган  оң.  Ал  эми  бир  жумалык запас болсо, андан да жакшы.  Бул суу ичүүгө, тамак жасоого жана  кээ  бир  гигиеналык керектөөлөргө,  идиш-аякты  жууш  үчүн  жумшалат.  Сууну  бекем,  тунук  эмес пластик банкаларга же бөтөлкөлөргө,  бирок бетон  полго койбой сактаңыздар.

СИЗДИН АВАРИЯЛЫК ТОПТОМУҢУЗ.
Үй-бүлөңүз  үчүн  кол  тийгис  запас  даярдоо  абдан маанилүү.  Сиз,  балким  көчүп  чыгууга  мажбур  болосуз жана коопсуздугуна  ишенмейинче үй-жайыңыздан сыртта  калууну чечесиз.  Мындай  учурда  кээ  бир  зарыл  нерселерди  өзүңүз  менен  машинада,  ишканада  же  кайсы бир жайда ала жүрсөңүз,  сизге сөзсүз пайдасы тиет.
Андай буюмдарга төмөнкүлөр кирет:
•Суу
• Азык-түлүктөр
  Радио (кошумча батарейкалары  менен)
  Кол чырак (кошумча батарейкалары менен)
• Алгачкы  медициналык жардам аптечкасы
• Алмаштырып кийүүгө кийим-кече
  Накталай акча
  Кичинекей бүктөлмө бычак (маки)
  Ышкырык
  Кагаз менен  калемсап
  Маанилүү  документтердин  көчүрмөсү  жана  телефон номерлери салынган пластик баштык
• Жаш  балдар,  кары  кишилер,  майыптар жана үй жаныбарлары үчүн зарыл буюмдар
  Ар  бир  адамга  жекече  керектүү  дарылардын  бир  апталык  запасы  (мисалы  жүрөк оорулуулар,  диабетиктер, гипертониктер  ж.б.) . Зилзалага  арналган  атайын  мектеп топтомун даярдоо талап  кылынат,  анын  курамында:
• Ата-энелер менен байланыш  маалыматтары
• Үй-бүлөлүк фотосүрет
• Сооротуп алаксытуу үчүн  кичинекей оюнчук
• Таттуу татымдар
• Чоң бөтөлкө суу болушу кажет.
Мектептер  өзүнүн  суу,  тамак-аш,  алгачкы  жардам  запасын, жашырынуу жайын белендеп алуулары талап  кылынат.  Ар  бир  мектептин  Өзгөчө  кырдаалдар  Планы  же Өзгөчө кырдаал учурунда башкаруу Планы болуш керек.
Ар бир алты айда планды карап чыгып, авариялык зарыл топтомдогу сууну, дарыларды жана азык-түлүктөрдү алмаштырып туруңуздар.
Бул  иш-чараны  жылына  эки  жолу  саат  жылган  дем алыш күндөрү аткарсаңыздар болот.

БИЛИМДИ КАМСЫЗДОО
Өзгөчө кырдаалдан кийин:
  Өзүңүздү кармаңыз.
  Жакын арадагьтарга жардам бериңиз. Кошуналарыңызды текшериңиз,  өзгөчө карылар менен майыптарга көңүл буруңуз.
  Өзгөчө  кырдаалдар  боюнча  жергиликтүү  кызматтын кеңешин угуп,  аткарыңыз.
  Радио менен телевизордон кабарларды жана нускоолорду,  көрсөтмөлөрдү угуңуз.
  Кандайдыр  бир  бузулуулар,  зыян  тартуулар  болгон-болбогонун текшериңиз.
  Зыянга  учураган  бардык  коммуналдык  кызматтарды жаап,  өчүрүп  салыңыз.

ӨТӨ ЗАРЫЛ  БОЛБОСО ТЕЛЕФОНДУ КОЛДОНБОГУЛА!
Жер  титирөө  болуп  өткөндөн  кийин,  жашоого  коркунуч  болбосо  телефонду жөнү жок  колдонбогула.  Антпесе, телефон линиялары оорлошуп, жардамга чындап эле муктаж болуп жаткандарды  камсыз  кыла албай  калышы мүмкүн.  Балким бул учурда кимдир бирөө кечиктирилгис жардамдан көзү өтүп турат. Телефондун түтүкчөсү түшүп калган  болсо,  аны  ордуна  коюп  койгула,  бул  тиешелүү кызматкерлер  өз  ишин  мүмкүн  болушунча  эртерээк  калыбына келтиришине жардам болот.Үйдө,  мектепте  же  ишкана-уюмда  өрт  чыккан  учурда адамдарды  тез  жана  коопсуз  куткарып  чыгуу  боюнча окуу-көнүгүү иштерин жүргүзүү.
Эгер жалын чыгып жатканын көрсөңүз:
• Өрт анчалык чоң болбосо, аны өз күчүңүз менен өчүрүп коюңуз.
  Адамдарга  кабарлап,  аларды  жардамга  чакырыңыз. 101  телефонуна чалыныз.
  Өрттүн  жайылуусун  токтотуу  үчүн,  өрттөнүп  жаткан бөлмөнүн эшигин жаап салыңыз.
  Имаратта  эч  ким  калбагандыгына  көзүңүз  жетсе,  токтоосуз сиз да чыгып  кетиңиз!
  Өрттөн  сактоо  Башкармалыгына  101  номерине  телефон чалып  кабарлаңыз (кайсыл жерде,  кандай өрт,  кимдер,  эмнелер  ишке  чегилген,  оператор телефонду  коюп коюуну  суранмайынча  мүмкүн  болгон  баардык  маалыматтарды бериңиз).

АНЧА ЧОҢ ЭМЕС ӨРТТҮ КАНТИП  ӨЧҮРҮҮ КЕРЕК:
Өрттүн күч алышынын үч шарты бар: күйүүчү заттар, жогорку температура жана аба. Булардан экөөнүн бирөөсүн жойсок,  өрт  токтойт.  Аба  жок  болсо,  күйүүчү  нерсе  жок болсо,  жылуулук  толкуну  азайса  же  жалын  өчсө  анда өрттүн жайылуусу токтойт.

КӨПЧҮЛҮК  ЧОҢ  ӨРТТӨР  КИЧИНЕКЕЙ  ЖАЛЫНДАН БАШТАЛАТ!
Анча чоң эмес өрттү (жалынды) өчүрүүнү ар ким үйрөнүп алса болот.  Мындай жалынды өчүрүү үчүн:
Отту  сүлгү,  жууркан  же  ушул  сыяктуу  бир  нерсе  менен жаап салуу аркылуу;
Оттун үстүнө кум чачуу менен;
Өрт өчүргүчтү колдонуу менен;
Өрт шлангасын  колдонуу аркылуу.

ЭГЕР СИЗ ӨРТ КУРЧООСУНДА КАЛСАҢЫЗ:
ЭСИҢИЗДЕ  БОЛСУН,  КӨПЧҮЛҮК УЧУРДА АДАМДАР ОТТОН  ЭМЕС  ТҮТҮНГӨ  ДУМУГУУДАН  ӨЛҮМГӨ  ДУУШАР БОЛУШАТ.
• Төмөн түшүңүз, чөгөлөңүз.
• Жүзүңүздү ным чүпөрөк менен жабыңыз.
• Сыртка чыгуучу эшикти  карай жылыңыз.
  Кызып кеткен  (ысык) эшикти ачпаңыз.
  Чыгып  кетүү  мүмкүнчүлүгү  жок  болсо,  эшикти  жаап, төмөн жагын  нымдуу сүлгү менен кымтып  коюңуз.
• Эгер сиз өрт менен жалгыз эшиктин ортосунда калсаңыз, тезинен чыгуу эшигин көздөп чуркаңыз.
  Өрт сиздин  кийимиңизге жармашса,  ТОКТОҢУЗ,  ЖЕРГЕ  ЖАТА  КАЛЫП,  АРЫ-БЕРИ  ООНАЛАКТАП  ЖАЛЫН­ДЫ  ӨЧҮРҮҢҮЗ.

ӨРТ ӨЧҮРГҮЧТУ КОЛДОНУУ:
Өрт  өчүрүүдө  көтөрүп  жүрүүгө  ылайыкташкан  өрт өчүргүчтүн  мааниси  чоң.  Ал  өмүрдү жана  мүлктү сактап калалат. Анча чоң эмес жалынды өчүрүп калуу чоң өрттүн алдын  алат.  Ар  кимибиз  анча  чоң  эмес  өрттү  өчүрүүнү үйрөнүп алышыбыз керек.
Ар  бир  үйдө  жана  кеңседе  бирден  көтөрүп  жүргөнгө жарай турган универсалдуу (ABC үлгүсүндө,  кичинекей, орточо  салмагы  6  кг)  өрт  өчүргүч  болуусу  зарыл.  Үйбүлөнүн  ар  бир  мүчөсү  өрт  өчүргүчтү  колдонууну үйрөнүшү керек.

Өртөчүргүчтү коцдонуу-ТБ.Б.Ч. (тартуу, багыттоо, басуу, чачуу)
1. Тарткычын тартыңыз.
2.  Отко  карата  багыттаңыз.  Өрт  өчүргүчтү  төңкөрүлгөн абалда  жалынга  карай  туурасынан  (перпендикулярдык багытта)  кармаңыз.  Уулуу заттарды  чачып  жатканда  уулуу газдар менен дем алуудан этият болуңуз.
3. Өрттү өчүрүүчү зат агып чыгыш үчүн атайын сапты (рычагды)  басыңыз.  Алысыраак  аралыктан  баштаңыз,  жалындын азайышына жараша отко жакындасаңыз болот.
4.  Өрттү  өчүрүүчү  затты  бүт  аймак  боюнча,  өрт  толук өчкөнчө  чача  бериңиз.  Колдонулган  өрт  өчүргүч  кайрадан  толтурулуш  керек,  атүгүл  толук  сарпталбаса  деле толтуруп коюу максатка  ылайык.

ЖЕР ТИТИРӨӨ УЧУРУНДАГЫ ЖҮРҮШ -ТУРУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Адамдын  мээси  өзгөчө  кырдаалга  үч  жөнөкөй  багыт боюнча түрдүүчө жооп  кайтарат:  күрөшөт,  качып жөнөйт же  муздак тер басып эмне  кыларын  билбей туруп  калат. Булардын  баары  коркуунун  түрлөрү.  Мындай  реакция бизде  өзүнөн-өзү  пайда  болот.  Азыркы  күңдө  биз турак үйлөрдө  жана  шаарларда  жашап  жаткандыктан  өзгөчө кырдаал  түзүлүп  калганда  дүрбөлөңгө  түшүп  калбашыбыз  үчүн  өзүбүздүн  жөндөмдүүлүктөрүбүздү  пландап жана машыктырып турушубуз керек. Жер  титирөө  учурунда  өзүбүздү  туура  алып  жүрүүгө тажрыйба  топтоо  үчүн  үйдө,  мектептерде  же  жумушта атайын көнүгүүлөрдү аткарып  машыгабыз. Жер  термелгенде  жердин  үстүнкү  катуу  бети  бир  же эки  мүнөттөй  аралыкта  кеме  сыяктуу  чайпалып  турат. Алгач  чайпалуу  бир  кылка  башталып,  аягында  бир  тарапка тайып  кетүү же сүрүлүү менен  коштолуучу кескин силкинүү сезилиши  мүмкүн.  Эгерде  сиз жер  титирөөнүн чордонуна  жакын  аймакта  калсаңыз,  күчтүү  чайпалуудан  улам  кыймылдоого  мүмкүнчүлүгүңүз  болбойт.  Карбаластабай  тынчтаныңыз  да  бул  кыйын  абалдан  чыгууга  киришиңиз.  Дүрбөлөң  түшпөстөн  ойлонуп  аракет кылсаңыз  сиздин  аман  калууга  мүмкүнчүлүгүңүз  артат жана кулап түшүп жаткан  нерселерден сактана аласыз.
Күчтүү зилзала болуп жаткан учурда жыгылбай басууга мүмкүнчүлүк болбосо, төмөнкүдөй аракет жасаңыз:
·         Алгач  коопсуз жер таап, отура туруңуз.
·         Башыңызды,  моюнуңузду калкалаңыз.
·         Бекем жана туруктуу бир нерсеге таяныңыз.
·         Терең дем алып тынчтаныңыз.
·         Жердин  чайпалуусу токтомоюнча  өз ордуңуздан жылбай күтө туруңуз

Жер  титирөө  учурунда  көпкө  ойлонууга  убакыт  болбойт.  Алгач  шуулдаган  шоокум  угулуп,  анан  чайпалуу  башталат.  Жаныңызда  кимдир  бирөөлөр  болсо «ЖЕР  ТИТИРӨӨ!»  деп  машыгуу  учурундагыдай  үн  салып  кыйкырыңыз,  анткени  алар  баш  калкалап  калууга үлгүрүшү керек.  Эгер бул анча чоң эмес жер титирөө же жүк ташыган  машина  өтүп  кеткен  болсо,  уялбаңыз,  анткени сиз бул жолу дагы бир жолу жер титирөөгө машыгуу жасап алдыңыз.  Бул даярдык абдан  маанилүү.

Эгерде сиз ичкериде болсоңуз:
Бекем  столдун  же  ушул  сыяктуу  бир  буюмдун  астына  кирип  алыңыз,  терезелерден  алысыраак болуп,  ички дубалдардын  бурчтарынан  жана  эшиктин  жанынан  баш калканч издеңиз.

Эгерде сиз көчөдө болсоңуз:
Ачык  аралыкка  чыгууга  аракеттенип,  кулап  түшүп жаткан сыныктардан, электр линияларынан жана дарактардан этият болуңуз.
Эгерде сиз машинада олтурсаңыз:
Ачык  аянтчага  айдап  чыгыңыз  да  олтурган калыбыңыздан жылбаңыз.  Көпүрөлөрдөн, туннелдерден жана электр мамыларынан алыс болуңуз.

Эгерде сиз шаардын тар көчөлөрүндө болсоңуз:
Мындай  көчөлөрдө коопсуз жерлер саналуу гана,  андан калса,  көчөгө имараттан качып чыгуу эң опурталдуу болушу мүмкүн.
Жер титирөө учурунда эмне кылууга болбойт:
• Тепкичке (шатыга) же сыртты  көздөй жүгүрүүгө
  Бал ко нго чыгууга
  Балкондон же терезеден секирип түшүүгө
• Лифтти  колдонууга.

Жер титирөөдөн кийин:
• Тынчтаныңыз. Карбаластап дүрбөлөң салбастан, ары-бери чуркабаңыз жана жөнү жок кыйкырбаңыз.
• Жогорудан түшүп жаткан же илинип турган, жерде жаткан айнек сыныктарынан жана жер астындагы  коркунучтардан этият болуңуз.
• Айланага  көз чаптырып,  жараат алып,  жардамга  муктаж болуп жаткандарга жардам бериңиз. Эгер токтоосуз зарылчылыгы  болбосо  аларды  ордунан  козгобоңуз.  Муктаждыгына жараша медициналык алгачкы жардам көрсөтүңүз.
  Газ  чыгып  жаткандыгынан  жана  башка  тез  тутануучу  заттар  бар  же  жок  экендигинен  күмөн  санасаңыз ширеңке,  тутандыргыч  (зажигалка),  шам  же  от  жакпай койгон  дурус.  Эгерде  газ  сымал  жыт  сезсеңиз,  кранды жаап,  терезелерди  ачып,  бөлмөдөн тезирээк чыгып  кеткенге ашыгыңыздар.  Бөлмө караңгы болсо,  кол чыракты пайдаланыңыз.

Эсиңиздерде болсун: ӨРТ КОРКУНУЧУ ЖЕ КЕЧИКТИРИЛГИС  ЖАРДАМ  МУКТАЖДЫГЫ  БОЛБОСО ТЕЛЕФОНДУ ПАЙДАЛАНБАГЫЛА!
Ичкериде:
  Өрт  коркунучун  текшериңиз.  Тиешелүү  сактануу чараларын көрүңүз.
  Газ,  суу  жана  электр  тармактарын  текшериңиз.  Газ чыгып  жаткандыгын  сезсеңиз,  ширеңке,  чырак,  электр приборлорун,  электр жандыргычтарын  колдонбоңуз.  Терезелерди  ачып,  бөлмөнү  таштап  чыгып  кетиңиз  жана бүлүнүү тууралуу тиешелүү жактарга билдириңиз.
  Чыгып  баратып  канчалык деңгээлде  кыйроо  болгондугун жана өрт коркунучу бар же жоктугун байкаңыз.
• Эгерде кандайдыр бир структуралык бүлүнүүнү көрбөсөңүз, газ жытын сезбесеңиз же өрттү байкабасаңыз, анда сиз тикелей коркунуч аймагында эмессиз.
  Эгер  сиздин  турак-жай  имаратыңыз  кыйроого  дуушар болсо,  дүрбөлөң түшпөңүз.  Тынч  гана  имаратты  таштап чыгып кетиңиз жана алдын-ала авариялык топтомуңузду, сууну алып  коопсуз жайга барыңыз.
  Сыртта  ичкериге  Караганда  кыйла  кооптуу  болушу мүмкүн. Сиздин турак-жай имаратыңыз аман калса, телефон  трубкасы  ордунда  экендигин  текшериңиз.  Төгүлгөн зыяндуу суюктуктарды тазалаңыз.  Өзгөчө кырдаалга даярдалган  нерселериңизди чогултуңуз.
  Радио  угуп,  телевизорго,  көз  салыңыз,  өзгөчө  кырдалдын окуялары жөнүндө кабар берилиши  мүмкүн.
  Кыйраган имараттарга кирбегиле.

Имараттан сырткарыда:
Эгерде  сиз  Өзгөчө  Кырдаалда  Коомдук Аракеттенүү боюнча  ыктыярчы  катары  окуудан  өткөн  болсоңуз  же алгачкы  жардам  көрсөтүү,  чалгындоо-куткаруу  иштеринде,  өрт  өчүрүүдө  тажрыйбаңыз  болсо,  анда  сиздин  тегерегиңиздеги  адамдар  коопсуздукта  экендигин  байкаштырыңыз.  Андан  соң  өзүңүздүн  авариялык топтомуңузду алып,  сиздин  жамаатыңыз чогулган жерге келиңиз.  Жолдо  келатып  кыйроолордун  өлчөмүнө  көңүл буруңуз. 
Эгерде  сиз  ыктыярчы  катары  окуудан  өтпөсөңүз,  бирок жардам  бергиңиз  келсе,  анда  тегерегиңиздегилерге жардам  берсеңиз  болот.  Сиздин  жамаатыңыз  чогулган жерге  барып,  аларга  жардамдашыңыз.  Сиге  ал  жерден көрсөтмө беришет.


АФТЕРШОК (КАЙТАЛАНУУЧУ СЕЙСМИКАЛЫК СИЛКИНҮҮ)
Кайталануучу  сейсмикалык  силкинүү  учурунуда өзүңүздү  алгачкы  жер  титирөөдө  кандай  алып  жүрүүгө үндөгөндөй эле кеңеш  беребиз.

Үйдөн же мектептен эвакуациялоо
Эвакуациянын  максаты имаратты таштап чыгаардын  алдында  ар  бир  адамдын  коопсуздугун  камсыздоо,  аларды  эсепке  алуу  жана  кыйроонун  көлөмүн аныктоо.  Үйдөн  сыртка  эвакуация  кылдаттык  токтоолук менен жүргүзүлөт.
  Сыртта  болуу  ичкериде  калуудан да  опурталдуу болушу мүмкүн.
• Сыртта коопсуз жер табуу кыйыныраак болушу мүмкүн
• Сыртка чыгып кетүү үчүн коопсуз жол болбой калышы мүмкүн
  Сыртка чыгуу үчүн  альтернативдик жол  ачуу зарылчылыгы  пайда болушу мүмкүн.

ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАРДАМ
Табигый  кырсыктар  адамдарга  түрдүүчө  таасир тийгизет:  физикалык,  эмоционалдык,  аңдап-билүү жана психологиялык жактан. Адамдар мындай кырсык учурунда  ар түрдүү жоготууларга дуушар  болушат.  Күтүлбөгөн жагдайдын таасири менен кырсыктын кесепетине карата реакциянын  ар түрдүү болушу нормалдуу болуп эсептелинет.
Түйшүктү жеңилдетүү, стрессти түшүрүү үчүн түшүнүү, сабырдуу болуу, жагымдуу кабар айтуу өзгөчө маанилүү. Жоготууларга  карата табийгый  реакция  болушу мүмкүн, атүгүл  кээ бир адамдар травмадан  кийинки  стресске кабылданышы да  мүмкүн.

АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ  КӨРСӨТҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ
Алгачкы  72  саатта,  негизинен  жардам  сиздин айланаңыздагылардан  гана  келет.  Өзгөчө  кырдаалда керектелүүчү муктаждыктарды материалдыкзапастар ме­нен жетиштүү өлчөмдө заматта камсыз кылууга дүйнөдөгү эч  бир  мамлекеттин  чамасы  жетпейт.  Даяр  болуп  жүрүү үчүн бир канча тажрыйба, иш билгендик керек:
• Алгачкы жардам  көрсөтүү
• Жеңил-желпи чалгындоо-куткаруу иштери
• Өрт өчүрүү
• Кырдаалга жараша жооп жасоону уюштуруу

Алдын-ала даярдыгы жок туруп да жардам  берүүнүн бир нече жолун өздөштүрсөк болот:  керектелүүчү буюмдарды жана  унаа табуу,  тамак-аш даярдоо,  суу ташуу, убактылуу баш калканч жана даараткана куруу, балдарга жана карыларга каралашуу,  опурталдуу жерлерде күзөттө  туруп  көзөмөлдөө,  керек  болсо  колдон  келген моралдык жардам берүү.

КЫРДААЛГА  ЖАРАША  ЫКЧАМ  АРАКЕТТЕНҮҮ  ТОБУН УЮШТУРУУ
Өзгөчө  кырдаалга  карата  ыкчам  аракеттенүү  тобун уюштуруунун  эл  аралык  системасы  киргизилген.  Ал Өзгөчө  Кырдаал  Башкаруу Системасы  (ICS) деп аталат. Бир  адам  кайсы  бир  аймакка  командирликке  (убактылуу болсо да)  дайындалып,  ыктыярчылардын  жардамы менен  муктаждыкка  жараша  эки  бөлүм  түзөт.  Ыкчам аракеттенүү  (оперативдик)  бөлүм  кыйроонун  көлөмүн баалап, чалгындоо-куткаруу иштерин жана алгачкы жардам  көрсөтүү,  өрт  өчүрүү,  коркунучтарды  чектөө  иштерин жүргүзөт.
Жабдуучу  бөлүм  матөриалдарды,  ыктыярчыларды  унааларды,  тамак-аш  азык-түлүктөрүн,  чатырларды жеткирүү  жана  санитардык  камсыздоо,  психологиялык жардам жана байкоолорду жүргүзүү менен алектенишет.
Өзгөчө  кырдаал  учурунда  коомдук  куткаруучулар жана  башка  Өзгөчө  Кырдаал  Башкаруу  Системасы  боюнча  даярдыгы  бар  адамдар  ушул  аймакта  иштешет. Эгерде өзгөчө кырдаал  боюнча атайын  көнүгүүдөн  (тренинг) өтсөңүз,  анда сиз да жардам берсеңиз болот.

V.  БАШКА ТАБИГЫЙ  КЫРСЫКТАР

Сиздин  үй-бүлөлүк  жана  жумушчу  планыңыз  бөөдө кырсык  болуп  кетсе  сизге  жардам  берет.  Суу  ташкыны, жер  көчкү,  бороон-чапкын  сыяктуу кырсыктар  күтүлөөрү эскертилсе,  бул  маалыматты  таратыңыздар  жана  эвакуация  боюнча  нускоолорду  аткарыңыз.  Уйкуга  алдырбай, даяр туруңуз.

СУУ ТАШКЫНЫ, ЖЕР КӨЧКҮ ЖАНА СЕЛ АГЫН:
  Кайсы  жер суу ташкыны,  жер  көчкү жана  сел  учурунда коркунуч туудурарын изилдеп чыгыңыздар.
  Эңкейиш  боорлорго  дарак  отургузуңуздар,  турак-үй, агын  сууларды  жана  селди  жөнгө  салуу  үчүн  имаратты тегерете суу токтоочу арыкчаларды  куруу керек.
• Кум толтурулган мүшөктөрдү үйгө суу кирип кетпес үчүн жакын  жерге  топтоп  коюңуз.  Кээ  бир  учурларда  кирген суу  агып  чыгып  кетиши  үчүн  имараттын  эки  тарабынан тең текшик кылып  койсо болот.
  Коркунуч булактарын байкай жүрүүнү үйрөнгөнүңүз оң, мисалы:  суунун көлөмү,  кардын  калыңдыгы ж.б.
  Суунун  деңгээли  көтөрүлгөндүгүнөн  улам,  бийигирээк жерден орун алыңыз.
• Жер көчүүчү же сел жүрүүчү аймактан алые болуп,  бекемирээк жерге орношуңуз.
  Суунун  агымы  менен  баспаңыз.  Суу  аркылуу  басууга туура  келсе,  агым  жок  жерден  кечиңиз.  Алдыңыздагы топурак  же  ылайдын  калыңдыгын  билүү  үчүн  таяк колдонуңуз.
  Жерде  жаткан  электр  өткөргүч  линияларынан  алые болуңуз.  Сизди ток урушу мүмкүн.
• Сиз жашаган аймакта электрдин негизги өчүргүчү жана сактагычтар  (предохранитель)  калканчы  суу  ташкын көлөмүнөн бийик жайгашылышы  керек.
  Жарадар  болгон  же  бир  жерге  кептелип  калган  адамдардын  опурталдуу жерде  калган-калбаганын  ал  аймакка  кирбей  туруп  алыстан  байкаңыз жана  адис  куткаруучуларга маалымдаңыз.

БОРООН - ЧАПКЫН
Авариялык топтомуңузга төмөнкү буюмдарды кошуңуз:
  Кошумча  төшөнчү-жууркан,  батарейкалар,  тамак-аш, отун жана от жагуу үчүн орун даярдалышы керек.
  Жылуу  тон,  тумак,  мээлей  же  колкап,  суу  өткөрбөөчү бут кийимдер.
• Автоунааңызга керектүү авариялык запастык бөлүктөр.
  Жөнү  жок  ары-бери  каттоолорду  токтотуп,  имараттын ичинде болуңуз.
  Өзгөчө  кырдаалдарда  колдонуу үчүн  бензин  толтурулган  канистрди сактап  коюңуз.
Эгерде  коопсуз  болсо,  кырсык  аймагынан  ыраак  бара урганыңыз оң, турган жериңизди, баруучу маршрутуңузду жана  жетип  баруучу  болжолдуу  убактыңызды  кимдир бирөөгө билдириңиз.
  Машина  айдап  баратып  жолдун  четинен  абайлаңыз, анкени ал  капилет коркунучту өзүнө катып турат.
Агып  келаткан селдин  шоокумун тыңшаңыз.
• Мүмкүнчүлүк болсо экинчи кабатка жогору көтөрүлүңүз.
• Суунун  көлөмүнүн, деңгээлинин  кескин өзгөрүшүнө, өзөн сууларынын,  каналдардын тунуктугуна кыраакы болуңуз.
• Эгер сыртка чыгууга туура келсе, сизге жылуу болуш үчүн жеңил  жылуу  кийимдерди  кийиңиз.  Дененин  температурасын жоготпош  үчүн  башты,  колду жана  оозду жаап, чүмбөттөнүңүз.
• Кардын же муздун үстү менен басууда этият болуңуз.
• Эгер тыгылып  калсаңыз,  машинадан чыкпаңыз.  Антеннага ачык (кызыл) түстөгү кездемеден байлап  коюңуз.
  Машинанын  мешин  саатына  10  мүнөттөн  жагыңыз. Ушул  эле  учурда  машинанын  үстүңкү  фараларын  жандырган  бойдон  калтырыңыз,  бул  сиздин  ордуңузду көрсөтүп  турат.  Бөлүнүп  чыккан  газ  кайрадан  кирбеш үчүн  дабышты  басаңдаткычтын  түтүгү  бош  кармалыш керек.  Кыймылдаткыч  иштеп  жаткан  учурда  терезени  бираз  ачып  коюңуз,  анткени  көмүр  кычкыл  газы  менен  уугуп  калышыңыз  ыктымал.  Мүмкүн  сиз  дабышты басаңдаткычтын түтүгүн  кардан тазалайсыз.
  Жол  картасын  пайдаланыңыздар.  Полго  тешөөчү  килемчелерди,  каптарды  ала  жүрүңүздер,  алар  жылуулукту сактоого жардам  берет.  Кезеги  менен  уктаңыздар, ойгоо  калган  адам  куткаруучулардын  келишин  күтүп  турушу керек.  Бири-бириңерди жылуу кармагыла.
  Колу-бутуңуздарды  кызытуу  менен  кандын  айланышын  камсыз  кылып,  жылуулукту  жоготпогонго  аракет кылыңыздар.
• Кар күрөп, өзүңүздөрдү чаалыктырып алуудан сактаныңыздар.

ЖЫЛУУЛУК ТОЛКУНДАРЫ  (ЫСЫК ӨТҮҮ КОРКУНУЧУ)
  Тынчтаныңыздар.  Ичкериде  калып,  төмөнкү  кабаттан орун алыңыздар.
• Жеңил, ачык түстөгү кийим  кийиңиздер.
  Чаңкабасаңыздар  да  сууну,  суюктукту  көп  ичиңиздер. Кофеин же алкоголь ичимдиктрин  ичпеңиздер.
  Курамында  протеини  жок  тамактарды  аз-аздан  бирок бир нече жолу жеңиздер.

ЭГЕР КИМДИР  БИРӨӨГӨ ЫСЫК ӨТҮП  КАЛСА:
(булчуңдардын  ооруп  же  түйүлүп  калуусу,  лиофилизация,  нымдуу  ысытма,  купкуу  же  кызарган  тери,  көп тердөө,  көңүл айлануу,  баш тегеренүү,  арыктап, жүдөө)
• Жабыркаган адамды салкын жерге жаткырыңыз.
  15 мүнөт сайын жарым стакан суу бериңиз.
• Эс алуусун  камсыз кылыңыз.
  Булчуңдарын жумшак ушалаңыз.
• Денени кыса жапкан кийимдерин чечип салыңыз. Муздак нерселерди,  нымдуу сүлгүнү чекесине басыңыз.

ЭГЕР  КИМДИР-БИРӨӨГӨ  КАТУУ  ЫСЫК  ЖЫЛУУЛУК СОККУСУ ӨТҮП  КАЛСА:
Адамдын  денеси  кызарып  ысытма  чыкса,  кан  басымы жогоруласа,  бат-бат  кыска  дем  алса,  алсыз  пульс жана акыл-эсинде  кандайдыр  өзгөрүүлөр  болсо бул  жашоо үчүн  коркунучтуу көрүнүш.
  Ар  кандай  жолдор  менен  дененин  температурасын түшүрүү керек.
• Тезинен доктур чакырыңыздар.
• Жабыркаган адамды жаткан абалынан козгобоңуздар.
  Кускусу  келсе  же  акыл-эсинде  өзгөрүү  болсо,  жегенге же ичкенге эч нерсе бербеңиздер.

ЯДРОЛУК,  БИОЛОГИЯЛЫК  ЖЕ  ХИМИЯЛЫК  ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР
Негизинен,  мындай  абалда  эң  жакшысы  бийиктикке көтөрүлүп,  шамалга каршы  багытта турган оң.  Бирок ага карабастан,  бир  орундан  экинчи  жерге  жылуу андан  да коркунучтуу болушу мүмкүн.  Коркунучтуу заттардын абага таралуусунан  кийин,  көпчүлүк учурда Куткаруу кызматы  «өз ордунда жашырынууну» буйрушат.
• Өз  ордуңузда  жашырынууга  же  эвакуацияга  даяр туруңуз.  («Өз ордунда жашырынуу» деген,  бир орундан жылбоо дегенди түшүндүрөт).
  Бардык эшик-терезелерди  кымтып жабыңыз.
  Желдеткичтерди,  жылыткычтарды  жана  кондиционерлерди өчүрүңүз.
• Үй-бүлөлүк авариялык топтомду алып чыгыңыз.
• Терезеси жок ички бөлмөгө өтүңүз.
  Жарылуу  коркунучу  бар  болсо,  жалюзи,  пардаларды жаап коюңуз. 
  Скотч  же  полимердик  пленка  менен  каалганын  кычыктарын жана тешиктерин чаптап салыңыз.
• Радио угуп, телевизорго көз салыңыздар, эвакуация бо­юнча команда болмоюнча өз ордуңузда кала бериңиз.
• Эгерде убактылуу бир жерге жайгашсаңыз, дарегиңизди байланышуучу адамга билдириңиз.
  Эгерде  жумушта  же  мектепте  болсоңуз,  баарын  имараттын  ичине киргизиңиз.
• Бөлмөлөр аралык байланыш  болуп турушу абзел.
• Бөлмөдөгүлөрдүн ар бирөөсүнүн аты-жөнүн тактап жазып алыңыз.
Эгерде сиз сыртта же машинада болсоңуз, токтоосуз үйгө, мектепке же кандайдыр бир коомдук имаратка кириңиз

VI.  ҮЙДӨ,  МЕКТЕПТЕ  ЖЕ  ЖУМУШ  ОРДУНДА  КЕМЧИ­ЛИКТЕРДИ  ИЗДЕП  ТААБУУНУН  ЖАНА  ЖОЮУНУНЖОЛДОРУ.

Өзгөчө абалга даярданып жатканда өз үйүңөрдөгү,  мектептеги  жана  жумуштагы  кемчиликтерди  табууга  жана жоюуга аракеттениңиз.

Кулап же тайып  кетүүчү буюмдарды текшериңиз.
• Бийик жайгашкан оор буюмдар барбы? Аларды үй-бүлөдөгү эң кыска адамдын боюна барабар деңгээлге түшүрүп коюңуз.
• Эмеректерди дубалга кагып бекемдеп коюңуз.
  Картиналарды  илгичтерге бекемдеңиз.
• Жарык берүүчү жабдыктарды  шыпка бекемдеңиз.
  Ашкана  шкафтарынын  эшиктерине  илгичтерди  орнотуп  коюңуз,  жер  титирөө  учурунда  алар  эшикти  кармап турат.
  Ваннадан  шише  бөтөлкөлөрдүн  баарын  алып  салгыла (Мүмкүн  сиз жер титирөөдөн  кийин  ваннага суу запасын толтурасыз).
  Кандайдыр  бир  коркунучтуу  (уулуу,  тез  от  алып  күйүп кетүүчү) заттардын бар же жок экендигин текшериңиз.