Тарыхый диалектология

Ар бир говордун, диалектинин пайда болуш тарыхын, =зг=ръш себептерин, ар бир тилдин калыптаныш процессин, алардын башка диалектилер жана тилдер менен болгон мамилелерин изилдейт.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Диалектология

Адабий тилдеги диалектилерди окуп, ъйр=нъъ ж=нънд=гъ илим диалектология деп аталат. Диалектология гректин dialektos – съйл=шъъ жана logos – илим деген с=зд=рън=н пайда болгон.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Диалектилердеги өзгөчөлүктөр

Фонетикалык =зг=ч=лък.
Тъндък диалектиде жана адабий тилде сегиз кыска ъндъъ болсо: а, о, э, у, ъ, и, ы, тъштък диалектиде тогуз кыска ъндъъл=р бар: а, о, э, =, у, ъ, и, ы, э. Тъштък диалектиде с=з башында й, х тыбыштары колдонулат: йуз, hеч, тъндъкт= жъз, эч жана башка.
Грамматикалык =зг=ч=лъкт=р.
Тъштък диалектиде кээ бир этиштердин к=птък търънън –лар мъч=съ менен уюштурулушу: олор келдилар.
Сан атоочтордо –та мъч=сънън колдонулушу: битта, экита, ъчта ж. б.
Ки, йем, лекин байламталарынын колдонулушу: мен йем билем, ол кеиптир, лекин к=рг=н жокмун. Мен уктум ки, олар эрте ж=н=йт.
Барыш ж=нд=сънд=гъ мага, сага деген жактама ат атоочтор маща, саща формасында айтылат ж.б.
Лексикалык =зг=ч=лъкт=р.
Диалектилерде                          Адабий тилде
Чарым (тъштък диал.)             таман
Жонгучка (-//-)                          беде
асал (-//-)                                     бал
текмат (Талас)                           кур
падыбот (Ысык-К=л)                    чощ чыны ж.б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Говор деген эмне

Диалектинин ичиндеги тилдик =зг=ч=лъкт=р говор деп аталат. Кыргыз тилинде Талас, Чъй, Ысык-К=л, Тянь-Шань, Ош, ичкилик жана башка говорлору бар.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Диалект деген эмне

Белгилъъ бир территорияга тараган тилдик б=т=нч=лъкт=р диалект деп аталат. Кыргыз тили жергиликтъъ эки диалектиден (тъндък жана тъштък) турат. Тъндък диалектиге Чъй, Талас =р==нд=рънд= жана Ысык-К=л, Нарын областтарында жашаган кыргыздардын тили кирет. Тъштък диалектиге Ош областынын (Токтогул районунан башка) райондорунда жана +збекстан менен Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили кирет. Мисалы:
Тъндък диалекти      Тъштък диалекти
Уй                                сыйыр
Бийик                          эгиз
Ч=б=г=                        тыбыт
Чощ                                 кэттэ ж. б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Тил жана ойлоо

Тил менен ойлоо ажырагыс байланышта, буларды бири-биринен ажыратып кароого болбойт. Ар кандай ойлор тилдин материалдык базасынын негизинде түзүлөт. Адамдын тили да ой, аң-сезим менен бир мезгилде жаралган.
Тил ж=нънд=гъ матеиалисттик тъшънък.
Тилди эч кандай башка къч (кудай) жараткан эмес, ал коом менен кошо жаралган деп тъшънъъчълък.
Тил ж=нънд=гъ идеалисттик тъшънък.
Тил жаратылыштан тышкары турган кандайдыр бир къчтън (кудайдын) жардамы менен гана жаралган деп тъшънъъчълък.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Тил качан пайда болгон?

Коом пайда болгондо тил да пайда болгон, себеби адамдардын бири-бири менен пикир алышууучу эң негизги куралы тил болуп саналат. Тилсиз коомдун да болушу мүмкүн эмес. Тил коомдук зарылдыктын негизинде келип чыккан.

Тил деген эмне


Тил деген эмне?
Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат”.  В. И. Ленин.
“Тил дегенибиз – ойдун тикеден-тике чындыгы”. К. Маркс.
“Тил да эс сыяктуу байырк нерсе”. Ф. Энгельс.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

ЧЫНЫБЕК


Бар экен, жок экен, Миңбай менен Жүзбай бар экен. Миңбайдын мин кою, бир баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы бар экен. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду ээн жайкын эртеден түшкө чейин кырат. Бала болсо ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп: «Кудай куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби» - деп, баланы ойготот.
Миңбайдын баласы тура калып: «Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби, менин миң коюм бар, эмне үчүн ойготосун, эң кызык түш көрүп жаттым эле, түшүмдү таап бер» - деп, Жүзбайдын баласын жаакка бир салат. Жүзбайдын баласы карап турсунбу, а да жаакка бир салат. Ошентип, экөө түштөн урушкан бешимге чейин урушушуп аябай чарчашат. Акырында Жүзбайдын баласы: «Эмне түш көрдүң? Айтчы, каадалуу түшүндү угайын?» — деди. Миңбайдын баласы: «Каадалуу түш дейт тура. Башыма Күн тууп, аягыма Ай тууп, орто жерине Чолпон жылдыз чоң тууп жатыптыр, бул. каадалуу түш эмегенде карышкыр кырган кой каадалуу бекен? — деди.
Жүзбайдын баласы: «Сатасыңбы түшүндү?» - деди. Миңбайдын баласы: «Сатамын, карышкыр канча коюмду кырса, ошончо кой берип алгын», - деп убадалашты. Жүзбайдын баласы: «Карышкыр канча коюңду кырды экен деп санаттырса, Миңбайдын баласынын туура жүз коюн кырыптыр. «Жүз коюмду өлтүрүптүр, жүз коюңду бердиңби?» - деди. Экөө: «Алдым, саттым, береке» - деп кол алышып, кечийде үйлөрүнө кайтып келишет.
Жүзбайдын баласы эл жата үйүнө барды эле, атасы тура калып: «Кокуй, балам, коюң кана?» - деди. Баласы: «Атаке, түшкө сатып жибердим», - деди. Жүзбай: «Ал эмне болгон түш экен жүз койдун баарын саттыңбы? - деди. Анда баласы күлүп: «Башыма Күн тууп, аягыма Ай тууп, орто жериме Чолпон жылдыз чон тууган түшкө саттым, атаке», - деди. Атасы ордунан тура калып, жеткен жеринде келтек менен, жетпеген жеринде тезек менен уруп, баласын кубалап жиберди.
«Эгер койду таап келбесен ичиңди жарып, башыңды итке салбасам, Жүзбай атым өчсүн» - деп, ачууланып кала берди.
Бала айлап-күндөп жүрүп отурду. Башы ылжыраган таз болду, курсагы ач болду, ошондо асманда учуп бара жаткан каргага кайрылып: «Карга аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачка өлүп баратам, жардам кылыңыз», - деп колун каргага сунду эле, карга: «Ошондой бол, таз балам, коюңа салган чөптөн жейин деп барсам, жата калып таш алып, тура калып баш алып уруучу элең, дагы сага чала болуптур», - деп өтүп кетти. Мындан кийин үстүнөн бир көгүчкөн учуп өттү. Бала буга да кайрылып: «Көгүчкөн аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан өлүп баратам, жардам кылыңыз», - деп колун сунду. Көгүчкөн: «Ошондой бол, таз балам, кар жаап, борошо урганда, корооңдон тамак жейли деп барсак, тузак тартып ата-энемди, бала-чакамды кармап алгансың, ата- энең: «Коё бер, у ал болот» - десе: «Убал болсо Кудайым адал кылбай эле койбойбу» - деп, шишкебек кылуучу элен, эми мусапыр болдуңбу?» - деп өтүп кетти.
Канаттуудан айла болбогондон кийин бала: «Өлсөм дагы адам жетпес дөбөгө жетип өлөйүн, этимди карга- кузгун жесин» - деп, илкий басып андан ары жүрүп отурду. Акыры бутун шилтей албай, каруусу калбаганда дөбөгө келип, башына таяк жазданып, көзү чекчейип, бели бөкчөйүп, жатып үргүлөп уктап кетти. Таң агарып атканда бир адам келип: «Ой бала, тур, атка мингин!» - деп мингизип алып жүрүп кетти. Түш болгондо баягы адам артына айланып карап түрү суук бир таз баланын атына минип келе жатканын көрдү да, атып салмак болуп саадагын сууруп алды. Бирок кайра ойлонуп: «Буйрук ушул болсо, бул бечаранын канына сабын болбоюн!» - деп кыз сабыр кылып жүрүп отуруп бир тоого келишти.
Эмки сөз кыздын тазга кандайча жолукканы жөнүндө болсун. Кыз өзү Күлгаакы деген сыйкырчы кемпирдин кызы экен. Ал Сейит чалдын Өмүраалы деген уулуна качмак болуп убадалашыптыр. Ушу түндө адам жетпес дөбөго Өмүраалы келип, кызды алып кетмекчи экен. Жигит ал күнү дөбөгө жетпей калып, буйрук менен кыз тазга дуушар болду. Кыз таздын башына дары сыйпады эле, жети күндө кундуздай кара чач чыкты. Ошентип, Айым сулүү: «Кудайдын буйругу»,- деп таз балага тийди. Баланын аты Чыныбек эле.
Күндөрдүн биринде Айым сулуу түш көрүп, эртең менен Чыныбекке айтты. «Түндө түшүмдө Өмүраалы кырк жигити менен Чыныбекти өлтүрүп, колуктумду таап аламын деп жолго чыгыптыр», - деди. Чыныбек: «Андан коркпо, түшүң жакшы түш экен, мен аны өлтүрөт экенмин» - дет жаман кементай кийип, бир жаман сары курумшу курчанып жүрүп кетти. Барып Өмүраалынын келе турпан жолуна чоң ак үй болуп кубулуп, кырк кулактуу казандын ичинде толтура эт болуп кайнап турду. Аңгыча Өмүраалы кырк жигити менен келип: «Кокуй, куйка таз ушу, тегеректеп карсылдатып сабагыла», - деди эле, жигиттери: «Таксыр, куйка тазыңыз адамбы?» - деп сурашты. Өмүраалы: «Ооба, адам» - деди. Анда жигиттер: «Адам болсо кантип тигилүү үй, жагылган от, кайнаган эт болуп калсын, жолдогу бышып турган бейиштин тамагынан жебей кетсек, жолубуз болбойт» - деп, түшө калып кырк кулактан кармап чыгаралы дегенде казан жарылып кетип, Өмүраалы баштап кырк бир киши күйүп өлүп калды. Чыныбек таз аларды кандайча айла менен өлтүргөнүн Айым сулууга айтып берди.
Арадан бир жума өтүй, жуманын түнүндө Айым сулуу түш көрүп, эртең менен тура калып: «Түндө түшүмдө Сейит чал баламды тиргизип, келинимди тапкызып алып, Чыныбекти өлтүрөм деп келе жатыптыр»,- деди. Чыныбек таз муну угуп: «Экинчи үйүн көргүс кылайын» - деп, курумшу курун курчанып жүрүп кетти. Барып Сейит чалдын келе турган жолун тосуп, ак тайлак болуп боздоп жүрдү. Сейит чал көрөрү менен куйка таз экенин билип, кармап алды.
Үйүнө алып барып чөгөрүп коюп, темир казыкты өркөчүнө кагып: «Келинимди таап бергин, баламды тирилтип бергин», - деп боздотуп кыйнай баштады, Куйка таз тайлак болуп муңданып, эки көзүнүн жашын мончоктотуп төгүп ыйлап турганда, Сейит чалдын Ашымкан, Кишимкан деген эки кызы келип: «Айланайын атаке, адам баласы кантип тайлак болуп жүрсүн, бекер жанын кыйнабасаңар, бул деле Кудайдын бир макулугу турбайбы», - дешти.
Сейит чал: «Жок, баламдын түбүнө жеткен чунак ушу» - деп, ансайын ура баштады. Таз тайлак андан бетер көзүнүн жашын мончок-мончоктотуп төккөндө, эки кыз: «Атаке, ушу тайлагыңды бизге бериңиз, Ит ичпестин ала көлүнөн сугаралы, эгер суудан ичсе, төө экени, ичпесе адам баласы, анык куйка таздын өзү. Андан кийин эмне кылсаңыз, өзүңүз билиңиз, бербесеңиз мойнубузга аркан салып муунуп өлөбүз», - дешип коркутушту. Чал: «Баламдын үстүнө кыздарымдан айрылбайын», - деп корккон бойдон бере салды. Эки кыз жетелеп алып, көлдү көздөй жөнөп калды. Тайлак жолдо секирип, ойноп тамаша салды. Кыздар каткырып күлүшүп, кумарга канды. Ошентип, Ит ичпестин ала көлүнө жетишип, тайлакты сугарайын деди эле, таз акең коргошун болуп суунун түбүнө түшүп кетти. Эки кыз тилдерин жебиретип, бойлорун кибиретип, алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп, атасына: «Ырас эле куйка таз экен, суунун түбүнө коргошун болуп чөгүп кетти», - деп ыйлап барышты. Сейит чал: «Эчак эле айтпадым беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн көрсөтүп бергиле» - деп, эки кызын ээрчитип сууга келди. Суунун баарын ууртап коргошунду тиштеп алайын дегенде, Чыныбек таз жөргөмүш болуп кубулуп, бир теректин башына жөргөлөп чыгып кетти. Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүштү эми тиштейин дегенде Чыныбек асманга турумтай болун учуп, жылкычы чымчыкты тырпыратып басып мээсин чукуп өлтүрүп, учуп кетти. Чыныбек келип, Сейит чалды кантип өлтүргөнүн айтты эле, Айым сулуу кубанып: «Эң жакшы кылыпсын, эми эл-журту бар жерге барып оокат кылалы», - деди.
Булар жүрүп отуруп, Каракандын жерине келип, кандын айлынын жанына чөптөн алачык жасап туруп калышат. Бир күнү кан кырк жигитин ээрчитип, куш салууга чыкты. Кушун бир түлкүгө салса албастан айланып учуп, таздын чөп алачыгына барып конуп олтуруп алды. Кан келип: «Ой, үйдө адам болсо, чыгып кушумду алып бергилечи», - деди. Айым сулуу тазды карап: «Кан келди, батыраак чыгып кушун алып берчи», - деди. Таз: «Өзүң эле алып бере салбайсыңбы, кан жутуп коймок беле», - деп урушуп койду. Айым сулуу кушту алып берейин деп чыга калганда кан аялдын сулуулугунан эси ооп аттан кулап түштү. Айым сулуу: «Ушунчалык кан болуп туруп, киши көрбөгөн экенсиз» - деп, алтын жоолук менен желпип аттантып, колуна кушун кондуруп узатып жиберди.
Кан Айым сулууну көргөн жерден ашык болуп калат. Айым сулууну кантип алуунун, амалын таппай, бир күнү тазды чакыртып алып: «Чыныбек баатыр, сага эп болсо бир тамаша салайын деп жатамын, жалгыз жатып сен да эриккендирсиң, көптен бери тим жатып мен да эриктим», - деди. Чыныбек таз: «Кандай тамаша салсаңыз да мени качат экен деп ойлобоңуз», - деди. Кара кан: «Катын сайышып, жашынмак ойнойлу», - деди. Таз «Макул, нече күндөн жашыналы, кимден башталсын?» - деди. Кан: «Yч күндөн болсун, менден башталсын» - деди. Биринчи болуп кан жашынды. Таздын ары-бери күйпөлөңдөп жүгүрүп жүргөнүн Айым сулуу көрүп: «Эмне кылып жүрөсүң?» - деди эле, «Канды карап жүрөмүн», -- деди. «Кайдан карайсың?» «Кайдан карамак элем, ушулардан карап табамын», - деди. Анда Айым сулуу: «Булардан таба албайсьң, ат байлаган сарайда чоң ак эркеч турат. Ошону сакалынан алып бакылдатып сабасаң, өзү туруп келет», - деди. Чыныбек келип эркечти бакылдатып сабады эле, кан: «Мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр», - деп тура келди.Экинчи күнү каң дагы жашынды. Таздын ары-бери карап таба албай жүгүрүп жүргөнүн Айым сулуу көрүп чакырып алып: «Жардын түбүндөгү теректи өзөгүнө чейин кессеө, кан өзү туруп келет», - деди. Таз чуркап барып, теректи өзөгүнө чейин кести эле: «Мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр» - деп, кан ордунан туруп келди. Үчүнчү күнү кан дагы жашынды. Айым сулуу таба албай жүргөн күйөөсүн чакырып: «Эмне кылып жүрөсүң?» - деди. Таз: «Канды таба албай жүрөмүн», - деди. Анда Айым сулуу: «Кандын эшигинин алдында өсүп турган жалгыз гүлдү үзүп алсаң, өзү туруп келет»,- деди. Таз кандын эшигинин алдына барып: «Жалгыз сага эмне бар?» - деп, гүлдү үзүп алды эле, кан: «Таз, мөөрөй сеники», - деп тура келди.
Кан үч жашынып, үчөөн тек таптырып койгон соө: « Эми бир жашынайын, меники төрт болсун» - деди. Таз макул болду. Кан төртүнчү жолу жашынды. Таздын дагы ары-бери чуркап жүргөнүн Айым сулуу көрүп: «Эмне кылып жүрөсүң- деп сурады эле, таз: «Канды карап жүрөмүн» - деди. Айым сулуу: «Кайдан табасың- деди. Таз: «Анын эмнесин сурайсың, сарайдагы ак эркечти сабасам, жардын алдындагы теректи кессем, эшигинин алдына чыккан гүлдү үзсөм эле, туруп келбейби» - деди. Анда Айым сулуу: «Ай, Кудай алгыр, кан бүгүн жакьн арада жок, Сасык көлдүн аралында кара буура болуп бөгүп жатат. Он эки четин таякты кургагынан, он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошол жыйырма төрт таягың сынганча сабасаң, кан өзү туруп келет. Болбосо канды алты издесең да таба албайсын» - деди. Таз Айым сулуунун айтканындай он эки четин, он эки кайың. таяк кыйып алып, аралда жаткан кара буураны бакылдатып, жыйырма төрт таягы сынганча сабады эле: «Чыныбек баатыр, мөөрөй сеники» - деп, ордунан тура келди.
Кан: «Эми, Чыныбек баатыр, сен жашын» - деди.Таз макул болуп чуркап кетти. Катыны караса, тазбир кап менен кементайды көтөрүп чуркап жүрөт.Айым сулуу: «Эмне кылып жүрөсүң?» - деди. «Кандан жашынганы жүрөмүн». «Кайда жашынасың?» —«Кементай жамынып бир жерге жата каламын» - деди. Анда Айым сулуу: «Атаны каран күн ай, бери кел,кууратканы жүргөн турбайсыңбы», - деп чакырып алып, оймок кылып сөөмөйүнө салып, таздын көрпөчөсүн кайып олтуруп алды. Кан ары карап, бери карап таба албай айласы кетип акырында: «Мөөрөй сеники,бери кел», - деп чакырды. Анда Чыныбек: «Каным,канткенде мунун сулуу катынын аламын», - деп жүрүп көзүңүз боз ала болуп калган экен го? Мен ушу жерде катынымдын жанында отурсам көрбөйсүз», - деп ордунан тура калды. Экинчи күнү жашынганда Айымсулуу тазды колундагы ийне сапталган жиптин учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды. Кан ары-бери карап таба албай, айласы куруп: «Чыныбек баатыр, мөөрөй сеники», - деп чакырды. Таз: «Мен катынымдын жанында олтурсам мени көрбөйсүз», ~ деп тура калды.Үчүнчү күнү жашынганда, Айым сулуу тазды ийне кылып жакасына сайып алды. Кан ары-бери карап табаалбай, айласы кетип: «Мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр, кел» - деди. Таз дагы: «Мен катыным менен кучакташып олтурсам көрбөйсүз», - деп ордунан тура калды. Ошентип кан жеңилип, катынын уттуруп ага ичи күйүп, бирок кандыгына салып, бербей койду. Кан Айым сулууда бир керемет бар экенин билип дагы да ашык отко күйүп чыдабай, эли-журтун жыйнап: «Ким ушу таздын катынын алып берет?». – деп жарлык кылды. Ошондо оозунда тиши жок алтымыш жаштагы бир мастан кемпир: «Таксыр каным, мени он бештеги балага алып берсең, мен сени Айым сулууга жеткиземин» - деди. Кан: «Кандай кылып алып бересиң?» - деди. Анда кемпир: «Аны Ит ичпестин ала көлүнө суу алып кел, кан оору болуп калды, ошол дары экен, үч күндон калбай келгин, үч күндөн кала турган болсоң, катының кандыкы дейбиз. Ал сууга бара турган болсо, үч күн эмес, үч жылда да келбейт» - деди.
Кан макул болуп, тазды чакырып алып, колуна бир көнөк берип: «Ит ичпестин ала көлүнөн ушуну менен бир суу алып кел, үч күндөн калба, үч күндөн калсаң, катының меники болот», - деп буюрду. Таз макул болуп, көнөктү алып чуркап бара жатканын Айым сулуу көрүп: «Кайда барасың?» - деди. Таз: «Каным катуу келди, кара жаным таттуу келди, Ит ичпестин ала көлүнөн канга суу алып келейин» - деди. Айым сулуу - «Качан кел деди?» - деп сурады. Таз: «Үч күндөн калбагын деди», — деп жооп берди. Айым сулуу: «Үч күнгө чейин көнөккө толтура малдын заарын жыйып, анан канга алып баргын да, «Ит ичпестин ала көлү жылжып агып, суусу сары болот экен деп айт» - деди. Таз Айымдын айтканын жасап, үч күндөн кийин көнөктү канга алып барды да: «Ит ичпестин ала көлү жылжып агып, суусу сары болот экен, таксыр» - деди. Кан: «Ит ичпестин ала көлүнүн суусу», - деп ичип, соо жанын оору кылып алды. Ошентип төшөктө жатып кан калкына жарлык салды: «Ким таздын катынын алып берет, алып берген адамды эмне тилесе тилегине жеткиземин» - деди. Анда бир чал: «Каным, мага он бештеги кызды алып берсең, мен алып беремин» - деди. Кан: «Кандай кылып алып бересиң? Эгерде айтканымды орундатсаң, сенин каалаганынды аткарам, сөзүм эки эмес» - деди. Чал: «Чыныбекти жаян балыкка жиберели, балыктын кабыргасын алтын уук кылып бир жак ыптасын сөгүп жети күндө кел, жети күндө келбесең, катының кандыкы болот дейбиз. Ал жаян балыкка барса, жети күндө эмес, жети жылда да жетпейт. Жетсе да жаян балык жутуп коёт» - деди.
Кан тазды чакырып алып: «Жаян балыктын бир жак өңүрүн сөгүп кел, жети күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, катының биздики болот» - деди. Таз бул сөздү катынына барып айтты эле, Айым сулуу тору атты, чолок кара кылычты, алтын коңгуроону, алтын шакекти Чыныбекке берип, асман менен учуруп жиберди. Ал учуп отуруп жети күндө жетти. Жаян балык Кудай жалгап суунун түбүндө ойноп жүргөн экен. Айым сулуу бир кезде жаян балыктын аксак тору атын семирткени алган экен. Ошондо Тору тулпарга тил бүтүп, мен: «Жаян балык, аксак атыңды ал», - деп чакырайын, чыгып келгенде башын кылыч менен жара чап» - деди. Таз макул болуп, кылычты кынынан чыгарса, жети кулач болуп узарды. Аңгыча Тору ат: «Жаян балык, аксак тору атыңды ал», - деп күңгүрөндү. Жаян балык: «Тору атымды аламын», - деп чыгып келе жатканда таз кылыч менен башын жара чапты. Тору тулпар балыкты алып чыкмак болуп сууга кирип кетти. Бир топтон кийин балыкты желкеден тиштеп суудан тышка алып чыгып, өзү сулк жатып калды. Таздын айласы кетип ары чуркап ыйлап, бери чуркап ыйлап, бир убакта бир колтук бетеге жулуп келип, аттын оозуна тыгып олтурса, тору тулпар жаныбар ыргып тура калып: «Ат кадырын билбеген куйка таз, жети күндүн ичинде асмандап учуп келип жана да жаян балыкты тоодой кылып суудан чыгарып отурсам, ачка болгондур, жаныбар», - деп бир тутам чөп, бир ууртам суу бербестен, балыктын бир жак ыптасын сөгөсүң. Өлгөн бойдон кайра тирилбеймин дедим эле, бу да болсо Айым сулуунун кадыры», - деп чөптү жеп, сууну ичти. Тору ат антип-минтип тойгончо таз балыкты союп бир ыптасын тулпарга кырк бүктөп салып, асман менен учуп, жети күндө кайта келип түштү.
Таздын кеткени жети күндөн ашкандан кийин кан Айым сулууну аламын деп калкын жыйнап, нике кыймакчы болуп жатканда, Айым сулуу жети катар темир үй болуп жатып калган эле. Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай, акыры от менен чыгар деп тегерете карагайды үйүп, темирди ысытты. Таздын келген убагында жети катар үйдүн алты кабаты күйүп, жетинчиси ысый баштаган экен. Ангыча алтын коңгуроонун үнү чыгып калат. Айым сулуу таздын келгенин билип, сыйкырын жандырды эле, темир үй да жок, от да жок болуп, катын таз менен бирге отуруп калды.
Кан таздын катынын кандай кылып алууну билбей жинди болуп кала жаздады. Дагы акыл сурап калкка жар салса, анда бирөө: «Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар, ошону алып кел деп жиберсек, Кудай албаса да өлөт, жолдо ажыдаарлар көп» - деди. Чыныбек таздын катыны алардын сөзүн керемети менен билип, эрин чакырып: «Кан сени көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын эликти алып кел деп жумшайт. Канча күндө келесиң десе, «күнү-түнү он күндө келейин» дегин, «ат алсаң, жылкынын артында сүйрөлгөн бир кунан бар, ошону ал» - деди. Аңгыча кандын жигити келип, Чыныбек баатырды алып кетти. Чыныбек баатыр үстүнө кирер менен кан ага: «Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар экен, ошону алып келгин, сенден башка жароочу киши жок, канча күндө келесиң?» - деп сурады. Чыныбек баатыр: «Күнү- түнү он күндө келемин» - деди. Кан: «Ат алгын» - деди. Чыныбек баатыр баягы жылкынын артында сүйрөлгөн жаман кунанды алып, катынына жетелеп келди. Ал жүдөө көрүнгөнү менен тулпар эле. Айым сулуу багып, тулпар алына келтирди да: «Тулпарды минип жолго чык. Кечкисин барып эс алгын да, эртең менен мойнуңа куруңду салып, элик жуушап жаткан чынар теректин түбүнө бар. Бул арканды үч тегеретип ыргытып, кайра чуу койгун, элик болсо артыңдан кошо жөнөйт» - деди. Баатыр тулпарын минип, закымдап жүрүп олтурат. Нечен ажыдаарлар тулпардын туягын чагып өттү, бирок тулпар былк этпеди. Кечкисин түнөп, эртеси эликке барса, ал чынар теректин түбүндө жаткан экен. Чыныбек Айым сулуунун айтканын жасап, арканын үч тегеретип ыргытып кайрадан чу койду. Аңгыча элик барпаңдап артынан кошо жөнөдү. Чыныбек үйүнө келерине бир күн, бир түн калганда Айым сулууга кандын вазири келип: «Жүрүңүз, баатырдын ашын берели» деди. Айым сулуу: «Бара бериңиз, эртең келбесе, өзүм барамын» - деди. Эртеси Чыныбек эликти алып келип берди эле, кан эми эмне кыларын билбей калды.
Ошондо кандын бир вазири: «Сиз оорумуш болуп калыңыз, Чыныбек баатырды Күлгаакынын гүлүн алып келүүгө жиберели, анда барса Кудай албаса да өлөт» - деди. Айым сулуу муну керемети менен билди да күйөөсүн чакырып: «Каныңыз оорумуш болуп жатат, сени «Күлгаакынын гүлү дары» деп ошого жиберет. Сен «барбаймын» дебегин, «барамын» дегин», - деди. Аңгыча кандын жигити келип, Чыныбекти алып кетти.
Барса, кан ооруп төшөктө жатыптыр: «Мен ооруп калдым. Бул ооруга Күлгаакынын гүлү дары дейт, ошону барып алып келгин, сенден башка жарай турган жигит жок экен» - деди эле, Чыныбек «макул» деп, баягы Тору тулпарды алып, үйүнө келди. Эртеси Айым сулуу кат жазып чөнтөгүнө салып берди да: «Нечен күн, нечен түн жүрүп отурганда жар боорунан бир жарты алачык көрүнөт. Анда бир кемпир жашайт. Кирип салам бер, ал сага туякка айран куюп берет. Оң колуң менен айранды алгын да, сол колуң менен катты алып бер» - деди. Чыныбек баатыр макул деп жүрүп кетет. Жүрүп олтуруп, баягы жарты алачыкка келсе, бир кем­пир туякка айран куюп# берди. Айранды оң колу ме­нен алып, сол колу менен катты сунду эле, кемпир катты окуп: «Айымдын айтканын бербеске ылаажым жок. Сенин албаска ылаажың жок экен, күндүн танабын тартып, азыр үч кызымды чакырамын, сен кудуктун жанына жашынып жаткын. Аңгыча үч кызым үч көгүчкөн болуп учуп келет, кичүүсү бардыгынан кийин келет, ошол кичүүсүнүн кийимин катып алып «тиемин» деп убадасын бермейинче түк бербегин» - деди. Бир убакта кемпир күндүн танабын тартты эле, айтканындай үч көгүчкөн учуп келди. Кичүүсү кийин келди. Ошондо жашынып жаткан Чыныбек кичүүсүнүн кийимин катып алып, канчалык жалынса да бербей:
«Мага тийсең берейин, тийбесең бербеймин» - деди. Акыры кыз «тиемин» деп убадасын бергенде, кемпир келди да, төрт шакекти төрт жагына ыргытып жиберди эле, тиги жактан деле, бу жактан деле «той болот экен», - деп чуулдашып кишилер келе баштады. Кемпир чоң той жасап, Күлгаакынын гүлүн берип, Чыныбек менен кызын узатты. Орто жолго келгенде кыз: «Жүрү, кайра баралы, энемдин баягы төрт шакегин албай, мен кетпеймин деймин, сен да алмайынча кетпейбиз деп жатып ал. Айласы куруганда шакегин берет» - деди. Ошентип, кайра үйүнө келишти.
Кыз энесине: «Шакегиңди бермейинче, барбаймын», - деди. Баатыр да: «Алмайынча кетпеймин»,— деди. Кемпир ары карап ыйлап, бери карап күлүп кыйылып туруп, төрт шакегин берди. Экөө шакекти алып жүрүп кетишти. Чыныбек үйүнө жетерге бир күн калган да кандын вазири Айым сулууга келип: «Жүрүңүз, баатырдын ашын берели», - деди.
Анда баатырдын катыны: «Эртең келбесе, өзүм барып беремин», - деди. Ошол күндүн эртеси колуктусун алып, баатыр келип калды. Кийинки күнү гүлдү алып барып, сууга чайкап канга берди эле, кан ичкен болуп, айыгып кетти. Бирок таздын сулуу колуктусун көрүп, андан бетер эси кетип, оорусу чынга айланды.
Чыныбек баягы төрт шакекти төрт бурчка ыргытты эле, баягыдай кишилер чогулуп келе баштады. Аларды көрүп, кандын тынчы кетип: «Бул эмне деген кишилериң, шаарды алабыз деп келгенби?» - деди. Анда Чыныбек баатыр: «Элине эл, журтуңа журт кошомун, залал болбос», - деди. Кан сөзгө жыгылып калды. Бирок: «Таздын катындарын кантип аламын»- деп вазирине акыл салды. Анда вазир: «Сен өлгөн атамдан кат алып келгин деп жибер, андан Кудай албаса да өлөт», - деди. Муну баатырдын катыны дагы керемети менен билип, эрине айтты: «Кан өлгөн атамдан кат алып келгин деп жумшайт. Сен барбаймын дебегин, барамын дегин», - деди. Ошол чакта кандын вазири келип, Чыныбекти алып кетти. «Атам бейиште бекен, же кейиште бекен, барып кабарын билип, кат алып келгин», - деди. Чыныбек макул болду. «Канча күндө келесиң?» - деди. «Күнү-түнү он күндө келемин», - деди да, бир дөңгөч, он аркан даярдатып алып, кайта үйүнө келди. Катыны өзүндөй кылып Чыныбектин сүрөтүн тартып, дөңгөчкө байлап, карангыда аркан менен учуруп жиберди да, күнү бүткөнчө күйөөсүн көрсөтпөй катып койду. Тогуз күн болгондо кандын вазири келип: «Жүрүңүз, Чыныбек баатырдын ашын берели», - деди. Анда таздын катыны: «Эртең келбесе, өзүм барамын», - деди. Вазир кеткенден кийин Чыныбектин катыны кандын атасынын атынан: «Балам, мен бейиштемин, келип көрүп кеткин», - деп кат жазып, даярдап койду. Эртеси баатыр жазылган катты алып барып канга берди.Кан катты окуп ыйлап:
«Мени атам келип кет дептир, Чыныбек, мени да өзүндөй кылып учургун», - деп кыйнады: Чыныбек өчүн алгыдай кылып, элинен кыл аркан жыйып, канды кабыргасынан кан тамганча таңып, тоонун башынан ылдый карай тоголотуп учуруп жиберди. Бир-эки күн өткөн сон, Чыныбек баатыр кандын аялына барып: «Жүрүңүз, кандын ашын берели», - деди. Аялы Чыныбек баатырдын Айым сулуусун туурап: «Эртең келбесе, өзүм барып беремин», - деди.Кан тоодон учуп коктуга түшүп өлгөн соң элине кайтпады. Чыныбек канга аш берип, катынын алып, анын ордуна кан болуп, эл сурап туруп калды. Эли- журтун жыйып, баягы Жүзбай атасынын алдына барып: «Ата, башыма Күн, аягыма Ай, орто жериме Чолпон жылдыз чоң тууган түшүм ушул го», - деди. Атасы кубанып, аябай ыраазы болду. Бала ата-энеси, катындары менен ошол күндөн ушул күнгө чейин жыргап-куунап жатышкан экен.

ЧЫНАРБАЙ


Илгери бир убакта жетишпеген кембагал кишинин аялы токойдон чырпык терип жүрүп бир чынар теректин түбүнө толготуп, эркек бала төрөйт да, этегине ороп, чырпыгын аркасына көтөрүп үйүнө келет. Чынар теректин түбүнө туулганы үчүн баланын атын Чынарбай коёт.
Чынарбай чоңоё баштаганда баягы чынар теректин түбүндө ар күнү ойной жүрүүчү экен. Бала чоңойгон сайын чынар терек дагы күндөп узарып өстү. Чынарбай күндө ойногону келип, чынар теректин күн сайын бир кулачтан узарганын сезип жүрдү. Чынар теректин өсүшүнүн сырын билүүгө айылдагылар тегерегине кароолчу коюп кезек менен күндө бир киши кайтаруучу болду. Бирок эч ким эч сыр биле алган жок. Бир күнү Чынарбай өзүнүн жолдош баласы менен чүкө талашып күрөшө кетип, жыгылып чалкасынан түшөт. Чынарбай жаткан жеринен турбай, көзүн ачып чынар теректин башын бир карап алып, эси ооп жатып калды . Жолдош баласы үйүнө барып кабар берди. Атасы келип Чынарбайды тургузуп: «Балам, сага эмине болду?» — деп, сурады эле, Чынарбай: «Ата, мен жыгылып кетип өөдө карасам , кырк канаттуу ат минген кыз келип чынар теректин башына конду. Чынар Терек ийилип барып бир кулач узарды. Кыз бир аздан кийин асманды көздөй учуп көздөн кайым болду» — деп, атасына айтты. Бул чынар терек: «Кыздын тереги экен», - деп Чынарбай түшүндү.
Арадан эки-үч күн откондөн кийин Чынарбай астына ат минип, үстүнө темир тон кийип, жанына Ашык деген досун ээрчитип, кызды издеп жолго чыгат.
Чынарбай жолдошу экөө күнү-түнү жол жүрүштү, Ээн талаа, эрме чөл, как эткен кар га, кук эткен кузгун жок жерлерден өтүп, аттары ыргайдай, өздөрү торгойдой болушту. Ушул кезде балдардын астынан бою бир карыш , сакалы миң карыш адам чыгат. Балдар салам айтып : «Карыя, бул жол кайсы жакка алып барат?» - деп сурашты эле, анда карыя: «Балдарым, атыңар ыргайдай, өзүңөр торгойдой болупсуңар, кызыл өңүңөр самандай болуптур, ыраактан келе жаткан окшойсунар, издегенинер эмне?» — деди. Чынарбай атынан түшө калып , эки колун бооруна алып, карыяга башын ийип , өзүнүн көргөн-билгенин айтып берди. Карыя баланын сөзүн угуп туруп: «Балам, жолун болсун, жаш экенсиң , жаштын тилегин берет, бактың ачылсын», - деп батасын берип, перинин аялы асман менен учуп, жер көрүп саякат кылып жүргөндө толгоо кирип, үйүнө жетүүгө чамасы келбей калган. Ошондо ошол чынар теректин башына конуп, кыз төрөгөн. Ал убакта сенин энең кембагалдын аялы болуп, оокаттын айласынан токойдон чырпык терип жүрүп толготуп сени чынар теректин түбүнө төрөгөн. Перинин аялы астына кызын алып, кызын бир карап , сени бир карап чынар теректин түбүндө жаткан сенин маңдайыңдан бир сылап туруп: «Тиги адамзаттын баласы болсо дагы кызым экөө бир убакта, бир жерде Кудайдын буйругу менен дүнүйөгө бир төрөлдү. Экөөнүн бактысы, өмүрү жана өлүмү дагы бирге болсун», — деп батасын берген. Кызы чоңойгондо ар дайым чынар теректин башына ойнотчу. Перинин кызы келген сайын чынар терек бир кулачтан өсүп турчу. Сен күндө чынар теректин түбүнө келип чүкө ойночусуң», - деди. Чынарбай угуп туруп: «Карыя, эми аны мен кайдан табар экемин?» — деди. Анда карыя: «Балам, жолуңдун көбүн жүрүп, азы калды. Мындан ары жолуңардан ач бөрү чыгат, таман алдыңардан кара чаар жылан чыгат, андан унчукпай өтүп кеткиле. Андан ары көзгө сайса көрүнгүс караңгы калың токой кездешет, токойдогу жырткыч айбандардын кыйкырыгынан кулагыңар тунат, ал убакта кайрылып карабастан, атьңарды жыгып мууздап, жырткычтарга сала бергиле. Айбандар силерге тийбейт. Андан өткөндөн кийин күн батышты карап кара жерди тешилте тырмагыла, таң агарып, күндүн нуру төгүлүп келе жаткан да жер жарылып жол ачылат. Ошол жол менен жүрүп отурсаңар кыздын өргөөсүнүн өзүнөн чыгасыңар» — деп, көздөн кайым болду.
Чынарбай ээрчиткен досу экөө карыянын айтканындай жүрүп олтурушуп, кыз уктап жатканда өргөөсүнөн чыгыш ат. Чынарбай менен Ашык дос кыздын чачын белдерине беш айланта оролто байлашып, экөө эки ийнине минип, кызды араң ойготушту. Кыз ойгонуп асманга үч көтөрүлүп, жерге үч конуп: «Эмне кылып жүргөн жан сыңар, максатыңар эмне, издегениңер эмне?» — деди.
Чынарбай көп сөз айтпастан: «Мен чынар тер ек­тин түбүндө төрөлгөн Чынарбаймын», — деди. Кыз бул кабарды энесине угузду , Энеси Чынарбайдын маңдайынан таанып, кызын берип жер үстүнө узатты.
Чынарбай колуктусу жана Ашык досу үчөө жер үстүндөгү эл жок, мал жок, бир тоонун башына келип туруп калышты. Күндө Чынарбай менен Ашык дос экөө кийик уулап мергенчиликке кетет, перинин кызы ар дайым үйдө жалгыз калат. Кыз бир күнү эригип отуруп дарыяга барып чачын жууду эле, бир тал чачы дарыяга агып кетти. Ал дарыянын аягына бир кан суу тегирмен салдырган экен. Пери кыздын чачы агып олтуруп кандын тегирменинин барасына оролуп, тегирмен токтоп калат. Кан тегирменин оодартып карап, жалгыз тал алтын чачты таап алып, элди чогултуп: «Тегирменге оролгон перизаттын чачы экен, муну ким таап келет?»- деди. Элдин ичинен бир мастан кемпир чыгып: «Эгер тапсам, эмне бересиз, каным?» - деди. Кан: «Каалаганыңды беремин» - деди. Кемпир сүйүнүп: «Он бештеги балага алып бериңиз, перизатты таап келемин», — деди.
Кан кемпирдин сөзүнө макул болду. Кемпир суу ылдый жүрө турган суу кайык, суу өөдө жүрө турган жел кайык жасатып алып, суу ылдый жүрүп эч нерсе таппады. Жел кайыкты минип суу өөдө издеп, суунун түпкү жерине барып токтоду. Кайыгын сууга байлап коюп, өзү кызды издеди. Кечке маал кемпир кыздын үйүн таап, ыйламсырап кирип келди. «Элибизди жоо чаап кетип, журтта жалгыз өзүм калдым, ошондон бери тентип жүрүп, силерге дуушар болдум, багар-көрөрүм жок, кызматынды кылып, жаныңа. эрмек болоюн, эми картайганда кайда барамын?» — деп көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлады.
Кыз: «Энеке, мында жүргөнүңүздүн ылайыгы келбес, күйөөм келгенде акылдашып көрөйүн», — деди. Кемпир: «Андай болсо акылдашып көргүн, мен кабакка барып далдааланып жатып турайын, эриң жүрсүн десе жүрөйүн, жүрбөсүн десе, өзүмдүн өлбөй турган оокатымды кылайын » , - деп кетип калды . Бир кезде Ашык дос менен Чынарбай кийиктин этин артынып , үйгө келишти . Эртеси эки дос дагы ууга ч ы к м а к б о лу ш кан д а п ер и н и н кы зы ай ты п калд ы : «Бир мусапыр кемпир жүрот, «эл-журтубузду жоо чаап кетип, талаада калдым, силердин үйүңөрдө жүрүп оокат кылайын » дейт, буга кандай дейсиң?» — деди. Ашык дос: «Кууланып жүргөн мастан болбосун, албай эле коёлу» - деди эле, Чынарбай: «Сага жалгы з отуруш көңүлсүз болор, өлө албай жүргөн бир мусапыр кемпирдин колун ан эмне келмекчи , жаныңа алып , эрмек кылып жүрөм десең өзүң бил», — деди. Бул сөздү уккандан кийин кыз кемпирди чакырып алды, кемпир алар менен бирге туруп калды.
Арадан бир нече күн өткөндө кемпир пери кызды сууга ээрчитип келип чачын тарап отуруп: «Кокуй, тетиги эмне?» - деп, кайыкты көрсөтөт. Андан кийин чуркап барып, байлаган кайыкты чечип алып ичине түшүп ары-бери жүрдү да: «Кел, сен да түш, суу ылдый бир аз барып тамаша куруп, көңүл ачып келели», - деди, Кыз эч жамандык ойлобостон кайыкка түшүп, суу ылдый жерди көрүп кызыгып кете берди. Кемпир кызды кандын шаарына алып келип кандан сүйүнчү алды. Кан эли-журтун жыйып, перинин кызын алмачкы болуп мал союп, тоюн берип, чачыла дасторконун чачып бүлүнүп калды.
Чынарбай менен Ашык дос кечинде үйүнө келип, пери кызды кемпирдин азгырып кеткенин билип, суу бойлоп издешти. Алар таңга маал кандын шаарына жетип тойдун үстүнөн чыгышты. Тойго жыйылган эл короого жык толуп, көчөгө батпай кетиптир. Чынарбайга пери кызды көрүүгө мүмкүндүк болгон жок. Ал өзүнүн келгенин билгизүү үчүн мылтыгын алып учуп бара жаткан кушту түшүрө атты эле, үйдө олтурган пери кызы Чынарбайдын келгенин мылтыктын үнүнөн билип, кемпирден: «Тышка чыгып келейин » , - деп суранды. Мастан чыгарбай койгондо кыздын ачуусу келип, кемпирди көкүрөккө жыга тээп, асманга учуп чыкты да, Чынарбай менен Ашык досту жыйылган элдин ичинен чачы менен тартып алып , көздөн кайым болду. Турган эл айран таң калышты , кан менен кемпир оозуп ачып, тоюн чачып кала беришти.
Ошентип, булар айлын көздөй жол тартышты. Булардын келе жаткан кабары Чынарбайдын атасына эки күн мурун угулду. Чынарбай Ашык досу менен «перинин кызын алып келе жатыптыр» деген сөз айылдан- айылга тарады. Чынарбайдын өгөй атасы карасына алып, баласына кастык ойлой баштады: «Менин баламды Кудай урган экен, мен аламын деп жүргөн перинин кызын алыптыр» - деп, келинге көтөргөн өргөөгө уу сээп, уулуна камдаган куштун боосуна уу сыйпап, Чынарбайды өлтүрүп, келинин өзү алуу аракетинде болду. Бул убакта Ашык дос түш көрүп, Чынарбайга айтты: «Бүгүн бир түш көрдүм, сага кийин айтып берем, бирок сенден үч нерсе сурайын, ошону аябай бергин», - деди. Чынарбай макул болду. Айлына жакындаган убакта атасынын уу сыйпап токуган аттарын алып келишти эле, Ашык дос Чынарбайга мингизбей, аттарды мууздап, ээр токумун өрттөп жиберди. Бир аздан кийин бир жигит Чынарбайга куш алып келди. Ашык дос куштун боосун отко салып, кушту учуруп жиберди.
М ындан кийин бир жигит кийим алып келди . Ашык дос аны да өрттөп жиберди. Элине келгенде атасы уулун уу сыйпаган үйгө киргизди. Ашык дос анын өгөй атасынын кылыгына чыдай албай, Чынарбайга айтууга оозу бата албай жатып уктап кетти. Бир убакта ойгонуп ууктун билегине сыйпаган уунун перикыздын бетине тамганын көрдү да, «уу сиңбесин», деп улам соруп түкүрүп турду.
Ангыча Чынарбай ойгонуп, пери кыздын бетин соргон Ашык досту көрүп: «Досум, ушундай кылып жүргөн экенсиң го?» - деп, көңүлүнө жаман пикир алды. Ашык дос досунун сөзүнө таарынып, сырын айтпастан, өзүнүн үйүнө кетет. Ашык досу кеткенден кийин Чынарбайга уу жайылып өлүп калды. Эртеси айылга «Чынарбай өлдү» деген кабар угулганда, Ашык досу келип: «Сен эптеп жан сактап тура турарсың», - деп пери кыз менен коштошуп, Чынарбайды үкөккө салып көтөрүп алып жөнөп кетет. Пери кыз болсо: «Жети кат темир үй болгун», - деп жети теменени дубалап жерге сайды эле, айтканындай жети кабат үй болуп калды. Өзү темир үйдүн ичине кирип, Ашык достун кайтышын күтүп жатты. Ашык дос дөбөдө олтурса, баягы жол айтып берген сакалы миң карыш , бою бир карыш карыя пайда болду: «Ээ, балам, бул жерде эмне кылып олтурасың?» - деди. Ашык дос көзүнүн жашын төгүп, башын жерге салып: «Айланайын акебай, кичинемден бирге жүргөн досум эле, өлүп калды, сизден пайда болор бекен деп алып келип олтурам», - деди.
Карыя: «Эмесе, тилегиң кабыл болгон экен, балам»,- деп сандыктан бир аттап, таягы менен чаап койсо, Чынарбай үшкүрүп тура келди, карыяга салам айтты. Карыя: «Бактыңар ачылсын, балдарым» - деп, көздөн кайым болду. Карыя кеткенден кийин Чынарбай: «Биз бул жерге эмне келип отурдук?» - деп сурады. Ашык дос көргөнүн, атасынын кылганын айтты.Чынарбай Ашык досун ээрчитип үйүнө келсе, атасы келинин «аламын» деп темир үйдү буза албай усталардын баарын жыйып, көрүк менен үйдү ысытып жаткан экен. Чынарбай келгенде атасы: «Келинимдин карды ачып калат го», - деп темир үйдү бузуп, тамак бере албай жатамын деп, өлгөн баланын тирилип келишине таң калды. Чынарбай үйдү ачуусу менен тепкенде үй томолонуп кетип, перинин кызы чочуп кетип асманга учуп чыкканда, Чынарбайды көрүп кайра жерге конду.
Үчөө аман -эсен кайра баш кошуп , кубанычка бөлөнүшөт. Эли Чынарбайды кандыкка көтөрүп, ал адилеттик менен элди баш карып калган экен.