Антонимдер

Бири-бирине карама-каршы мааниде колдонулуучу сөздөр антонимдер деп аталат. Мисалы: аз-көп, өйдө-ылдый, чоң-кичине, келим-кетим ж. б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Метаномия деген эмне

Метаномия.
Бир нерсенин атын экинчи түшүнүктүн ордуна колдонуу Мисалы: Эки чыны ичти (эки чыны кымыз ичти дегендин ордуна), Пушкинди жаттоо (Пушкиндин чыгармаларын жаттоо) ж.б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Метатеза деген эмне

Метатеза.
Бир сөздүн же эки сөздүн ичиндеги тыбыштардын ордун алмаштырып айтуу. Мисалы: тегирмен – темирген, күмөн – күнөм, кочуш – кош ууч ж.б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Метафора деген эмне

Метафора.
Заттарды, нерселерди айрым белгилеринин окшоштугуна карай башка сөз менен атоо. Мисалы: бут – адамдын буту, столдун буту, кулак – адамдын кулагы, казандын кулагы, көз – малдын көзү, терезенин көзү ж.б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Кесиптик лексика деген эмне

Кесиптик лексика.
Белгилүү бир кесипке таандык болуп айтылган сөздөр кесиптик лексика деп аталат. Мисалы: га – гектар, механизатор, центнер ж.б. – айыл чарба кызматкерлерине; врач, доктор, аптека, операция, хирург, бинт – медицина кызматкерлерине; живопись, графика, скультура, портрет ж.б. – сүрөтчүлүк кесиптегилерге; очерк, аңгеме, повесть, роман, поэзия ж.б. – жазуучуларга таандык.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Архаизм деген эмне

Архаизм.
Тилдин сөздүк составындагы эскирип, колдонуудан чыгып калган сөздөр архаизм деп аталат. Мисалы: хан, буурсун, булдурсун, найза, бараң, болуш, келте, калкан, чарык ж.б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Неологизм деген эмне

Неологизмдер.
Тилдин сөздүк составында пайда болгон жаңы сөздөр неологизмдер деп аталат. Мисалы: космонавт, спутник, учкуч-космонавт, корабль, ракета, автоматтык станция, орбита ж.б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Омоним деген эмне

Омонимдер.
Айтылышы бирдей, мааниси ар башка болгон сөздөр омонимдер деп аталат. Мисалы: ат (жылкы), ат (этиш), буу (суунун буусу), буу (этиш), ак (сын атооч), ак (этиш).

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Синоним деген эмне

Синонимдер.
Айтылышы ар түрдүү, мааниси бири-бирине жакын сөздөр синонимдер деп аталат. Мисалы: бөрү – карышкыр, акылдуу – эстүү, киши – адам, мыкты – сонун, кооз – сулуу, бактылуу – таалайлуу ж.б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги

Сөздүн өтмө мааниси.

Жаратылыштагы кээ бир нерселердин, түшүнүктөрдүн атынын тилде мурдатан колдонулуп жүргөн сөздөр аркылуу берилиши сөздүн өтмө мааниси деп аталат. Мисалы: тумшук – канаттуулардын тумшугу, тоонун тумшугу, кочкор тумшук ж.б.

Кененирээк бул жерден караңыз: Кыргыз тилинин справочниги