Санарип
Санарип - бул маалыматтардын электрондук форматы. Башкача айтканда, кандай гана маалымат болбосун аларды чектелүү сандагы ариптердин (символдордун) жардамы менен туюнтуу дегенди билдирет.
Санариптештирүү - бул маалыматтарды электрондук форматка өткөрүү, же жалпак тил менен айтканда, маалыматтарды сактоо, ирээттөө, эсептөө, алмашуу жана көбөйтүп таркатууну жеңилдетүү, тездетүү үчүн аларды компьютердин "тилине" өткөрүү дегенди билдирет.
Компьютерде маалыматтар 0 жана 1 сандары менен белгиленген сигналдар менен жазылат. 0 саны сигнал нөлгө барабар, ал эми 1 саны сигнал бар дегенди билдирет. "Жарым-жартылай" же "эки эсе" сигнал деген түшүнүктөр жок. Бул эки сандын айкалышы экилик код (двоичный код) деп же жөн гана кыскача бит деп аталат. 1 бит эки гана маанинин бирөөсүн бере алат, ал 0 же 1 гана болушу мүмкүн. 0 жана 1 сандарынын айкалышы кандайдыр бир маалыматты билдириши үчүн, алардын топтомдорун белгилүү бир чектелген санда бөлүп кароого туура келет.
Компьютерде маалыматтарды жазууда 8 биттин топтомун маалыматтын бирдиги катары эсептөө кабыл алынган. Башкача айтканда 8 бит биригип 1 байтты түзөт. 1 байт - бул санариптик маалыматтын бирдиги. 1 байтта 0 жана 1 сандарынын жыйындысынын жалпы саны 8ден ашпайт. Мисалы: 00010101 - бир маанини же символду түшүндүрө турган болсо, 11010101 - дагы бир башка маанини же символду билдирет. Ошентип 1 байт менен жалпы мүмкүн болгон 256 маанини белгилесе болот. 1 байт менен баардык орус жана англис алфабитиндеги тамгаларды, чоң тамгалары, илеп белги, суроо белги, үтүр, чекит жана башка белгилерди толук камтып белгилегенге мүмкүндүк берет.

Компьютердин маалымат сактоочу дискинде (эсинде) маалыматтар 0 жана 1 сандары менен белгиленген сигналдар менен, башкача айтканда биттер менен жазылат. 1 бит 1 гана орунду ээлейт. Ар бир 8 бит биригип бир символду же тамганы билдирет. Ошентип компьютердин эсине сүрөттөрдү, видеолорду, музыканы жана башкаларды 0 жана 1 сандарынын гана жардамы менен сакталат.
Телекөрсөтүүнү санариптештирүү деген түшүнүк да телекөрсөтүүнүн сигналдарын мурдагыдай толкун түрүндө эмес, санариптик, башкача айтканда 0 жана 1 сандары менен белгиленген убакыттын аралыгында сигналдардын бар болушу менен жок болушу аркылуу алар туюндурган маанилерди алуу аркылуу маалымат жайылтуу дегенди билдирет. Телемунарадан санариптик сигналды таркатуу - бул телемунарага бир киши чыгып алып, ар бир секунд же жарым секунд сайын прожекторду (же фонарды) өчүрүп же күйгүзүп туруу аркылуу аны карап тургандарга маалымат бергенге окшош.
Байттардын чен бирдиктери:
Байттардын чен бирдиктери: