Кыргыз Республикасынын Туусу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу Жогорку Кеңеш тарабынан 1994-жылдын 3-мартында кабыл алынган.
Туу тик бурчтук формасындагы кызыл түстөгү жайык бетти элестетет. Ортосунда Күндүн тегерек диски түшүрүлгөн. Андан алтын түстөгү 40 нурдун тараган элеси чагылдырылган. Күндүн дискинин ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган.

Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев жана М. Сыдыков.

Туунун туурасы, анын узундугунун 5тен 3 бөлүгүн түзөт. Нурлуу дисктин диаметри туунун туурасынын 5тен 3 бөлүгүн түзөт. Күндүң диски менен нурлуу дисктин диаметрлеринин катышы 3 : 5.  

Маанилик чечмелениши:

Күн - кыргыз элинин орнаменталдык маданиятында жарыкты, ачыктыкты жана кайраттуулукту билдирет.
Оттун тилине окшогон кырк нур кыргыз элинин 40 уруусунун бир элге биригүүсүн түшүндүрөт.
Түндүк - боз үйдүн түндүгү. Асман менен жердин байланышын билдирет жана үйдүн очогунун белгиси катары саналат. Ошондой эле түндүк Кыргызстанда жашаган бардык улуттагы элдердин биримдигин айгинелейт.
Пропорциясы 3 : 5.