Молекула деген эмне

Молекула

Молекула (жаңы латынча molecula, латынча moles - масса дегендин кичинесин билдирет) -  коваленттик байланыш менен бириккен эки же андан көп атомдордон турган, электрдик талаасы нейтралдык бөлүкчө. Физикада молекулаларга бир атомдуу молекулаларды, башкача айтканда эркин (химиялык байланышы жок) эркин атомдорду да (мисалы, инерттик газдарды, сымапты ж. б.) кошушат. Молекулаларга бир атомдуу молекулаларды, башкача айтканда эркин атомдорду кошуу, "молекула" жана "атом" түшүнүктөрүнүн өз ара аралашуусуна алып келет. Демейде молекулалар нейтралдык (электр заряды жок) деп эсептелинет жана аларда жалгыздаган электрондор жок (бардык валенттүүлүктөр жетиштүү сандагы электрондор менен камсыздалган); Заряддалган молекулалар иондор деп аталышат.
Кванттык механиканын көз карашы менен алып караганда, молекула, аотмдордон эмес, өз ара аракеттеги электрондор менен атомдук ядролордун  турган система болуп саналат.
Молекуллардын түзүлүш өзгөчөлүктөрү, ошол молекулалардан турган заттын физикалык касиеттерин аныктайт. Башкача айтканда, молекула - химиялык заттын эң майда бөлүкчөсү десе болот. Себеби, молекулалар атомдорго өз-өзүнчө ажыратыла турган болсо, анда ал химиялык зат өз касиеттерин жоготуп, башка заттарга ажырайт.
Катуу абалында молекулалык структурасын (түзүлүшүн) сактап калуучу заттарга, мисалы, суу, көмүртектин оксиди, көптөгөн органикалык заттар кирет. Катуу (кристаллдык) органикалык эмес заттардын көпчүлүгү молекулалардан эмес, башка бөлүкчөлөрдөн (иондор, аотмдор) турушат жана мактотело түрүндө  кездешишет (натрийдин хлоридинин кристаллы, жездин таарындысы ж. б.).
Татаал заттардын молекулаларынын курамы химиялык формулалардын жардамы менен көрсөтүлөт.