Текстте цитата түз же кыйыр сөз катары көрсөтүлөт. Түз цитата келтирүүдө анын авторун, чыгарманы жана цитатаны тырмакчага алуу менен көрсөтүү керек. Кыйыр түрдө цитата келтирүүдө цитатанын автору көрсөтүлбөйт жана цитата текстке жандама сөздөрдүн, шилтемелердин жардамы менен кошулат.
Албетте, кимдир бирөө тарабынан айтылган сөздөрдүн дал өзү ынандырарлык жана так мааниде болот, ошондуктан кимдир бирөө тарабынан айтылган сөздүн дал өзүн цитата түрүндө келтирүү жакшырак болот.
Цитатага болгон автордук укук ошол цитатанын авторуна таандык болот, ошондуктан цитата келтирген тарап цитатанын мазмунуна жоопкерчилик тартпайт.