Арыз жазууда барактын оң жак жогорку бөлүгүнө биринчи ирээтте, арыз кимдин наамына жазылып жатса ошол мамлекеттик органдын же айыл өкмөттүн аталышы, же болбосо тийиштүү кызмат адамынын аты-жөнү, же болбосо тйиштүү адамдын кызмат орду жазылышы керек.
Андан кийин анын алдына арызды ким жазып жатса ошол адамдын толук аты-жөнү, почталык дареги (байланышууга ыңгайлуу болушу үчүн телефон номерин да жазып койсо жакшы болот) толук жазылыш керек.
Андан кийин Барактын орто ченине "Кайрылуу" деп жазып, анын алдына барактын туурасынын энинде арыз жазуучу арыз жазууга себепчи болгон өзүнүң көйгөйлөрүн, сунуштарын, суроолорун жазып баяндап бериши керек.
Арыздын аягына өзүнүн колун коюп, арыз жазылган күндү (датасын) көрсөтүүсү зарыл.
Бул жерде көрсөтүлгөн "Сизди урматтоом менен" деген сөздү жазыштын кажети деле жок. Эгер Сиз кайрылып жаткан адамды Сиз сыйлай турган болсоңуз, анда кошуп жазып койсоңуз болот.
Мыйзам боюнча арыз, даттануу, кайрылуу жана башканын баардыгы кайрылуу деп эсептелет.
"Кайрылуу" деген сөздүн ордуна "арыз" деп деле жазсаңыз боло берет.
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 мыйзамынын 6-беренесине ылайык, жазуу жүзүндөгү кайрылууга (арызга) коюлуучу талаптар төмөндөгүдөй:
1. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда жазуу жүзүндөгү кайрылуусун жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тийиштүү кызмат адамынын аты-жөнүн, же болбосо тийиштүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде атасынын аты болсо), жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон дарегин милдеттүү түрдө көрсөтөт, сунушунун, арызынын же даттануусунун маани-маңызын баяндайт, өзүнүн колун коет жана күнүн көрсөтөт.
2. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болууга тийиш. Зарыл болгон учурда аларга жарандын далилдерин тастыктоочу документтер тиркелет.
Жогорудагы мыйзамдын 8-беренесине ылайык, кайрылууну кароонун мөөнөтү:
1. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына же кайрылууда коюлган маселелерди чечүү компетенциясына кирген кызмат адамына келип түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
2. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.
3. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда даттанууларды чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчиси, кызмат адамы же болбосо ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирилет.
4. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда коюлган маселелерди чечүү бир нече мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тиешелүү болгон учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына же тийиштүү кызмат адамдарына жөнөтүлөт.
10-берене. Кайра кайрылуулар.
1. Жаңы жүйө-далилдер же жаңы ачылган жагдайлар келтирилген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электрондук), эгерде алар боюнча текшерүүлөрдү жыйынтыктоочу толук материалдары болсо жана жарандарга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жооптор берилсе, каралууга жатпайт. Жаңы жүйө-далилдер же жаңы ачылган жагдайлар ушул Мыйзамда каралган тартипте каралууга тийиш.
2. Жаран кайрылууну кароонун натыйжасы боюнча алынган чечимге канааттанбаган учурда ал чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу.