Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп кыргыз тили саналат. Ошол эле беренеге ылайык, Кыргыз Республикасында расмий тили катары орус тили саналат.
Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрда белгиленет. Себеби, бул күнү 1989-жылы Кыргыз ССР Жогорку Совети тарабынан "Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынып, Кыргыз ССРинде кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болгон.
Кыргыз Республикасында азыркы учурда, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" 2004-жылдын 2-апрелиндеги №54 мыйзамы күчүндө.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өз тилин сактап калууга, аны үйрөнүүгө жана өнүктүрүүгө шарт түзүүгө мамлекет кепилдик берет. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында башка тилдерди колдонууга тыюу салынбайт жана мамлекет өлкөдө жашаган башка улуттардын өкүлдөрүнүң тилдерин эркин өнүктүрүүгө шарт түзүү принциптерин карманат.