Макал лакаптар


Абийириңди жашыңдан сакта.

Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.

Абийир тапса баласы, атасына бак конот.

Абийир үчүн ак жүр, алыш-беришке так жүр.

Абысының болсо, күнүм жок дебе.

Агайындын кадырын жалалуу болсоң билерсиң,
Ата-эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң.

Абышка өлсө, ат бошойт,
Кемпир өлсө, төр бошойт.

Агайын таттуу болсо - ат көп,
Абысын таттуу болсо - аш көп.

Агам кимди алса, жеңем ошол.

Агасын көрүп, ини өсөт,
Эжесин көрүп, сиңди өсөт.

Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.

Агын (аккан) сууда арам жок.

Адал өлсө - бир табак эт,
Арам өлсө - бир талпак.

Азансыз молдо болсо да,
Казансыз катын болбойт.

Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр.

Адам аласы - ичинде, мал аласы - тышында.

Адам болор кишинин адам менен иши бар,
Адам болбос кишинин адам менен неси бар.

Адам болуу аста-аста, акмак болуу бир паста.

Адамга - ишарат, айбанга - келтек.

Адамга өлүм ак. Өңгө жалган өлүм ак.

Адамга чычалак жарашпайт,
Атка жаталак жарашпайт.

Адамдан айла (акыл) качып кутулбайт.

Адамды билиш үчүн аны менен бирге көп жолу туз даамдаш болуу керек.

Адамды кийиминен тааныбайт, ишинен тааныйт.

Адамдын көркү адилеттүүлүктө, жигиттин көркү - адептүүлүктө.

Адамдын көркү - акыл.

Адамдын көркү - чүпүрөк, жыгачтын көркү - жалбырак.

Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.

Адамзаттын жакшысы - азырак сүйлөп, көп тыңшайт,
Аргымактын жакшысы - азырак оттоп, көп жуушайт.

Адамзатты сөз бузат, тоону-ташты сел бузат.

Адам катасыз болбос, көл бакасыз болбос.

Адам курсагынан арыктабайт, кулагынан арыктайт.

Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.

Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.

Адам сөзгө байланат, айбан чөпкө байланат.

Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.

Адам сүйлөшкөнчө, жылкы - кишенешкенче.

Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң,
Ачылгандын айыбы жок, өзү билип жапкан соң.

Адашкандын алды жөн.

Адашпаймын деген дал түштө адащат.

Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшойт.

Ажал менен азап каш-кабактын ортосунда.

Ажал айтып келбейт.

Ажалдууга себеп жок.

Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.

Ажалдуу кийик адырга качат.

Ажалдуу төө жарда оттойт, ажалдуу чочко аңда оттойт.

Ажал жолу чилдин арышынан кыска.

Ажал-өлүм кайда жок, ашыккан иштен пайда жок.

Ажырашар дос ээрдин арткы кашын сурайт.

Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.

Азаматтын азганы - көчкөндө жөө басканы.

Азаматтын жакшысы - он бешке келсе,
кичүүлүк жок, жүзгө чыкса, карылык жок.

Азапка чыдасаң, жашоону үйрөнөсүн.

Аз ашка жасоол болбо.

Аз болсо да саз (уз) болсун.

Азды билбеген, көптү да билбейт.

Аз кайгыны - аш басат, көп кайгыны - дос басат.

Азоого - тушоо.

Азынган айгырдын үйүрүн көр,
Менменсинген жигиттин үйүн көр.

Айбанды өңүнөн тааны, адамды сөзүнөн тааны.

Айбашы думанадан үмүт кылат.

Айбыкпаган сынчы болот.

Айга жетпес ашыңды айылдаштан аяба.

Айгакка алты таяк.

Айгактын түбү ууру.

Айгырдын жаманы ат качырат.

Айгыр болор кулундун жаак эти чоң болот.

Айгыр учунса, ат болот, ат учунса, эт болот.

Айдаганы козулуу кой, ышкырыгы таш жарат.

Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат.

"Айдай келден" алтоо өлдү, "көрө келден" көп өлдү.

"Ай!" деген ажа (ага) жок, "кой!" деген кожо жок.

Айдын теңи жарык, теңи караңгы.

Айды этек менен калкалай албайсың.

Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы.

Айла - алтоо, акыл - жетөө.

Айлакерге даба жок.

Айласыз баатыр чочкого чабат.

Айлаш катын - муңдаш.

Айлыңа келген бөз арзан, астыңа келген сөз арзан.

Айлыңды карарсың, алаканыңды жаларсың.

Айлыңды коюп, алыңды бил,
Өзгөнү коюп, өзүңдү бил.

Ай он бешинде кайда барар дейсиң?

Айран ичкен кутулуптур, челегин жалаган тутулуптур.
Жуурат ичкен кутулат, жугунду ичкен тутулат.

Айран сураган - челегин жашырбайт.

Айран сурап келип, аягыңды жашырба.

Айрылган - азат, кошулган - озот.

Ай талаада аткан ок ажалдууга тиет.

Айт болор, айттын эртеси да болор.
Той да болор, тойдун эртеси жа болор.

Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман.

Айткан сөз - алышкан кол.

Айтмайынча - ким билет?
Ачмайынча - ким көрөт?

Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт.

Айтып качкан жаман, атып жазган жаман.

Айтып кылган иштин айыбы жок.

Айыгар оорунун дарысы өзү табылат.

Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат.

Айыл ити ала болсо, бөрү көрсө чогулат.

Айыл итинин куйругу чагарак.

Айылы бүтүн аман жүрөт.

Айылы ала болсо, атың шала болот.

Айыпсыз киши болбойт.

Ак - ийилет, кара - сынат.

Ак ийилип - сынбайт.

Ак ит, кара ит - баары бир ит.

Ак көңүлдүн аты арыбайт (тону тозбойт).

Ак көңүлдүүнүн аты арыкчал.

Акмакка акыл айтсаң укпайт, пайда кылсаң жукпайт.

Акмак достон акылдуу душман артык.

Акмак өзүн эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт.

Аксак кой түштөн кийин маарайт.

Акча деген - суу.

Акчалууга - базар, акчасызга - мазар.

Акчалуунун колу ойнойт, акчасыздын көзү ойнойт.

Акча шаар жерине жарашат.

Акыл - алтын, ой - күмүш.

Акыл ашса, жин болот.

Акыл - баштан, асыл - таштан.

Акылдан адашса жин болот.

Акылдуу акылы менен жарат, акмак күчү менен жарат.

Акыл байлыгы - азбас байлык.

Акылдуу бир сөздөн түшүнөт, акмак түртмөйүнчө түшүнбөйт.

Акылдуудан башчың болсо, адашпайсың.

Акылдуу ишине ишенет, акмак түшүнө ишенет.

Акылдуу ката кетирсе, өзүн жемелейт,
Акылсыз ката кетирсе, жолдошун жемелейт.

Акылдуу мактанса, ишти тындырат,
Акмак мактанса, бутун сындырат.

Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз бир азапка тутулат.

Акылдуунун алды менен жүр, акмактын арты менен жүр.

Акылдуунун сөзү кыска, айта салса - нуска.

Акылдуу отко карайт, акылсыз казанга карайт.

Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.
(Эстүү - көпчүл, эселек - тууганчыл).

Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.

Акылман тили менен, акмак - муштуму менен.

Акыл көпкө жеткирет, өнөр көккө жеткирет.

Акыл - оошот, ырыс - жугушат.

Акылсыздын тоюнда болгуча, акылмандын оюнда бол.

Акыл тозбогон тон, билим - түгөнбөгөн кен.

Акылы аздын - азабы көп.

Акылы жок көпкөн, бир ажалы көптөң.

Акыркы күлгөндүн арманы жок.

Акырын баскан молдодон сактан,
Ала чапан кийген кожодон сактан.

Акы төлөбөсөң молдо үйүңө да кирбейт.

Алабата шорго бүтөт, акмакка сакал бүтөт.

Ала жылкы жоголбойт, арамза киши оңолбойт.

Ала караган алыска барбайт.

Ала карганы атынан чакырат.

Ала койду бөлө кырккан жүнгө жарыбайт.

Аланын изин баспа.

Аларманга алтоо аз, берерманга бешөө көп.

Албаган алигиңиз үчүн бизге салам айтарсыз.

Албаган куштан ала моюн чымчык артык.

Албан-албан күлүк бар, алына карай жүгүрөт.

Халбаны аким жеди, таякты жетим жеди.

Алга бир карасаң артка беш кара.

Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин.

Алганың жакшы болсо, жакаң агарат,
Алганың жаман болсо, сакалың агарат.

Алганың сулуу болгон соң,
аркырап беттен алган соң сулуулугу не пайда.

Алган эри жарашса кара катын ак болот,
Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот.

Алдамчыга жаза көп.

Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.

Алдыңа аш койсо, атаңдын кунун кеч.

Алдырар күнү жазгырар.

Алжаке эркекке жалжаке катын туш келет.

Алма быш, оозума түш.

Алма сабагынан алыс түшпөйт.

Алма этекти алам деп, чалма этектен айрылдым.

Алты катын азага барса, ар кимиси өз арманын айтат.

Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла.

Алтын - акпайт, күмүш - күйбөйт.

Алтын албай, алкыш ал.

Алтынды билүү - оңой, адамды билүү - кыйын.

Алтынды орогон менен жез болбойт,
Жибекти орогон менен бөз болбойт.

Алтынды чыккан жеринен каз.

Алтын жерде калбайт, жакшы жолдо калбайт.

Алтын - жерден, баатыр - элден.

Алтын табылса, түйөргө түйүнчөк табылбайт.

Алтын - чирибейт, акыл - азбайт.

Алтын чыккан жеринде каат.

Алты уулдуу кишинин алты арышта малы бар.

Алы жетпеген акыретчил.

Алыс жерге куда болсоң, артынчактап аш келер,
Жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сөз келер.

Алыс жол атты сынайт, оор жол эрди сынайт.

Алыстагы душмандан, аңдып жүргөң дос жаман.

Амалын тапкан ажалдан кутулат.

Аманат жанга өлүм ак.

Аман болсо бул башым, дагы эле чыгар бул чачым.

Аңгектен качсаң - дөңгөккө.

Аңгеме музоо эмизер, музоо таяк жегизер.

Аңдабаган төөнү да көрбөйт.

Аңдуучуну аңдочу жеңет.

Аңдышкан айыл конбойт, сатуулашкан дос болбойт.

Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн.

Арадай жерге, чарадай жыйын.

Аракети көп, берекеси жок.

Аракет кылса береке болот.

Арак ичкен - тойдо мас, акылы жок - күндө мас.

Арам айтып, максатка жетпейт.

Арамдан алган төөдөн, адалдан алган эчки артык.

Арамзаны - аңдыган билет.

Арамзанын куйругу алты (бир) тутам.

Арам тамак аш болбойт.

Арачыга алты таяк.

Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет.

Аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса - пул.

Арзандын сорпосу татыбайт.

Аркандын узуну жетет, сөздүн кыскасы өтөт.

Ар ким бары менен базарлайт.

Ар ким пейлинен табат.

Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр.

Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө.

Ар кимдин өз жүгү өзүнө чак.

Ар кимдин туулган жери - Мисир.

Ар ким ич оорусун өзү билет.
Ар ким кычышкан жерин өзү билет.

Ар ким өз боюна карап киет.

Арам өз көмөчүнө күл тартат.

Ар ким өзүн эр ойлойт.

Арпа жеген ат ойнойт.

Арпа сепсең, арпа оросуң, буудай сепсең, буудай оросуң.

Арстан айга чабам деп, белин мерт кылыптыр.

Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат.

Арстан катуу качырат, жумшак алат.

Артык дөөлөт баш жарбайт.

Арык уйга жоон мүйүздүн кереги жок.

Аса карыбайт, алтын чирибейт.

Атадан алтоо туулса, сыйлашпаса жат болот.

Асылсаң, асыл жыгачка асыл.

Асылуу казан - бышылуу аш.

Асыранды баланы айылчы катын чыгарат.

Ата - балага сынчы.

Ата баласы болбосоң болсо, эл баласы бол.

Атага (энеге) баланын алалыгы жок.

Атадан алтоо туулса, ар жалгыздык башта бар.

Ата жакшы - уул жакшы, эне жакшы - кыз жакшы.

Ат азгыны - жорго, адам азгыны - молдо.

Ат айланып, казыгын табат,
Эр айланып, элин табат.

Атайын кошчуң болбосо, жүгөнүң алып атка бар.

Ата көргөн ат берет, эне көргөн тон берет.

Ата көргөн - ок жонот, эне көргөн - тон бычат.

Атактуу ууру ачтан өлөт.

Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.

Ат алтоо болсо, минерге мингич табылбайт.
Ат бирөө болсо, барарга жер табылбайт.

Ата-бала урушат, ага-инилүү жулушат.

Аталуу жетим - арсыз жетим, энелүү жетим - эрке жетим.

Аталуу уул - кожолуу кул.

Атан өлсө - тайлак бар - кому жерде калган жок.

Атан төө мас болсо, тайлак менен дос болот.

Атанын жаман көргөн уулу түк күттү.

Атанын каргышы - балага ок.

Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал.

Атаңды көргөндөн акыл сура.

Ат арпа жесе, эшек кулагын салат.

Ат арыгын билбейт, көсөө карыганын билбейт.

Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.

Атасы башка, аты кашка.

Атасы болушчактын уулу урушчак,
Энеси болушчактын кызы ыйлак.

Ат, аттан кийин жат.

Ата уулду билет, ат ээсин билет.

Ата-энем бар болсун, оозу-мурду жок болсун.

Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан жакшылык көрөсүң.

Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт.

Ат аягынан, эр тамагынан бузулат.

Ат баспаймын деген жерин үч басат.

Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.

Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет,
Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет.

Ат бир мүдүрүлсө үч мүдүрүлөт.

Ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт.

Ат жаманы – кор болот,
куш жаманы, бир чымчыкка зар болот.

Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.

Атка жеңил тайга чак.

Атка мингенде эле көчүгүң кыйшык эле.

Аткан ок таштан кайтпайт, Элчи хандан тилин тартпайт.

Ат картайса, согумга жарайт,
 Эр картайса, сонунга жарайт.

Ат карыса чөп керек, адам карыса төр керек.

Ат мүдүрүлбөй, жер тааныбайт,
Эр мүдүрүлбөй, эл тааныбайт.

Ат мыктысы – кермеде.

Ат оонаган жерде түк калат.

Ат сактаган ат минет,
Тон сактаган жылаңач жүрбөйт.

Ат сыйлаган жөө баспас,
Эр сыйлаган эшикте калбас.

Ат сураган кордук эмес, ээр-токум сураган кордук.

Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.

Ат табылганча аяк ылоо, тай табылганча таяк ылоо.

Аттан айрылсаң айрыл, ээр-токумдан айрылба.

Ат тери кайтпайт.

Ат тойгон жерине качат,
Азамат туулган жерине шашат.

Аттууга жөө жете албайт, (экөөгө бирөө балалбайт).

Атты аркан байлайт, эрди ант байлайт.

Атты арыганда көр, эрди карыганда көр.

Атты билгенче ай керек, адамды билгенче жыл керек.

Атты достой сүйсөң душмандай минесиң.

Атты камчы менен айдасаң, жөө каласың.

Атты көрсө, жөө баскандын буту талыйт.

Аттын бары тулпар болбойт,
Куштун бары шумкар болбойт.

Аттын сыры ээсине маалим,
Кыздын сыры төркүнүнө маалим.

Атты такаласа, эшек бутун көтөрөт.

Атын атаса, куту сүйүнөт.

Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны.

Аты жоктун буту жок.

Аты күлүктүн башы айрылат.

Атың чыкпаса, жата калып ат үркүт.
Атың чыкпаса жер өрттө.

Атың жакшы болсо – жолдун ыраагы,
Уулуң жакшы болсо – көңүл чырагы.

Ат эрдин канаты.

Ач бала ток баладай ойнобойт,
Ток бала ач болом деп ойлобойт.

Ачарчылыкта туулган баланын эки көзү ашта.

Ач киши урушчак, арык кой тырышчак.

Ач бийден ток ит жакшы.

Ачкага аш бышыртпа, үшүгөнгө от жактырба.

Ачкадан өлгөн наабайдын койнунан нан чыгыптыр.

Ач кадырын билбесең, аччылык берет жазаңды.

Ач кайгысын ток билбейт.

Ач калардыкы кеч калар.

Ачта жеген куйканы токто унутпа,
Ачтан өлбөйт, көчтөн калбайт.

Ачтын тогу бар, арыктын семизи бар.

Ачууну ачуу басат.

Ачкалык – аш тандабайт, ашыктык – жаш тандабайт.

Ачканын аңы жүрбөйт.

Ачка отурганча айранга нан сындырып жеген жакшы.

Ач тоюнат, сук тойбойт.

Ачуу – душман, акыл – дос, акылыңа акыл кош.

Ачуулунун астынан чыкпа.

Ачууну акыл жеңет.

Аш аттуунуку, той тондуунуку.

Аш ичкен – алма саат.

Аш менен ээси мактанат,
Баш менен мээси мактанат.

Аштын тузун таткан билет.

Аш болсо, табак табылат.

Ашка жүк, башка жүк.

Аш кадырын ачыккан билет,
Жок кадырын тарыккан билет.

Аш кадырын билбеген, үй ээсин уялтат.

Аш көп болсо, каада көп.

Аш турган жерге оору турбайт.

Ашуусу болбой тоо болбойт,
Аркары болбой зоо болбойт.

Ашы бар аяктан аттаба.

Ашыккан – азат, тойбогон – тозот.

Ашыккан кыз эрге жетпейт,
Эрге жетсе, этеги жерге жетпейт.

Ашыккан ашка бышкан.

Ашыкпаган араба менен коёнго жетет.

Ашым калса калсын, ишим калбасын.

Ашың болсо, казан табылат.

Ашыңды бербесең бербе, ташың менен урба.

Ашың жок болсо да, кашың жокпу?

Аш ээси менен, баш мээси менен.

Аюудан корккон токойго барбайт.

Аяктуу сөзгө аргасыз жооп кайтарат.

Аял жакшы – эр жакшы,
Увазир жакшы – хан жакшы.

Баарынан качып кутулса болот,
өлүмдөн качып кутула албайт.

Баатыр болмок маңдайдан,
 Чечен болмок таңдайдан.

Баатыр болсоң – шер бол,
Коркок болсоң – жер бол.

Баатырдыкка даба жок.

Баатырдын баш ийгени - өлгөнү.

Баатыр – жоо барында сыйлуу,
Бий доо барында сыйлуу.

Баатыр – маңдайлаш, чечен – таңдайлаш.

Баатыр өлсө да куралын таштабайт.

Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.

Баатыр туулса - эл ырысы,
Жамгыр жааса – жер ырысы.

Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.

Баатырдын көркү – маңдайда,
Чечендин көркү – таңдайда.

Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.

Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.

Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.

Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөрбүз.

Багы ачыктын маңдайы жарык.

Багы жокко, дагы жок.

Бажа бажаны көргөндө, башы кычышат.

Базар – барга таттуу, жокко – ачуу.

Базарда миң киши бар, ар ким сүйгөнүнө салам берет.

Базары жакын байыбайт.

Базарда баары бар, издегениңди таба албайсың.

Базар көркү – бакал, эр көркү – сакал.

Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок.

Бай боорун тааныбас, соода жокко карабас.

Байга жагынам деп, кедей жалгыз эчкисинен ажыраптыр.

Байбиченин бардыгы – төөдөй кара сандыгы.

Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич.

Байды балекет басса, жортуул баштайт.

Байдын нээти кара, колу ак, кедейдин колу кара, нээти ак.

Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.

Бай кийсе “куттуу болсун” дейт,
Кедей кийсе “кайдан алдың” дейт.

Байлык – байлык эмес, бирдик байлык.

Байлык мурат эмес, жокчулук уят эмес.

Байдын малын аяба, суктун чайын аяба.

Байдын түбү уурулук.

Бай жарды болсо, үч жыл байлыгын коё бербейт.
Жарды бай болсо, үч жыл жардылыгын коё бербейт.

Байлык - өтөт, кедейлик - кетет.

Байлык не дегизбейт, жоктук не жегизбейт.

Байлыкты сүйгөн – намысты билбейт.

Бай өлгөн аттын такасын издеп, алты ай жер казыптыр.

Байтал минсе, кулун  жок, саамал ичсе, кымыз жок.

Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба.

Байталым, жаның үчүн жорголорсуң.

Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигине сүйүн.

Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер.

Байлыкты – эмгектен, теңдикти күрөштөн изде.

Бай менен байбиче урушса, кул менен күң куймакта.

Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз токтусун сураптыр.

Байтал жүгүрүп, байге албайт.

Бака жеп, көлгө кирди, жылан жеп, ийинге кирди.

Бака майрыгын билбей, жыланды “ийри” дейт.

Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.

Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет.

Бакча баксаң – макта, акча тапсаң – сакта.

Бакылдаган текени суу кечкенде көрөрмүн,
Шакылдаган келинди үй чечкенде көрөрмүн.

Бакыт келсе, намыяны кошо кетет.

Бакыт эмгектен жаралат.

Бала күлкүгө тойбойт, жалко уйкуга тойбойт.

Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар.

Балалуу үйдө сыр жок, оорулуу үйдө ыр жок.

Бала, баланын иши чала.

Балалуу каргага бок артпайт.

Балалуу үй күлүстөн, баласыз үй – көрүстөн.

Балалык кишиге эки келет: бири карыганда, бири жашында.

Баланы жашынан, катынды башынан.

Баланын ырайына жараша ат кой.

Балам бар деп мактанба, топто бирөө жок болсо.

Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр,
Жамандыктан кубалап адаштыр.

Баланын бары да балээ, жогу да балээ.

Баланын тентек болмогу үйүнөн.

Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.

Баласы жоктун ырысы жок.

Бала ыйламайынча, эмчек кайда?

Балкачынын миң урганы, барсканчынын бир урганы.

Балта көтөргөнчө дөңгөч эс алат.

Балыктын күнү көл менен, жигиттин күнү эл менен.

Балык башынан сасыйт.

Бар – барын айтат, жок – зарын айтат.

Бар болсо, бакмагы кыйын,
Жок болсо, тапмагы кыйын.

Барга мактанба, жокко шашпа.

Баркыңды билбегенге барба.

Бар качаган кутулбас, жок качаган тутулбас.

Бар киши балтаң келет, жок киши калтаң келет.

Бармак басты, көз кысты.

Барымтага алган мал болбойт.

Баскандан эринген бир кезекте жүгүрөт.

Бастырган – барар, чапкан – калар.
Бастырган ат ашар, чуркаган ат калар.

Батаар күндүн – атар таңы бар.

Баш айрылса бөрк ичинде, кол сынса – жең ичинде.

Баш акыл үчүн, акылман – эл үчүн.

Баш болуу – оңой, баштап кетүү – кыйын.

Баш иштебесе, бутка күч келет.

Башка жерден көк асманды көргөнчө,
өз жериңден кара булутту көр.

Баш –канжыгада, кан – көөкөрдө.

Башка келген балаага, кулак-мурун садага.

Башка келгенди көз көрөр.

Баштан ашкан убара.

Башта уткан байыбайт, кийин уткан кейибейт.

Башын баштайт, аягын таштайт.

Башыңа тоо түшсө,чымындай көр.

Башка түшсө, байтал жорго болот.

Баш кесмек бар, тил кесмек жок.

Баш көбөйсө - ырыс, кас көбөйсө - уруш.

Баш соо болсо, бөрк табылат.

Башы оорубагандын кудай менен иши жок.

Башы ооруп балтыры сыздабагандын,
эч нерсе менен иши жок.

Баштык ичпейт, баш ичет.

Башына жапса (тартса), аягына жетпейт,
 Аягына жапса (тартса), башына жетпейт.

Башыңа иш түшсө, төбөң менен кудук казасың.
(Башыңа күч келсе, башмалдак атасың).

Башы тоголоктун баары адам боло бербейт.

Баш экөө болбой, мал экөө болбойт.

Бекерден теңирим безер.

Бедери жок торкодон бек токуган бөз жакшы.

Бекердин чолосу жок, устанын тогосу жок.

Бекер турганча, бекер иште.

Бекеринен кепин табылса, өлмөк керек.

Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач.

Бектер кетет, бетеге калат.

Бербестин ашы бышпас. Бербестин шылтоосу көп.

Берген – алат, эккен – орот.

Бербегенди берип уялт.

Берген жоомарт эмес, алган жоомарт.

Бергенин алган – жамандын иши,
Ичкенин кускан – чабалдын иши.

Береген колум алаган.

Береке байда эмес – элде, кетмендеп иштелген жерде.

Береке, байлык – эмгекте.

Берерге акчаң болбосо, молдо үйүңө кирбейт.

Берерге бешимде кымыз, бербеске шашкеде саамал.

Берип берен болгуча, бербей сараң бол.

Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн.

Берсең – ичпейт, бекитсең – койбойт.

Бетим жаман болсо да, ниетим жакшы.

Бетке айткандын заары жок.

Бечелге жөтөлдүн кереги эмне?

Бешиктеги баланы бек болорун ким билет?
Карындагы баланы хан болорун ким билет?

Беш кол тең эмес.

Бешик баласы беш түлөйт.

Биз да катын болорбуз, капка таруу саларбыз.

Бийик тоого чыксаң көзүң ачылат,
 Билимдүү менен сүйлөшсөң, көңүлүң ачылат.

Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа,
Жакшы кишини алыстан ук, жанына барба.

Билгенге бата аяк, билбегенге ант аяк.

Билген жолуңду атаңа бербе.

Билгениң бир тогуз, билбегениң токсон тогуз.
Бирди билсең, миңди билбейсиң.

Билген миңди башкарат.

Билек бирге болсо да, мууну башка.
Билек бир, бармак башка.

Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп.

Билген суу ичет, билбеген уу ичет.

Билек жирей албаганды билим жирейт.

“Билем, билем” дей бербе, билгендерди көргөндө.

Билим адамдын канаты.

Билимдүү болсоң озорсуң,
Билимсиз болсоң – осолсуң.

Билими бар ар балээден кутулат,
Билими жок миң балээге тутулат.

Билим элге, суу – жерге.

Билим болбой, илим болбойт.

Билимди элден изде, алтынды жерден изде.

Билимдүү болмок оңой, адам болмок кыйын.

Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы.

Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин чириги жугат.

Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.

Билимдүү өлсө, кагазда каты калат,
Уста өлсө, балтасы менен чоту калат.

Билими күчтүү (толук) миңди жыгат,
Билеги күчтүү (жоон) бирди жыгат.

Бир агарган сакалың, кайтадан чыгып карарбас.

Бир акмак атасы өлгөндө көбөт,
Бир акмак катын алганда көбөт.

Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.

Бир ата отуз уулду багат,
Отуз уул бир атаны бага албайт.

Бирге тааныш болгончо, миңге билиш бол.

Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет.

Бирдик болбой тирдик болбойт.

Бирдики – миңге, миңдики – түмөнгө.

Бир жолу калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.

Бир ай минбей атыңды мактаба.

Бирин эки кылып, битин сире кылып.

Биринчи байлык – ден-соолук,
Экинчи байлык – ак жоолук,
Үчүнчү байлык – жүз соолук.

Бир арыктан миң ат суу ичет.

Бир атка эки жүгөн катылбайт.

Бир байдын журтун эки чычкан талашыптыр.

Бир буту көрдө, бир буту жерде.

Бирге болсо – тебишет, ажырашса – кишенешет.

Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.

Бир жакшы бар, журттун камын жейт,
Бир “жакшы” бар, журттун малын жейт.

Бири кетти, неси калды.

Бир мунарга буту жетпей жатып, бир мунарага бутун артат.

Бирөөгө бергениңди, өзүң барып сураба.

Бирөөнүн ашына мойнуңду созбо.

Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.

Бир көргөндө тон сыйлуу, таанышканда бой сулуу.

Бир көргөн – билиш, эки көргөн тааныш.

Бир кумалак бир карын майды чиритет (булгайт).

Бир күнкү таанышка миң күнү салам айт.
Бир күнү туз таткан жериңе миң күнү салам айт.

Бир күн кетмен чапкан – нандын даамын билет.

Бир күнү шумдук укпаса, кулак дүлөй болот.

Бир ооздон чыккан сөз, миң оозго жайылат.

Бирөө билбегенди бирөө билет.

Бирөөгө көр казсаң, кенен каз, балким өзүң түшөсүң.

Бирөөгө ор казсаң, тайыз кас, өзүң секирип чыгарга.

Бирөөнүн аты – терчил, бирөөнүн кийими – кирчил.

Бирөө кечерге кечүү таппай жүрсө,
Бирөө ичерге суу таппай жүрөт.

Бирөөнүн жарчысын коюп,
өз жарчыңды жарып ал.

Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.

Бирөөнүн өзү сыйлуу, бирөөнүн сөзү сыйлуу.

Бирөөнүн өлүмүн тилегенче,
өзүңдүн өмүрүңдү тиле.

Бирөөнүн элинде султан болгончо,
өз элиңде ултан бол.

Бирөө ыйлап (өлүп) жатса, бирөө күлүп жатат.

Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.

Бир таш – тоо эмес, бир баш – эл эмес.

Бир тоокко да жем керек.

Бир тыйын берип айттыра албай,
Миң тыйын берип койдура албайт.

Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт.

Бир уядан бир сасыткы.

Бир тойдо эки жар болбойт.

Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыкырайт.

Бир чайнасаң май чайна, былчылдасын оозуңда.

Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.

Биттин ичегисине кан куят.

Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур.

Боз койдон жоош, ак койдон аңкоо.

Бойлукта байлык жок.

Бокотай, Барактан киши жокпу?

Болбогонго болушпа.

“Болду” дегенден, “болот-болот” деген кызык.

Болор бала бешикте булкунат,
Болор кулун желеде жулкунат.

Болор иш болуп, боёсу канды.

Болот бычак (кылыч) кында жатпайт.

Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.

Болсоң болоттой бол.

Боор ооруса, боорго тебет.

Боор оорусу киндик толгойт.

Боюңдай бой табылса да, оюндай ой табылбайт.

Бөйрөктөн шыйрак чыгарат,
Бөдөнөдөн куйрук чыгарат.

Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса “бытпылдык”.

Бөдөнөнү сойсо да, касап койсун.

Бөзчү бөзгө жарыбайт.

Бөксө чайнек катуу кайнайт.

Бөлүнгөндү бөрү жейт, жарылганды жоо алат.

Бөөдө чагым бөлөккө жетпес.

Бөрк ал десе, баш алат.

Бөрк астында бөрү жок дебе,
Ээк астында жоо жок дебе.

Бөрү атар жигитти бөркүнөн тааны.

Бөрү азыгы жолдон.

Бөрү баласы ит болбойт.

Бөрү – жарды, кузгун – тойду.

Бөрүгө кой кайтартпа.

Бөрү карыса да бир койлук алы бар.

Бөрүнүн жолу миң, мергенчинин жолу бир.

Бөрүнүн оозу жесе да кандуу, жебесе да кандуу.

Бу да болсо пайда, мунун түбү кайда.

Бузулган элге бучуктан молдо болот.

Бука жокто торпок бий.

Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт.

Буламыктан тиш сынат,
Кыламыктан бут сынат.

Булбулдан чечен бир куш жок,
Тырмактай – ак карасы.

Бура сүйлөгөн – күлөргө жакшы.

Бутунан мүдүрүлгөн (жаңылган) турат,
Тилинен мүдүрүлгөн (жаңылган) турбайт.

Буту сынган жатып семирет,
Колу сынган туруп жүрүп арыктайт.

Буудайдын бара жери тегирмен,
Кыздын барар жери – күйө.

Бучук мурдун жашырбайт,
Сыпайы сырын жашырбайт.

Буюкканга жылдыз от.

Буюрбаган аштан үмүт этпе.

Бүгүнкү конок – эртеңки жонок,
Бир күн конок, экинчи күнү жонок.

Бүгүнкүнүн эртеңи бар.

Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.

Бүркүт карыса чычканчыл болот.

Бүткөн ишке сынчы көп,
Бышкан ашты жечү көп.

Бычагы курч байыбайт.

Бычактын сынынан эмес, кынынан.

Бычак жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт.

Бычактын көркү - курчунда,
Суусардын көркү – сыртында.

Бээ баласын чапчыса да мерт кылбайт.

“Бээ” десең, төөгө кетет (“төө” дейт).

Бышылуу тамактын күйүтү жаман.


Бышарына күйүп, чыгарарына күйбөптүр.


Даам таткан кудугуңа түкүрбө.

Дайранын көркү кемеде, баланын көркү энеде.

Далили жок сөз – чала күнгөн чычала.

Дандакү мынча, эт канча?

Даны жоктун – наны жок,
Наны жоктун – жаны жок.

Дарак бир жерден көгөрөт.

Дарыянын жанына кудук казбайт.

Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт.

Деген экен, деген экен –
Бир коёнду жеген экен.

Дени соонун – жаны соо.

Дешпе, дешкенден кийин келжирешпе.

Доо карыбайт, аса чирибейт.

Доону төлөбөгөн төлөйт,
Ооруну кенебеген өлөт.

Дос айрылат, сөөк кайрылат.

Дос балаада билинер, баатыр талаада билинер.

Дос гүл болсо, душман кул болот.

Дос, доско жаныңды кош.

Дос менен дос болсоң – мактан,
Кас менен дос болсоң – сактан.

Дос сыртыңдан мактар,
Душман көзүңчө мактар.

Достун көңүлү бир атым насвайдан калат.

Дос таарынса, бергенин алат.

Достук тар кыяда сыналат.

Достун түбү – маймак, уурунун түбү – айгак.

Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.

Досум, дос элек коон үзгөндө,
Кас болдук бозо сүзгөндө.

Досу көп менен сыйлаш, досу аз менен сырдаш.

Досуңа сыр айтпа, досуңдун дос бар.

Досуң баягыдай эмес, баягыдай болсо, аягыдай эмес.

Досуңдан сырыңды жашырба,
Душманыңды башыңдан ашырба.

Досуңдан төө сура, чыдабаса бээ берет.

Досуңдун ашын касыңдай же.

Досуңдун бергенин тишин ачпа.

Досуңдун бычагы менен мүйүз кес,
Душманыңдын бычагы менен кийиз кес.

Досуңдун тоогун жесең, канжыгасына каз байла.

Досуң миң болсо да – аз,
Душманың бирөө болсо да – көп.

Дөөлөт басса, эт басат, мээнет басса бит басат.

Төрө төрүн бербейт, өлсө көрүн бербейт.

Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен.

Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетир.

Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны.

Душманга таба, доско күлкү болбо.

Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.

Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол.

Душмандын сырты жылма, ичи кара.

Душмандын чырагына май тамызуу.

Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.

Душман сыртынан жылмаят, ичинен кубанат.

Душманың кылдай болсо, төөдөй көр,
Ийнедей болсо, тоодой көр.

Дүйнөдө бал таттуу эмес, жан таттуу.

Дүйнөнү сел алса, акмактын тушарына чыкпайт.

Дүлөйгө салам берсең, “атаңдын башы” дейт.

Дүнүйө адамды таппайт, дүнүйөнү адам табат.

Дүнүйө бир тыйындан куралат.

Дыйкан болсоң башында бол, чарба болсоң кашында бол.

Дыйкан жерге тойбойт, мал чөпкө тойбойт.

Дыйкандын түбү – кенч, соодагердин түбү – борч.


Жабыгып жърг=н жигитти жакырсыщ деп кордобо,
Ташыркаган бууданды баса албайт деп болжобо.

Жазган кулда чарчоо жок.

Жазгы суук жандан =т=т.

Жазгы этте жазык жок.

Жаздыкта =лг=н – жаман ат,
Жоодон =лг=н – салтанат.

Жазында ырдап жърб=с=щ,
Кышында жыргап жър=същ.

Жайында иштебей жаткан катын,
Кышында колун отко кактайт.

Жайдын кънъ жаш баладай.

Жай кийгенин кыш кийген,
Жарды кайдан байысын.

Жакшы абысыныща барганча,
Жаман сандыгыщды оодар.

Жакшы адамдын досу к=п,
Жакшы аттын ээси к=п.

Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт,
Жъзг= чыкса карыдым дебейт.

Жакшы айттырбай билет, суратпай берет.

Жакшы ат жанга шерик, жакшы ит малга шерик.

Жакшы ат камчы салдырбайт.

Жакшы атка бир камчы,
Жаман атка мищ камчы.

Жакшы аттын жалын сактаганча,
Жакшы жигиттин арын сакта.

Жакшы ашын аябайт, баатыр жоону санабайт.

Жакшы аял жаман эрди эр кылат.

Жакшы бала эр болот, жаман бала жер болот.

Жакшы болом десещ, жакыныща жан тартпа,
Бактылуу болом десещ, башкаларга к=з артпа.

Жакшы болсо аялыщ – келип турат жакыныщ,
Жаман болсо аялыщ - качып турат жакыныщ.

Жакшы болсо катыныщ, табыла берет акылыщ.

Жакшы болсощ – жатык бол,
Улук болсощ – кичик бол.

Жакшыга – бир с=з, жаманга - мищ с=з.

Жакшыга жалынсащ, жан калат,
Жаманга жалынсащ, бир кашык кан калат.

Жакшыга жанаш, жамандан адаш.

Жакшыга жата кал, жаманга ката кал.

Жакшыга жут жок, жаманга кут жок.

Жакшыдан жаман туулса – чыгаша,
Жамандан жакшы туулса – киреше.

Жакшы деген бир атты кууса кетпейт,
Жаман деген бир атты жууса кетпейт.

Жакшы жащылса, =зън=н к=р=т,
Жаман жащылса, =зг=д=н к=р=т.

Жакшы жърм=к бар, жакшы =лм=к жок.

Жакшы ишке келет, жаман ашка келет.

Жакшы жашынан эл башкарат,
Жаман карыган сайын жашарат.

Жакшы ит =лъгън к=рс=тп=йт.

Жакшы катын – капкалуу шаар,
Жаман катын – ичи толгон заар.

Жакшы катын – катын, жаман катын – отун.

Жакшы катын ъйдън к=ркъ,
Жакшы чапан тойдун к=ркъ.

Жакшы катын – ырыс, жаман катын – уруш.

Жакшы келсе – кут, жаман келсе – жут.

Жакшы кещеш (с=з) – жарым ырыс (д==л=т).

Жакшы киши калааны курат,
Жаман киши калааны бузат.

Жакшы киши мал бакса, торугун семиртет,
Жаман киши мал баса, с==гън итке кемиртет.

Жакшы конок ток болот, жаман конок шок болот.

Жакшы кощшу – жан азыгы,
Жаман кощшу – баш казыгы.

Жакшы кушка жаман куш бабы менен тещелет,
Жакшы кызга жаман кыз багы менен тещелет.

Жакшы кънд= душман дос болот,
Жаман кънд= тууган дос болот.

Жакшы кыз – жакадагы кундуз,
Жакшы жигит – к=кт=гъ жылдыз.

Жакшылыкты досуща кыл,
Досущдан артса, =зъщ= кыл.

Жакшылыкка – жакшылык,
Жамандыкка – жамандык.

Жакшы менен жърс=щ, жетерсищ муратка,
Жаман менен жърс=щ, каларсыщ уятка.

Жакшы менен достошсощ, =лгъч=ктъ коштошот.

Жакшыны жатым дебе, жаманды досум дебе.

Жакшыны мактасащ, жоону чабат,
Жаманды мактасащ, каман чалат.

Жакшынын акылы ташка тамга баскандай,
Жамандын акылы тъз жерге казан аскандай.

Жакшынын жакшылыгы тиер ар жерде,
Жамандын жамандыгы тиер тар жерде.

Жакшынын с=зъ орток, жамандын колу орток.

Жакшы уул элине баш болот,
Жаман уул элине кас болот.

Жакшынын к==нън калтырганча, жамандан муш же.

Жакшынын =зъ =лс= да, с=зъ =лб=йт.

Жакшынын с=зъ кепил, жамандын =зъ кепил.

Жакшы с=з таш эритет, жаман с=з баш чиритет.

Жакшынын – шарапаты, жамандын – кесепети.

Жакшыны с=з =лтър=т, жаманды таяк =лтър=т.

Жакшы с=з жан эритет (семиртет), жаман с=з жан кеитет.

Жакшы с=з – суу, жаман с=з – уу.

Жакшы с=з менен сооротот,
Жаман токмогу менен ыйлатат.

Жакшы съйл=с=щ бекер берет.

Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын.

Жакшы – эли менен, жер кени менен.

Жакшы эр элин =рг= съйр=йт,
Жаман эр элин к=рг= съйр=йт.

Жакындагы тебишет, ыраактагы кишенешет.

Жакын талашса, жатка жем.

Жалганчы – аксактан мурда колго тъш=т.

Жакшы эрдин жашын сураба, жакшы аттын тишин ачпа.

Жалгаймын деп ъзъп алба, тъз=ймън деп бузуп алба.

Жалган жерден =рт чыкпайт.

Жалганчынын чын с=зъ жалганга чыгат.

Жалган эсеп тъпк= жетет.

Жалгыздыгын жашырган к=б=йб=йт.

Жалгыз аттуу жарышчак, жаман катын урушчак.

Жалгыз аттын чащы чыкпайт,
Жалгыз эрдин дащкы чыкпайт.

Жалгыз болсощ, чогол бол.

Жалгызга жылдыз жолдош.

Жалгыз дарак токой болбойт,
Жалгыз таруу ботко болбойт.

Жалгыз жъръп жол тапканча,
К=п менен бирге адаш.

Жалгыз ъйдън тамагы жетсе да, табагы жетпес.

Жалдуу болсо – ат, жакалуу болсо – тон.

Жалкоого иш буюрсащ, =зъщ= акыл ъйр=т=т.

Жалкоого кън кечкирбейт.

Жалкоого шылтоо к=п.

Жалчы жумшаган жарыбайт.

Жаман адам =зъ боло албайт, болгонду к=р= албайт.

Жаман агаын – кънъчъл, жаман агаын – сынчыл.

Жаман айтпай жакшы жок.

Жаман атка жал бътс=, жанына торсук байлатпайт,
Жаман эрге мал бътс=, жанына кощшу кондурбайт.

Жаман аттуу жарышчак, жаман тондуу кър=шч=к.

Жаман атты жал басат, жаман кызды чач басат.

Жаман атты жакшы бакса, тулпар болот,
Къйк=нън табын тапса, шумкар болот.

Жаманга айткан кайран с=з.

Жаманга айткан с=з кулактын сыртында калат,
Жакшыга айткан с=з жър=кт= калат.

Жаманга башчы болгончо, жакшыга кошчу бол.

Жаманга сырыщды айтсащ, жарда жыгат.

Жаманга сый к=рс=тп=, уйга суу к=рс=тп=.

Жаманга чощ аягыщды к=рс=тп=.

Жаманга ч=п илешет, жакшыга с=з илешет.

Жаманга эш тартканча, камчы менен беш тарт.

Жаман болсо да =з козумдан кочкор салам.

Жамандан жакшы туулат, адам айтса ынангыз,
Жакшыдан м==н туулат, айтып оозго алгысыз.

Жамандан жаршы кашык аш артат.

Жаман бука =з башына ч=п ъй=т.

Жаманда достук жок, жакшыда кастык жок.

Жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же.

Жаманды жасоол койсо, жалгыз уулунун к=зън чыгара чабат.

Жамандык – бир кънд=, жакшылык – мищ кънд=.

Жамандыкка жакшылык – эр кишинин иши,
Жакшылыкка жамандык – ар кимдин иши.

Жамандыкты – амандык жещет.

Жаманды мактасащ, жардан алыс кетет.

Жамандык издетпей табылат.

Жамандыкты таманымдын алдынан табам.

Жамандын бир =н=ръ артык, (жата калып ат ъркът=т).

Жамандын жан жыргалы – уйку.

Жамандын берген ашынан, жакшынын айткан с=зъ артык.

Жамандын бир аты – момун, бир аты – сонун.

Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол.

Жамандын жаны таттуу, жакшынын ары таттуу.

Жамандын жолдошу к=п, жанына пайдасы жок.

Жамандын тапканы – жапалак.

Жамандын тонун кийсещ, тойдо доолайт.

Жаман жайын айтам деп, баарын айтат.
Жаман жарманын кызуусу менен черъъг= аттанат.

Жамандын =зъ да =л=т, с=зъ да =л=т.

Жаманды т== ъстън=н ит кабат.

Жаман ит жайлоодогу жармадан ъмът кылат.

Жаман жолдош жоого алдырат,
Жаман с=з доого алдырат.

Жаман жыл эстен кетет, жаман кошуна эстен кетпейт.

Жаман ит къндъз ър=т.

Жаман иттин аты “Б=ръбасар”,
Жаман кишинин аты “Кудайназар”.

Жаман ит ууру кеткенден кийин ър=т.

Жаман киши =з ъйънд= коноксуйт.

Жаман кой шишегинде карыйт.

Жаман киши мас болсо, жакыны менен кас болот.

Жаман киши =з камы ъчън къйън=т,
Жакшы киши эл камы ъчън жъгър=т.

Жаман к=рг=ндън б=ркъ казанбактай.

Жаман кыргыз сагызганга жем.

Жаман =зън билбейт, жакшыны к=зг= илбейт.

Жаман – тайын тааныбайт.

Жаман менен жолдош болсощ, балаасына каласыщ.

Жаман уй жарда музоолойт.

Жаман уул атасы =лг=нд= бир к=б=т,
 Катын алганда бир к=б=т.

Жаман т== жабуусун жерийт, жаман адам айлын жерийт.

Жаман туугандан жакшы кошуна артык.

Жаман койчу жайытын бир кънд= тъг=т=т.

Жардынын ъйън коногу бийлейт,
Жамандын ъйън бойдогу бийлейт.

Жаман – ч=йч=кт=гъ сууга ч=гъп =л=т.

Жаман эркек тууганчыл,
Жаман катын т=ркънчъл.

Жаман – эки аяк аш ичсе,
Бир аягы башына жък болот.

Жамгыр менен жер гълд=йт,
 Эмгек  менен эл гълд=йт.

Жамгыр =зън сел ойлойт,
Кудук (к=лчък) =зън к=л ойлойт.

Жан аябаган – жоо алат,
Мал аябаган – доо алат.

Жан сакташ ощой, жан жыргатыш кыйын.

Жаны ачыгандын жанына барба.

Жан бар жерде каза бар.

Жанга къйг=н жандай дос,
Жанга къйб=с кандай дос.

Жан тартпаса да, кан тартат.

Жаны барда жалынган, жаман эрдин белгиси.

Жанын аябаган жоо алат.

Жан эки чыкпайт, бир чыгат.

Жащылбас жаак, мъдърълб=с туяк болбойт.

Жарды байга жагынам деп,
Жалгыз эчкисинен айрылыптыр.

Жарды байга жетем дейт,
Бай кудайга жетем дейт.

Жарактуу кънъ жоо келбейт,
Жайлуу кънъ конок келбейт.

Жаралуу кийик жата албас.

Жарды менен жоолаш болгончо,
Бай менен барымталаш бол.

Жарды болор жигит эринчек болот.

Жардылыгын жашырган байыбайт.

Жардынын жалгыз аты качаган.

Жардынын ч=нт=гън= акча кирсе, туна болуп кыйкырат.

Жардынын жаны ардактуу, байдын малы ардактуу.

Жартыны жарып жеген – таттуулуктун белгиси.

Жата берсе, ат арыйт, жър= берсе, жол арбыйт.

Жаталак - =л=т, чычалак – к=н=т.

Жатар курсак жармадан айлансын.

Жатакчыны тер кысса, жъгън ж== ташыйт.

Жат жарытпайт, =з =лтърб=йт.

Жаткан =гъзг= ч=п жок.

Жатып =лг=нч=, атып =л.

Жашында съз=н=к болсо, картайганда ъз=н=к болот.

Жашка – кызмат, карыга – урмат.

Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин д==л=ттъ.

Жаш курдаш эмес, заман курдаш.

Жаш – къчъ менен, кары – кещеши менен.

Жаштык бар жерде жалын бар.

Жаш улук эмес, ажал улук.

Жаш улук эмес, акыл улук.

Жаш чыбыктын ийилгени – сынганы,
Жаш жигиттин уялганы - =лг=нъ.

Жашында калжыщ болсо,
Карыганда мылжыщ болот.

“Жебейм, жебейм” деп жемекей катын тъг=т=т,
“Ичпейм, ичпейм” деп ичмекей катын тъг=т=т.

Жебес жерге ч=п бът=т, ичпес жерге суу бът=т.

Жегендин кусмайы бар.

Жекен жеринде к=г=р=т, эр элинде к=г=р=т.

Жел менен жарышпа, к=л=к=щдъ кууба.

Жел жърб=с=, ч=птън башы кыймылдабайт.

Жещилгис кол – эл, кыйшайгыс жол – эмгек.

Жер байлыгы – эл байлыгы.

Жерде жаткан жумуртка –
Асманда учкан куш болот.

Жердин к=ркъ – эгин, эрдин к=ркъ – билим.

Жер кишинин акысын жебейт.

Жер кулагы жети кат.

Жерге тъшк=н - жетимдики.

Жеринен оогон жък ощолбойт.

Жер куураса, алабата чыгат.

Жер тамырынан эл тамыры к=п.

Жер тойбой – эл тойбойт.

Жесе да май жакшы, жебесе да май жакшы.

Жетим жъръп жетилет.

Жеткени кесек менен, жетпегени тезек менен,
Жеткени жети муштайт, жетпегени эки муштайт.

Жигит бир сырдуу, к=п кырдуу.

Жигитке жетишим търлъъ =н=р аз.

Жигит =л=р жерине кълъп барат.

Жигит ъйд= туулат, жоодо =л=т.

Жигиттин куну – жъз жылкы, ары – мищ жылкы.

Жигиттин =зън= караба, с=зън= кара.
Жигиттин тъсън айтпай, ишин айт.

Жип кессещ – узун кес, кеп салсащ – кыска сал.

Житкен окту аткан ок табат.

Жоголгон бычактын сабы алтын.

Жокко – даба жок.

Жоктон к=р= жогору.

Жокту жок издеген табат,
Жолдошу шайыр болсо,
Жолоочунун кумары канат.

Жоктун жону катуу, =гъздън мойну катуу.

Жолго чыксащ, жолоочущду шайлап ал.

Жолдон келип, тон меники дейт.

Жолго чыксащ шайлан, бел курущду байлан.

Жолдон чыксащ чык, к=пт=н чыкпа.

Жолдош болбо айгакка, мъдъръл=т тайгакта.

Жолдошуна къйб=г=н, жоого тъш=т.

Жолоочунун азыгы жолунда.

Жолоочуну ээрчип ит =л=т.

Жоо аяган – жаралуу, катыны – каралуу.

Жоого барсащ, баарыщ бар, доого барсащ, бирищ бар.

Жоого жаныщды берсещ да, сырыщды бербе.

Жоодон корккон жолдошун сабайт.

Жоокер жараксыз болбойт, ырчы комузсуз болбойт.

Жоо качканда баатыр к=б=й=т.

Жоо кеткенден кийин кылычыщды ташка чап.

Жоолук да болсо, жол ийги.

Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска.

Жоордун жайын жакыр билет,
Жокчулуктун жайын бакыр билет.

Жортулчунун башы жолдо калат.

Жооштон жоон ън чыгат.

Жорго минген менен жолдош болбо.

Жоргонун баркын мингенде билерсищ,
Жакшынын баркын =лг=нд= билерсищ.

Жоргонун тери кургабайт,
Эркенин жашы кургабайт.

Жору бар жерде тарп калбайт.

Жорунун =зъ тоодо болсо да, к=зъ ойдо.

Ж==нън топосу (топурагы) чачылбайт,
Жалгыздын с=зъ =тп=йт.

Ж== жърг=нч= т== минген жакшы.

Жумуштун к=зън тап, кыйшыктын тегин тап.

Жуткан жутабайт.

Жуурат т=гълс=, жугу калат.

Жъгъ уйда болсо да, дымагы т==д=.

Жъгърг=н албай, буюрган алат.

Жъз сомущ болгончо, жъз жолдошущ болсун.

Жъй=лъъ с=з жъй=сън табат, жъй=съз с=з ээсин табат.

Жър=к сырын к=з билдирет.

Жъктън оорун нар к=т=р=т.

Жърб=г=н атка “чъ” деген сеп (дем).

Жыгылгандын ъстън= жуудурук.

Жыгылган кър=шк= тойбойт.

Жыгылсащ, нардан жыгыл,
Буйласын кармай жыгыл.

Жыландан сыр сурасащ, чаяндан калыс кылат.

Жыландын сырты жумшак, ичи заар.
Жыландын териси кооз, тиши уу.

Жылан =лтър=йън десе, таш алып бербейт.

Жылан чакпай, жылкы теппей.

Жылкыща карап ышкыр, мурдуща карап бышкыр.

Жылуу-жылуу съйл=с=щ, жылан ийинден чыгат.

Жулуунун муздашы бат,
Муздактын жылышы кымбат.

Жыртык тешикке къл=т.
Жыгылган оогонго къл=т.

Жээндин жээни, желкенин тону.

Жээн эл болбойт, желке тон болбойт.

Заманы бирдин - амалы бир.

Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.

Заманына карай күлкү, тоосуна карай түлкү.

Зер кадырын зергер билет,
Сүйүү кадырын сүйгөн билет.

Издеген – табат, сураган – алат.

Ийгиликтин эрте-кечи жок.

Ийибеген эмчек болбойт.

Ийилген башты кылыч кеспейт.

Ийне көзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.

Ийне өткөн жерден, шоона да өтөт.

Ийри отуруп түз кеңешели.

Илгеркинин алпы көп, алпынан да калпы көп.

Илим албай мактанба, өнөрлүү болбой баптанба.

Илим – ийне менен кудук казгандай.

Илим – окуу булагы, билим - өмүр чырагы.

Илим өмүрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт.

Илим – тозбогон кудук, билбеген киши – дудук.

Илим – турмуш чырагы, өнөр – эрдин куралы.

Илээндинин малы көчкөндө жок болот.

Иниси бардын ырысы бар.

Ириген ооздон чириген сөз чыгат.

Ит арабанын астында жүрүп,
“арабаны мен тарттым” дейт.

Ит ит аягын жаламайынча алымсынбайт.

Ит жадаса – үрөт, киши жадаса – күлөт.

Ит жалдаган суу кечпейт.

Ит жыйыны топ болбойт.

Ит иттигин кылбаса, башы ооруйт.

Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт.

Итке темирдин бары жок.

Ит менен ойносоң – үрөсүң,
Бала менен ойносоң – күлөсүң.

Ит менен куда болсоң,
Жегени менен той бересиң.

Ит өлөрүндө кайышчыл болот.

Иттин ачуусу куйругунан билинет,
Аттын ачуусу кулагынан билинет.

Ит тумшугуна суу жеткенде сүзөт.

Ит үйүр болсо, жолборско үрөт.

Ит – үрөт, эр – кечирет.

Иттин ичине сары май жакпайт.

Итти сыйласаң килемге чыгат.

Ит үрө берет, кербен жүрө берет.

Ичиң күйсө, туз жала.

Ичи ооруган күлкү сүйбөйт,
Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт.

Ичи тар итине сөөк бербейт.

Ичке – үзүлөт, жоон – сүзүлөт.

Ичтен чыккан ийри жылан.

Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма.

Иши жоктун – ашы жок.
Иштебеген тиштебейт.

Иши көңүлдүү болгондун эгини түшүмдүү болот.

Ишин сүйгөн эр болот.

Ишиң калганча, ашың калсын.

Ишиң оңолгончо, итиңе кош арт.

Иши оңолгондун ити чөп жейт.

Иш сүйгөн колдон тоо кулайт,
Иш качкан колдон куурай да сынбайт.

Иштегендин оозу ойнойт,
Иштебегендин көзү ойнойт.

Иштеги темир чирибейт.

Иштесең көл болот, иштебесең чөл болот.

Иштесең тиштерсиң.

Из калтырам десең, иш калтыр.



Каалосун тапса, кар күйөт.



Кагылыштан кан өлөт.



Казанга жакын жүрсө, көөсү жугат,

Ууруга жакын жүрсө, чуусу жугат.

Казанга түшкөн аш капка түшпөйт.

Казан карасы кетет, намыс карасы кетпейт.

Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса.

Казаны башканын - кайгысы башка.

Казанын сууга салып коюптур.

Казына казына эмес, эл казына.

Кайгы жок кайгы болду, өгөй кайнененин өлгөнү.

Кайгы жокто кайненем өлүп кайгырдым.

Кайгы өмүрдү кесет, калп ырысты кесет.

Кайгы – пайдасыз, ый жардамсыз.

Кайгысы жок кара сууга семирет.

Кайда барсаң да, казандын кулагы төртөө.

Кайда барса да Мамайдын көрү.

Кайнаса каны кошулбайт.

Кайрат дартты жеңилдетет,
Кайгы дартты ырбатат.

Кайраты бар кишинин – берекеси бар ишинин.

Кайрылып ичер ашыңа, какырба да түкүрбө.

Какаганга муштаган.

Калган ишти кар басат.

Калем менен жазганды, балта менен өчүрө албайсың.

Калемпир ачуу – туз болбойт.

Калк айтса, калп айтпайт.

Калп айтып пайда тапкандан,
Чын айтып зыян тапкан жакшы.

Калптын арышы кыска.

Калптын өпкөсү калбырдай.

Калпты чындай айтса, чын чычая качат.

Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз болбойт.

Калп сөз жанга жоо,
Өткүр бычак кынга жоо.

Калп ырыс кесет.

Калпычынын өмүрү коёндун куйругунан кыска.

Камдес мерген карайган кырды атат.

Камырдан кыл сууругандай.

Канаттуунун баары кыраан эмес,
Сойлогондун баары жылан эмес.

Канаты менен учкан, куйругу менен конот.

Кандын да бир татым тузу кемиптир.

Кандын койнунда калтырап жатканча,
Кулдун койнунда кутуруп жат.

Каниет – карын тойгузат.

Каптагыны катын билет.

Капта болсо, казанга түшөт.

Капсалаң болбой, жут болбойт,
Кара өзгөй болбой, доо болбойт.

Кара килең болбой, кар кетпейт.

Карайлаган там сүзөт.

Кара куш кардына карайт,
Шумкар чабытына карайт.

Караңгы элге капыр да молдо.

Кара кыздын агынан эмес – багынан.

Карап койсо “сүйдү” дебе,
Күлүп койсо “өптү” дебе.

Карарып уурум чыкканча, саргарып жаным чыксын.

Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.

Карганы бакса куш болбойт.

Карга баласын “аппагым” дейт,
Кирпи баласын “жумшагым” дейт.

Каргайын десем жалгызсың,
Каргабайын десем байкушсуң.

Карга карганын көзүн чокубайт.

Карга каркылдап учуп каз болбойт.

Карга көргөнүн чокуйт,
Молдо билгенин окуйт.

Карганын “как” эткени өзүнө кубаныч.

Карга учуп шумкар болбойт,
Эшек жүгүрүп тулпар болбойт.

Кар да кетер, кадыр да өтөр.

Карды ачкан кара казанды сагалайт.

Карды ачкан нанга карайт,
Суукка тоңгон күнгө карайт.

Кардыма ыйлабайм, кадырыма ыйлайм.

Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат.

Кардың ачса, карындаш изде.

Карыганда жан таттуу.

Карыган сайын дүнүйө маңдайга келет.

Карыга – урмат, балага – кызмат,
Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке.

Карыз арасына суу жүрбөйт.

Карылык коркунуч эмес, өлүм коркунуч.

Карын ачты, кайрат качты.

Карынын кебин капка сал.

Карылуу үй ырымсыз болбос.

Карып калган бээден – кайгуулга минер ат туулбас.

Карысаң карылыгыңды айтпа,
Кемисең байлыгыңды айтпа.

Карысы бардын – ырысы бар.

Карыш ажыраган карыганча көрүшпөйт.

Касап да өзү, бычак да өзү.

Касапчы энесине сөөк (тартат) сатат.

Катуу басса “таскак” дейт,
Акырын басса “аксак” дейт.

Казга теңелип карганын шыйрагы сынат.

Катуудан – тиш оору жаман,
Жумшактан – ич оору жаман.

Катын албай, кайын ал.

Катын алганча – отун ал.

Катын бар жерде челек бар.

Катынды күтүп албаган – күң кылат.

Катын жакшы – эр жакшы.

Катын жаманы эр коруйт,
Эр жаманы жер коруйт.

Катын калп айтпайт, каңырыш угат.

Катын кыңшылап сүйлөп, кыз болбойт.

Катын төркүнү төрдөн кайтат,
Эр төркүнү ирегеден кайтат.

Катыны жакшы жигиттин,
Кайда жүрсө көөнү ток.

Катыны жамандын казаны сынык.
Эркеги жамандын бычагы ийри.

Катыны жоктун алтыны жок.

Катыны менен урушкан, кайынына салам бербейт.

Катыны долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда?

Катының жаман болсо, конок кетет,
Балаң жаман болсо, бактың кетет.

Катын эрден чыкса да, элден чыкпайт.

Катын эрке болсо, эрине теке болот.

Катын эрди карайт, эр жерди карайт.

Качан көрсөм, тойдон көрөм.

Качканга кара жер куурулат.

Качкан кой – бөрүгө той.

Качып кетсең, чачып кет.

Кашыгы да, чөмүчү да май.

Кедейдин бир тойгону – орто байыганы.

Кедейдин (жардынын) жалгыз атын бөрү жейт.

Кедейдин кекиргени кээ болот.

Кедейлик – кемтик эмес.

Кедей менен бай болбос,
Бөрү менен кой болбос.

Кейүү бар, кер тартуу жок.

Кекилик өз атын өзү чакырат.

Кекчил болбой эпчил бол.

Келбети келгенден кеңеш сура.

Келген – дөөлөт, кеткен – мээнет (кедейлик).

“Кел” дебеген үйдөн кетмендеген көр жакшы.

“кел” демек бар, “кет” демек жок.

“Келе” деген дооң жок болсо,
Кың эткен ооруң жок болот.

Келер (келген) сөздү келин айтат.

Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр.

Келин жаман эмес, келген жери жаман.

Келиш-кетиш – туугандыктын белгиси,
Уруп-кериш – душмандыктын белгиси.

Келме – кезек, терме – тезек.

Кембагалды төөнүн үстүнөн ит кабат.

Кен байлыгы – кең байлык.

Кең бычкан кийим жыртылбайт.

Кеңешип кескен бармак (кол) оорубайт.

Кеңешчиң болбосо, кабыргаң менен кеңеш.

Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт.

Кеп жакшысын кулак билет,
Кыз жакшысын ынак билет.

Кепилдин кепини күйөт.

Кеп кутулбайт чеченден,
Мээнет кутулбайт бечелден.

Кеп кыйшыгын жүйөчү билет,
Ичер ашты ээси билет.

Кепти коюп, кеңешке кел.

Кеп чынынан бузулбайт.

Керегем сага айтам, келиним сен ук,
Уугум сага айтам, уулум сен ук.

Керек болсо, терек жыгылат.

Керектүү таштын оордугу жок.

Кээри кеткендин сакалы кекиртегине бүтөт.

Керкисинде да бар, кемтигинде да бар.

Кесип алса кан чыкпайт.

Кесирдүү – башка келген бактыны кетирет.

Кесирдүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат.

Кечинде жатып ойло,
Эртең менен туруп сүйлө.

Кечүүсү болбой суу болбойт,
Ашуусу болбой тоо болбойт.

Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку.

Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырда.

Кирбеген эшиги, чыкпаган тешиги жок.

Кирбей туруп, чыгарыңды ойло.

Китеп – билим булагы.

Кичине аттын жүгүргөнү билинбейт.

Кийиз сатсаң, айлыңа сат, бир чекесин жамына жат.

Кийиктин жүргөн тоосу бийик болсо, көзү кызыл болот.

Кийим менен мактанбай, билим менен мактан.

Кийимдин калыңы кир көтөрүмдүү,
Кишинин калыңы сөз көтөрүмдүү.

Кичинеге чоңсунба, асмандагы айга кол сунба.

Кичине төөнүн жүгү билинбейт.

Кичүү болгончо, иттин күчүгү бол.

Киши дүйнөгө түркүк болбойт.

Киши жаманы кирип чыкканча билинет,
Өз жаманы өлгөнчө билинбейт.

Киши карыганда таарынчак болот.

Кишинин кишиси бар, бышуунун чийкиси бар.

Киши эмес киши, сөз эмес сөздү сүйлөйт.

Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт.

Коёнду кубалай берсе, баатыр боло баштайт.

Коёндун жатагына чейин билет.

Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр.

Коён көлөкөсүнөн коркот.

Козусунда сүткө тойбогон, токтусунда түрткөнүн койбойт.

Койду курбан бүлдүрөт,
Элди султан бүлдүрөт.

Кой жеген бөрү коңулда, койчусу калды куугунга.

Кой каргышы бөрүгө жетпейт.

Кой семизи – койчудан.

Кой уурдаган – төөнү уурдайт.

Койчунун таягынан, келиндин аягынан.

Колдо бар алтындын баркы жок.

Колдон намысты кетиргенче,
Канжыгадан баш бериш керек.

Кол ийрисине тартат.

Колу кыймылдагандын оозу кыймылдайт.

Колу менен иштебеген, оозу менен орок орот.

Колунда токочу бар бала сүйгүнчүктүү.

Колуң менен кылсаң, мойнуң менен тартасың.

Комуз сынды – ыр жок,
Көңүл сынды – сыр жок.

Коногу күчтүү болсо, кожосун бийлейт.

Коногум, үйүңдү ойлой отур.

Коногум, сен эт дебегин, мен кет дебейин.

Коно жатпай, кепке тойбойт.
Сөөк мүлжүбөй, этке тойбойт.

Конок бар жерде – береке бар.

Конок бир күн консо – кут,
Эки күн консо – жут.

Конок – болжосуз, өлүм – сураксыз.

Конок койдон жоош, май берсе жей берет.

Конокту конок сүйбөйт, ээси баарын сүйбөйт.

Конок тандап конот, ууру басынтып уурдайт.

Конокту аткар, балээден куткар.

Конуш акысын төө кайтарат.

Конуш алганча, өрүш ал.

Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат.

Коңшуң коркок болсо, өзүңдү үркүтүп өлтүрөт.

Кордук өмүрдөн, эрдик өлүм жакшы.

Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт.

Корккондон жүрөк жарылбайт,
Кубангандан маңдай айрылбайт.

Корккон – көлөкөсүнөн коркот.

Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт.

Коркоктун асылы болгончо, баатырдын жесири бол.

Коркоктун көзү чоң, акмактын сөзү чоң.

Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт.

Корооңо сак бол, коңшуңду ууру тутпа.

Кортук кочкор төл бузат,
Куйту киши эл бузат.

Котур ташы койнунда.

Коркокко бир ок да көп,
Баатырга жүз ок да аз.

Котур – колдон, жоор – жолдон.

“кош-кош” десе, куяңкы кой кошокко кошулат.

Кошконго үйүр эмес, сүйгөнгө үйүр.

Кошоматка кой соёт.

Кошунаң сокур болсо, бир көзүңдү кысып өт.

Кою күйгөндө жүрсө, койчусу тескейде жүрөт.

Коюн алдырган, короосуна сак болот.

Коюндан төгүлсө, кончко.

Көздөн – кетет, жүрөктөн – кетпейт.

Көз жетпеген жерге сөз жетет.

Көз – коркок, кол – баатыр.

Көз менен көргөн чын, кулак менен уккан күмөн.

Көзү жоктун  - өзү жок.

Көзүң ооруса, колуңду тый,
Ичиң ооруса, тамагыңды тый.

Көзү сокурга жолук, көкүрөгү сокурга жолукпа.

Көйнөк тердебесе, талаа гүлдөбөйт.

Көйнөктүн кирин – жууса кетет,
Көңүлдүн кирин – айтса кетет.

Көйрөң – ат минсе чабат.

Көк байтал минсе сергектейт,
Көгүчкөн атса мергенсийт.

Көлөкөгө карап тон бычпайт.

Көл чайкалса, көбүгү бетине чыгат,
Эл чайкалса, тентеги четине чыгат.

Көнбөгөн бейишиңден, көнгөн тозогум артык.

Көңүлдөгү сырды көз билдирет.

Көңүлдүү коңшуга ызалуу сөз айтпа.

Көңүл картайбайт, көз картаят.

Көңүлү каалабаса себеп көп.

“Көңүлүмө жагат” деп, көрүнгөн менен дос болбо.

Көөлдөгөн киши көңүлгө карабайт.

Көп акмактын агасы болгончо,
Бир акылмандын иниси бол.

Көп баатырдан жоо кетет,
Көп чеченден доо кетет.

Көп бар жерде – сын бар,
Сын бар жерде – чын бар.

Көп бергенден тез берген жакшы.

Көп билсең да, көптөн артык билбейсиң.

Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.

Көп жойлогон куу түлкү, колго түшпөй койчу эмес.

Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт.

Көпкөн жигит басышынан байкалат.

Көпкөн жигит көп сүйлөйт,
Чечен жигит эп сүйлөйт.

Көп – коркутат, терең – батырат.

Көп менен көргөн той.

Көп ооз сүйлөсө, бир ооз тек турат.

Көп сөз – көмүр, аз сөз – алтын.

Көпсөң – жарыларсың, толсоң – төгүлөрсүң.

Көп төксөң кыкты, түшүмү болот мыкты.

Көптөн үмүт эткен, аздан куру калат.

Көптү жамандаган, көмүүсүз калат.

Көптү көрбөй, көсөм болбойт.

Көптү көргөндөн сөз оку,
Көөнөрбөс кылып бөз току.

Көп түкүрсө, көл болот,
Көл толкуса, сел болот.

Көп чогулса, ажаанды алат.

Көрбөс – төөнү да көрбөйт.

Көргө - көрсөтпө, керге – угузба.

Көргөн көздү уккан кулак жеңиптир.

Көргөн көргөнүн кылат,
Көсөө түрткөнүн кылат.

“Көрдүм” деген көп сөз,
“Көрбөдүм” деген бир сөз.

Көрктүүнү көрүп алганча,
Сүйгөнүңдү сурап ал.

Көрпөнү күндө күбүсө - түлкү,
Түлкүнү күндө күбүсө - күлкү.

Көрүнгөн тоонун ыраагы жок.

Көрүнө зордук – башкы кордук.

Көсөөнүн акылы түштөн кийин.

Көч жүрө-жүрө түзөлөт.

Көчкөндөн отун артат, өлгөндөн катын артат.

Көчкөн журттун баркы жаңы журтта билинет.

Көчсө - артта, консо – четте.

Кудайга ишенген кур калат.

Кудаң алыс болсо, сыйлуу болосуң,
Кудаң жакын болсо, чырлуу болосуң.

Куйтунун үйү күйөт.

Кулактан кирген суук сөз,
Жүрөккө барып муз болот.

Кулак укканды көз көрөт.

Кулак укса, курсак кайнайт.

Кул коён (күмүш) тапса,
Коерго жер таппайт.

Кулча иштеп, бийче же.

Кумарга – ууру жолдош.

Кумурска – кичинекей болсо да, кайраты тоо аңтарат.

Кумурсканын уюгуна жыгач салба.

Кумурска бириксе, арстанды алат.

Кургак сөз таш жарат,
Куру кайрат баш жарат.

Курсагы ач курушат, акылы аз урушат.

Курсак ток болсо, кулуң (тилиң) шок болот.

Куру аякка бата жүрбөйт.

Куру суудан май чыкпайт, куру сөздөн маани чыкпайт.

“Курут” десе, куу баштан суу келет.

Куттуу үйдөн кур чыкпа.

Куттуу конок келсе, кой эгиз табат,
Кутсуз конок келсе, койго карышкыр чабат.

Куу алган кушка сын жок.

Куу баш болчу жигитке, туубас катын жолугат.

Куучуюп бай болгончо, колу ачык кедей бол.

Куш баласы кырымга карайт,
Ит баласы жырымга карайт.

Куш жаңылса, торго түшөт,
Эр жаңылса, колго түшөт.

Куш канаты менен учат, куйругу менен конот.

Куштун алганынан, салганы кызык.

Күз – күрөш, жаз – жарыш.

Күзгү күчүңдү күйөңө бербе.

Күзгү муздун күзгүдөйүнөн качпа,
Жазгы муздун жабыктайынан кеч.

Күйгөн катын кошокчул болот.

Күйөөгө жетпей кыз тынбайт.

Күйөө жүз жылдык, куда миң жылдык.

Күйөө карыса – жээн болот.

Күйөө келсе, кыз даяр.

Күйүттү күлүп ызала,
Кырсыкты эмгектенип табала.

Күзүндө үркүп калат, жазында илкип калат.

Күкүк өз атын өзү чакырат.

Күлгөндүн билгени бар.

Күлүк ат чапкан сайын арбытат.

Күлүккө күн салгыча, байталга бак берсин.

Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт.

Күлүп сүйлөгөндөн түңүл,
Күн тийип жаагандан түңүл.

Күндө келген күл уурдайт,
Айда келген май уурдайт.

Күндө тийгендей күн эмес.

Күндө эт жеген киши мал күтөбү?
Айында эт жебеген киши жан күтөбү?

Күндүзгү аштын ээси (ортогу) көп.

Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин.

Күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан өлөт.

Күн тийген жердин күкүгү (чоросу).

Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет.

Күч атасын тааныбайт.

Күч кетет, билим кетпейт.

Күчкө күйөө уктаганын калыңга тогойт.

Күчтүү күчөнсө, күчүнө келет,
Күчү жок күчөнсө, бели мертинет.

Күчүңө ишенбе, ишиңе ишен.

Кыздуу – кыраң ашат.

Кыз баласы кызыктырат, уул баласы ууктурат.

Кызганба тамак, кызгансаң – таяк.

Кыздуу үйдө - кыңыр сүйлөбө,
Уулдуу үйдө - узун сүйлөбө.

Кыздын көзү кызылда.

Кыздын кырк чачы улуу.

Кыздын сырын төркүнү билет.

Кызды сураганга, кымызды суусаганга бер.

Кыз кезинде баары жакшы,
Жаман катын кайдан чыкты?

Кыз – конок.

Кыз кылыгы менен жакшы,
Ийне учугу менен жакшы.

Кызы бардын назы бар.

Кызы бардын – ыракаты бар.

Кызыганды кымыз чыгарат.

Кызы жаман болсо, “жаш” дейт.
Баласы жаман болсо, “мас” дейт.

Кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет.

Кызыл козуга өткөргөн соодагердей болбо.

Кызыл от кысыр калбайт.

Кыйшык болсо да көз жакшы,
Сокур болсо да уз жакшы.

Кылар ишти кылып коюп,
Кыл жип менен бууп коюп.

Кылганың бирөө үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн.

Кылды бакандай кылып көрсөтөт.

Кылып ичкен – кыйын аш,
Кыдырып ичкен – оңой аш.

Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүйпөйт.

Кылыч курал эмес, акыл курал.

Кылычты ар ким байланат,
Чабарына келгенде кандай киши шайланат.

Кымыздан эки кесе ичкен – муңдук.
Айрандан эки кесе ичкен – шумдук.

Кымыздуу үйдө аякчы, кыздуу үйдө кыякчы.

Кымыздуу үй – базар, кыздуу үй – назар.

Кымыз – кишинин каны, эт кишинин жаны.

Кымынды үйдөй, кылды тоодой көрсөтөт.

Кыныккан киши тыныкпайт.

Кыңыр иш кырк жылдан кийин да билинет.

Кыпындан жалын чыгат, оюндан от чыгат.

Кыргыз кыргызды сураштыра келсе, карын бөлө чыгат.

Кырк жыл кыргын болсо, бейажал чымын өлбөйт.

Кырк киши бир жакта, кыңыр киши бир жакта.

Кырк күнкү сыпайгерчиликтен,
Бир күнкү бакырчылык артык.

Кырманды кырк таптаган аз.

Кырсык жалгыз келбейт.

“Кырсык” деген аяк астында.

Кырсыкты болжоп болбойт.

Кырсыкты “кайдан” деп болбойт.

Кыска жип күрмөөгө келбейт.

Кышкы суукта куу сакта,
Жазгы чөлдө суу сакта.

Кышта көрсөң камылга, келерки күздө табылга.

Кышты Кудай урарда, күн жылымдап жаз болот.
Канды Кудай урарда, өз эли менен кас болот.

Кыштын камын жазда ойло.

Кыян өзүн сел ойлойт, коркок өзүн эр ойлойт.

Майкан көрбөй, бала оңолбойт.

Май кармаган бармагын жалайт.

Майталканды ичине жаккан киши жейт.

Макал атасы – сөз, мата атасы – бөз.

Мактанчаак кысыр уйду саайт.

Макулук болмок - өлмөк бар.

Мал арыгын сыйласаң, ооз майлайт.
Киши арыгын сыйласаң, төбө кандайт.

Мал баксаң – чөп чап,
Жан баксаң – көп тап.

Мал баласы туулганда жерди карайт,
Куш баласы туулганда көктү карайт.

Малдан жарды калсаң кал,
Акылдан жарды калба.

Малдуунун көзү өткүр,
Малсыздын сөзү өткүр.

Малды баккан билет,
Отунду жаккан билет.

Малды көрүп, байгамбар жолдон чыгыптыр.

Малдын төлүн күзүндө сана.

Мал кадырын билбесең, жөөчүлүк берер жазаңды.

Мак сактаба – ар сакта.

Малы жок деп, эрден түңүлбө,
Чөбү жок деп, жерден түңүлбө.

Малың барда баары дос,
Малың жокто кана дос?

Малың жүзгө жеткенче, таанышың үчкө жетсин.

Мал ээсин тартпаса, арам өлөт.

Мансап үчүн сүйбө, мал –мүлк үчүн достошпо.

Мандаш мынча, кой канча?

Мастан жинди (шайтан) качыптыр.

Мата даңкы менен бөз өтөт,
Ата даңкы менен кыз өтөт.

Мейманга аш кой, эки колун бош кой.

“Мен” деген – чөл, “биз” деген – көл.

Менин акылым сенде эмес,
Сенин акылың менде эмес.

Менин колума да карга чычаар.

Мен кой дебейм балам,
Кой дээриң, кой дээр.

Мен “чарыкчанды” сүйбөйм,
“Өтүкчөн” мени карайт.

Минип жүрүп атын издейт.

Мингениң жакшы ат болсо,
Алысты жакындай көр.

Миң карганы бир таш учурат.

Миң кишинин атын билгенче,
Бир кишинин сырын бил.

Миң койлууга карышкыр тийсе,
Бир койлуу бычак ала чуркаптыр.

Миң сомдук камчыдан,
Бир сомдук пайда жок.

Миң сөз айтканча, бир ишти кыл.

Миң чеченди бир дөөрүк жеңиптир.

Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт.

Мокок быча кол кесет,
Чоркок сөз тил кесет.

Молдо акча үчүн итке куран түшүрөт.

Молдо (койчу) көп болсо, кой арам өлөт.

Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба.

Молдону суктугунан бил,
Жоргону курчтугунан бил.

Моңолдорду кыйнаса, коломтодон күкүрт табат.

Моңолдор – журттун уюткусу.

Мугалимдин катасы – окуучунун катасы.

Мугалим келжек болсо, окуучу тентек болот.

Музоо уурдаган, өгүздү да уурдайт.

Мурундай белес ашкыча, буттай белес тегерен.

Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт.

Мурун чыккан кулактан,
Кийинки чыккан мүйүз озгун.

Мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр.

Мылтыгыңдын күмүшүн айтпай, тийишин айт.

Мылтык менен окууга карылык жок.

Мышыкка – оюн, чычканга - өлүм.

Мышык этке жетпей “сасык” дейт.

Мээнет болбой дөөлөт болбойт.

Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот.

Обу жокко кыйшаң үйүр.

Обу жок катын орсок уй саайт.

Обур уй чобур музоо тууйт.

Озунган таз бөрк алат.

Ойдон бир уйдун мүйүзү сынса,
Тоодо миң уйдун мүйүзү зыркырайт.

Ойлонбой сүйлөсөң, оорубай өлөсүң.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет.

Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө.

Ой - өзүңдө, нарк – колуңда.

Ой – сөздүн сандыгы.

“Ойт” десе, кыйт берет.

Ойчул оюна жеткенче, тобокелчи барып келиптир.

Ок жарасынан сөз жарасы жаман.

Окуган – жарык, окубаган – чарык.

Окуу – билим азыгы, билим – ырыс.

Окшошконго жарашкан.
Окшошконго мушташкан.

Олтурган кыз орун алат.

Олуя жакынын (жанындагысын) колдойт.

Он күндүк ашың болгончо, бир күндүк эшиң болсун.

Онтоткон – оору, мөгдөткөн – кары.

Он экинин бири жок,
Уй байларга жиби жок.

Кечээкинин бири жок,
Уй байларга жиби жок.

Оң колуңдун ачуусу келсе,
Сол колуң менен карма.

Оңко оюн бузат, тентек жыйын бузат.

Ооздон кан чыкса да душманга ырыңды ырдаба.

Ооздон чыккан сөз отуз уруу элге таралат.

Оозу жаман элди булгайт,
Буту жаман төрдү булгайт.

Оозу менен орок оруп, буту менен машак терет.

Оозунан сөзү түшкөндүн, колунан бөзү түшөт.

Оозу сүткө күйгөн, сууну үйлөп ичет.

Оолукмалуу балага ээликмелүү жин тиет.

Оору – аштан, доо – карындаштан.

Оорубаган онтобойт.

Оор иштен кокпо, оор сөздөн корк.

Оору батмандап кирип, мыскалдап чыгат.

Оорудан чанчуу жаман, сөздөн каңкуу жаман.

Оору кайда болсо, жан ошол жерде.

Оору калса да, адат калбайт.

Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат.

Ооруну сураса – айыкканга эсе.

Оору соо болсо, табып өзү келет.

Оорусун жашырган өлөт,
Боорун жашырган бөлүнөт.

Оору эмгектен качат, эмгек көңүлдү ачат.

Оро албаган орок тандайт.
Сая албаган ийне тандайт.

Ороздуу менен оттош бол.

Орозодо көчкөн эрмек.

Орозойдун он тамыры бир келиптир.

Оромол тонго жарабаса да, жолго жарайт.

Отко жакын шиш күйөт,
Энеге жакын кыз күйөт.

Отко келген катындын.
Отуз ооз сөзү бар.

От менен суу тили жок жоо.

Отту көп көөлөсө - өчөт,
Коңшуну көөлөсө - көчөт.

Отуз өлчөп, бир кез.
Он жолу ченеп, бир жолу кез.

Отузунда ок ата албаган,
Кыркында кылыч чаппас.

Отун алганга от жактырба.

Отун – олжо, суу – кордук.

Оюндан омуртка сынат.

Оюндан от чыгат.

Өгөй эне өөнчүл, жетим бала кекчил.

Өгөөгө бергис бүлөө бар,
Экөөгө бергис бирөө бар.

Өгүз болгуча топок пейли калбаптыр.

Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын.

Өгүз өлдү, орток айрылды.

Өгүзү жок – жер сугарат.

Өз агасын агалай албаган,
Киши агасын сагалайт.

Өз башын аябаган, киши башын далдал кылат.
Өз бетин аябаган, бирөөнүн бетин чиедей кылат.

Өз башындагы төөнү көрбөгөн,
Бирөөнүн башындагы чөптү көрөт.

Өзгөгө өбөк болгончо, өзгө төшөк бол.

Өз камын ойлогон өспөйт,
Эл камын ойлогон көктөйт.

Өз кемчилигин өлгөнчө билбейт,
Киши кемчилигин кирип чыкканча билет.

Өз кордугунан жат кордугу жаман.

Өзөгү карарган карга таш чокуйт.

Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.

Өзөн башы ашуу болот,
Жардын башы кечүү болот.

Өз төшүн өзү жара муштаган эр болбойт.

Өз тууганын кордогон, душманына кор болот.

Өз убалың өзүңө, эки кара көзүңө.

Өзү билбеген, билгендин сөзүнө кирбеген – айбандык.

Өзү бир тыйын, дымагы миң тыйын.

Өз үйүм - өлөң төшөгүм.

Өзүмдүкү дегенде - өгүз кара күчүм бар,
Өзгөнүкү дегенде – ана-мына ишим бар.

Өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет.

Өзүнүн бөгүн бөктөй албаган,
Кимдин чигин чиктейт?

Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.

Өзүңө бычак ур, оорубаса кишиге ур.

Өзүңө иштесең – арстандай,
Башкага иштесең – чычкандай.

Өзү тойбос кайнага кимге кешик арттырат?
Өзү тойбостун, көзү тойбойт.

Өзү ууру бирөөнү ууру дейт,
Өзү кара бирөөнү кара дейт.

Өйдө карап түкүрсөң, кайтып түшөр өзүңө.

Өйдө тартса, өгүз өлөт,
Ылдый тартса, араба сынат.

Өксүбөгөн хандын да бир татым тузу кемийт.

Өкүм болмок - өзүңдөн, сылык болмок – сөзүңдөн.

Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет.

Өлбөгөн киши көрүшөт.

Өлгөнгө өкүнбө, тирүүлүгүңдү тиле.

Өлгөндү тууган жеңет.

Өлгөн жолборстон тирүү чычкан артык.

Өлгөндүн артынан өлмөк жок.

Өлгөндүн жазасы – көмгөн.

Өлгөн төөнүн териси эшекке жүк.

Өлгөн уй сүттүү.

Өлөйүн десем, жан таттуу,
Кирейин десем жер катуу.

Өлөңдүү жерде өгүз семирет,
Өлүмдүү жерде молдо семирет.

Өлөр карга бүркүт менен ойнойт,
Ыйлар бала атасынын сакалы менен ойнойт.

Өлөр эчки койчунун таягына сөйкөнөт.

Өлөр өгүз балтадан качпайт.

Өлсөк – бир көрдө (чуңкурда),
Тирүү болсок – бир дөбөдө.

Өлсөң көрүң кең болсун.

“Өлтүрөм” дегенден коркпо, “өлөм” дегенден корк.

Өлүккө жараша ый, кадырга жараша сый.

Өлүм бардын малын чачат, жоктун төшүн ачат.

Өлүмдөн башканын эртеси жакшы.

Өлүм орток, доо – кезек.

Өлүм - өксүтөт, оору – кор кылат.

Өмүрдөн жамандык күтпө,
Өлүмдөн жакшылык күтпө.

Өнөр алды кызыл тил.

Өнөрлүү өлбөйт.

Өнөрлүү өргө сүйрөйт.

Өнөрүң болсо, өргө чап.

Өңдү көрсө, жүз таят.

Өрдөк жокто – чулдук бий.

Өрүш малдуу – дасторкон майлуу.

Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт.

Өспөс уул өнбөс доону доолайт.

Өткөн ишке айла жок, өкүнгөн менен пайда жок.

Өткөн ишке өкүнбө, кеткен ишке кейибе.

Өткүр ок – душманга, өткүр сөз – тууганга.

Өткөн ишке салабат.

Өткөн өмүр – качкан куш,
Кайрылып келбейт үндөсө.

Өтөгөндүн (аюу) териси өзү жатып ий болот.

Өтө жаман - өзүн мактайт,
Башкы жаман – баласын мактайт,
Аяккы жаман – аялын мактайт.

Өтө кызыл бат оңот, өтө ысык бат сууйт.

Өтпөс буйрук – бойго кардык.

Өтпөс - өмүр, сынбас – темир болбойт.

Өтүгү жаман төрдү булгайт,
Оозу жаман элди булгайт.

Өтүгү жокко өзүм барам,
Тону жокко салам айта бар.

Өтүгүң майрык болсо, жериң түз болбой койсун.

Өтүгүң тар болсо, дүйнөнүн кеңдигинен не пайда?

Өтүкчүнүн жанына жолобо,
“Бир нерсем жоголду” дейт.

Өтүкчү өтүккө жарыбайт, уста балтага жарыбайт.

Пайгамбар барына ыраазы.

Пейли жаман кишиден күтөт,
өз ашын жашырып ичет.

Пил көтөргөндү тил көтөрөт.

Пулу бардын оозу чайнайт,
Пулу жоктун көзү жайнайт.

Саамал тааныш.

Саанды камдаганча, сабаңды камда.

Саан камдаганча, саман камда.

Сабасына жараша – бишкеги,
Мурутуна жараша – искеги.

Сабырдуу болсоң – озорсуң,
Сабырсыз болсоң – осолсуң.

Сабырдын түбү сары алтын.

Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.

Сакадай бою сары алтын.

Сакалдуу киши жоого түшөрбү?

Сакал тойдо керек.

Сакалыңдын агы бар, балалыгың дагы бар.

Сакалың өспөсө, сакалсызга күлбө.

Сактанбаган алп жардан алыс кетиптир.

Сактансаң, соо каларсың.

Сактансаң – сактаймын,
Сактанбасаң – отко кактаймын.

“Саман өрттөнүптүр” – десе,
“Самарканды жоо чааптыр” – дейт.

Санаа куюндан да күлүк.

Санаа – саргайтат, убайым – картайтат.

Санаасы жок сары сууга семирет.

Санаасы жок – уйкучул,
Акылы (ары) жок – күлкүчүл.

Сан тийбеске сан тийди,
Табак-табак нан тийди.

Саны бар, сапаты жок.

Саны менен бирге даны болсун.

Сапарбайдын сан жылкысы көрүнбөй,
Кулансарыктын кула байталы көрүнөт.

Сараң адамдан кесип алса кан чыкпайт.

Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң.

Сасык деп уй мурдун кесип таштабайт.

Сая албаган ийне тандайт,
Саптай албаган учук тандайт.

Саяпкери жарашса жаман ат байге алат.

“Сен” деген сыпайыга өлүм.

“Сеники, меники” – көңүлдүн тардыгы,
“Ары жат, бери жат” – төшөктүн тардыгы.

Сен Кудайга жеткенче, мен үйгө жетем.

Сен салар да, мен салар, атка чөптү ким салар.

“Сиз” деген сылык сөз,
“Сен” деген сенек сөз.

Сиздикине барганда – ичели да жейли,
Биздикине келгенде – ырдайлы да ойнойлу.

Сиңер жерге суу жай (сеп),
Угар жерге (кишиге) сөз айт.
Согумуң чүйгүн болсо, ичиңе акта.

Соерун сойдук, тогузкатын кантип артабыз?

Соерун сойдум, тартышы кандай болот?

Сойгону улак теке, тартканы – кулак,чеке.

Сокурдан кароолчу койсоң, элди жоого алдырат.
Сокурдан күзөтчү болсо, элиңди жоо алат.

Сокурдун тилегени – эки көз,
Чекирдин тилегени – кара көз.

Сокур киши шола менен,
Бакыр киши маана менен.

Сокур көргөнүн койбойт,
Дүлөй укканын койбойт.

Соодагерде акча болбосо, сууда балык болбойт.

Соодагерде нысап жок.

Соодада достук жок.

Соода сакал сыйпаганча.

Соолбос өмүр, сынбас темир болбос.

Соолгон көлгө бака айгыр.

Сопу согон жебейт, жесе кабыгын да койбойт.

Сопусунган молдонун үйүнөн,
Жет камандын башы чыгыптыр.

Соргоктун өзү тойсо да көзү тойбойт.

Сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет.

Сөз айтпагын болбоско,
Суу куйбагын толбоско.

Сөз атасы – кулак, суу атасы – булак.

Сөз билбеген муштуму менен коркутат.

Сөз билүүчү адамдын ар сөзүндө бир тузак.

Сөзгө баатыр, ишке бакыр.

Сөзгө жараша сөз айтпаса,
Сөздүн атасы өлөт.

Сөздү коюп, бөздөн кел.

Сөздүн башы бир бычак, аягы бир кучак.

Сөздүн көркү – макал, эрдин көркү – сакал.

Сөздү чын токтотот, сууну чым токтотот.

Сөз жүйөсүн тапса, мал ээсин табат.

Сөз сөөктөн өтөт, таяк эттен өтөт.

Сөз тапкан колко бербейт.

Сөзүң өлгөнчө өзүң өл.

Сөзү таттуу, көңүлү катуу.

Сулууга баа жок.

Сулуулугунан жылуулугу.

Сулууну кучактаган кубанат.

Сулуу – сулуу эмес, сүйгөн сулуу.

Сураганга бекер бер, суусаганга эки бер.

Сурап бергенче, уруп бер.

Сурап ичкен – суу ичкен,
Тартып өпкөн – жел өпкөн.

Суу башынан тунат.

Суудан тонун аябаган, жоодон жанын аябас.

Суу канык – эгиндин даны толук.

Суусу кетсе, таш калат,
Сурма кетсе, каш калат.

Суу кечпей, кепичиңди чечпе.

Суу менен жер көгөрөт.
Эл менен эр көгөрөт.

Суу менен ойносоң – чөгөсүң,
От менен ойносоң – күйөсүң.

Сууну көп кечсе, чалчык болот,
Сөздү көп сүйлөсө, тантык болот.

Суунун жайын жар билбейт,
Жоктун жайын бар билбейт.

Суусаганга суу да таттуу көрүнөт.

Сүйбөгөнгө сүйкөнбө.

Сүйлөрүн Кара Маңка сүйлөдү,
Уяларын мен уялдым.

Сүйлөсө тилинен бал тамат.

Сүйүү оттон ысык, гүлдөн назик.

Сүт менен бүткөн, сөөк менен кетет.

Сыйга-сый, сырага – бал.

Сыйлашарга жат жакшы,
Ыйлашарга өз жакшы.

Сыйлашпаган тууганың,
Сыр айтпаган душмандай.

Сылыктын белгиси – алыш-бериш,
Ынтымактын белгиси – барыш-келиш.

Сынбасты уста жасабайт,
Өлбөстү кудай жасабайт.

Сынгандан мертинген  жаман.

Сынчынын сыңар өтүгү майрык.

Сыпайы тоңбос, калтыраар.

Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.

Таалайлуу менен талашпа,
Бактылуу менен байлашпа.

Тааныбаган (билбеген) жердин ой-чуңкуру көп.

Тааныбасты – сыйлабас.

Таанымал жерде бой сыйлуу,
Тааныбас жерде тон сыйлуу.

Таарынгандыкы – таттуу.

Табыпчы дартка жолдош.

Таза болсоң, суудай бол, баарын жууп кетирген.
Балбан болсоң, жердей бол, баарын чыдап көтөргөн.

Тазалык – соолук негизи,
Соолук – байлык негизи.

Таз арданса, бөрк алат.

Таздын көөнү болбосо да,
Таза кыздын көөнү калбасын.

Таз таранганча, той таркайт.

Тай ат болбосо, эр бант болот.

Тай атка чыкса, ат азатка чыгат.

Тай кунанга жеткизет, кунан атка жеткизет.

Тай туйлап тактыга чыкпайт.

Тактыктан достук бузулбайт.

Такыялуу башка далай иш түшөт.

Талаага түнөгөнчө, молого түнө.

Талаадагыны үйдө болжобо.

Талаадан табылса, бир ором жип да олжо.

Талаптанбай муратка жетпейт.

Тамагы майлуунун көйнөгү көөлүү.

Тамак болбой, дымак болбойт.

Тамак көп болсо итке жакшы,
Тамак жок болсо, битке жакшы.

Тамактан аяган мончок курусун.

Тамактан өткөндүн баары тамак.

Тамакты таттуу кылган – туз,
Ыраакты жакын кылган – кыз.

Тамак үчүн асмандагы куш торго түшөт.

Тандаган – тазга жолугат.

Таң атпаганга, күн да батпайт.

Тапкан – сүйүнөт, тааныган – алат.

Таранчыдан корккон таруу айдабайт.

Таранчы жеген таруунун, бөдөнө тартат жазасын.

Тартар тилинен тартар.

Таш менен урганды, аш менен ур.

Таш, ташты эриткен аш.

Таш түшкөн жеринде оор.

Таяк тайга жеткирет, тай атка жеткирет.

Тез жанында ийри жыгач жатпас.
Тез бар жерде ийри жыгач турбайт.

Тек жүргөн – ток жүрөт.

Теке – оочул, коен – коңулчул.

Тек турганча тегин иште.

Темене берип төө алат.

Темирдин кадырын уста билет.

Темирдин эки башы тең ысык.

Темирди ысыганда сок,
Кепти кызуусунда сок.

Темирчинин бычагы жок.

Тентек чочмор жыйнайт.

Тең жегенди теңири сүйөт.

Теңин тапса, тегин бер.

Тең-теңи менен, тезек – кабы менен.

Тең туугандын жаманы болгончо,
Ак буудайдын саманы бол.

Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин.

Терең дарыя тынч агат, акылдуу киши тынч айтат.

Тешик (көздүү) мончок жерде калбайт.

Тешик ооз тим турбайт.

Тил албасты, жумшаганча, тына-тына өзүң бар.

Тил баш жарат, жел таш жарат.

Тилден уу да тамат, бал да тамат.

Тил кылычтан өткүр.

Тил менин тууганым, тил менин душманым.

Тил – ойдун сандыгы.

Тил – топчусуз, ооз – ачкычсыз.

Тириликтин күчү бирдикте.

Тишиң барда таш чайна,
Тишиң жокто аш кайда.

Тишим кетик болсо да, көөнүм тетик.

Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.

Тишти (тилди) кордосоң – көзгө зыян.

Тобокелдин көөнү ток.

Тобокел – эрдин жолдошу.

Тогуз кабат торкодон токтучамдын териси артык.

Тозокту көргөн от менен ойнойт.

Тойбой жеген аш курусун,
Кордукта жашаган баш курусун.

Тойго барсаң, тоюп бар,
Ашка барсаң ачка бар.

Тойгондо токтунун эти топурак татыйт.

Тойгон да тең, таткан да тең.

Тойсуз үй болсо да, ыйсыз үй болбойт.

Ток бала эч нерсени ойлобойт.

Токмок күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.

Токойлуу жер аңсыз болбойт.

Токол эчки мүйүздүү болом деп,
Кулагынан айрылыптыр.

Токоч – тоют, жарма – оокат.

Толкунсуз суу болбойт,
Кайгысыз эл болбойт.

Толубайдай сынчы бол,
Токтогулдай ырчы бол.

Томуктай нерсени тоодой кылат.

Тон жылуусун ээси билет.

Тоодой болгон караны, томуктай болгон ак жеңет.

Тоодой сөздү бергенче берметтей ишти бер.

Тоодо кийгенин тойго да киет.

Тоодон түшөрдө - таскак,
Тоого чыгарда – аксак.

Тооктун түшүнө таруу кирет.

Тоолуу жер карсыз болбойт.

Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.

Тооң бийик болсо,
Ыргыткан ташың ыраак түшөт.

Тоту – жүнү менен, булбул – үнү менен.

Тоту куш башын көрүп кубанат, бутун көрүп арданат.

Төгүлгөн аяк кайра толбойт.

Төөгө жантак керек болсо, мойнун созот.

Төөгө минген боюн жашырбайт.

Төө качып жүктөн кутулбайт.

Төө кыядан өткөн соң, “өч” дегениң курусун.

Төө минип, эчкиге жашынба.

Төөнүн пайдасы талаада билинер,
Адамдын пайдасы – балээде билинер.

Төөнү сел алса, эчкини асманда көрүп ал.

Төө сойгон – эчки сойгондон эт сурайт.

Төө чайнаганын билип, жутканын билбейт.

Төрдө орун болсо, эшикке жакын отурба.

Төркүндүн төбөсү – кубат.

Төркүндүн (кыздын) төрүндө болгончо,
Уулдун улагансында бол.

Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт.

Төшөгүңө карай бутуңду сун.

Төшөктүн тардыгы – тардык,
Көңүлдүн тардыгы – кордук.

Тузга кара санаган жарыбайт.

Тузу аз болсо туздалар,
Тузу көп болсо, бузулар.

Тулпар жүгүн оордобойт,
Султан сөөгүн кордобойт.

Тулпар – тушунда, күлүк – күнүндө.

Турнадан бий койсоң, кыйгуу кетпейт башыңдан.

Тууганга душман болбо,
Душманга тууган болбо.

Туугандан өтөм десең, кой бак,
Душмандан өтөм десең аштык бак.

Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт.

Тууган (дос) күйдүрүп айтат,
Душман сүйдүрүп айтат.

Тууган туугандын казанына аш салбайт.

Туулган адам жаман эмес,
Турмуштан орун таппаган жаман.

Туулдуң - өлдүң, тутандың – күйдүң.

Туура бийде тууган жок,
Туугандуу бийде ыйман жок.

Туура сөз тууганга жакпайт.

Тууруна сүйүнбөй, турарына сүйүн.

Туягы бүтүн тулпар жок.
Канаты бүтүн шумкар жок.

Түбөлүгү түз болсо болду.

Түбү бирге – түтпөйт.

Түгөнөр уй түгүн жейт,
Түгүнөн кийин өзүн жейт.

Түйшүгү болбой, түшүмү болбойт.

Түлкү алган итке сый жок.

Түлкү ийнин карап үрсө, котур болот.

Түн бакырдыкы.

Түндөгү түлкү – бүгүнкү күлкү.

Түсү ирдүүдөн түңүлбө.

Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк.

Түшкү тамактын ээси көп.

Тыйын, тыйындын иши кыйын.

Тыртайсаң, тыртай, алымсагың бир тай.

Тышы жалтырак, ичи калтырак.

Убадасыз кишиден, жүрүп кеткен жел артык.

Узаткандын жолдоштукка тоому жок.

Узунсуз – кыска болбойт,
Улуусуз – нуска болбойт.

Уйга килем жапкандай.

Уйдун сүтү тилинде.

Уйдун тууруна күтүп, уузуна күтпөптүр.

Уйку төшөк тандабайт.

Уй мурдун сасык деп кесип таштабайт.

Уй мүйүздүү өгүздө - күч жок,
Өгүз мүйүздүү уйда – сүт жок.

Уй окусунан түшөт,
Күлүк арзанынан түшөт.

Уй сойсоң, үч күн үйүңө жолобо,
Жылкы сойсоң, жети күн үйүңөн чыкпа.

Уй сыйпаганды билбейт,
Жаман сыйлаганды билбейт.

Уй териси тон болбойт,
Урушчак киши чоң болбойт.

Узун тил уудан жаман.

Укканда кубанып, көргөндө көңүл сууйт.

Уккан кулакта жазык жок.

Уккан – уламал, көргөн – көзөмөл.

Уйпайт деп ушак айтпа,
Билбейт деп ууру кылба.

Улуу сөздө уят жок.

Ура албаган чокмор өз башына тиет.
Ургандан тап берген жаман.

Урган киши – дөң менен,
Урдурган киши – жол менен.

Урушпас уул, керишпес келин болбойт.

Урушса да өз жакшы, талашса да өз жакшы.

Урушта туруш жок.

Уста барда колуң тый.
Молдо барда тилиң тый.

Уста кандай болсо, шакирти ошондой.

Уста менен дос болсоң, нар кескенин аларсың,
Ууру менен дос болсоң, бир балээге каларсың.

Устанын тогоосу жок.

Устанын уусун билгенче, темирдин суусун бил.

Устасынан шакирти өтөт.

Уста уста эмес, шайманы уста.

Уста темирден да алтын кылыч жасайт.

Уу десе, “чуу” дейт.

Уу ичкен бир өлөт, ант ичкен миң өлөт.

Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт,
Кызды төрөйт, кыялын кошо төрөбөйт.

Уул жакшысы – урмат,
Келин жакшысы – келбет.

Уулу жоктун, мууну жок.

Уул жаманы – уйгак, кыз жаманы камгак.

Уулум жаман болсо да, бою узун болсун.

Уулуң өссө - урумга, кызың өссө - кырымга.

Ууру – байыбайт, сук тойбойт.

Ууру карыса, сопу болот.

Ууру коркот айгактан, уйлар коркот сайгактан.

Ууру менен конок айттырып келбейт.

Ууруну каракчы урат.

Уурунун бир бети кара;
Айгактын эки бети кара.

Уурунун жанына ийри бычак жатпайт.

Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат.

Ууру – танапташ, бөрү кулакташ.

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.

Ушакчынын оозу тынбайт.

Уяда жаткан жумуртка – асманда учкан куш болот.

Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.

Уялбаган буюрбагандан ичет.

Уялбагандан өзүң уял.

Уялгандан кара жер как жарылат.

Уялган шыбагасынан кур калат.

Уят - өлүмдөн катуу.

Ү

Үйгө кирген куру чыкпайт,
Көргө кирген тирүү чыкпайт.

Үйдө баатыр – жоодо жок,
Үйдө чечен – доодо жок.

Үйдөгү ойду базардагы нарк бузат.

Үйдү кырк эркек толтура албайт,бир аял толтурат.

Үйдүн көркү аялда.

Үйдүн ашы үйгө сонун.

Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?

Үйрөнгөн жоо атышарга жакшы.

Үйү жакын иттин куйругу узун.

Үйүндө кашык айраны жок,
Кызынын аты Журатбүбү.

Үйүндө көптү талаада урбайт.

Үйүндө тынчы жоктун,
Талаада кош баракаты бар.

Үйүндө сүтү төгүлсө,
Талаада музоо ээмп кетет.

Үйүңдүн байлыгын көчкөндө көрөрсүң.

Үмүтсүз – шайтан.

Үндөбөгөн – үйдөй балээден кутулат.

Үңкүр да болсо үйүм бар.

Чабал өрдөк мурун учат.

Чагым өлтүрөт, матоо – жеткирет.

Чакпаган жылан ийинден сырткары.

Чакырбаган конок, шыпырбаган жерге отурат.

Чакырганга барбаган (келбеген) ымдаганга зар болор.

Чакыргандан калба, өзүң басып барба.

Чапанчанды чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.

Чапкан сайын көз чыкпайт;
Айткан сайын кеп өтпөйт.

Чапсаң – чарчарсың, желсең – жетерсиң.

Чегирткеден корккон эгин экпейт.

Чегирткенин алын көр да канын сор.

Чечендин сөзү алтын,
Устанын колу алтын.

Чечен – чечен эмес, өкүм чечен.

Чечинген суудан кайтпас;
Кезенген – жоодон кайтпас.

Чирикке чымын үйүр.

Чогулушта чындык керек,
Чогууда тынчтык керек.

Чокой кийген бут куурайт,
Чогоолго тийген кыз куурайт.

Чоң (улуу) үйдөгүлөр күлсө,
Кичүү үйдөгүлөр ырсаят.

Чоркок киши буканын мурдун муштуму менен көзөйт.

Чөйчөктөн төө сугаргандай.

Чөптөн жапыз, суудан тайыз.

Чыга албай турган көз эле,
Чыгып кетти өзү эле.

Чыгаша чыкпай, киреше кирбейт.

Чыгашалуу малга ээси баш.

Чыйкандан жаман оору жок,
же аны сурап койгон киши жок.

Чыккан кыз чийден тышкары.

Чыккан мээнет, кирген – дөөлөт.

Чыккан тооң бийик болсо,
ыргыткан ташың алыс түшөт.

Чыкпаган аштыкка - өтпөгөн орок.

Чылпагын алам деп көзүн оюп алыптыр.

Чымчык өзүн куш ойлойт,
Чырпык өзүн тал ойлойт.

Чымчык семирип, батманга толбойт.

Чымынды төө кылып көрсөтөт.

Чымын майга конот.

Чын айтып, зыян тап – акыры жетесиң муратка;
Калп айтып, пайда тап, акырында каларсың уятка.

Чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат.

Чындык жерде калбайт.

Чындык – сегиз, бакыт – эгиз.

Чырайды чылап ичпейт.

Чырактын жарыгы түбүнө түшпөйт.

Чырдуу кыздын чыргоо жомогу ырбайт.

Чырым этсе – көзгө пайда,
Чымчып жесе – тамакка пайда.

Чычкан ийнине кире албай жатып,
Куйругуна калбыр байлаптыр.

Чычканга түк бүткөн сайын калтырайт.

Шагылы болбой, зоо болбойт,
Шайыры болбой, эл болбойт.

Шайтан болсо, арык аттабай бут сынат.

Шайыр болбой, эр болбойт.

Шашкан коён аңга батпайт.

Шектүү – шекшинет, шеги жок – кекирет.

Шибегени капка ката албайсың.

Шодоконун бүркүтүндөй жутунба.

Шок болсоң, жок болорсуң.

Шыбыр кеп болбойт, шыйрак эт болбойт.

Шыпааны тына менен чыгарат.

Ыйласа – сураба, күлсө - сура.

Ый менен күлкү аякташ.

Ый менен өлгөнчө, ыр менен өл.

Ынтымагың болбосо, ит менен кушка жем болорсуң,
Ынтымагың бар болсо, аялың менен журтка тең болорсуң.

Ынтымак болбой иш оңолбойт.
Ынтымак бар жерде – ырыс бар.

Ынтымак түбү ийгилик,
Тирилик түбү – бирдик.

Ырдуу – күйө, чырдуу кыз.

Ырыс алды – ынтымак.

Ырыс качса, тууш конбойт.

Ырыскысыз адам болбойт.

Ырыстууга жуучу келет,
Ырысы жокко доочу келет.

Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт.

Ырысы жоктун ырымы күч.

Ысабы жокко кашык салсаң, беш ууртайт.

Эбин тапкан эки ичет,
Эңсеси каткан бир ичет.

Эгизден төл өсөт,
Эмгек менен эр өсөт.

Эгиз улакка – айры шыбак.

Эгин айдоо байлык айдоо.

Эгиндин жайын эккен билет,
Арабанын жайын чеккен билет.

Эгин көп болуп, эки жыл ичпейт.
Төө көп болуп конокко сойбойт.

Эжекем эрге тийди, эскиси мага калды.

Эже кийгенди сиңди киет.

Эжелүү кызга тон кайда.
Эчкилүү койго суу кайда?

Эки арамза дос болбойт.

Эки байдын ортосунда кедей байыбайт.

Эки бай куда болсо, жорго алышат,
Эки кедей куда болсо, торбо алышат.

Эки бээлүү эл сактайт,
Жалгыз бээлүү жан сактайт.

Эки жакшы баш кошсо – ырыс,
Бир жаман менен бир жакшы баш кошсо – дурус,
Эки жаман баш кошсо – күн сайын уруш.

Эки жакшы жайлоого чыкса, кудалашып түшөт,
Эки жаман жайлоого чыкса, кубалашып түшөт.

Эки жакшы кас болбойт,
Эки жаман дос болбойт.

Эки жаман таарынышса, амандашпайт;
Эки жакшы таарынышса, жамандашпайт.

Эсен барып, соо келсин.

Эки жол айры болсо, иттин башы каңгы болот.

Эки жүздүү эл бузат.

Эки кеменин башын кармаган сууга кетет.

Эки киши күнөкөр болсо, бир киши данакер.

Эки күнгө ээси бербейт,
Бир күнгө көлүк өлбөйт.

Эки кырчаңгы бир токойдон табышат.

Эки молдо – бир киши, бир молдо – жарты киши.

Эки ооз бириксе, жалгыз ооз тим турат.

Эки оору бир келсе, ажалыңдын жеткени;
Эки доочу бир келсе, абийириңдин кеткени.

Эки өчтүүнү бир күчтүү кошуптур.

Эки сарыдан маймылча туулат;
Эки карадан каргача туулат.

Эки тоо кошулбайт, эки киши көрүшөт.

Эки тоонун чөбүн самаган кийик ачка өлөт.

Эки төө жөөлөшсө, ортосунан бейажал чымын өлөт.

Эки шумкар талашса, бир каргага жем болот.

Эки эл тарап болсо, эптүү жигит катын алат.

Эки эчкиң болсо, үйүң толо быштак,
Эки аялың болсо, үйүң толо чатак.

Экөөгө бирөө бата албайт,
Аттууга жөө жете албайт.

Эл акылсыз болбойт, көл казсыз болбойт.

Эл бар жерде – жеңиш бар.

Эл болбосо, эр болбойт.

Элге эр кымбат, эрге эл менен жер кымбат.

Элден безген – эр эмес,
Жоодон качкан – шер эмес.

Элдүү жерде элек бар.

Элдүү түлкү ачка өлбөйт.
(Элсиз түлкү ачка өлөт).

Элек сурап барып, эрге тийип кетиптир.

Элиңде жаманың болсо, эрмегиң ошол.

Элинен безген – эр оңбос,
Көлүнөн безген – каз оңбос.

Элиңди жаман көрсөң, элге кантип батасың?
Жериңди жаман көрсөң, көргө кантип батасың?

Эл ичи алтын бешик.

Эл каргаса, жерге батпайт.

Эл менен эрегишпе, эр менен жоолашпа.

Эл оозунда элек жок.

Эл үмүтүн эр сактайт,
Эр атагын эл сактайт.

Элүү жылда эл жаңырат,
Жүз жылда – казан.

Элүү жылда – эл жаңы,
Жүз жылда – жер жаңы.

Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи,
Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи.

Элчиге өлүм жок.

Эмгеги аздын өнмөгү аз.

Эмгегинен бакыт тапкан адам –
Чыныгы сулуу адам.

Эмгек адамдын үзүрү.

Эмгек – дайра, билим – кеме.

Эмгек кылсаң жашыңдан,
Дөөлөт кетпейт башыңдан.

Эмгексиз бакыт – тузу жок тамактай.

Эмгексиз дыйкандын күнү өтпөйт.

Эмгексиз тапкан мал эсепсиз кетет.

Эмгектен арыктасаң, түшүмүнө семиресиң.

Эмгектен качсаң – дөңгөккө.

Эмгекти көрбөгөн, ыракаттын кадырын билбейт.

Эмгектин түбү ырахат,
Эринчекке конбос бак.

Эмгектүүнүн аты калат,
Эселектин даты калат.

Эмгектүүнүн наны – таттуу,
Жалкоонун жаны – таттуу.

Эмгекчинин эмгеги байлык,
Билимдүүнүн пикири байлык.

Эмгек эрдикке жеткирет,
Эрдик элдикке жеткирет.

Эмгек кылсаң, өнмөк бар.

Эмгек – эрдин көркү, эр – элдин көркү.

Эмдик боз минсең, оозун тарт,
Элдүү жерде тилиң тарт.

Энеден – сүт ич, акылмандан – акыл ич.

Энелүү баланын өзү ток,
Энесиз баланын көзү ток.

Энемдин эри, эгизимдин түгөйү эмес.

Эненин колунан кыз тойбойт,
Эрдин колунан куш тойбойт.

Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада.

Эне өлсө, төркүндөн кадыр кетет.

Эне тоодогу булак, бала чөлдөгү кулан.

Эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче,
Чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө тийгенче.

Эпкиндүү болсоң, элиң сүйөт.
Курбу-курдаш, теңин сүйөт.

Эр айласы – бир, катын айласы – миң.

Эр азыгы – элден, бөрү азыгы – жолдон.

Эр ачкадан өлбөйт, ардан өлөт.

Эр башына иш (күн) түшсө,
өтүгү менен суу кечет;
Ат башына иш (күн) түшсө,
Ооздугу менен суу ичет.

Эр бир өлсө, эс миң өлөт.

Эр болсоң көк бол, айткан сөзгө бек бол.

Эрге кылган жакшылык жерге калбайт.

Эрден ашмак бар, элден ашмак жок.

Эрден безсең да, элден безбе.

Эрден кийин урмат жок,
Энеден кийин төркүн жок.

Эрди жоо үстүндө көр.

Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат.

Эрдик билекте эмес, жүрөктө.

Эрдик кылып кой сойду,
Иттик кылып төш тартты.

Эрди кудай урарда, элүүсүндө жаш болот;
Канды кудай урарда, өз эли менен кас болот.

Эрдин атын алыстан ук,
Жанына келсе – бир киши.

Эрдин ажалы эрден.

Эрдин атын эмгек чыгарат.

Эрдин даңкын – эл билет,
Дыйкандын даңкын – жер билет.

Эрдин ичине ээр токумдуу ат батат.
Катындын ичине кара башыл эр батат.

Эрдин куну нардын пулу эмес.

Эрдин сөзү элде калсын,
Душман сөзү жерде калсын.

Эр жигит бирде мырза, бирде кул.

Эр жигитке жетимиш түрдүү өнөр аз.

Эр жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.

Эрегиштен эр өлөт.

Эри өлүп, эрге тийген катын келинчек болот.

Эри өлүп, эрге тийген – элдин адаты,
Эри туруп эрге тийген – беттин карасы.

Эри сүйбөс катынга эндик-упа не пайда?

Эришине жараша аркагы,
Эшегине жараша тушагы.

Эр кадырын эр билет,
Зер кадырын зергер билет.

Эр карыса да, ой карыбайт.

Эркиң келсе эки кулагыңды чой.

Эр мактанса, бир октук,
Бай мактанса, бир жуттук.

Эр – намыстын кулу.

Эр ортону – элүү жаш.

Эр өлсө да, эл өлбөйт.

Эр өлүмгө күлүмсүрөп барат.

Эртеңки куйруктан – бүгүнкү өпкө.

Эртең – макул, бүгүн – жок.

Эртең мененки насиптен калба,
Кечки насипке барба.

Эрте сепсең бир күнү, эрте оросуң бир жума.

Эрте турган эркектин ырысы артык,
Эрте турган катындын бир иши артык.

Эрте чыксаң, алдыңдан күн чыгат,
Кеч чыксаң, алдыңдан түн чыгат.

Эр – тууган жеринде, ит – тойгон жеринде.

Эр төрөгөн эл өлбөйт.

Эр улан болбойт, ат кунан болбойт.

Эр чекишпей бекишпейт.

Эр – эгиз, эмгектүү – сегиз.

Эр эмгегин эл жебейт,
Эл эмгегин жер жебейт.

Эсептешкен дос болбойт.

Эсептүү дос айрылбайт.

Эсепчини жут алат.

Эсери болбой эл болбойт.

Эски дос эстен кетпейт,
Жаңы дос кадырга жетпейт.

Эскини тиксең, эсиң кетет.

Эт жасаган колун жалайт.

Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру.

Эт көрбөгөн чоң сугунат,
Кант көрбөгөн бор сугунат.

Эт менен челдин ортосунда.

Эт – этке, сорпо – бетке.

Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур.

Эчкиче бакырып өлгүчө, койчо онтоп өл.

Эчки эгиз тууп, койдон ашпайт.

Эшеги бир теңге, токуму миң теңге.

Эшегине жараша акыры (тушагы).

Эшегинин тушагы жок, төөсүнө чом жасар имиш.

Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот.

Эшектин күчү – адал, сүтү – арам.

Эшигин көрүп төрүнө өт,
Энесин көрүп кызын ал.

Эшиктен кирип, “төр меники” дейт.

Ээси келсе, бээсин бер.

Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт.

Ээси теңдикке көнсө да, ууру көнбөйт.