Жаран деген эмне

Жаран

Жаран - Мамлекеттин туруктуу калкынын катарына кирген (катарында саналган), конституция тарабынан кепилденген бардык укуктарга жана милдеттерге ээ киши (адам). Башкача айтканда, укуктук негизде бир мамлекетке таандык адам. Жаран кеңири укуктар менен эркиндиктерге жана белгилүү милдеттерге да эгедер. Мамлекеттин жараны өзүнүе укуктук абалы боюнча чет элдик жарандан жана ал мамлекеттин аймагында жарандыгы жок адамдардан айырмалуу. Өз мамлекетинин аймагында саясий укуктарга жана эркиндиктерге толк түрдө жаран гана ээ боло алат.
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында "жаран" аталгысы менен, эгер мыйзамда башкача аныкталбаса, бардык жеке адамдар (Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар) түшүнүлөт. Демек, "жаран" деген сөз Кыргыз Республикасында кеңири мааниде колдонулат.
"Жаран" дегенде биринчи кезекте, жогоруда биринчи аныктама менен көрсөтүлгөн юридикалык мааниге ээ чечмеленишин түшүнүү туура болот. Ал эми экинчи, кеңири колдонулган маанисинде, жөн гана киши, адам же адам баласы деген сөздөрдүн синоними түрүндө болуп калат.