СУИЦИД - адамдын (кишинин) өз өмүрүн өзү кыйуусу. Ар кандай себептерден улам, адам бул дүйнөдөгү жашоосун токтотуу үчүн өз денесине ар кандай жол (физикалык, химиялык) жол жана ыкмалар менен оор, айыктыргыс зыян кылып, анын натыйжасында өлүмгө дуушар болуусу.
Суицидге көпчүлүк учурларда жашоосуна таарынган, жашоонун кызыгын таба албай калган, узакка созулган катуу оорудан тажаган же алдыда болуусу күтүлүп жаткан кыйынчылык менен өлүүдөн кутулуу үчүн аргасыздан ушул жолду тандаган адамдар барышат.
Суицид ошондой эле өспүрүмдөр арасында да азыркы жашоодо көп кездешет. Алардын мындай кадамга баруусу - болоор-болбос шылтоолор менен коштолот. Өспүүмдөрдүн дүйнө кабылдоосу өтө назик болгондуктан жана билгенден биле элеги, көргөндөн көрө элеги көп болгондуктан, жаңылыштык кылып өз өмүрлөрүн кыйышат. Ата-энесине же бир туугандарына, классташтарына же мугалимдерине таарынган өспүрүмдөр "мени ушинтип, басынтып, көнүл бурбай, мени баалап барктабай жатышабы, карап турушсун, мен өлгөндөн кийин мага боорлору ооруп, жакшы адам эле дешет, өз кылгандарына өкүнүшөт" деп ойлоп, ушундай жолго барышат. Бирок, өлгөндүн жазасы - көмгөн дегендей, суициддин натыйжасында өспүрүм өзү гана утулат. Адам баласы бул жашоонун кыйынчылыктарынан кутулуу үчүн өз жанын кыйууга баргандан көрө, ошол кыйынчылыктарды жеңип, жашоодо көптөгөн ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылуу жолун тандап алуусу эң туура болот. Себеби, ар бир адамдын башына кыйынчылыктар дайыма келип-кетип турат.
Мусулман адамдар өз жанын кыйуу менен эле бардык кыйынчылыктардын аягына чекит коём деп ойлогону чоң жаңылыштык. Себеби, өзүн өзү өлтүргөң адам тигил дүйнөдө тозокко түшөт. Тозокко салыштырганда бул дүйнөнүн кыйынчылыктары бейиш болуп калат.