ХИМИЯ - табият таануу илимдеринин химиялык элементтерди,
алардан түзүлгѳн жѳнѳкѳй жана татаал заттарды, алардын ѳз ара байланыштарын (химиялык
реакция) изилдѳѳчү тармагы. Ал кѳп тармактуу илим. Заттардын эки негизги
классына байланыштуу органикалык жана органикалык эмес химия болуп бѳлүнѳт. Химиялык
заттарды жана кубулуштарды физикалык методдордун жардамы менен изилдѳѳ физикалык
химиянын негизин түзѳт. Ал бир топ тармактарды - квант химиясы, радиация
химиясы, фотохимия, химиялык термодинамика, химиялык кинетика жана башкаларды бириктирет.
Ошондой эле биохимия, геохимия, космос химиясы, анализ химиясы жана башкалар бар.Химиянын
тарыхы алхимия доорунан башталат. Алхимиктердин кѳз карашы боюнча сыйкырдуу
«философиялык ташты» даярдоодо бардык металлдарды алтынга айландыруу мүмкүн экендиги
айтылат. 17-18-кылымдарда химиянын жаңы теориясы «флогистон» теориясы
сунушталат. Бул теория боюнча күйүүгѳ жѳндѳмдүү бардык заттар күйгѳндѳ же окистенгенде
анын курамындагы «флогистон» учуп кетет. Демек, күйүү жана кычкылдануу
процесстери заттардагы «флогистондун» учуп кетүүсүнѳ байланыштуу деп түшүндүрүшкѳн.
Азыркы химиянын ѳѳрчүй башташы 18-кылымдын ортосуна таандык. Бул мезгилде М. В.
Ломоносов заттардын сакталуу законун ачкан. Кийинчерээк Лавуазье заттарга сан анализ
жүргүзүп, натыйжада «флогистон» теориясын биротоло тѳгүнгѳ чыгарган. Ал заттын
күйүүсү флогистонду бѳлүп чыгаруучу ажыроо реакциясы эмес, абанын курамындагы кычкылтек
менен биригүү реакциясы экенин кѳрсѳткѳн. 1803-ж. Д. Дальтон химияга эквивалент
түшүнүгүн киргизген. 19-кылымда Дальтон атомистика теориясын сунуштаган. Я. Берцелиус
45 элементтин атомдук массасын аныктап жана химиялык элементтердин, алардын бирикмелеринин
классификациясын түзгѳн. 19- кылымдын 60-жылдарында А. М. Бутлеров химиялык түзүлүш
теориясын, Д. И. Менделеев мезгилдик законун ачкан. Анын негизинде химиялык элементтердин
системасын түзгѳн. 19-кылымда химиянын жаңы бѳлүгү - органикалык химия ѳсүп чыккан.
Органикалык химиянын теориялык жана эксперименттик жетишкендиктеринин натыйжасында
түрдүү өнөр жай тармактары, синтездик каучук, пластмасса,
дары-дармек, жуугуч заттар ж. б. даярдоо ѳнүктү. Химия боюнча изилдѳѳлѳр биздин
ѳлкѳдѳ КР УИАнын Химия жана химия технология институтунда жана ЖОЖдун химия
кафедраларында жүргүзүлѳт. Республикада химия илиминин ѳсүшүнѳ И. Дружинин, К. Шатемиров, Ш. Жоробекова,
Б. Иманкулов, К. Сулайманкулов,Ү. Асанов,Б. Мурзубраимов, М. Усубакунов жана башкалардын салымы чоң.