КОМПЬЮТЕР ПРОГРАММАСЫ, программалык жабдуу – компьютерди
берилиштен маалымат иштеп чыгууга багыттоочу көрсөтмөлөр тобу. Бул көрсөтмөлөр программачы тарабынан программалоо
тилинде жазылып, сөз,символ жанa код тобунан турат. Программа тилинин көрсөтмөсүн
компьютер түшүнөт жана тааныйт. Компьютер программасы буйруктардан турат жанa берилишти
иштетип, маалымат түзүү үчүн зарыл болгон аракетти компьютерде аткартат. Программа
эске жүктөлөт жанa анда компьютер аткара турган аракеттер аныкталат. Программа
түзүлгөндөн кийин, ал баскыч топ тактасын жанa орундарды башкаруучу түзүлүштөрдү
пайдалануу менен компьютерге киргизилет. Компьютерде анын тез эсиндеги программаны
гана аткартууга болот, эгерде программа сактагыч түзүлүштө сакталса, анда аны алдын ала эске жүктөп алуу керек.