ЛЕКСИКА (грекче lexikos - сөзгө тиешеси бар) - белгилүү бир тилдеги сөздөрдүн жалпы жыйындысы. Лексика термини ар бир тилде жеке жазуучунун чыгармаларынын сөздүк курамын (мисалы,Ч. Айтматовдун чыгармаларынын лексикасы), түрдүү кесипке байланыштуу болуп, күндөлүк пикир алмашууда кеңири колдонулбаган сөздөрдү (термин ж. б.) тилдин адабий нормасынан тышкаркы создөрдү (мисалы, вульгаризмдерди) камтуу менен туюнтат.