Мамлекет деген эмне

MAMJIEKET (арабча мамлака, мамлакат - өлкө, хандык) - белгилүү бир коомду кучагына алган
саясий уюм; өз алдынча аймактык ээлиги, калкы жана аны башкаруу, коргоо, ошондой эле ага кызмат өтөө үчүн атайын түзүлгөн бийлик аппараты болот. Илимде же эл аралык укукта «мамлекет» түшүнүгүнүн бирдиктүү жана жалпы таанылган аныктамасы жок. Кийинки илимий адабиятта «баш ийүүгө аргасыз кылган атайын бийлик аппараты бар бир тап же жалпы элдин кызыкчылыгы жана эркин көздөгөн коомдук саясий бийликтин өзгөчө уюму» катары түшүндүрүлөт.
В. И. Лениндин аныктамасы боюнча мамлекет - «бир тап экинчи таптын үстүнөн эзип турган машина».
БУУ боюнча мамлекет негизинен башка өлкөлөрдүн аны таанышына (б. а. дипломатиялык элчилик ачуу) жараша аныкталат. Мамлекеттин качан, кай жерде пайда болгону жөнүндө так маалымат жокко эсе, марксисттик көз караш боюнча мамлекеттин баштапкы формасы (эмгек куралынын өнүгүшү) алгачкы коомдо эле пайда болуп, бирок саясий ж. б. бийлик институттарынын жок болушу менен мүнөздөлгөн. Археологиялык казууларга караганда эң байыркы мамлекеттер адегенде Чыгыш (азыркы Кытай, Индия), Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгышта (азыркы Ирак, Палестина ж. б.) пайда болгон. Бирок алардын байыртадан берки туруктуулугу сакталган жок; чек аралар дайым өзгөрүп (кеңейип-кыскарып), кээ бир мамлекеттер кыска гана убакыт өмүр сүргөн. Байыркы хунндардын империясынын ордуна Усун мамлекети, Түрк кагандыгы, Моңгол империясы , Жуңгар хандыгы, Кокон хандыгы, СССР ж. б. түзүлүп, кайра жоюлуп турган. Мамлекеттин башкы функциясы өз элинин жашоосун камсыздоо (өнүктүрүү) болгондуктан, ал коомдук-чарбалык иштерди аткаруу жана аймагын коргоону өз мойнуна алат. Азыркы учурдагы мамлекеттин негизги белгилерине (аймак жана элинен тышкары) конституция, аскердик доктрина, башкаруу аппараты (президент, өкмөт, парламент, сот), коомдук-экономикалык (акча системасы, салык жыйноо) ишмердүүлүк, мамлекеттик тил, мамлекеттик символдор ж. б. кирет. Башкаруу формасы боюнча монархиялык (абсолюттук, чектелген, конституциялык, парламенттик ж. б.); республикалык (президенттик, парламенттик, аралаш); монархиялык республикалык же республикалык монархия ж. б., ал эми мамлекеттин түзүлүшү жагынан унитардык (лат. unitas - бөлүнбөс, бүтүн; фр. unitarism ); федерациялык (соңку лат. foederatio - биримдик, уюм; фр. federation); конфедерациялык (лат. confoederatio - союз, биримдик) болуп бөлүнөт. Булар да өз учурунда майдаланат, б. а. унитардык мамлекет - борборлошкон, борборлошкон эмес, татаал, жөнөкөй, улуттук; федерациялык - аймактык, улуттук, улуттук-аймактык, борборлошкон ж. б.; конфедерациялык - демократиялык (социал-демократтык, либерал демократтык., парламенттик), демократтык эмес (аристократтык, олигархиялык, авторитардык, деспоттук, тоталитардык, тирандык) болуп айырмаланат. Ошондой эле коомдук турмушта мамлекеттин аткара турган ички (укуктук, саясий, уюштуруу, экономикалык, социалдык, маданий, агартуу) жана тышкы (улуттук коопсуздукту камсыздоо, пайдалуу эл аралык мамилени жалгаштыруу ж. б.) функциялары болот.
2007-жылы дүйнөдөгү 193 өлкө мамлекет катары эсептелип, Ватикандан башка 192си  БУУнун мүчөсү. Ошондой эле башка өлкөлөр тигил же бул себептер менен тааныбаган өз алдынча ондогон мамлекеттер бар.

Ад.: Лени н В. И. Полн. собр. соч., 5-е изд., Т. 39.М., 1958-65; Геллнер Э. Нации и национализм. М. 1991;
Общая теория права и государства: Учебник. Под ред. Лазарева В. В. М., 1994;
Claessen Н. J. М. State //Encyclopedia of Cultural Anthropology. Vol. IV. New York. 1996;
Гринин Л. E. Государство и исторический процесс. М., 2007.