МААЛЫМАТ, информация
(лат. information - түшүндүрүү, кабардар кылуу, билдирүү) - оозеки же жазуу жүзүндө,
же башка ыкма (шарттуу
белгилердин, техникалык каражаттардын жардамы менен) менен берилүүчү алгачкы кабар;
адам менен адамдын, адам менен автоматтын, автомат менен автоматтын ортосундагы
маалыматтарды камтыган жалпы илимий түшүнүк; айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү
сигнал алмашуу; клеткадан клеткага, организмден организмге белгилердин
берилиши; кибернетиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. 20-кылымдын ортосунан баштап
«Маалымат» түшүнүгү кибернетика, информатика, информация теориясынын өнүгүшүнө жана
компьютер техникасынын жайылтылышына байланыштуу баштапкы жалпы илимий категориялардын
бири болуп калды. Ал маалымат булагынын, маалымат алуучунун жана маалымат берүүчү
чөйрөнүн (байланыш каналы) болуусун шарттайт. Маалымат алуу үчүн кабыл алынган сигналды
каттоо жетишсиз, анын маанисин чечмелөө керек, ошондуктан бир эле билдирүү ар
кандай кабар алуучулар үчүн ар түрдүү маалыматты камтышы мүмкүн. 1940-ж. Н. Винер
жана америкалык математик жана инженер К. Шеннон иштеп чыккан маалымат теориясында
маалымат сигнал деген түшүнүктү берет. Маалымат - берилмени компьютердик иштетүүдө
кандайдыр бир маанини билдирүүчү символдоштурулган белгилердин (тамга, цифра, кодго
айландырылган графикалык образдар менен үндөр ж. б.) компьютер түшүнгөндөй көрсөтүлгөн
ырааттуулугу катары каралат. Мындай удаалаштыкта ар бир символ билдирүүнүн маалыматтык көлөмүн чоңойтот. Маалымат ар кандай
формада: текст, сүрөт, чийме, фотосүрөт, жарык сигналы же үн сигналы түрүндө болот.
Маалымат кандайдыр бир маалымат «булагынан» аны кабыл алгычка, алардын ортосундагы
байланыш каналы аркылуу билдирүү түрүндө берилет. «Булак» берилүүчү билдирүүнү
кодго айландырып, сигнал түрүндө жөнөтөт. Натыйжада кабыл алгычта алынуучу сигнал
пайда болот жана ал кайра коддолот да, алынуучу билдирүү болуп калат. Мисалы, аба
ырайы тууралуу маалыматты камтыган билдирүү «булагынан» (метеоролог-адистен) байланыш
каналы - телевизордун берүүчү түзүлүшү жана телевизор аркылуу кабыл алгычка (телекөрүүчүгө)
берилет. Адам коомунда маалыматтын топтолушу улам ылдамдап бара жатат. 20-кылымда
мындай маалымат технологиясынын адам турмушунун бардык жактарынан орун алышын жана
маалыматтык коомдун келип чыгышын шарттады.
Адабият: Бриллюэн Л.
Наука и теория информации.
М., 1960; Черри К.
Человек и информация. М., 1972.
Ж. Асанкожоева