Тыбыш закондору

ТЫБЫШ ЗАКОНДОРУ - 1) тилдин өнүгүү жолунда тыбыштык курамда болчу өзгөрүштөр. Алар шартталбаган (спонтандык) жана комбинатордук өзгөрүштөр деп бөлүнөт. Шартталбаганы - тилдин закондоруна ылайык келбеген, эмне себептен болгону так билинбеген өзгөрүш. Мисалы, «бала» деген сөзгө -лар мүчөсү жалганганда, уңгунун аягындагы үндүү тыбыштын түшүп калышы. К о м б и н а т о р д у г у - белгилүү бир фонетикалык шарттардын таасири пайда кылган өзгөрүш. Мисалы, «туз» деген сөзгө -сыз мүчөсү жалганганда мүчөнүн башкы үнсүз тыбышынын таасири менен уңгу аягындагы үнсүздүн өзгөрүүгө учурап, «туссуз» болуп айтылышы. Фонологиянын өнүгүшү тыбыш закондору менен фонемалык окуу өңүтүнөн караган тарыхый же диахрониялык фонологиянын жаралышына өбөлгө түздү; 2) бир тилдеги тыбыштардын өзгөрүү эрежелеринин жыйындысы, мисалы, кыргыз тили үчүн сингармонизм , үнсүздөрдүн алга жана артка ээрчишүүсү жана башка касиеттер мүнөздүү.