ТЫБЫШТАРДЫН AJIMАШУУСУ - айрым тыбыштардын
морфемада жана эки сөз арасында позициялык (комбинатордук) же шартталбаган
себептерге (спонтандык, салттуу) ылайык алмашып, өзгөрүп турушу. Тыбыштардын
комбинатордук (фонет.) өзгөрүүсү тыбыштардын бири-бирине таасир этишинен
(сингармонизм, ассимиляция) улам болот. Кыргыз тилинде мисалы, чач - чаштуу, күч
- күштүү, ак үй - агүй ж. б.; орус тилинде друг - друзья - дружеский, сухо - суше
ж. б. Спонтандык алмашуулар өз алдынча тарыхый ички себептерге жана тил тарыхына
байланыштуу. Алар кыргыз тилинде уңгу сөздүн башында (мис., сорпо - шорпо, чама
- шама ж. б.), ортосунда (мис., мүрзө - мүрдө ж. б.), аягында (мис., даке - даки
ж. б.) кезигип, көбүнчө диалектилик айырманы түзөт. Бирок тыбыштардын алмашуусу
кыргыз тилинде сөздүн маанисин өзгөртпөйт.