ТАГДЫР - мифологияда, иррационалдык философиялык
системада адамдын кылган иши жана окуясы анын аң-сезиминен тышкары, күн
мурунтан дайын экендигине болгон ишеним. Антикалык коомдо белгисиз адилдик
катары, баардыгын күн мурдатан белгилеп коючу күч катары түшүндүргөн. Айрымдар тагдырды
көбүнчө астрология менен байланыштырган. Адам акыл эси менен гана таанылышы, натыйжа
себеп менен шартталышында. Бардык диндер тагдырды кудайдын алдын ала белгилеген
амири катары карайт. Ислам дининде: ааламда боло турган окуялар, жаралыштар, кубулуштар,
өзгөрүштөр, адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки баштан өткөрө тургандары Алла Таала тарабынан Jloyx махфуз
аттуу китепке жазылып коюлган, ошондуктан адамдар тагдырына (бешенеге) эмне жазылса,
ошону көрөт, адам тагдырдын алдында алсыз, аны өзгөртүүгө кудурети келбейт,- деп
айтылат.