Проза деген эмне

ПРОЗА (лат. prosa - тике, эркин сөз дегенден) - 1) кең мааниде, ырдан айырмаланган, кара сөз менен баяндалган, илимий-популярдуу көркөм чыгармалардын жалпы аты; 2) тар мааниде көркөм сөз өнөрүнүн поэзиядан айырмаланган тиби. Прозалык көркөм кеп (речь) абзацтарга, мезгилдерге (периоддорго), сүйлөмдөргө бөлүнөт. Бул касиеттер кадыресе оозеки кепке да тиешелүү. Байыркы заманда жана орто кылымдарда проза деп кара сөз  менен жазылган, көркөм адабияттка тиешеси жок чыгармалар айтылган. Ал эми нукура көркөм проза Кайра жаралуу доорунда пайда болуп, сөз өнөрүнүн закондуу формасы катары калыптанган. Анын уюткусу ошол доордогу италян новелласы,М. Сервантестин,Д. Дефонун,А. Превонун прозалык чыгармалары болгон. Кыргыз элинде проза оозеки адабияттын алкагында өнүгүп келген. Ал жомок, уламыш, санжыра деп айтылып, көбүнчө ыргактуу уюшулган (к. Жорго сөз).Демек, ыргак прозада да учурайт; автор ага кайрылуу менен чыгармада баяндалган окуянын, көрүнүштүн эмоциясын арттырат. Көркөм прозанын табиятын изилдөө 19-кылымда башталып, 20-кылымда кеңири кулач жайган. Натыйжада прозаны поэтикалык кептен (речтен) айырмалоочу айрым белгилер аныкталды. Прозалык кеп поэтикалык кепке караганда сүрөттөмө касиетке көбүрөөк ээ. Ошон үчүн ал көз алдыга эң оболу сюжеттүү көрүнүш тартат; көп маанилүүлүккө эмес, туюнтулуучу ойдун жекелештирилип, конкреттүү болушуна умтулат. Эгер поэзияга көбүнчө монологдук кеп мүнөздүү болсо, прозага андан башка диалогдук ж. б. кептер мүнөздүү. Прозага да, поэзияга да кошулбаган, стилдик, тематикалык, композициялык жагынан лирикалык поэзияга жакын прозадагы ыр (мисалы, Ш. Бодлердин, И. С. Тургеневдин айрым чыгармалары) жана ырга өлчөмдүк белгилери жагынан окшош эркин ыр, ыргактуу проза деген да формалар бар. Кыргыз элдик оозеки адабиятында прозалык чыгармалардын үлгүлөрү (элдик жөө жомоктор, санжыралар, уламыштар, легендалар) поэзияга Караганда анчалык өнүкпөгөн болсо да жашап келген. Жазма адабияттын пайда болушу менен кыргыз прозасы өстү, өнүктү, орус жана чет элдер, боордош улуттардын адабияттарынын таасири астында прозанын жаңы көрүнүштөрү пайда болду, мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Ч. Айтматовдун прозасы дүйнөлүк атакка ээ болду.