ФАЙЛ (англисче file) информатикада - сакталган берилиштердин комплекси. Маалымат, документ же толук программаны камтыйт жана ага атайын атама (тема) берилет. Ал эреже боюнча магнит дискте, магнит тасмасында, флешкада жана маалымат алып жүргүчтөрдө сакталат. Файлда тандоо жүгүртүү менен оңой эле сакталган маалыматтан каалаган берилишти (пунктту) тез эле алууга болот.