ПЕДАГОГИКА (гр. paidagogike') - окутуу, билим берүү
жана тарбиялоо жөнүндөгү илим; таалим-тарбиянын маанисин, максатын, милдеттерин,
мыйзам ченемдүүлүгүн, коомдук турмуштагы ордун жана окутуунун мазмунун, формаларын
жана методдорун үйрѳтѳт. Педагогика тарбия теориясын, дидактиканы, мектеп таанууну
ѳз ичине камтыйт. Педагогиканын негизги категориялары: инсанды калыптандыруу, тарбиялоо,
билим берүү, окутуу. Педагогика шарттуу түрдѳ мектепке чейинки, мектеп жана
жогорку окуу жай педагогикасы болуп бѳлүнѳт. Педагогикага дефектология,
сурдопедагогика, тифлопедагогика, олигофренопедагогика, логопедия да кирет. Тарбиянын
максаты, милдети, мазмуну, каражаттары жөнүндөгү ой-пикирлер Демокрит, Платон, Аристотель ж. б. байыркы грек философторунун
эмгектеринде айтылган. Бирок ал ой-пикирлер ѳз алдынча педагогикалык теорияларды
түзгѳн эмес. Орто кылымда Европа элдеринин педагогикалык кѳз
караштарына христиан дини чоң таасир тийгизген. Кайра жаралуу доорунун гуманисттеринин
(Т. Мор, Т. Кампанелла ж. б.) эмгектеринде адам баласын дене бой жана рухий жактан
шайкеш ѳстүрүү, диний таалим бербѳѳ идеялары коюлган. Адамды тарбиялоонун
бирдиктүү теориясы катары педагогиканын тарыхы Европадагы биринчи буржуазиялык революция доорунан башталып, чех
ойчулу Я. А. Коменскийдин ысмы менен байланышат. Ал окутуунун класстык сабак
системасына негиз салган. 18-кылымда тарбия берүүнүн айрым теориялык маселелери француз
ойчулдары К. А. Гельвеций, Д. Дидро, Ж . Ж . Руссо жана башкалардын эмгектеринде иштелип
чыккан. 19-кылымдын 1-жарымында Швейцариялык педагог-демократ И.
Г. Песталоцци тарбия жана окутуу теориясын психология илиминин негизинде иштеп чыккан.
Россияда педагогиканын илим катары калыптанышына К. Д. Ушинскийдин эмгектери негиз болгон. 19-кылымдын ортосунда К. Маркс менен Ф. Энгельстин диалектикалык жана тарыхый материализм жөнүндөгү
эмгектери жазылгандан кийин ар тараптан ѳнүккѳн адамды тарбиялоонун жалпы маселелери
каралган коммунисттик тарбиянын теориясы иштелип чыккан. Анын негизги жоболорун
(марксчыл окуунун) В. И. Ленин ѳнүктүргѳн. Педагогикалык илимге Н. К. Крупская,
А. В. Луначарский , А. С. Макаренко, В. А. Сухомлинский ж. б. чоң салым кошкон.
Заманбап педагогикада билим берүү проблемалары философиялык, социалдык- психологиялык жана психика-физиологиялык изилдѳѳлѳрдүн негизинде
чечилет.