ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИС - өлкөнүн экономикалык абалынын
кескин начарлашы; анда өндүрүштүн темпи солгундап, калыптанган өндүрүш байланыштары
бузулуп, ишканалар банкротко учурайт, жумушсуздук көбөйүп, натыйжада калктын жашоо
деңгээли төмөндөйт. Экономикалык кризистин пайда болуу шарттары: 1) товар
ашыкча өндүрүлүп, сатылбай калган продукциянын көбөйүшү; 2) өндүрүш токтоп,
жумушсуздуктун көбөйүшү; 3) акча капиталы ашыкча топтолуп, өндүрүшкө сарпталбаган
акчанын көбөйүшү. Жыйынтыгында өндүрүштүн чыгымдары көбөйүп, накта кирешенин азайышы,
баайын, айлык акынын төмөндөшү элдин жашоо деңгээлинин начарлашына алып келет. Экономикалык
кризистин түрлөрү: тармактык, стуруктуралык (өз ара байланыштуу бир нече тармакты
камтыйт), улуттук, аймактык (региондун бир нече өлкөсүн камтыйт) жана дүйнөлүк
ж. б. Ѳткөн кылымдын 1929-33-жылдары дүйнөлүк кономикалык кризис эң узакка созулуп,
өтө оор өткөн. 2008-жылдагы дүйнөлүк валюта (АКШ долларынын) кризиси да көп өлкөнүн
экономикасын алсыратты.