Экономикалык анализ деген эмне


ЭКОНОМИКАЛЫК АНАЛИЗ -1) башкаруу системасынын негизги фунцияларынын бири, процесстер менен кубулуштарды илимий изилдөө методу; анын негизинде системанын курамдык бөлүгүн жана элементтерин окуп үйрөнүү маселеси турат. Экономикалык анализ экономиканын жана социалдык процесстердин маңызын, закон ченемдүүлүктөрүн, тенденцияларын жана баардык деңгээлдеги чарба жүргүзүү (өлкөдө, региондо, ишканада, жеке бизнесте жана үй-бүлөдө) ишмердүүлүгүн ачуу максатында колдонулат. Анализ экон. объектерди жана андагы процесстерди так прогноздоо жана пландоо үчүн кызмат кылат. Экономикалык анализ башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык саясатка таянган илимий көз караштагы чечимдери иш жүзүндө мыкты варианттарды тандоого түрткү берет. Ретроспекдик анализ өткөндө калыптанган тенденцияларды үйрөнүүгө багытталган. Периспекдик анализ келечекти үйрөнүүгө багытталган; 2) экономикалык ишмердиктеги тийиштүү факторлордон экономикалык закон ченемдүүлүктөрдү табуу; болуп жаткан экономикалык процесстерди себептерине жана таасир берчү факторлоруна жараша изилдөө; экономикалык процесстер менен кубулуштарды составдык бөлүктөргө жана элементтерге бөлүү.