КЛЕТКА - бардык тирүү организмдердин тузүлүш жана тиричилик аракетинин негизи; өз алдынча жашоо, көбөйүү жана өөрчүүгө жөндөмдүү эң жөнөкөй тирүү система. Клетка өз алдынча организм түрүндө (бактерииялар, жөнөкөйлөр, кээ бир балырлар жана козу карындар) же көп клеткалуу өсүмдүк жана жаныбар тканынын курамында болот. Вирустар клеткалык организм эмес. Клетаканын өлчөмү 0,1-0,25 мкмден (бактерия) 155 ммге чейин (төө куштун жумурткасы) болот. Клетка сыртынан плазма мембранасы менен капталган протоплазмадан - ядро жана цитоплазмадан турат. Бардык клеткалардын гендик аппараты бар. Ал эукариоттук клеткаларда ядродо жайгашкан. Прокариоттун ядросу жок, генетикалык материалы цитплазмада эркин жайгашкан. Клетка бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Жыныс клеткасы мейоздук бөлүнүүдө пайда болот. Эукариоттук клетканын цитоплазмасында ар бири белгилүү функция аткарган органоиддери бар: рибосомалар, митохондриялар, эндоплазма торчосу, Гольжи аппараты, лизосомалар, клетканын мембранасы. Булардан башка клетканын формасын, ички скелетин түзүүчү структуралар микротүтүкчөлөр, микрофибриллдер жана кошундулар болот. Клетканын органоиддеринин мембраналуу болушу эң кичине көлөмдүү клеткада бир эле мезгилде бир нече процесстердин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Эукариоттук клеткалар менен прокариоттордун ортосунда айырмачылык менен катар окшош жактары да бар: экөөндө тең бирдей функция аткаруучу плазма мембранасы, клетка кабыкчасы, белок синтездөөчү органоид - рибосома, ген. материал - ДНК, зат алмашууга катышуучу фермент аппараттары жана башкалар бар. Бул окшоштуктар алардын клеткалык түзүлүштөгү организмдер экенин далилдейт. Эукариот клеткалар түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөрү боюнча жаныбар жана өсүмдүк клеткаларына бөлүнөт. Өсүмдүк клеткасынын плазма мембранасынын үстүндө катуу клетка кабыкчасы бар. Адистештирилген өсүмдүк клеткасында бир нече же борбордук бир вакуолу болот. Вакуолдо туз, орг. клеткалар, углеводдор, алкалоиддер жана башкалардын эритмеси болуп, өсүмдүктүн суу алмашуусунда ролу чоң. Бир эле организмдин орган жана ткандарынын клеткалары аткарган кызматына байланыштуу өзгөчө түзүлүштө болуп, ошолорго гана мүнөздүү органоиддери болот. Мисалы, булчуң клеткаларынын миофибриллдери, нерв клеткаларынын нейрофибриллдери, жашыл жалбырактын клеткаларынын хлоропласттары жана башкалар. Ядросу жок клеткалар да кездешет (эритроциттер, тромбоциттер). Клеткалардын тузүлүшү, формасы ар түрдүү. Өзгөрүлмө (амёба, лейкоциттер) жана туруктуу формадагы клеткалар кездешет. Инфузория, эритроцит жана нерв клеткалары өзүнө гана мүнөздүү туруктуу формада болот. Алардын формасы беттик тартылышка, жанаша жаткан клеткалардын таасирине, жайгашкан чөйрөсүнө байланыштуу. Өсүмдүк жана жаныбар ткандарынын клеткалары бири бирине жасаган кысымдардын таасиринен көп кырлуу.
Клеткалар жөнүңдөгү илим - цитология деп аталат.