КОРРУПЦИЯ (латынча corruptio - сатып алуу, сатылуу) - кызматтык кылмыштардын тобуна тиешелүү белгилердин бири. Коррупция материалдык абалдын артыкчылыгы, ар кандай кызмат даражасы, бийликке ээ болуудан улам келип чыгып, анын кылмыш белгилери жана коомго коркунучтуулугу айрым бир же бир нече адамдар (топ) туруктуу катышканына жараша аныкталат. Коррупция жеке кылмыш эмес, административдик тартип бузуу сыяктуу укук бузуулар жана кимдир бирөөнүн кызмат абалынан пайдаланышы менен мүңөздөлөт. Ошондуктан коррупция башка статьялар боюнча такталып, ар бир кылмыш иши боюнча каралат (мисалы, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу, пара алуу жана башкалар).