Стиль деген эмне

СТИЛЬ (гр. stylos - таяк, таякча) - 1) көркөм адабиятта чыгарманын, жазуучунун, багыттын, улуттук адабияттын көркөм тилинин («искусствонун тили» маанисинде) өзгөчөлүгү; авторду башкалардан айырмалап турган өз алдынчалык (мисалы, «Тоо арасында романынын стили», «А. Осмоновдун стили», «Ч. Айтматовдун стили», «романтизм стили, «кыргыз адабиятынын стили»). Стиль түшүнүгү жазуучунун дүйнөгө болгон көз карашы, анын тилинин, турмушту чагылдыра билүү ыкмасынын ар түрдүүлүгү менен байланыштуу. Өзүнүн стили жок жазуучу адабий чөйрөдө көпкө жашай албайт, жазуучу үчүн эң негизги нерсе - өз стилин табуу. Эгерде көркөм метод бүтүндөй бир мезгилдеги жазуучулардын чоң тобу үчүн таяна турган принциптерди белгилеп, жалпылаштырып берсе, стиль ошол методдогу толуп жаткан жазуучулардын өзгөчөлүктөрүн жекелештирип берет. Ошондуктан айрым адабиятчылар стилди адабий методдун конкреттүү көрүнүшү деп эсептешет; 2) искусстводо идеялык мазмундун биримдиги менен шартталган образдык система, көркөм каражат жана чыгармачыл ыкмалардын жалпылыгы. Өзүнчө чыгарманын же жанрдын стили (мисалы, 19-кылымдагы орус романдарынын стили), айрым авторлордун жекече стили (чыгармачылык манерасы), ошондой эле бүтүндөй доордун же ири көркөм багыттардын стили жөнүндө сөз кылууга болот, себеби коомдук-тарыхый мазмундун биримдиги алардын көркөм-образдык принциптеринин, каражаттары менен ыкмаларынын туруктуу биримдигин шарттайт (мисалы, пластикалык ж. б. искусстводогу романдык стиль, готика, кайра жаралуу, барокко, рококо, классицизм ); 3)тил илиминде - тилдин социалдык шартта (мисалы, үй-бүлөдө, мектепте ж . б.) колдонулуп, ошол эле тилдин бөлөк көрүнүштөрдөн мисалы, лингвистикада лексикалык, грамматикалык, фонетикалык белгилери менен айырмаланышы. Стиль «тил» деген түшүнүктүн өзүнө, ошондой эле тилдик нормага жараша аныкталат. Стиль белгилерине жараша классификацияланат. Тилде үч стиль бар: сүйлөшүү (жалпы элдик) стили, китептик стиль (мисалы, илимий гезит-журналдарда), жөнөкөй стиль (мисалы, эркин сүйлөшүүдө), мындай түрлөрүнүн болушуна жараша бир эле предмет ар кайсы стилде ар башка сыпатталышы мүмкүн (мисалы, асман-көк-обо). Стиль тил системасы тил каражаттарын тандоого мүмкүндүк берген жерде гана болушу мүмкүн жанa ушуга байланыштуу стиль тарыхый түшүнүк катары каралат. Жогорудагы үч стилдин үч башка тарыхый булагы бар. Китеп стили, адабий жазма тилдин, сүйлөшүү (бейтарап) стили, жалпы элдик тилдин, жөнөкөй тил стили шаар калкынын жөнөкөй тилинин жаралышы менен кошо пайда болгон. Стиль жанa анын түрлөрү стилистика тармагында изилденет; 4) бирөөнүн сүйлөө речиндеги же жазуусундагы жекече айырмачылыктар; 5) атайын бир максатта тил каражаттарын тандоодон келип чыккан тил системасынын, анын ичинде жасалма тилдин 2-даражасы.