СИНТАКСИС (грекче syntaxis - түзүлүү, тартип) - 1) сөздөрдүн
сөз айкаштарына, сүйлөмдөргө, сүйлөмдөрдүн татаал сүйлөмдөргө биригүү ыгы; сөз айкаштары
менен сүйлөмдөрдүн түрлөрү жана маанилери; 2) грамматиканын бир бөлүмү;
сүйлөмдүн курулушун жана жалпы касиеттерин изилдейт. Негиз салуучусу катары
грек грамматиги А. Дискол эсептелет. Синтаксиске лингвистикалык ойдун өнүгүшүнүн ар кайсы
этабында ар башка маани берилип, ар башка милдет жүктөлүп келген. Лингвистикалык салтта синтаксис деп сүйлөм жана анын бөлүктөрү жөнүндөгү
окуу гана аталган. Ал эми сүйлөмдү талдоо иши логиканын объектисине кирген, башкача
айтканда ал кездерде синтаксис
сүйлөмдө туюнтулган ойду изилдеген. 19-кылымдын 2-жарымында тилдердин улуттук
өзгөчөлүктөрүнө көңүл бөлүнө баштап, ал өзгөчөлүктөрдү
көбүнчө морфологиядан издегенге байланыштуу синтаксис сүйлөмдө сөз топторунун же сөз түркүмдөрүнүн аткарган милдети
жөнүндөгү окуу деп эсептелген. Бирок бул окуу деле сөз түркүмдөрүнүн эле синтаксис болуп, анда сүйлөм өзүнчө бирдик
катары каралган эмес. Кийин синтаксисти
сөз жөнүндөгү эмес, сөз айкаштары жөнүндөгү жана ал айкаштарды формасы менен мазмуну
жагынан сыпаттап жазчу окуу катары караган. И. Рис баштаган бул багытты В. Матезиус
улантып, синтаксисти
номинациялык бирдиктердин комбинациялануу каражаттары жана ыктары жөнүндөгү
окуу деп аныктаган. Синтаксис жөнүндөгү
окуунун бул багытта өрчүтүлүп отурушу, анын предмети өз алдынча эки тармактан
турарын аныктаган: сөздөрдүн айкашуу (байланышуу)
мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү окуу - синтагматикалык синтаксис жана сүйлөм жөнүндөгү окуу - сүйлөм
синтаксиси. Синтагматикалык
синтаксисте сөздөрдүн,
сөз түрмөктөрүнүн синтаксистик
байланышы изилденет. Сүйлөм синтаксисинде
сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн - ээ менен баяндоочтун - айкалышуу жолдору
(предикативдик байланыштын типтери), ошондой эле сүйлөмдүн жалпы касиеттери (модалдуулугу, синтаксистик убакыт, коммуникациянын максаты
ж. б.) каралат. Синтаксистин
бул бөлүгүнө сүйлөм мүчөлөрү жөнүндөгү окуу да кирет.