Реферат деген эмне

РЕФЕРАТ (латынча referat - билдирүү) - чыгарманын же илимий эмгектин мазмунун жазуу түрүндөгү кыскача баяндоо, билдирүү; белгилүү бир тема боюнча даярдалган доклад. Реферат көбүнчө жазуу түрүндө даярдалат жана илимий маалыматтык мүнөзгө ээ. Рефератта тиешелүү илимий теорияларга, илимий жыйынтыктарга карата анализ жана сын камтылат. Илимий доклад деп аталган мындай рефераттар илимий-изилдөө мекемелеринде жана ЖОЖдордо, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерде, атайын окуу жайларында кеңири колдонулат.