МИФ (гр. mythos -
уламыш, баян) - адам коомунун көбүнчө эрте баскычында жаралган элдик оозеки чыгармачыллыктын фантазиялуу туундулары. Аларда
байыркы заманда жашаган адамдардын турмуш-тиричилик, айлана-чөйрө жөнүндөгү баёо түшүнүктөрү, өздөрүнө түшүнүксүз
көрүнүштөрдүн сырын ачууга кылган саамалык аракети чагылдырылат. Миф чыгармачылыгында фетишизм, анимизм,
тотемизм, магия сыяктуу абалкы диний түшүнүктөрдүн мааниси чоң. Мифтер ар кандай темада чыгарылган.
Алардын кээ биринде Ааламдын, кишинин, айбанаттын, өсүмдүктүн, стихиялуу табият
көрүнүштөрүнүн сырын ачууга аракет жасалат. Мисалы, байыркы славяндардын чагылган жана
добул кудайы Перун, индилердин от кудайы Агни, дүйнөлүк топон суу жөнүндөгү библиялык
мифтер ж. б. Кээ бири адам баласынын
чарбалык ишине, ойлоп тапкычтык жөндөмүнө, ачылыштар жасаганына байланыштуу
чыккан: байыркы гректердин түшүм кудайы Дионис, чебер курулушчу жана художник
Дедал, египеттиктердин жазма-чиймени ойлоп тапкан Тото жөнүндөгү мифтери ж. б. Тапчыл коомдун пайда болушу
менен жаңы мифтер
жаралган жана эскилери үстөмдүк кылчу таптын мүдөөсүн көздөөгө ылайыкташтырылган
(мисалы,
Христос жөнүндөгү миф).
Жогоркудай мифтердин
кыйласы кыргыз фольклорунда да бар. Кыргыз мифтерин негизинен үч чоң топко бөлүп
караса болот. Биринчи топко дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү жана анын ар кандай кубулуштары
тууралуу мифтер;
экинчи топко жалпы эле жан-жаныбардын пайда болушу туурасындагы мифтер; Ү ч ү нч ү топко жандуу-жансыз
дүйнөнүн колдоочулары (ээлери) жөнүндөгү мифтер. Биринчиге Үч Аркар, Жетиген жылдыздарынын
пайда болушу жөнүндөгү «Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу», «Жети каракчы», «Ак сары
ат, көк сары ат», «Тоодой
мерген менен Үч Аркар» сыяктуу мифтер
мисал. Ал мифтердин
мазмуну асманга Жерден адам, жан-жаныбарлардын качып барып, жылдызга айланып
кеткендиктери жөнүндө.
Экинчи топко аюу, түлкү ж. б. айбанаттар жөнүндөгү мифтер кирет. Мисалы, аюу жөнүндөгү мифте аюу башында күчтүү адам болсо
да аюуга, түлкү сулуу, бирок ашкере куу, кербез аял болгон үчүн түлкүгө айланып
кеткен деп түшүндүрүлөт. Бул топко, ошондой эле «Күкүк менен Зейнеп» жөнүндөгү уламыш да мисал боло алат. Үчүнчү топтогу мифтер боюнча тоо-таш, токой, ар кандай айбанаттын,
малдын, кесиптин ар биринин өз-өзүнчө ээси бар. Мисалы., койдун ээси – Чолпон ата, уйдуку - Заңги баба, жылкыныкы
- Камбар ата, төөнүкү - Ойсул ата, эчкиники - Чычаң ата; кесиптерден: устаныкы -
Дөөтү, дыйкандыкы - Баба дыйкан ж. б. мифтер өз алдынча да, фольклордук башка
чыгармаларга аралаш айтыла берет.
Ад.: Мифы народов мира.
Энциклопедия. 2-е изд.М., 1987-1988. Т. 1-2;
Голан А. Миф и символ. М., 1994;
Мелетинский Е.
М.Поэтика мифа. 4-е изд. М., 2006;
Элиаде М. Аспекты мифа.
4-е изд. М., 2010.