Токтогул Сатылганов

ТОКТОГУЛ Сатылганов [25. 10. 1864, Наманган у., Суусамыр болушу, Саз-Жийде деген жер (азыркы Жалал-Абад обл., Токтогул району, Кетмен-Төбө айылы) - 17. 2. 1933, ошол эле жер] - төкмө акын, ойчул, ырчылар поэзиясынын классиги, элдик композитор-комузчу. Атасы Сатылган жамактатып ырдай койгон, куйкум сөздүү, куудул киши болгон; энеси Бурма да элдик ырларды жатка билген, кошокчулугу менен Суусамыр болушуна аты чыккан аял экен. Ата-энесинин ошол өнөрү Токтогулдун ырчылык шыгынын эрте ойгонушуна өбөлгө түзгөн. Ырчылыгы 13 жашында эле билине баштаган. Бала чагындагы «Жокчулуктун айынан», «Жүргөнүм кабак жер болду» деген ырларында кедейликтин айынан Казанбактай сараң байдын коюн кайтарып жүргөнүнө өкүнгөнүн, теңсиздикти жек көргөнүн билдирет. Токтогулдун чыгармачылык диапозону кеңири, ырларынын тематикасы ар түрдүү. Акындын революцияга чейинки чыгармачылыгы сүйүү, санат-насыят, өмүр, өлүм темасындагы ырларды, айтыштарды камтыйт, ошондой эле дастандарды жана башка элдик оозеки чыгармаларды да аткарган. Булар негизинен төрт мезгилге бөлүп каралат: 1. Сүйүү темасындагы ырлары «Алымкан», «Насылкан», «Сүйүмкан», «Күлүйпа» , «Күлжан ашык кыз». Акындын сүйүү ырлары ички сезимди козгогон лирикалуулугу, мазмунунун тереңдиги, музыкалуулугу менен баалуу. Мисалы, «Эмне кызык?» , «Гүлдөп ал», «Санат», «Насыят», «Терме» сыяктуу нускалуу ырлары; 2. Социалдык темадагы ырлары. Элдик эзүүнүн натыйжасында жакыр турмушка туш болгонун, бай-манаптардын зордукчулугун, социалдык теңсиздикти ашкерелеп, карапайым калктын теңчилик заман эңсеген үмүт-тилегин туюнткан «Беш каман», «Чакырбай сүткор», «Дыйканбайдын ашындагы ыр», «Эшен-калпа», «Үйчүлүк эшен», «Муратбек» жана башка. Акын адам өмүрү, турмуш-тиричилиги жөнүндөгү ойлорун ортого салып, жашоонун, жыргалчылыктын, бакты-таалайдын негизи катары эмгекти даңазалаган; «Эгин айдап, чөбүң чап, эмгегиңден пайда тап. Азамат болсоң ак иштеп, аздыр-көптүр малың бак!» - деп, элди эмгекке үндөгөн. Анын чыгармалары социалдык- коомдук мамилелерди ар тараптан кенен камтып, эл достугун, ынтымакты жана адамгерчиликти идеалаштырууга багытталган. Токтогул эл тарабында болуп, алардын таламын талашып, эзүүчүлөр эмгекчилердин душманы экенин баса көрсөтүп, аларды ашкерелеп ырдаган. Ушундан улам жергиликтүү төбөлдөр улуу акындан жана башка өзүнө жакпаган адамдардан кутулуу максатында «Анжиянга басып киргени жатышат» деп, жүз кишинин аты-жөнүн, турган жерин көрсөтүп, Наманган гарнизонуна шашылыш кабар берген соң, алтымышка жакын куралдуу солдат келип, 1898-жылы 11-июнга караган түнү акынды, дагы бир топ кишини кармаган. Туткунга алынган акын ошондо элге «Кош апаке!», «Кош элим!» деген ырлар менен кайрылып, элдин катуу эзүүдө калганын, «сөз айтуудан корунуп» турушканын, өзү ак жеринен кармалганын, адилеттин жоктугун тартынбай айткан, бай-манаптарды жек көргөнүн билдирген; 3. Туткун ырлары. Чыгармачылыгынын экинчи мезгили ушундай ырлар менен баш талат. Аны камап койгондон кийин да төрөлөрдү айыптаган ырларды чыгарган. Бирок анын зарын эч ким уккан эмес. Бир жарым айча камакта жаткандан кийин 3-августта акынды согуштук талаа соту соттоп, өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарган. Бирок өлүм жазасы 7 жылдык сүргүн жумуш менен алмаштырылып, Токтогул Сибирге айдалган. Ушундан кийин акындын ар кайсы темадагы туткун ырларынын цикли пайда болгон: «Айланган тоонун бүркүтү», «Ушундайбы сурагың?», «Азапка түштү өмүрүм», «Туткундагы арман», «Туткун ыры», «Качып келе жатканда», «Туткунда жүргөндө» жана башка. Токтогулдун «туткун» ырларында жергиликтүү феодалдар, бий-болуштарга гана эмес, падышалык бийликке да нааразылык көрсөтүү күчтүү. Акындын ак жеринен айдалышы, саясий туткундар менен бирге жүрүшү анын таптык аң-сезимин ойготуп, эзүүчүлөр менен эзилгендердин айырмасын түшүнүүсүн шарттаган. Ошондуктан айдоодо жүргөндө: «Казак, кыргыз, өзбектен, орус менен ногойдон карасам адам көп экен» деп, көп улуттун атынан ырдап, падышанын адилетсиздигин ашкерелеп, эл достугун бийик пафосто чагылдырган. 1903-жылы камактагы тилектеш жолдошторунун жардамы менен качып чыгып, кеч күздө кыргыз жергесине кайтып келген. Сүргүндөн келгенден кийин «Эңсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы? » сыяктуу ырларында азап чегип, айдоодо жүрүп, нечен акыйкатсыздыкты көргөнүн муңканып ырдаган, 4. Совет бийлигине чейинки мезгилде чыгарган ырлары. Акын бул мезгилдеги бир ырында: «Падыша залим баш болуп, бардык ак сөөк жоголсо, мителерден кутулуп, биздин заман оңолсо» десе, дагы бир ырында: «Кабарың уккам, түшүнөм, аракет кылган бирөө бар, айтайын десем ашкере, чыгарбайт азыр турмуш тар» деген. Кийин Улуу Октябрь революциясынын жеңишин «Жашагын, Кеңеш өкмөт!», «Замана», «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду!» деген чыгармаларында даңазалап, Совет бийлигинин салтанатын эргүү менен сүрөттөгөн. Совет доорунда жараткан ырлары Улуу Октябрь революциясы акындын чыгармачылыгына кеңири жол ачып, ырларынын тематикасын байытып, мазмунун тереңдеткен. Кайсы жерде митинг болсо, Токтогулду ошол жерге чакырып,  көпчүлүк алдында ырдатышкан. Ырларында Совет өкмөтүнүн, Компартиянын ишин, Лениндин идеяларын ырга салып, жаңы замандын артыкчылыгын көтөрүңкү пафосто жар салган. Анын «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду! » деген ыры - кыргыз Совет поэзиясындагы төл башы чыгарма. Ошол кездеги социалдык- коомдук өзгөрүүлөрдү: «Эзилип жүргөн кедейге энчисин бөлүп жер бердиң. Кайгыда жүргөн элиме кайрат-кубат дем бердиң. Ушунчалык жыргалды, урматтуу Ленин сен бердиң» - деп эргүү менен ырга кошот. Токтогул - кыргыз поэзиясынын тарыхында Ленин жөнүндө биринчи ырдап чыккан акын. «Орозого», «Басмачынын огу жок» сыяктуу ырларында эскинин калдыктарын сындаган. Жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү, жаңы түзүлүштү өз учурунда таамай чагылдырып, тарыхый тарбиялык мааниси зор чыгармаларды жараткан.Токтогул айтыш жанрынын зор чебери жана устаты болгон. Андан отуздай айтыш ыры мураска калган. Алгачкы айтышында эле өзүнүн элдик акын экенин көрсөтүп, бай-манаптын Арзыматтай ырчысын катуу сынга алып, эзүүчүлөр менен эзилгендердин ажырымын так көрсөткөн. Анын Найманбай менен айтышы да ушундай мазмунда. Акындын Эшмамбет, Калык, Алымкул, Барпы, Коргол сыяктуу шакирттери менен үлгү болорлук алым-сабак айтыштары ырчылар поэзиясындагы мыкты чыгармалардан. Токтогул айтыш ырларынын элдик салтын улап, аны өөрчүткөн, идеялык-көркөмдүк деңгээли мыкты чыгармаларды жаратып, бул жанрды бийик көтөргөн. «Манас» эпосу, «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Шырдакбек», «Нариккан», «Кедейкан», «Саринжан- Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка дастандарды да чебер аткарган. Эшмамбет, Калык, Алымкулдар кийин айтып жүргөн дастандардын бир далайын Токтогулдан үйрөнүшкөн. 1930-жылдардын орто ченинде Токтогулдун ырлары эл арасынан жыйнала баштап, 1938-жылы биринчи китеби жарык көргөн. Ушундан кийин замандаштарынан, окуучуларынан кошумча материалдарды жазып алуу уланып, эки томдугу басылып чыккан. Чыгармалары көптөгөн тилдерге которулуп, ырлары көп улуттуу совет элине кеңири тараган. Токтогул музыка жанрында чоң комузчу, аткаруучу эл куудулу болгон. Ал көптөгөн күүлөрдү чыгаруу менен катар комузда колду эркин ойнотуп, күүнүн мазмунун жорго сөздөр менен жамакташтыра ырдап черткен, айтым күүлөрдүн («Ак Куу», «Тогуз кайрык», «Миң кыял», «Чоң кербез» жана башка) да, залкар күүлөрдүн («Ботой», «Кыз кербез», «Мырза кербез» жана башка) да чебери болгон. Өзбекче, татарча, орусча, казакча ырдап, айрым күүлөрүн аткара билген. Токтогул - 60тан ашык күүнүн автору. 1928-жылы анын 18 күүсүн музыка изилдөөчү А. Затаевич нотага түшүргөн. Ал күүлөр 1934-жылы Москвадагы музыкалык басма тарабынан «Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обондору» деген жыйнакка басылып чыккан. Токтогулдун музыкалык чыгармалары кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүшүнө зор таасир эткен. 1930- жылдары композитор Н. Раков анын ырлары менен күүлөрүнүн негизинде лирикалык симфония, кийин В. Власов, В. Фере «Токтогул» операсын жазган. Композиторлор Н. Давлесов менен А. Жумакматов Токтогулдун күүлөрүн эл аспаптар оркестри үчүн иштеп чыгышкан. Көрүнүктүү музыка изилдөөчү В. Виноградов Токтогулдун музыкалык мурасын изилдөөдө чоң эмгек сиңирген. 1952-жылы анын «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары», 1961-жылы «Токтогулдун музыкалык мурасы» деген китептери чыккан. Кыргызстандагы көп мектептерге, Бишкек шаарынан бир көчөгө, филармонияга, өзү туулган районго, ГЭСке, айылга, мөңгүгө жана башка объектилерге ысмы берилген. 1964-жылы акындын 100 жылдыгы белгиленген. 1965-жылдан адабият, искусство жана архитектура жаатындагы КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылат. «Кыргызфильм» студиясы тарабынан «Токтогул» көркөм фильми (1969, реж. В. Ималаев) тартылган. Ал жөнүңдө көптөгөн ырлар, поэмалар, пьесалар, повесть, аңгемелер жана опера жазылган. Адабий, тарыхый, музыкалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бишкек шаарында Токтогулга эстелик тургузулган (1976, скульптору Г. Айтиев, арх. А. Исаев), сөөгү коюлган жерге бейит белги (1956-57, Н. И. Ладятин) орнотулган. Ага арналып ондогон сүрөттөр тартылган. Кыргыз сомунун 100 сомдук купюрасына сүрөтү басылган. 2014- жылы Токтогулдун 150 жылдыгы Эл аралык деңгээлде белгиленип, академик А. Акматалиевдин демилгеси менен «Токтогул» энциклопедиясы жарыкка чыкты.