ЭЭ - кыргыздардын салттуу түшүнүгүндө ыйык жайлардын,
жерлердин жанa жан-жаныбарлардын колдоочусу. Ишеним боюнча айрым бир жайларга, жерлерге,
жаныбарларга тиешелүү колдоочу өкүм сүрүп, ал ошол жердин, жаныбардын ээси катары
эсептелген. Мисалы, булактын ээси, мазардын ээси, жаандын ээси, күндүн
ээси, ашуунун ээси ж. б., аларды ыйык тутушуп, сыйынышкан жана курмандык чалышкан. Ыйык
жерлерге же бейиттерге бакан сайып, ага түрдүү түстөгү чүпүрөктөрдү байлашкан. Кырсык
баскан учурда, аял көпкө чейин төрөбөсө, балдар токтобосо ж. б. кырдаалдарда
касиетүү ээси бар деп эсептелген жерлерге түнөп, курмандык чалышып сыйынышкан,
ээсинен ырайымдуулук сурап жалынышкан. Кыргыздардын жер-суу аттарында «ата» деген
сөз уланып айтылганы ушул ишенимге түздөн-түз байланыштуу. Мисалы, Кочкор-Ата, Ысык-Ата, Чолпон-Ата,
Камбар-Ата ж. б. Алар адамдарга тирүү жан катары көрүнгөн. Мисалы, булактын ээси ак тайлак,
канаттуу жылан, ала бугу ж. б. Айрым аймактарда курмандыкка союлган малдын этин
жешкенден кийин сөөктөрдү бир жерге топтоп, айлана-тегеректеги таштарга май жалаткан
. Ушундай жол менен колдоочуну тамактандырып жаткандай болушкан. Көпчүлүк
учурларда адамдын өлүмүн кабарлаганда ээси алды, ээсине бердик деп да айтышат