КОМПЬЮТЕР ВИРУСУ -
башка программалык жабдыкка же файлга жугуп, аларды зыянга учуратуу үчүн
иштелип чыккан компьютердик программа.
Вирус программасы контакт
болгон
программалык жабдыкка
же файлга өзүн
жабыштырып коёт. Эгер вирус жуккан
файл башка компьютер системасына
жиберилсе же ага кайрылса,
анда вирус башка
системага да жугат. Азыркы учурда вирус программасы миңдеп
саналат. Кеңири таралган программаларга
киргизилген кээ бир вирустар
бүт дүйнөгө тарайт. Текст
иштетүүдө пайдаланылган макробуйруктарда вирус коддору жашырынып алат. Макробуйруктардан жуктуруп
алган вирустуу документ
ачылганда, вирус эске жүктөлөт жанa
андан башка программага
жугат. Айрым вирустар
компьютер системасында бир
нече ай жатып,
убагы келгенде аракетке келип,
берилиштерди бузат, мис.,
«Жума; он үчүнчү» деп
аталган вирус, айдын
13-күнү жума күнгө туш
келсе, машинада баш
аламандыкты пайда кылат. «Микеланжело» деп аталган вирус
Michelangelo туулган күнү 6-мартта
катуу дисктеги маалыматтарды
өчүрө баштайт. Дагы
бир «тире» деп аталган вирус башка вирустардай өзгө
программаларга өзүн көчүрбөйт,
ал жөн гана
эске же дискке өзүн улам-улам көчүрмөлөй берип, эсти же
дискти толтуруп коёт.
Эсте же дискте
орун калбай калганда, компьютер
иш тешин токтотот. Ошондуктан
компьютердик вирус ага каршы программа менен текшерилип
жанa тазаланып турат.