Компьютер деген эмне

КОМПЬЮТЕР (англ. computer, computer - саноо, лат. - эсептөө дегенден) - маалыматты иштетүү процессии автоматташтыруу үчүн колдонулуучу түзүлүш. Компьютердин иш-аракети программа аркылуу ишке ашырылат. «Компьютер» терминин 1-жолу 1946-ж. англ. врач, илимпоз-энциклопедист Т. Браун киргизген. 1950-жылдан баштап эсептөө маселелерин ыгаруу үчүн компьютер деп аталган электрондук эсептөөчү машиналар (ЭЭМ) колдонула баштаган. 1834-ж. Ч. Бэббиж 1-жолу мех. Эсептөөчү машина куруу идеясын айткан. 1930-40-жылдары Бэббиждин идеясы боюча программа менен башкарылуучу, релелик эсептөөчү машиналар (К. Цузенин Z-1 жана Z-3, Г. Айкендин Mark-I) курулган. 21-кылымда компьютердин бир канча мууну алмашты. Азыркы компьютер алгачкы компьютерден архитектурасы жана элементтик базасы менен айырмаланат. Ж. Фон Неймандын айрым жоболору принципиалдуу болбогондуктан, мисалы, Фон Неймандын убагынан бери экилик системаны тандоо, негизинен элементтик база менен аныкталган. Биринчи жанa экинчи муундагы компьютер ушуга негизделген. Бирок кийин Фон Нейман системасынын чектелүү экендиги байкалган. Бул системага ылайык, процессор эстен команданын бирин тандайт жана операндды текшерип, команданы аткарат да, жыйынтыгын эске жазат. Мына ошентип, эсептөө процесси эстин ырааты менен (кадамдап) өзгөрүлгөн абалына алып келет. Кийин жарым өткөргүчтүү технологиялар өнүккөндүктөн, оперативдик эске караганда, борбордук процессордун иштөөсү дайыма тез өнүккөн, бул болсо компьютердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулаткан. Бул каршылыкты жок кылуу үчүн борбордук процессор менен киргизүү-чыгарүү убактыларын бириктирүү, берилмени буферлөө, эсти бөлүштүрүү, тез регистрдеги эс, көп деңгээлдүү кэш-эс жана башкаларды киргизүү менен ишке ашырылган. Бул чечимдер процессор менен эстин иштешин тең салмактайт, бирок бир эле команданы аткаруудан арылтпайт. Башка архитектуралыкк чечимдер бир эле убакта бир топ командаларды аткарууга
шарт түзөт: процессордун бир программасынын бир нече командасын иштетүү убактысын бириктирүү (конвейер), бир убакта бир нече программаны же бир эле команданы түрдүү берилмелер менен аткарган көп процессордуу эсептөө системасын түзүү жана башкалар ишке ашырылды.
Агымдык эсептөө тармагындагы биринчи иштер 1968-ж. (Д. Адамс) пайда болгон жана бир канча агымдык компьютер макети түзүлүп, агымдык программалоо тили Id (1978), SISAL (1983) ж. б. сунушталып, алгачкы коммерциялык компьютер ишке киргизилген. Агымдык архитектураны ишке ашырууда бир топ техникалык жана технологиялык оор маселелер (көлөмдүү эс-тутум, татаал туташтыргычты куруу зарылчылыгы) келип чыккан. Учурда жарыш компьютер өзүнүн архитектурасында эсептөө моделинин фон-неймандык жана агымдык элементтерин камтыйт.
Компьютер иштөө принцибине жана иштетилүүчү маалыматты көрсөтүү ыкмасына жараша аналогдук жана санариптик, арналышы боюнча көп кырдуу (универсал) жана адистештирилген (башкаруучу, серверлер, жумушчу станция ж. б.) компьютерлер болуп айырмаланат. Тигил же бул мүнөздөмөсүнө (өндүрүмдүүлүгү, процессор жана эстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү, оперативдүү эс сыйымдуулугу, көлөмү ж. б.) суперкомпьютер (супер ЭВМ), чоң компьютер (компьютер Мэйнфрейм), миникомпьютер ( жеке компьютер), микрокомпьютерге бөлүнөт. Мисалы, суперкомпьютердин (CDC-6600, |1964) өндүрүмдүүлүгү 1 секундада 10 млн операция болсо, ал эми тез ылдамдыктагы Roadrunner (IBM компаниясы иштеп чыккан, 2008) эң алгачкы болуп, 1,026 петафлопс, б. а. 1 квадриллион операция/сек чегинен ашты.
Компьютер ЭЭМге окшош, бирок электрондук компьютер башка да, электр-механикалык (релелик) компьютер, кванттык компьютер, оптикалык компьютер да белгилүү. 21-кылымда тирүү клетка, биомолекула, вирус ж.б-га негизделген биологиялык компьютерлерди жасоо боюнча изилдөө жүргүзүлүүдө. Колумбия университетинде (АКШ, 2006) жөнөкөй ДНК-компьютердин прототиби MAYA-II (Molekular Array of YES and logic gates - логикалык элементтин молекулалык матрицасы «ооба», «жок» жана «ж-a» операциясы) көрсөтүлгөн. Компьютердин сандык мүнөздөмөсүнүн өсүшүнө (анын чакан, эптүү болушуна, тез иштөөсүнө ж. б.) жана баасынын төмөндөшүнө байланыштуу адистин иш ордунун гана атрибуту болуп калды. Бул программалык камсыздоо базарынын даярдыгы жок колдонуучуга багытталган колдонмо программанын өсүшүнө, өз кезегинде суроо-талаптын көбөйүшүнө алып келди. Жеке компьютер менен бир катар портативдик компьютерлер (ноутбук), чөнтөк компьютер, жумушчу станция, сервер ж. б. да таркалган. Эң жөнөкөй компьютер – видео оюндар үчүн оюн түзмөктөрү, турмуш-тиричилик прибору, мобилдик телефон, сыналгы, фотоаппараттардын ишин башкаруучу орнотулма жана мобилдик эсептөө түзүлүштөрү эсептелет.
20-кылымдын аягы - 21-кылымдын башында компьютер маанилүү социалдык жана маданий феноменге айланды. Компьютер технологиясын киргизүүнүн аркасында өндүрүш, байланыш, банк иши, илим, билим, маданият, искусство, ММК, турмуш-тиричиликте зор өзгөртүүлөр болууда. Компьютер билим берүүнүн (аралыктан окутуу ж. б.), илимий маалыматтардын (JSTOR китепканасы, Интернет ж. б.), көркөм жана философиялык чыгармалар ж. б. адабияттардын (электрондук китепканалар ж. б. долбоорлор), адабий баалуулуктардын (виртуалдык музей, экскурсия ж. б.) жетимдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Копьютерди колдонуу жаңы көркөм
технологиянын (компьютердик графика, компьютердик анимация, веб-дизайн ж. б.) пайда
болушуна өбөлгө түздү.