МЕНЕЖМЕНТ (англ. management) - рынок мамилелеринин
шартында ишкананы башкаруу формасынын, принциптеринин жана ыкмаларынын жыйындысы.
Менежменттин негизги максаты - өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, пайданы
көбөйтүү. Менежменттик башкаруунун негизги концепциясы: өндүрүшкө стратегиялык пландоого
ылайык мамиле жасоо, дайыма программалык багытта башкара билүү. Менежменттин негизги
милдеттери: 1) чечим кабыл алуу; 2) кабыл алынган чечимди ишке ашыруу. Мында
айрыкча күтүлбөгөн жагдайда чыгармачылык менен кабыл алынган чечимдер кыйла
маанилүү. Менежменттин негизги иш-чаралары: 1) өндүрүштөгү башкы багытты жана максатты
аныктоо; 2) сунушталган максатты ишке ашыруунун ыкмалары менен методдорун өндүрүшкө
киргизүү; 3) жетекчилик тарабынан белгиленген чечимдерди кыйшаюусуз аткаруу; 4)
кызматкерлерди даярдоо жана жагдайга ылайык мезгил-мезгили менен даярдыктан өткөрүп
туруу; 5) ишке ашырылып жаткан чечимдерди дайыма контролго алуу; 6) башкаруунун
ыкмаларын улам жаңылап өзгөртүү. Менежмент - ишкердиктин өтө пайдалуу чөйрөсү. Менежментти эң
алгач Д. Рокфеллер өзүнүн «Стандарт Ойл» компаниясына кийирип, айгышкан конкуренциялык
күрөштө авторитардык башкаруудан баш тартып, маркетинг боюнча адистердин кеңеши
менен финансылык кыйынчылыктан чыккан; башкаруу чечимдери менеджердин
катышуусуз кабыл алынган эмес.